Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Ички иштер министрлиги Бишкектин Ак-Ордо конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармаганын билдирди. Милиция шектүүнүн кармалгандан кийинки сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялады. ИИМдин маалыматында шектүүнүн 19 жашта экени айтылат.
"Окуя болгон жерден далил буюмдар, сыртта турган унаадан ири суммадагы акча табылып, алынган. Судмедэксперттер менен кароо учурунда маркумга 18 жолу, анын бир тууган эжесине 11 жолу бычак сайылганы маалым болгон. Кылмышка шектүү "Коопсуз өлкө" долбоорунун жүздү таануу камераларынын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди", - деп кабарлады милиция.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.
Бул окуя тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков дагы маалымат таратып, шектүүнүн видео жана сүрөттөрүн өзүнүн фейсбуктагы баракчасына бөлүштү:
"Кылмышка шектүү боюнча толук маалымат, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү. Шектүүнүн атасы дагы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Андыктан кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, "окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар" деген талкууларга чекит коелу. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. Жүз пайыз тастыкталган маалыматтарга ээ".

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Мындан мурдараак саясатчы Феликс Кулов 7-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен сүйлөшкөнүн, анда министр шектүү коопсуздук камералары аркылуу кармалганын айтып бергенин фейсбуктагы баракчасына жазган.
Милициянын маалыматына караганда, 3-октябрга караган түнү Бишкектин Ак-Ордо конушунда 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркек бычакталып өлтүрүлгөн. Кылмыш болгон үйдөн маркумдун аялы балдары менен качып чыгууга үлгүргөнүн Ак-Ордо конушунун тургундары Би-Би-Сиге айтып берген эле.




