Мүнхен конференциясы: Трамптын дүйнөлүк тартиби Европанын эркин сынайбы?

Британ күчтөрүнүн эстониялык аскерлер менен орус чек арасына жакын жердеги соңку апталардагы машыгуусу.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ күчтөрүнүн эстониялык аскерлер менен орус чек арасына жакын жердеги соңку апталардагы машыгуусу.
    • Author, Франк Гарднер
    • Role, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Мүнхендеги коопсуздук конференциясындагы көпчүлүктүн оозун ачырган сөзүнө бир жыл болду. Анда Вэнс Европаны миграция жана сөз эркиндиги боюнча саясатынан улам сынга алып, континент үчүн чоң коркунуч ички маселелер экенин айткан.

Ал жерде отургандардын таң калганы ачык көрүнүп турган. Андан бери Трамптын башкаруусундагы Ак үй дүйнөлүк тартипти аңтар-теңтер кылып салды.

Шериктештер да, душмандар да жаза иретинде тарифтерге туш болушуп, Венесуэлага каршы адаттан тыш операция жүзөгө ашты, Украинада тынчтыкты орнотуу боюнча Москванын шарттарына ыктаган аракет көрүлдү жана Канада АКШнын "51-штаты" болсун деген бир кызык талаптар айтылды.

Жей Ди Вэнс өз сөзү менен былтыры Мүнхенде өткөн конференцияда дүйнөлүк лидерлерди таң калтырган.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс өз сөзү менен былтыр Мүнхенде өткөн конференцияда дүйнөлүк лидерлерди таң калтырган.

Бул аптанын аягында баштала турган быйылкы конференцияда кайрадан көп нерсе чечилсе керек. АКШнын мамкатчысы жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Марко Рубио АКШнын делегациясын жетектемекчи. Ал жерге 50дөн ашуун дүйнөлүк лидерлер да чакырылган. Конференция Европадагы коопсуздук маселеси барган сайын этияттыкты талап кылып жаткан шартта өтмөкчү.

Былтыр жарыяланган АКШнын соңку Улуттук коопсуздук стратегиясында (NSS) Европаны "бутуна бекем турууга" жана "өзүн коргоо үчүн негизги жоопкерчиликти" алууга чакырышат. Бул Европанын коргонуусуна АКШ көмөктөшпөйт деген коркунучтарды күчөткөн.

Бирок АКШ менен Европанын ортосундагы трансатлантикалык альянска жарака кетирген нерсе Гренландиянын айланасындагы кризис болуп калды. Дональд Трамп АКШ глобалдык коопсуздук үчүн Гренландияны "өзүнө алыш керек" экенин көп жолу айтып келген. Күч колдонулушу ыктымал экенин да ал четке каккан эмес.

Гренландия өз алдынча башкарууга ээ аймак жана Дания падышалыгына карайт. Даниянын премьер-министри АКШнын күчтөрү тартып ала турган болсо, анда НАТО альянсына доо кетирет деп айтканында жөн бар эле. Анткени НАТО соңку 77 жылдан бери Европанын коопсуздугун бекемдеп келатат.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, гренландиялыктардын басымдуу бөлүгү АКШга өтүүгө каршы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сурамжылоолор көрсөткөндөй, гренландиялыктардын басымдуу бөлүгү АКШга өтүүгө каршы

Ак үй башка маселелер менен алек болуп, Гренландия кризисин азырынча алдын алышкандай. Бирок Мүнхен коопсуздук конференциясы үчүн бир суроо жоопсуз бойдон турат: Европа-АКШ коопсуздук байланыштары калыбына келбей турганчалык зыянга учурадыбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алар өзгөрүштү, ал жөнүндө суроо болушу мүмкүн эмес, бирок алар бөлүнүп кете элек.

2014-2020-жылдары Британиянын MI6 чалгын кызматын башкарып турган Алекс Яңгер Би-Би-Сиге билдиргендей, трансатлантикалык альянс мурдагы абалына кайтып барайын деген ниетте эмес, бирок ал талкаланган да жок.

"Биз Америка менен коопсуздук, аскердик жана чалгындоо алакаларыбыздан азыркыга чейин болуп көрбөгөндөй пайдаланып жатабыз", – дейт ал. Ошондой эле ал көпчүлүк сыяктуу Трамп Европаны өз коопсуздугун өзү колго алууга чакырып, туура иш жасады деп ишенет.

"500 миллиондук континент [Европа] 300 миллиондук континенттен [АКШдан] 140 миллиондук континетке [Орусияга] каршы көмөк сурап жатат. Бул туура эмес. Ошондуктан мен Европа өзүн-өзү коргоо боюнча көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек деп эсептейм", – деди Алекс Яңгер.

АКШдагы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Европанын коргонуусуна көп жылдардан бери каржы бөлүнүп келатканы боюнча теңсиздик Трамптын Ак үйүнүн Европага каршы нааразычылыгын шарттаган.

Орусиянын Украинага каршы согушу бешинчи жылына аяк басканы турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Украинага каршы согушу бешинчи жылына аяк басканы турат.

Бирок трансатлантикалык альянстын ичиндеги жарака аскерлердин саны жана Испания сыяктуу НАТО мүчөлөрүнүн кыжырдануусу менен эле чектелбейт. Анткени мүчө мамлекеттер ички дүң продукциясынын минималдык 2 пайызын дагы коргонууга бөлүп берүүнү эптей албай жатышат (Орусия коргонууга 7% ашуунун жумшаса, Британия 2,5% бир аз сарптайт).

Соода, миграция жана сөз эркиндиги боюнча Трамптын командасы Европадан кескин түрдө айырмаланып турат. Ал ортодо демократиялык жол менен шайланып келген Европанын өкмөттөрү Трамптын Владимир Путин менен болгон мамилесинен жана Орусиянын согушу үчүн Украинаны күнөөлөөгө ыктап жатканынан кооптонуп турушат.

Мүнхен коопсуздук конференциясын уюштуруучулар иш-чаранын алдында баяндама жарыялашты. Анда изилдөө жана саясат боюнча директор Тобиас Бунде учурда Экинчи дүйнөлүк согуштан берки АКШнын стратегиясында фундаменталдык ажырым болгонун айтат.

Бул стратегия, анын айтымында, жалпысынан үч принципке таянган: көп тараптуу институттардын пайдасына, экономикалык интеграцияга ишенүүгө, демократия жана адам укуктары жөн гана баалуулук эмес, стратегиялык актив экенине ишенүүгө таянган.

"Трамптын тушунда", – Бунденин айтымында, "аталган принциптердин үчөө тең алсырап же ачык эле сынга кабылган".

"Европа үчүн күтүүсүз коңгуроо"

Трамптын жетекчилигиндеги Ак үйдүн ой жүгүртүүсүн түшүнүү үчүн АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча стратегиясын (NSS) окуу жетиштүү. Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) документти төмөнкүчө сүрөттөйт: Ал "Европа үчүн чыныгы, оор жана күтүүсүз коңгуроону" жана "Европанын өзү жөнүндө көз карашы менен Трамптын Европа боюнча көз карашынын ортосундагы терең ажырымды" камтыйт.

Дональд Трамп АКШ-Европа байланыштарын түп тамырынан өзгөртүп жиберди.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп АКШ-Европа байланыштарын түп тамырынан өзгөртүп жиберди.

Стратегияда Вашингтондун ыктымал шериктеши деп табылган, бирок Европа өлкөлөрүнө кас мамиледе болгон топторду колдоо артыкчылыктуу багыт катары белгиленет. Ал "Европа өлкөлөрүндөгү Европанын азыркы траекториясына каршылык көрсөтүүнү бекемдөөнү" убадалап, Европанын миграция саясаты "цивилизациялык кыйроого" учурап калуу коркунучунда турганын айтат.

Бирок документте "АКШ үчүн Европа стратегиялык жана маданий жактан маанилүү бойдон кала берери" белгиленет.

"Европадагы көпчүлүктүн АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча стратегиясына карата реакциясы", CSIS белгилегендей, 2025-жылдын февралында "вице-президент Жей Ди Вэнстин Мүнхендеги сүйлөгөн сөзүндөгүдөй эле таң калтырышы ыктымал".

"Азыр биз реформаны же түзөтүүнү убадалабаган саясий ишмерлердин көбөйүп жатканын көрүүдөбүз", – дейт Мүнхен коопсуздук конференциясынын катышуучусу Софи Айзентраут. "Бирок алар азыр иштеп жаткан институттарды талкалай турганын ачык эле айтып жатышат. Биз аларды бүлдүрүүчүлөр деп атайбыз".

Нарва сыноосу

Бирок азыркы кырдаалдагы орчундуу суроо: "5-берене дале күчүндөбү?"

НАТОнун уставындагы 5-беренеде бир өлкөгө каршы кол салуу бардыгына каршы кол салуу менен барабар экени белгиленет. 1949-жылдан тартып жакынкы жылдарга чейин Литва сыяктуу НАТОнун мүчөсүнө Советтер Союзу, кийинчерээк Орусия, кол сала турган болсо, анда АКШнын аскердик колдоосуна ээ болгон альянстын бүткүл куралдуу күчтөрү жардамга келет деп эсептелчү.

НАТОнун расмийлери 5-берене өз күчүндө экенин айтса да Трамптын күтүүсүз кадамдары жана анын администрациясынын Европага каршы жек көрүү менен кылган мамилеси берененин айланасында суроолорду жаратууда.

Муну мен "Нарва сыноосу" деп атайм. Нарва – Эстониядагы орус тилдүүлөр көп жашаган шаарча. Ал Нарва дарыясынын боюнда жана Орусия менен чек арада жайгашкан. Эгерде, гипотетикалык жактан алсак, Орусия "орустарга жардам берем" деген шылтоо менен келип, Эстонияны күч менен басып алса, АКШ администрациясы Эстонияны коргоо үчүн күрөшөбү?

Ушул эле суроону, кайра эле гипотетикалык жактан, Балтикадагы Беларус менен Орусиянын эксклавы Калининградды бөлүп турган Сувалки булуңундагы келечектеги кадамына багыттасак болот. Же болбосо, ушунча болду, бул Норвегиянын башкаруусундагы Арктика архипелагы Свалбардга да тиешеси бар. Баренцбургда Орусиянын колониясы бар.

АКШ президентинин Гренландияны НАТОдогу шериктеши Даниядан тартып алуу дымагын эске алганда Трамптын реакциясы кандай болорун эч ким ишенимдүү түрдө божомолдой албайт. Орусия Европада жайгашкан Украинага толук кандуу согуш ачып жаткан кырдаалда мунун кесепети кооптуу болушу мүмкүн.

Бул аптада өтө турган Мүнхен коопсуздук конференциясы трансатлантикалык альянстын багыты боюнча суроолорго жоопторду бериши керек. Балким алар Европа уккусу келген жооптор болбошу ыктымал.