Кыргыз элчиси: Талибдер эвакуацияга жардамдашууда

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов

Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов Талибан бийликти колго алганына байланыштуу азыр алар менен сүйлөшүп, кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын Би-Би-Сиге айтты. Кабулдагы элчи Ниязов ден соолугуна байланыштуу учурда Бишкекте.

Би-Би-Си: Президент тапшырма бергенден кийин кыргызстандыктарды Афганистандан эвакуациялоо иштери кандай жүрүп жатат?

Мирослав Ниязов: Бүт баары план менен жүрүп жатат. Элчилик баарын толугу менен көзөмөлгө алган. Ар бир жарандын колунда билети бар, ар бир кыргыз жараны көзөмөлдө жана каттоодо турат. Элчилик колдон келишинче жардам берип жатат. Алар талибдер менен биргеликте аракет кылып жатышат. Себеби алар азыр бийлик жүргүзгөн соң, алар менен чогуу чаралар көрүлүүдө.

Би-Би-Си: Элчиликтин кызматкерлеринен тышкары учурда Афганистанда жалпысынан канча кыргыз жараны калды?

Ниязов: Жыйырма киши бар эле, алардын алты-жетиси Бишкекке жөнөтүлдү. Азыр мекенине кайтып жаткандары да бар.

Би-Би-Си: Сиз азыр талибдер да жардам берип жатат деп айтып өттүңүз. Алар кантип жардам берип жатышат?

Ниязов: Талибдер да мамлекеттин бийлигин алгандан кийин, ошого жараша мамлекеттүүлүк көз караш менен аракет кылып жатышат.

Би-Би-Си: Ал эми Баграмда иштеген кызматкерлер эмне болду?

Ниязов: Баграмдагы, Гераттагы жана башка шаардагы бардык кызматкерлер көзөмөлдө. Элчилик алар менен такай байланышта болуп, коопсуздукка, тынчтыкка көңүл бөлүнүүдө.

Би-Би-Си: Элчилик памирлик кыргыздардан кабар алдыбы?

Ниязов: Ооганстандык кыргыздар Улуу, Кичи Памирде турушат. Афганистанга кандай режим келген болсо да, ооганстандык кыргыздарга таасирин бербейт.

Би-Би-Си: Шаарда азыр акыбал кандай?

Ниязов: Азыр талибдер бийликти колуна алып жатат. Шаардагы элдин абалы ошого жараша болуп жатат. Булар азыр аэропортто коопсуздукту, тартипти киргизди. Эми ал тартипти шаардын ичине да киргизип жатышат.

Аудионун түшүндүрмөсү, М.Ниязов: Афганистандагы ар бир кыргыз элчилик көзөмөлүндө