"Кыргын куралын" сыноо. Путин өткөргөн адаттан тыш машыгуу

Коргоо министрлиги сыноолордун видеосун жарыялады.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Кремль Орусия “массалык” өзөктүк сокку уруу боюнча машыгуу өткөргөнүн билдирди.

Аскердик машыгуу "душмандын өзөктүк соккусуна жооп кайтарууну" камтыды, - деди Коргоо министри Сергей Шойгу.

Мамлекеттик телеканал анын президент Владимир Путинге машыгуу жөнүндө айтып берип жатканын көрсөттү.

Бул, Орусиянын парламенти Москванын өзөктүк дүрмөттөрдү сыноого тыюу салган дүйнөлүк келишимдин ратификациясын чакыртып алууну колдогон учурга туш келди.

Орусия менен АКШ өзөктүк даярдык боюнча машыгууларын үзгүлтүксүз жүргүзүшөт - Москва өз машыгууларын салттуу түрдө октябрдын аягында өткөрөт.

Быйылкы машыгуулар "душмандын өзөктүк соккусуна жооп иретинде стратегиялык чабуулчу күчтөр тарабынан массалык өзөктүк сокку урууну” камтыды, - деди Сергей Шойгу президент Путинге.

Кремлдин билдирүүсүндө "баллистикалык жана канаттуу ракеталардын иш жүзүндө сыноодон өткөнү" айтылган.

“Ярс” континенттер аралык баллистикалык ракетасы Орусиянын алыскы чыгышындагы полигондон, дагы бир ракета Баренц деңизиндеги суу астында жүрүүчү атомдук кемеден учурулган, деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик телеканал коргоо министринин Владимир Путинге сыноолор тууралуу маалымат берип жатканын көрсөттү

Сүрөттүн булагы, EPA

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Коргоо министрлиги тараткан видеодо континенттер аралык Ярс баллистикалык ракетасы көрсөтүлгөн

Ушул айдын башында Путин Орусия өзөктүк канаттуу ракетасынын “акыркы ийгиликтүү сыноосун” өткөргөнүн айткан.

Алгачкы жолу 2018-жылы жарыяланган эксперименталдык курал дүйнөнүн бардык жерине жете алат деп мактоого алынган, бирок президент Путиндин мындай билдирүүсү көз карандысыз булактар менен тастыкталган эмес.

Акыркы сыноолор Москванын өзөктүк сыноолорго тыюу салуу боюнча эл аралык келишимден чыгуу туш келип, күч көрсөтүү катары каралат.

Парламент шаршемби күнү Орусиянын келишимди ратификациялоосун чакыртып алган мыйзамды кабыл алууну аяктады.

Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу (ӨСТС) келишимине кол койгон, бирок аны эч качан ратификациялабаган АКШнын позициясына дал келтирүү үчүн Путин министрлерди бул өзгөртүүнү колдоого чакырды.

1996-жылы макулдашылган ӨСТС келишими, дүйнөнүн бардык жеринде "ар кандай өзөктүк куралды сыноо үчүн жардырууга же башка максатта өзөктүк жардыруу жасоого" тыюу салат.

Орусия өткөн жылдын февраль айында Украинада толук масштабдуу уруш баштап, өзөктүк согушка байланыштуу тынчсызданууну жараткан.

Июнь айында Орусия Беларуста тактикалык өзөктүк куралдын биринчи партиясын жайгаштырган. Путин форумда алар Орусиянын аймагына же мамлекетине коркунуч жаралса гана колдонуларын айтты.

АКШ өкмөтү Кремлдин Украинада өзөктүк курал колдонууну пландап жатканы тууралуу эч кандай белги жок деп билдирди. (DO)