Израил менен ХАМАС туткундарды кайтаруу маселесин талкуулайт. Трамп "тез аракеттенүүгө" чакырды

Израил менен ХАМАС Газа тилкесиндеги согушту токтотуу максатында Египеттин ортомчулугу менен бүгүн сүйлөшүүлөрдү баштайт. Египет бийлиги барымтадагы Израил жарандарын абактагы палестиналыктарга алмашуу маселесин талкуулоо үчүн эки тараптан тең делегацияларды кабыл аларын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүгө оогон түнү Газадагы согушту токтотуу аракетине катышкандардын бардыгын "тез аракеттенүүгө" чакырды.

Ал дем алыш күндөрү "ХАМАС жана дүйнө өлкөлөрү менен абдан позитивдүү сүйлөшүүлөр" жүргүзүлгөнүн билдирди.

"Бул сүйлөшүүлөр абдан ийгиликтүү болду жана тездик менен жүрүп жатат. Техникалык топтор жыйынтыктоочу деталдарды иштеп чыгуу үчүн дүйшөмбү күнү Египетте кайрадан чогулат. Мага биринчи этап ушул аптада аякташы керектигин кабарлашты. Бардыгын тез аракеттенүүгө чакырам", - деп жазды ал Truth Social тармагындагы баракчасына.

Буга чейин журналисттер менен болгон маегинде Трамп "жакын арада" барымтадагы израилдиктерди бошотуу иштери башталарын айткан.

Согушту токтотуу боюнча соңку сунуштун демилгечиси болгон Трамп ХАМАСтын бардык барымтадагыларды бошотуу тууралуу сунушун колдоого алган. Ошол эле учурда Израил аскерлери Газа шаарында коргонуу абалында турат.

ХАМАС өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, анклавдын де-факто борборунда аба соккулары жана аткылоолор уланууда. Кесепетинен ондогон адамдар набыт болгону айтылат.

Жума күнү кечинде ХАМАС Газа тилкесиндеги бардык израилдик туткундарды кайтарууга, анын ичинде тирүүлөрүн бошотуп, өлгөндөрдүн сөөгүн берүүгө макул болгонун жарыялады.

Маалыматка караганда, куралдуу топ Палестинанын аймагында 48 кишини барымтада кармап турат, болжол менен алардын 20сы гана тирүү экени айтылууда.

Араб өлкөлөрү Трамптын сунушуна макул болушу үчүн ХАМАСка катуу кысым көрсөтүштү. Египет жана Катар ХАМАСтын билдирүүсүн колдоп, Катар мурунку сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон өлкө катары, Трамптын аракеттери палестиндердин кан төгүүсүн токтоткон "ыкчам натыйжаларды" алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да сүйлөшүүгө катышуу үчүн Египетке барды.

Израилдик басылмалардын маалыматына караганда, ал жерде барымтадагыларды бошотуу мөөнөтү жана камактагы палестиналыктардын тизмеси боюнча акыркы макулдашуулар талкууланат.

"Биз узак убакыттан берки максатыбызга жакындадык",- деди жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

Бирок ал барымтадагыларды бошотуу жана камактагыларды алмашуу биринчи жана балким эң оңой кадам экенин кошумчалады. Газаны калыбына келтирүү, бул аймакты ким башкарарын аныктоо андан да кыйын кадам экенин баса белгиледи.

"Бул бөлүк бир аз татаалыраак болот, бирок жаңжалды биротоло токтотууну камсыздайт. Ошондуктан биз негизги көңүлдү ушул эки этапка буруп жатабыз",- деп кошумчалаган Рубио.

Ал ошондой эле барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашуу мөөнөтү азырынча белгисиз экенин, бирок сүйлөшүүлөр "аптага, атүгүл бир нече күнгө дагы созулбашы керектигин" айтты.

"Техникалык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн карап, ХАМАС чындыгында кандай ниетте экенин жакын арада билебиз",- деди Рубио.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил армиясы кайра жайгаштырыла турганын билдирди.

Израилдик туткундар менен абактагы палестиналыктарды алмашуу келишими түзүлгөн соң дароо ишке ашат, ХАМАСты куралсыздандыруу маселеси экинчи этапта жүргүзүлөт,- деди Нетаньяху.

Ал ошондой эле ХАМАСты күч менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Трамптын ок атышууну дароо токтотуу чакырыгы Нетаньяху үчүн саясий жактан кыйын болушу мүмкүн, анткени анын министрлер кабинетинин кээ бир ашкере оңчул мүчөлөрү АКШ, Евробиримдик жана башка өлкөлөр тарабынан террордук уюм деп табылган топ менен мындан аркы сүйлөшүүлөргө этияттык менен мамиле кылат.

Мындан тышкары, ХАМАС Трамп планынын эки гана жобосуна — барымтадагыларды бошотууга жана "Газа тилкесин башкарууну Палестинанын көз карандысыз (технократиялык) органына өткөрүп берүүгө" макул экенин жазган. Бирок пландын негизги талаптарынын бири: ХАМАСты куралсыздандыруу жана келечекте Газаны башкарууга катышпай турганы тууралуу сөз болгон эмес.

Ишемби күнү Al Jazeera телеканалына берген маегинде ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлү Муса Абу Марзук топту куралсыздандыруу жана лидерлери менен согушкерлерин аймактан чыгаруу боюнча суроого мындай жооп берген:

"Эгемендүү Палестина мамлекети түзүлгөн күнү кыймыл куралдарын таштап, аны ошол мамлекетке өткөрүп берет".

Израил эгемендүү Палестинанын түзүлүшүнө жол бербей турганын айтып, бул жөөт мамлекетинин коопсуздугуна коркунуч келтирет деп ырастоодо.

Абу Марзуктун айтымында, Трамптын планынын негизги бөлүгү болгон Газаны келечекте ким башкара турганы тууралуу маселе башка палестин фракциялары менен дагы талкууланышы керек.

"Бардык деталдарды акырындык менен макулдашууга бир нече ай кетиши мүмкүн",- деген ал.