Кыргыз журналистикасынын кечээки тарыхы, бүгүнкү өксүктөрү

Медиа

Сүрөттүн булагы, AleksandarGeorgiev

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Бишкекте Улуттук китепканада өткөн "ЖМК: кечээ, бүгүн жана эртең" деген аталыштагы конференцияда айтылган сөздөрдүн негизги удулу өлкөдөгү басма сөз эркиндиги жана жоопкерчилик жөнүндө болду.

Бишкекте Улуттук китепканада өткөн "Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең" деген аталыштагы конференцияда айтылган сөздөрдүн негизги удулу өлкөдөгү басма сөз эркиндиги жана жоопкерчилик жөнүндө болду.

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg

"Манас" университетинин журналистика факультетинин окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков өзүнүн студенттери менен бирге даярдап чыгарган "Советтик Кыргызстандын журналистикасы күбөлөрдүн көзү менен" китеби журналистиканын тарыхын окутууда баалуу эмгек болуп калды. Анда совет доорунда иштеген 40 журналист менен ошол учурдагы журналистиканын абалы, калемгерлердин жоопкерчилиги сыяктуу бир катар бирдей суроолорго маектер жазылып алынган. Кыргыз журналистикасынын тарыхын окутууда кыргыз тилинде колго аларлык китеп жок экенин эске алганда, бул китеп кыргыз журналистикасынын совет доорундагы тарыхын конкреттүү адамдардын өздөрүнүн практикалык мисалдары менен окуткан абдан керектүү окуу куралы болору калетсиз.

Экинчиден, бул устат-шакирт эриш-аркак иштеп даярдап чыгарган эмгек болгондугу менен баалуу. Окутуучу менен студенттердин ортосунда мындай кызматташтык менен жаралган эмгек өлкөбүздөгү журналистика факультеттеринде, балким, биринчи мисал.

Советтик кыргыз журналистикасы

Сүрөттүн булагы, Social media

"Демократия анархияга айланбасын"

Конференцияда журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндө толтура сөз болду. Чыгып сүйлөгөндөр асыресе азыркы Интернет айдыңында иштеген блоггер, тиктокер, ютубер деп аталган жаңы медианын өкүлдөрүн жабыла сынга алышты. Алардын маалыматты текшербей, оюна келгендей бурмалап же ойдон чыгарып ар балеени жазып атканы журналистиканын кадырын кетирип жатканы баса белгиленди. Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири керек болсо Мамбет Мамакеев сыяктуу патриархтардын сакалына тийишип аткан үчүн журналист аттуунун баарын стратегиялык объектилерге киргизбей, жолун жаап салууну сунуштады.

Ошол эле убакта салттуу медианын өкүлдөрү өздөрүнүн кесипкөй журналистикасындагы бир тараптуу маалымат берүү, расмий протокол-отчетторго окшогон макала-сюжеттер, санарип, медиа сабаттуулуктун төмөндүгү, журналисттик иликтөөлөрдүн дээрлик жоктугу сыяктуу кашкайган кемчиликтер жөнүндө дээрлик эч ким ооз ачкан жок.

Кыргыз бийлиги азыркы учурда Интернет басылмаларды, айрыкча козу карындай жайнап кеткен блогерлерди кантип аркандаш керектиги жөнүндө баш катырып жаткан убагы. Ушул эле күнү басма сөз жыйынында башкы прокурор Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия бар экенин белгилеп, бирок аны анархияга айлантпаш керектигин эскертти.

Бул үчүн бир айда беш миңден ашык окурман кирген блогерлердин баракчасын ЖМКга теңеп, жоопкерчилигин кароо кыргыз президентинин администрациясы тарабынан даярдалган "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" жаңы мыйзам долбоорунда сунушталып жатат. Бул канчалык туура жол болот, ал тууралуу талаш-тартыш жаңыдан от алды.

«ЖМК кайда, блоггер кайда? Блогер жалгыз иштейт. Анын редакциясы жок, кармаган эч нерсе жок. Ал сайттын аталышына, логотипке, кайсы бир мөөнөткө байланган эмес. Блогерден айырмаланып, ар бир редакциянын стандарты, ички саясаты болот. Бир да өлкөдө, керек болсо Россия менен Казакстанда дагы блоггерлер менен ЖМКны бир катарга койгон жоболор жок. Эгер авторлор ушундай мыйзам интернеттеги фейктерди азайтууга жардам берет деп ойлоп жатышса, анда бул жомок", — дейт медиа-эксперт Акмат Алагушев.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү дискриминациялык деп сындап, виртуалдуу ЖМКлардын ишин жөнгө салуу интернет мейкиндиктин жана жаңы медианын өзгөчөлүктөрүн изилдөө, талдоонун негизинде болушу керек деп билдирген. Анткени, жаңы медианын салттуу медиадан абдан чоң айырмачылыктары бар. Мисалы, социалдык тармакта отургандар маалыматты өздөрү жазып чыгарат, эч кандай редакциялык көзөмөлдөн өтпөйт, демек ЖМК болуп каралбайт. ЖМК үчүн жалпы эрежелерди бүт Интернетте отурган жазмакерлердин баарына милдеттүү кылууга болбойт. Ошол себептүү эксперттер Интернет ЖМКлардын ишмердигин жөндөө боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп көрүүгө чакырышууда.

Интернет_медиа

Сүрөттүн булагы, Carlo Prearo / EyeEm

Кыргызстандагы медиа эксперттер бийлик тарапта интернеттеги маалымат таратуу эркиндигин чектөө максатындагы аракеттер болуп жатат деп тынчсыздануу билдирип жаткан убагы. Бийлик адамдары аралашкан коррупциялык иштерди иликтеп, чоң резонанс жараткан таанымал журналистти жалган документтер менен паспорт алган деп айыптап, өткөн жылы өлкөдөн депортация кылып жиберишти.

Эки жыл мурда "Жалган маалыматтан коргонуу" жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамга таянуу менен азыр туура эмес маалымат чыгарды деген айып коюлуп, "Азаттык" радиосунун" ишин токтотуу жөнүндө Маданият министрлиги сотко кайрылды. Эми "ЖМК жөнүндө" жаңы мыйзамда коомдук сайттарда иштегендердин баарына укурук салуу аракети болуп жатат деген кабатыр билдирүүлөр чыгууда.

Ошол эле убакта Интернетте жалган маалымат жайнап чыгып атканы, ар ким оюна келгенин жазып, бирөөлөр экинчилерди жамандап, үчүнчүлөрү каратып туруп эле тукуруп, башкалары ишенчээк адамдарды калптын кайырмагына илип, алдап, акчасын алып, сыздатып кетип атканы да бүгүнкү турмуштун чындыгы.

Бирок блоггерлерди кысымга алуу же алардын ишин чектөө калптын капкагын жаап, жоопкерчиликтин жогорулашына алып келбейт дейт эксперттер. Андан көрө жалпы элдин медиа сабаттуулугун көтөрүп, интернет технологиялардын жетишкендиктерин колдонуп, жалган маалыматты ашкере кылуунун механизмдерин практикада күчөтүү керек деп кеңеш беришүүдө.