Сириядагы орус базалары эмне болот? Аль-Шараа Москвада Путин менен жолукту

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/POOL/TASS
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа расмий визит менен Москвага келди. Орусияга биринчи жолу келген аль-Шараа Кремлде президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Сириянын Al Hadath телеканалы булактарына шилтеме жасап, жолугушууда эл аралык маселелер талкууланарын билдирди. Ошондой эле телеканалдын маалыматына караганда, аль-Шараа Сириянын мурдагы президенти Башар Асадды өткөрүп берүү өтүнүчү менен Орусияга расмий кайрылары күтүлүүдө. Асад өз өлкөсүндө сириялыктарга каршы жасалган кылмыштар боюнча айыпталып жатат.
Reuters агенттиги да бул кабарды тастыктап, Тартуста Орусиянын аскер-деңиз базасы менен Хмеймимдеги аба базасынын келечеги күн тартибинде турган темалар экенин белгиледи.
Аскердик базалардын келечеги талкууланарын шаршемби күнү орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да тастыктады.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, экономикалык жеңилдиктерди алууну үмүттөнгөн аль-Шараа буудайды пайдалуу шарттарда жеткирүүнү кайрадан жандандырууну жана согушта келтирген зыяндын ордун толтурууну көздөп, Израилдин Сириянын түштүгүндөгү кеңири демилитаризацияланган аймак түзүү талабына каршы туруу үчүн Москвадан колдоо издеп жатат.
Агенттиктин булактарынын бирине ылайык, Сириянын лидери Израилдин мындан аркы кол салууларына каршы кепил катары орусиялык аскер полициясын кайра жайгаштыруу маселесин да көтөрүшү ыктымал.
Аль-Шараа Орусияда жана көптөгөн батыш өлкөсүндө террорчу деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" (ХТШ) исламчыл тобунун лидери катары Сириянын башына келген. ХТШ 2024-жылдын декабрында президент Башар Асадды кулатып, бийликти басып алган. Ал кезде армия бул топко олуттуу каршылык көрсөтө алган эмес, ал эми Асад жана анын үй-бүлөсү Сириядан чыгып кетип, Орусиядан башпаанек табышкан.
Сириядагы орус аскер базаларынын келечеги
Башар Асаддын режими кулагандан көп өтпөй Орусия Тартустан транспорттук каражаттарын жана контейнерлерин чыгарып, Сириядагы аскердик күчтөрүн жигердүү түрдө кыскарта баштаганы кабарланган. Хмеймимде да техникалар чыгарылып жатат.
1970-жылдары Советтер союзу түзүп, андан кийин 2012-жылы Орусия кеңейтип, модернизацияланган Тартус порту акыркы жылдарда Жер Ортолук деңизинде Орусиянын негизги базасына айланган. Бул базадан Орусия кемелерине май куюп, запастарын толуктап, кемелерин оңдоп турган.
Хмеймимдеги аба базасы 2015-жылдан бери иштеп жатат. Ал жерден орус учактары Асад режиминин каршылаштарына сокку уруп келген. Асаддын бийликтен кулашы Орусиянын Сириядагы пландарын бузган.
Асадды экстрадициялоо өтүнүчү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сириянын мурдагы президенти Башар Асад өлкөдөн качып кеткенден кийин Орусиядан саясий башпаанек тапкан. Орусиялык медиа каражаттарынын жазышынча, Асаддын үй-бүлөсү учурда Москвада жашыруун жашап жатат.
Reuters агенттиги белгилегендей, Орусия чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн башына балээ келсе, аларды коргоого жөндөмдүү болгону менен сыймыктанып келет, ошол себептен Асадды Дамаскка өткөрүп берүүгө көнбөйт. Дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Асаддын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан Орусия ага башпаанек бергенин билдирди.
Апрелде аль-Шараа New York Times гезитине берген маегинде Орусия Сириянын жаңы өкмөтүнүн Башар Асадды экстрадициялоо өтүнүчүнөн баш тартканын айткан. Дамаск ушундай өтүнүч менен Москвага январда кайрылган.
Ошондо Сириянын убактылуу президенти Дамаск Орусия менен мамилесин үзүүгө ниети жок экенин жана Сириянын жаңы бийлиги Кремль менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирген.
"Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү. Сириянын курал-жарактары толугу менен Орусиядан алынган. Мындан тышкары Сирия көп жылдардан бери таянып келаткан азык-түлүктү жана энергияны жеткирүү тууралуу көптөгөн маулдашуулар бар", - деди аль-Шараа. (ZMa)











