Алтын баасы асмандады. Себеби эмнеде?

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
Алтындын баасы тарыхый өсүүсүн улантууда. Бул аптада биринчи жолу бир унций алтын 4000 АКШ долларынан ашты.
Алтын адатта бүдөмүк абал өкүм сүргөн учурда капиталды сактоо ыкмасы катары кеңири колдонулат. Адистер алтындын баасынын рекорд жаңыртканын инвесторлордун дүйнө жүзүндөгү экономикалык жана саясий кырдаалга кабатыр болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.
Алсак соодагерлер Газадагы жана Украинадагы согушка жана АКШ президенти Дональд Трамптын тарифтерине кабатыр болушууда. Кошмо Штаттардын өкмөтүнүн иши чектелгендиктен экономикага байланыштуу маалыматтардын убагында жарыяланбаганы да алтындын баасынын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Инфляцияны эсепке алганда да алтындын баасы мынчалык кымбаттаган эмес.
«Биз билгендей АКШ өкмөтүнүн иши чектелүүдө. Дүйнө жүзүндө көптөгөн чоң мамлекеттер эбегейсиз карызга батты, алар ошол карызды ооздуктайбы же жокпу деген суроо адамдарда пайда болду. Эл жасалма акылга байланыштуу компаниялардын акциялары ашкере кымбаттап кетпедиби дешүүдө. Алтын чынында соодада жакшы альтернатива жана, албетте, ар кандай борбордук банктар да алтынды сатып алышат. Ошентип, адамдар ошол тенденцияны ээрчип, алтын сатып алып жатышат», – деп түшүндүрдү нидерланддык Rabo банктын валюталык стратегия бөлүмүнүн жетекчиси Жейн Фоли.
Reuters агенттиги да дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөрдүн борбордук банктарынын алтынды мурдагыдан көбүрөөк сатып алышы баанын өсүшүнө шарт түзүп жатканын жазды. Англиядагы баалуу металлдарды изилдеген Metals Focus фирмасынын маалыматына ылайык, борбордук банктар 2025-жылы 1000 тоннадай алтын сатып алат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алтындын баасы 1970-жылдардан бери көтөрүлүп келе жатса да соңку он жыл ичинде бул баалуу металл дээрлик төрт эсе кымбаттады. Март айынан бери эле алтындын бир унцийи миң долларга өстү.
Жейн Фоли алтын эмне үчүн туруктуу капитал болуп калганын да түшүндүрүп берди.
«Анткени аны колдонсо, коротсо, тагып жүрсө жана жаныңызда алып жүрсө да болот. Ошондуктан ал инфляциядан сактап турчу каражат болгон. Бирок соңку ондогон жылдар бою, 90чу жылдардан бери адамдар алтын бизге чынында керекпи же жокпу, деги ал эмне үчүн керек деген учурлар болду. Себеби аны сактоого да акча төлөшүңүз керек. Ошого терс капитал болгондой. Анын ордуна АКШнын облигацияларын сатып алып, ал үчүн акча же акция алса болчу. Бирок азыр ал боюнча ар кандай суроолор бар», - дейт Фоли.
Бирок алтынга инвестиция кылгандардын баары эле физикалык баалуу металды сатып албайт.
Кээ бир инвесторлор акчасын алтын менен корголгон биржалык-инвестициялык фонддор сыяктуу баалуу кагаздар рыногуна салышат.
Дүйнөлүк алтын кеңеши соода ассоциациясынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери алтын фонддорго 64 миллиард доллар инвестиция салынды.












