Президент ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка кайтарды

Жаңыланды

Президент менен жыйында ар түркүн маселелер козголду

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosalev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент менен жыйында ар түркүн маселелер козголду

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв 13-мартта билдирүү таратты. Анда президент Садыр Жапаров жакында эле маалымат каражаттарынын редакторлору менен жолуккандан кийин, жыйында айтылган жүйөөлөрдү эске алып, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берип, долбоор артка кайтарылганын маалымадады.

7-мартта өткөн жыйын учурунда мыйзам долбоору абдан чийки экенин, мурда президенттин демилгеси менен түзүлгөн топ жарым жылда эки эле ирет чогулганын, мыйзам долбоорун сапаттуу даярдоого мүмкүнчүлүк болбогонун, ошондон улам мыйзам долбоору көптөгөн кемчиликтери менен эле сунушталып жатканын айткандар арбын болгон. Жолугушууга катышкан жетекчилер дагы сапаттуу мыйзам долбоору зарыл экенин айтып, биргелешип бул ишти колго алуу тууралуу сөз болгон эле.

Журналисттердин камакка алынышы деген маселе дагы жолугушууда кызуу талкууга түшкөн темалардын бири болду.

Камалган журналисттердин айрымдары үй камагына чыкты

Камакка алынган журналисттердин бири Сапар Акунбеков, оператор Акылбек Орозбеков үй камагына чыкты, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен 12-март күнү бошотулду. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Би-Би-Сиге тастыктады. Дагы башка журналисттердин да баш коргоо чарасы каралып, айрымдарына буга чейинки каралган мөөнөт дагы узартылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 7-март күнү массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, өкүлдөрү менен жолугушкан учурда сөз эркиндиги, ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору жана абактагы журналисттер тууралуу да кенен талкуу болду. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, вице-премьер-министр Эдил Байсалов, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ИИМ башчысы Улан Ниязбеков катышты.

Абактагы журналисттердин абалы, алардын баш коргоо чарасы жөнүндө эки тарап тең өз жүйөлөрүн ортого салды. Айрым редакторлор камактагы журналисттер, редакциянын кызматкерлери үчүн кепилдик берүүгө да даяр экенин айтып, аларды үй камагына чыгарууну өтүндү. Күч түзүмдөрүнүн башчылары бул иш жөн жерден эле ачылбаганын, бир топ далилдер бар экенин, кармалган журналисттердин айрымдары коомдук маанайды тескери нукка буруу үчүн фейк аккаунттарды колдонгону боюнча далилдер бар экенин кошумчалады.

Укук коргоо органдарынын жетекчилери кашкайган далили болсо алардын өзүлөрүн кошо коомго шардана кылып, туура эмес иштерин ашкерелөөгө эч кандай чек коюлбайт деп баса белгилешти. Талкуудан соң эки тарап тең орток пикирге келгендей болду. Жетекчилер эс алуу күн экенине карабай бул иш боюнча тиешеси аз, кокусунан аралашып калышы ыктымал дегендерди жакын арада үй камагына чыгара баштайбыз деди.

Жетекчилердин мындай ишараты жалпы эле журналисттер менен бийликтин ортосундагы алаканы жакшыртып, бул жолку жолугушуунун майнабы катары баалансын деген ой айтылды. Бирок канча киши, кимдер үй камагына чыгаары тууралуу дароо сөз болгон жок. Бул тактоо, талдоо иштеринен кийин белгилүү боло турган жагдай.

Талкуу учурунда фейк, такталбаган, бир тараптуу каралаган маалыматтарды жазуу, жайылтуунун мыйзамсыздыгы да кеп болду. Айрым журналисттер мамлекеттик мекемеде иштеп жатканына карабай, так ошондой маалыматтарды байма-бай таратып, мамлекеттик кызматтын этикасына доо кетирип жаткандар бар деп мисалдарды да келтиришти. Күч түзүмүнүн башчылары андайга жол берилбеши керектигин айтып, бөгөт коюу тууралуу сөз учугу уланды.

Жолугушууга чогулгандар бийликчил же оппозициячыл, бийликти жактайт, жактабайт деп ылганбай бир кылка чакырылыптыр, дал ушундай жолугушуулар көбүрөөк өтүп турса натыйжасы жакшы болмок дешет.

Жыйынга кырктан ашуун редакциядан чакырылгандар катышты

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыйынга кырктан ашуун редакциядан чакырылгандар катышты

Иштин чоо-жайы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушул жылдын январь айында "Айт Айт Десе" жана "Темиров Live" медиа уюмдарынын учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринин эки айга камалышы, редакциялардын тинтүүгө алынышы эл аралык коомчулуктун назарын бурган чуулуу темага айланган эле. Ошондон улам түрдүү эл аралык уюмдар, элчиликтер, журналисттер биринен сала бири кыргыз бийлигине сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу жана демократиялык баалуулуктар боюнча кайрылууларын жолдошкон.

17-январда Жогорку Кеңеште дагы бул боюнча сөз болуп, депутат Дастан Бекешев эки айга камалгандардын окуясына жөн гана карап коюу туура эместигин, тескерисинче журналисттер айткан кемчиликтерди оңдоп, аларды керек болсо көйгөйлөрдү ачыктаган көмөкчүлөр катары кароо керек деген. Ал бул ишке президент өзү дагы көңүл бурса деп кайрылган болчу.

Депутаттын сөзүн улай төрага Нурланбек Шакиев жооп кайтарган. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, депутаттын ушул ойду айтып жатканын өзү да сөз эркиндигинен кабар берерин баса белгилеген. Ошондой эле өзү жөнүндө ар кандай маалымат жарыялагандар боюнча бир дагы жолу сотко кайрылбаганын жүйөө тарткан. Парламент төрагасы ким бирөөлөр чыгып айтып койсо эле комиссия түзүү керек эместигин, маалыматтык коопсуздук биринчи орунда турушу керектигин кошумчалаган.

Эки ача пикир

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана чет элдик айрым журналисттерден сырткары кээ бир укук коргоочулар, активисттер жана интернет колдонуучулар бул боюнча түрдүү сын пикир айтып келе жатат. Алар укук коргоо органдары таң эрте үйлөрүнө чейин кирип барып, сааттап кармап, каш карайганча бөгөт чараларын аныктабай эле кабарлап, чакырып, чын-бышыгына жетсе болот беле деген суроону коюп жатышат.

Интернет колдонуучулардын дагы бир тобу такыр башка жүйөөлөрдү жазып жатат. Алар "чет жактан түрдүү гранттарды алып, жалаң гана негатив жазгандарды, жакшырган бир да ишти жазгысы келбегендерди, бүлүк сала тургандарды аёосуз жазалап, мыйзамсыз иштердин алдын алуу керек" дегендей мазмунда жазып, талкуу ого бетер кызыды.

Президент менен редакторлордун, журналисттердин чоң жыйынынан соң бул маселе кыйла жеңилдеп, айрымдары үй камагына чыгарылса ачуу сындар азаят өңдөнөт.