Пакистан ооган качкындарын өлкөдөн кубалап жатат

Сүрөттүн булагы, gatty
Пакистан бийликтери мыйзамсыз жүргөн бардык афган качкындарына, болжол менен 1,7 миллион кишиге биринчи ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду.
Бул чечим эки өлкөнүн чек арасындагы чыңалууну күчөткөн бир катар кол салуулардан кийин кабыл алынды, Исламабад ал кагылышууларга Афганистандагы согушкерлерди күнөөлөгөн.
Натыйжада, шейшемби күнү Исламабад “мыйзамсыз” мигранттар менен күрөшүү ниетин билдирди.
Талибан көзөмөлдөгөн афган өкмөтү Пакистандын кадамын кабыл алынгыс деп атап, аны кайра карап чыгууга чакырды.
Афган бийликтери Пакистанга кол салган согушкерлерге башпаана бергенин бир нече жолу четке каккан.
Өткөн аптада Афганистан менен чектеш Мастунг шаарындагы мечитте диний майрам учурунда жардыруу болуп, кеминде 50 киши набыт болгон.
Бирок Пакистандын ички иштер министри Сарфраз Бугти өлкөдө “мыйзамсыз” жүргөн афгандардын чыгарылышы тууралуу айтып жатып, Белужистан провинциясындагы тигил же бул кол салуу дөнүндө түздөн-түз айткан жок.
Башка өлкөдөн башпаанек суроо укугу эл аралык мыйзамдарда бекитилген. Пакистан ондогон жылдар бою жүрүп жаткан согуш учурунда, айрыкча 2021-жылы Афганистанда талибдер бийликке кайтып келгенден кийин жүз миңдеген афган качкындарын кабыл алган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
БУУнун маалыматы боюнча, 1,3 миллионго жакын афгандык качкын катары катталган, дагы 880 миңи өлкөдө калууга уруксат берген мыйзамдуу статуска ээ.
Бирок дагы 1,7 миллион адам өлкөдө "мыйзамсыз" жүрүшөт деди Бугти шейшемби күнү. Ал кыязы, качкын макамын ала электер тууралуу айткан.
Анын билдиришинче, бул адамдар айдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек болот. Алар же өз ыктыяры менен чыгып кетишет же мажбурлап депортация болушу керек болот.
"Эгер алар чыгып кетпесе ... аларды депортация кылууга провинциялардагы бардык укук коргоо органдары же федералдык өкмөт тартылат", - деп кошумчалады Пакистандын Ички иштер министрлигинин башчысы.
Ал мындай операция кандай ишке ашырылары тууралуу толук маалымат берген жок.
Бугти ошондой эле атайын топ түзүлгөнүн жарыялады, анын максаты өлкөдөгү “мыйзамсыз” афгандардын жеке бизнесин жана мүлкүн конфискациялоо болуп саналат.
Өз кезегинде Талибан администрациясынын Кабулдагы өкүлү Забихулла Мужахид афган качкындарынын Пакистандын коопсуздук көйгөйлөрүнө тиешеси жок экенин билдирди.
"Алар Пакистандан өз ыктыяры менен чыгып кетмейинче, ал өлкө аларга чыдашы керек," - деди Мужахид X социалдык медиасында.
Пакистандагы афган расмийлери жергиликтүү бийлик мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жүргөн афгандарды эбак эле кармай баштаганын билдирди.
Элчилик Xке жасаган билдирүүсүндө акыркы эки жуманын ичинде миңден ашуун афгандык кармалганын айткан.
Пакистан менен чек арага жакын жайгашкан Белужистан провинциясы куралдуу согушкерлердин, анын ичинде “Техрик-и-Талибан Пакистан” (ТТП) же “Пакистан талибандары,” ошондой эле “Ислам мамлекети” согушчан тобунун чабуулуна бат-баттан кабылып турган аймак.
Үстүбүздөгү айда ошол эле аймактагы жардыруудан кеминде он бир киши, анын ичинде белгилүү диний ишмер жарадар болгон.
Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаты APP Исламабад акыры Пакистандагы бардык афгандардын, атүгүл мыйзамдуу статусу жана жашаган жери барлардын да өлкөдөн чыгып кетишин каалап жатканын айтты. Бул тууралуу АРР өкмөттүк булактарга таянуу менен билдирди.
Сарфраз Бугти январь айынан бери Пакистандын чек арасында 24 жанкечтилик кол салуу болгонун, анын жарымынан көбүн Афганистандан чыгып жаткан согушкерлер экенин айтты.
Ал 1-ноябрдан тарта афгандардын Пакистанга кирүүсүнө чектөөлөр күчөтүлүп, визасы жана паспорту барлар өлкөгө гана кире ала турганын айтты.
Пакистандын кургактагы чек арасын кесип өтүүдө афгандар, адатта, улуттук паспортторун колдонушат. Көптөгөн афгандыктар Пакистанга кирүү үчүн арыз беришкен, бирок виза жана паспорт алуу көп айларды талап кылат.












