You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абе акыркы сапарга узатылды
27-сентябрда Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абени акыркы сапарга узатуу аземи өттү. Мамлекеттик иш-чара Токиодогу “Ниппон Будокан” белгилүү спорт жана концерттик аренасында болду. Ага 4 300 киши чакырылганы кабарланды - анын 700дөн ашууну чет өлкөлүк коноктор.
Анткен менен Абени акыркы сапарга узатуу мамлекеттик деңгээлде өтүп жатканга нааразы болуп чыккандар да чыкты, анткени иш-чарага 10 млн доллардан ашуун каражат сарпталган. Жүздөгөн тургундар нааразылык акциясына чыгышты.
Айрымдар акыркы сапарга узатуу аземи мамлекеттик деңгээлде бир гана императорлук үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өткөрүлөт деп айтышты. Калгандары иш-чарага сарпталган каражаттарды Сидзуока аймагындагы тайфундун кесепеттерин жоюу үчүн жумшоо туура болмок деп чыгышты.
Синдзо Абе ким?
Синдзо Абе - бул Жапониянын тарыхындагы эң маанилүү саясатчыларынын бири. Ал 8-июлда Нара шаарында эл алдында сөз сүйлөп жаткан учурда киши колдуу болгон.
Ал 1977-жылы Сэйкэй университетиндеги юридикалык факультетти аяктаган. Андан соң Абе саясаттын негиздерин АКШнын Түштүк Калифорния университетинде эки жыл окуп келген.
Абе саясий карьерасын 1982-жылы, 28 жашында баштаган тышкы иштер министрдин катчысы катары баштаган (баса, министр өзүнүн атасы Синтаро Абе болчу). Ал атасы жана чоң атасы сыяктуу эле Жапониянын Либерал-демократиялык партиянын (ЛДП) катарына кошулган. Бул партия Жапониянын өнүгүүсүндө эң негизге ролду ойногон партиянын бири. Абе партиянын катчылыгында да иштеп калды - 1980-жылдан баштап партиянын апаратында иштеди.
Алгачкы жолу жапон парламентинин Өкүлдөр палатасына 1993-жылы Ямагути префектурасынан шайланып келген. Ал эми 2006-жылы Абе ЛДПнын төрагасы болуп шайланган. Ошол эле жылы премьер-министр болуп иштеп, Жапониянын согуштан кийинки тарыхындагы эң жаш өкмөт башчы болгон. Абе премьерликке келген алгачкы жыл чыр-чаткатан арылбай, партиясындагы саясий көйгөйлөр тыйылбай турган жыл болгон. Бир жылдан кийин “ден солугуна байланыштуу” кызматтан кеткен.
2012-жылы Либерал-демократиялык партия кризис шартында парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, Абе кайрадан премьер-министр болду. 2019-жылдын 20-ноябрында Абе Жапониянын эң узак мөөнөт башкарган өкмөт башчысы болуп, Эйсаку Сато койгон рекордду жаңыртты
2020-жылы коронавирус пандемиясынан Жапонияда чектөөлөр киргизилип, өлкөнүн экономикасы жабыркаган. Мындан улам Абе жетектеген өкмөттүн рейтинги төмөндөп, ал кайрадан “ден солугуна байланыштуу” отставкага кеткен. Бирок, саясаттан кеткен эмес.
Абенин экономикалык саясаты “Абеномика” деген атка конгон. Ага ылайык, өлкөнүн акча массасы жана мамлекеттик чыгымдар көбөйтүлгөн. Ошондой эле жапон экономикасын атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу үчүн реформаларды жүргүзүлгөн.
Жапондордун көпчүлүк улуу мууну иш-чарага, ошондой эле Абенин саясий мурасына да нааразы. Экинчи дүйнөлүк согуштан жапа чеккен жапондордун көбү өлкөгө аскердик-өнөр жай комплексине чоң инвестиция салууга тыюу салган мурдагы “пацифисттик” Конституцияны колдошкон. Абэ Баш мыйзамды референдум же парламенттик добуш берүү аркылуу эмес, мыйзамды өзүнүн чечмелөөсү менен өзгөртүүнү каалаган.
Бул аракетти коомдун көпчүлүк бөлүгү жактырган эмес, бирок аны Абэнин тарапташтары – көпчүлүгү жаштар колдошкон. Аларды акыркы согуштун “жаралары” эмес, Кытайдын барган сайын күчөгөн аймактык дооматтары тынчсыздандырган.
Алар үчүн Абе Жапонияны дагы бир жолу маанилүү “эл аралык оюнчуга” айландырган алдыңкы саясатчы бойдон калды.
Ошондой эле Абени Жапониянын эл аралык аренадагы союздаштары абдан жакшы көргөнүн четке кагууга болбойт. Ал “бир пикирде болгон демократиялык мамлекеттер” менен мамилелерди чыңдоого аракет кылган. Ал ошондой эле АКШ, Япония, Индия жана Австралияны камтыган Quad эл аралык блогун түзүү үчүн көп иштерди жасады.
Андыктан АКШ, Австралиянын лидерлери Абенин элесин эскерүү үчүн Токиого келишкени таң калыштуу эмес. Мындан сырткары, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өткөн жумада Лондондо Елизавета II’нин тажыясына катышпай, бирок Абени акыркы сапарга узатууга келди.
Балким бул адамдар Абэнин кайсы бир жагынан өз доорунан алдыга озуп кеткенин түшүнүшсө керек. Маселен, ал Кытайдан дайыма этият болуп келген - бул тынчсызданууну бүгүн Жапониянын бардык союздаштары бөлүшөт. (ЕВ)