"Москванын күчүн кетирүү". Германия-Борбор Азия саммити

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Берлинде Германия менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары жолугуп жыйын курууда. Эксперттердин баамында бул саммит Батыштын Борбордук Азия регионунда Москванын позициясын алсыздандырууга багытталган стратегиясынын өзүнчө бир уландысы. Бул өлкөлөрдүн лидерлери менен АКШнын президентинин жолугушуусу жакында эле Вашингтондо болду. Эми кезекте Шольц.
Бул саммитти өткөрүп жаткан федералдык канцлер Олаф Шольц Борбордук Азияда Москванын таасирин азайтуунун аракетин көрүп жатканын адистер белгилешүүдө.
“5 + 1" форматындагы, башкача айтканда Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен канцлер Шольцтун жолугушуусу биринчи кезекте Борбордук Азия регионун Россия менен Кытайдын таасиринен чыгаруу максатында болууда. Евробиримдик буга бир топ күч жана акча жумшайт. Албетте, Шольц бул өлкөлөрдү Россияга каршы санкцияларга кошулууга чакырбай койбойт”,- деди деди Интерфакска германиялык аналитик, постсоветтик өлкөлөр боюнча адис Александр Рар.
Бул саммит Украинадагы согуштун айынан Батыш менен Россия кырчылдашып, Москвага масштабдуу эл аралык санкциялар салынып, геосаясий кырдаал курчуган учурда өтүп жатат.
Эксперттердин баамында бул саммит Батыштын Борбордук Азия регионунда Москванын позициясын алсыздандырууга багытталган иштеринин өзүнчө бир уландысы. Бул өлкөлөрдүн лидерлери мунун алдында эле Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуп келишти. Эми кезекте Шольц.
“Германия Евробиримдиктин атынан бүтүндөй Борбор Азияга жаңы евразиялык өнөктөштүктү – регионалдык экономикага германиялык инвестицияны, жашыл технологиялар жаатындагы кызматташтыкты, кен байлыктарды чогуу иштетүүнү, Азиядан Россияны айланып өткөн транспорттук коридорлорду түзүүнү сунуш кылууда”.
Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Бээжинде Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүүгө барууда.
"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазды Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Колго алуу стратегиясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Бирок, Евробиримдик эл аралык санкцияларга кабылган Россияга Кыргызстан жана региондогу башка өлкөлөр көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп шектенүүдө.
Анткени, Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын көп түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар.
Санкциялар демекчи, Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан жазында чаап келип, бир катар тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап кеткен.
“Бул жерде сөз алдыңкы технология жабдыктары жана эки башка максатта колдонулушу мүмкүн товарлар тууралуу болуп жатат. Мисалы, смартфон, видеокамера жана таатал технологиясы бар жабдыктар. Буларды баары согушта колдонулушу мүмкүн”, - деген Дэвид О'Салливан.
Анын соңунан Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.
Евробиримдик Россияга жардам берип аткан үчүнчү өлкөлөргө дагы санкция салышы ыктымалдыгын Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө да учкай айта кеткен.
Бирок Евробиримдиктеги өлкөлөр бул регионго кысым көрсөтүүнүн ордуна бооруна тартып, колго алуу стратегиясын тандагандай.
Мисалы, Берлиндеги кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда кеминде 50 миң кыргызстандыкка иш табыларын билдирген.
Көп жылдан бери Россиянын шаарларына агылган кыргызстандыктар үчүн маршрут эми батыш өлкөлөрүнө карай өзгөрүүдө.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Москванын маанайы
Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.
"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы саясатын жүргүзүп, Евробиримдик менен кызматташтык жүргүзүүгө умтулуп келишүүдө. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",-дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.
Евробиримдиктин Борбор Азияда чоң кызыкчылыгы бар, анткени Борбор Азиянын стратегиялык географиялык орду бар жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташтыкта орчундуу роль ойнойт, чоң энергетикалык ресурстары бар. Ошондой эле Афганистандагы окуялардын контекстинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда бул региондун мааниси чоң.
Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык мамилелерди түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Эки региондун алакасы 1990-жылдардан тартып кеңейе баштаган. 2007-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча биринчи стратегиясын, 2019-жылы жаңы стратегиясын кабыл алды. Анда бул региондун Евробиримдик үчүн стратегиялык маанисине басым жасалган.
“Евробиримдиктин стратегиясы - Борбордук Азиянын туруктуу, гүлдөгөн жана кызматташтыкка даяр регион катары өнүгүшүнө жардам берүү”,-деп айтылат Евробиримдиктин расмий сайтындагы маалыматта. (КС)












