Жазмакер: Шайлоодо бир заматта эки жылдын айлыгын табам, бирок, такыр жукпайт

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Шайлоо алдындагы үгүт иши кызып турган чак. Буга чейин үгүт тынч, бир калыпта өтүп жатат, мурдагылардан бир топ жакшы деген менен соңку күндөрү үгүттүн ойго келбеген “оюндары” башталгандай.

Белгилүү маалымат каражаттарынын логотиптерин чаптай салып, ойго келбеген билдирүүлөрдү таратмай, кайсы бир саясатчылардын өткөн-кеткенин кайра “казып”, кээ бирин ыпылас ишке барды деп аудиолор тарап жатат.

Жалган маалымат же “фейкке каршы” мыйзам кабыл алынбады беле, ал ушундайда иштебегенде качан иштейт, бийлик менен оппозицияны, талапкер менен талапкерди чабыштырчу жалган маалымат тараткандарга качан, кандай чара көрүлөт деген суроону кабыргасынан койгондор дагы жок эмес.

Кээ бир блогер, жазмакерлер шайлоо дагы өтөрүн бири-бирине эскертип, ыпылас ыкмаларды пайдаланбоого чакырууда. Шайлоолордо ырчы-чоорчуларды пайдаланууга тыюу салынгандан тарта үгүткө блогер, ютюбер, тиктокчулар кызуу аралаша баштаганы байкалат.

Кезинде кээ бир эстрада ырчылары бир айлык үгүттө эле 30 000 долларга чейин каражат тапкан мисалдар айтылып жүрөт.

"Шайлоо деген шоу болбошу керек" дегендер шайлоонун үгүтүнө кеминде үч ай убакыт каралып, талапкерлер план, программасы менен теледебаттарда кайра-кайра бет келип, аргументин айтканда гана шайлоочунун көзү ачылаарын, ошондо гана татыктуулар келээрин айткандар дагы жок эмес. Алар бул өнүккөн өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасы экенин айтып келишет.

Би-Би-Си бул жолку шайлоодо бир эле учурда 3-4 талапкерди сүрөп, акысын алып жаткандардын бирин кепке тартты. Ал негизинен Facebook аркылуу күнү куру эмес, улам бир талапкерди мыкты деп жарыялап турат. Кызыгы өзү алардын эл менен жолугушууларына катышпаса, көрбөсө дагы фото, видеоматериалдар аркылуу “эл жолугушууга агылып келди, баары бир ооздон ал талапкерди колдоп жатат, шайлоочулар абдан ыраазы болуп, жылуу кабыл алды, залга эл батпай калды” деген сыяктуу посторду байма-бай жарыялайт.

Ал аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүндү. Биз аны шарттуу түрдө Ишенгүл деп койдук.

Ишенгүл: Мага окшогондор көп. Мен буга чейинки шайлоолордо дагы ушинтип иштегем. Адегенде кимдер сунуш берип жатканын, ага карата элдин маанайы кандай экенин карап иш кылам. Былтыр парламенттик шайлоо болоордо элдин баары жек көргөн бир кишинин партиясынан сунуш түштү. Акчасы дагы жакшы экен. Бирок, башкаларга макул деп койдум эле, силерге иштей албайм деп кутулуп кеттим.

Иш дагы ар түрдүү. Кээ бири даяр тексттерди берип тараткыла, комментарий жазгыла дейт. Мен болсо башында эле тексти өзүм даярдап пост чыгарайын деп макулдашам. Жалаң эле программасын чыгарсаң эч ким окубайт, кызыгы дагы жок. Ага тамашаны, тренд болуп жаткан темаларды кошуп, аралаштырып таратсаң анан жылыш болот. Акысы болсо эң аз болгондо 20 миң сомдон башталат.

Би-Би-Си: Бир эле учурда бир канча талапкерди сүрөп, биринин артынан бирин жарыялап жатасыз. Мени менен гана иштейсиңер деген талап болбойбу?

Ишенгүл: Жок, мен мага кайрылгандарга буга чейин иштеп жатканымды, макул болсо аларды дагы кошуп алаарымды айтам. Алар макул болгондон кийин мурункуларга кайрылып, каршы эмесиңерби деп сурап анан иштей берем. Шайлоодо сүрөнгө алган партия же талапкериң туура эмес иш кылса каап, ушуга иштедим эле деп каласың. Жакшы киши турбайбы дегендер дагы, сен сүрөгөн киши жаман турбайбы дегендер дагы болот.

Мен тамашалуу постторду жазып турам. Ага көп деле убактым кетпейт ар бирине күнүнө бир нече мүнөттөн эле коротом. Бирок, биз жазгандан, жарыялагандан шайлоочулардын көз карашы өзгөрүп, анын тандоосуна таасир берип жатабы же жокпу анысын чынында мен да билбейм. Аны анализдеп дагы көргөн эмесмин.

Азыр коомдук сайттардын ролу аябай жогорулап, элдин баары киргенге мүмкүн болуп калды. Ошондон улам катталуучусуна карап иш жүрүп калды да. Шайлоо башталаарда талапкер өзү келет же кишилерин жиберет. Анан сүйлөшүп алып, ишти баштайбыз.

Би-Би-Си: Эгер жашыруун болбосо бир жолку үгүттө канча каражат табасыздар?

Ишенгүл: Мен эми көп шайлоодо иштедим. Мындан кийинки шайлоолордо иштебейм деп жатам. Себебин азыр айтып берем. Негизи өзүм тууралуу айтсам эң аз дегенде 20 миң сом, көп дегенде 200 миң сомдон ашык табам. Бирок, эмне экенин такыр түшүнө албай койдум, шайлоодо тапкан акчам такыр эле жукпайт. Канча тапсам дагы такыр эле көзгө көрүнбөйт. Жарытылуу бир нерсе деле албайм, иш деле бүтүрбөйм.

Шайлоого иштеп машина алыптыр, үй алыптыр дегендерге аябай таң калам. Эсептеп көрүп жолдошум дагы таң калды, сенин шайлоодо тапканың эч нерсеге жукпайт турбайбы дейт. Жеңил тапкан акча ушундай болобу билбей койдум. Мурда маданият тармагында иштеп жүргөндө кенедей эле айлык алып, бирок, ошол жетип, ошол берекелүү болгонун салыштырып көрүп кадимкидей ойлоном.

Саясатчылардын акчасы дейин десем саясатка жаңы бараткандардан алсам деле ошондой. Кыскасы жеңил акча чөнтөккө жук дагы болбой койду. Шайлоонун аягына чейин барабы, талапкер менен кийин кандай болуп калат деп алчу акчаны башында эле алып алып анан иштешмей. Антпесең кийин кандай болот билбейсиң. Кээ бири менен келишим түзүп иштейбиз, кээ бири менен оозеки эле макулдашып алмай.