Европадагы чектөө. Путиндин учагы Венгрияга кантип жетет?

Путин Аляскага август айында атайын дайындалган Ил-96 менен учуп барган

Сүрөттүн булагы, GAVRIIL GRIGOROV/POOL/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Аляскага август айында атайын дайындалган Ил-96 менен учуп барган
    • Author, Пол Кирби
    • Role, Би-Би-Синин Европа боюнча редактору

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамптын кезектеги жолугушуусу Венгрияда өтөрү так аныктала элек. Бирок Путин Трамп менен жолугуу үчүн Будапештке барып калса, анда бир нече тоскоолдуктарды четтетиши керек болот.

Путин Анкориж саммитине катышуу үчүн август айында Аляскага барганда АКШ президенттик учак үчүн атайын уруксат берген. Ил-96 авиалайнери өзгөртүлүп, төрт кыймылдаткычы бар жана коргонуу системалары менен жабдылып, "Учуп жүргөн Кремль" аты менен белгилүү болгон.

Орусиянын учактарына АКШ менен Европанын аба мейкиндигинде тыюу салынган. Ошондуктан эгерде Путин Будапештке барып калса, анда Еврошаркеттин мүчөлөрүнүн аба мейкиндигинен учуп өтүү үчүн атайын уруксат алышы керек болот.

Бул толугу менен мүмкүн. Бирок деңизге жолу жок Венгрия орус президенти оңой эле жете ала турган жер эмес. Анын үстүнө Путин чет жакка көп деле чыга бербейт жана көптөн бери Европага да бара элек.

"Азырынча, албетте, так эмес", — деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. - "Президенттердин жолугушуу өткөрүү ниеттери бар экенин гана билебиз".

Путин 2022-жылдын февралында Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Европа Путиндин да, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун да активдерин тоңдуруп койгон.

Орусиянын бардык учактарына Европанын 27 өлкөсүнөн учуп өтүүгө да толугу менен тыюу салынган. Венгрия жана башка коңшулары дагы НАТОго мүчө өлкөлөр.

Путинди болсо Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) украиналык жаш балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялап өткөрүүгө байланыштуу согуштук кылмыш иштерине айыптаган.

Ошого бул татаал иш. Бирок Венгрия аларды жөнгө салса болот деп ишенет. Анын үстүнө Венгрия ЭКСтен чыгуу процессин баштап жиберген.

Путиндин Европадагы эң жакын өнөктөшү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан болушу мүмкүн. Алар пландалып жаткан саммит боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто: "Биз, албетте, анын Венгрияга келип, ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзүп, анан кайра мекенине кетишин камсыздайбыз", - деп кабарчыларга билдирди.

Орбан Путиндин Европадагы эң жакын өнөктөштөрүнүн бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орбан Путиндин Европадагы эң жакын өнөктөштөрүнүн бири
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Европа Биримдиги дагы тоскоолдуктарды жаратпашы ыктымал.

Биримдиктин аткаруучу комиссиясы билдиргендей, уюм "Украинада адилеттүү жана бекем тынчтыкты" орнотууга багытталган кандай гана жолугушуу болбосун кубаттап, Трамптын бул аракеттерин колдойт.

Орусияга каршы сунушталган соңку санкциялардын пакети орустарды сүйлөшүү столуна алып келүүнү көздөйт. Бул бүгүнкү күнгө чейин иштелип чыккан 19-пакет. Анда Путиндин сапарына тыюу салынбаганы, болгону активдери тоңдурулганы белгиленет.

Эң көп ойлондурганы — Орусиянын президенти Москвадан Будапештке кантип учуп барары. Ал Сербия аба жолдорунан билет алып, Белградга учуп барып, андан ары Венгрияга поезд менен кетпеси айдан ачык.

Ал өзүнүн Ил-96 учагы менен өз коопсуздугун кепилдегиси келет. Демек, ал Европа Биримдигинин жана НАТОго мүчө мамлекеттердин аба мейкиндигин пайдаланат. Бул Европанын орус учактарына салынган тыюуну алып салууга уруксат берүүнү туюнтат.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Анитта Хиппер жума күнү билдиргендей, "сапардын багытына ылайык, мүчө өлкөлөр белгиленген жободон четтеп турса болот, бирок аны ар бир өлкө өз алдынча жасашы керек".

НАТО дагы бул маселени тиешелүү мамлекеттин бийлигине жолдогон. Ага Трамптын дагы тиешеси болгондуктан алар бир пикирге келиши ыктымал.

Путин Венгрияга чейин учуп өтүшү керек болгон өлкөлөр.

Уруксат алган чакта деле картаны карап көргөндө Путин этияттап айланып өтүүсү керек болот. Украинадан өтпөйт, балким, Варшава менен Москванын солгундап кеткен мамилесинен улам Польшадан дагы өтпөшү мүмкүн.

Балким, эң эле түз багыт Кара деңиздин чыгыш жээги жана Түркия, андан ары Болгария, кийин Сербия же болбосо Румыния аркылуу Венгрияга барат.

Сербиянын президенти Александр Вучич Путинди жакшы тааныйт. Сербия аба жолдорунун Европанын аба мейкиндиги аркылуу Москвадан түз каттамдары бар. Сербия Европа Биримдигине кирүү үчүн талапкерлигин көрсөткөн, бирок биримдикке мүчө боло элек.

Европа Биримдигинин мүчөлөрү Болгария же балким Румыния уруксат бериши керек болот. Андан кийин Орусиянын учагын өз аба мейкиндиги аркылуу коштоп өткөрүп жибериши керектелет.

Румынияда НАТОнун Европадагы эң ири аскердик базасы жайгашкан. Болгария дагы коргоо алянсын бекемдөө аракеттеринин алкагында НАТОнун базасын куруп жатат.

Бухаресттин басма сөз катчысы Би-Би-Сиге кабарлагандай, учурда бул маселелер божомолдор гана жана "Румыния бүгүнкү күнгө чейин Орусия Федерациясы тарабынан учуп өтүү боюнча расмий кайрылуу ала элек".

Би-Би-Си Болгариянын тышкы иштер министрлигине дагы комментарий алуу үчүн кайрылды.

Эгерде Путин мындан дагы коопсуз болушун каалап жатса, ал Түркия аркылуу учуп, Грекиянын түштүк жээгин айланып өтүп, Каратоонун (Монтенегро) аба мейкиндиги аркылуу Сербияга өтсө болот. Бирок бул жол узагыраак.

Путиндин Ил-96 учагы “Учуп жүргөн Кремль” деп аталып калган

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путиндин Ил-96 учагы "Учуп жүргөн Кремль" деп аталып калган

Бул Орбанга канчалык ыңгайлуу болгонуна карабастан Будапешт оңой-олтоң жете турган жер эмес. Орбан Путин менен да, Трамп менен да мамилеси жакшы.

"Ал бизге жаккан лидер", — деген Трамп жума күнү. "Ага да, мага да жагат".

Кийинки жазда өтө турган шайлоодо рейтинги түшүп жатса да, бул жогорку деңгээлдеги эл аралык саммиттин Орбанга эч кандай деле зыяны тийбейт.

Саммит Будапештте өтөрү белгилүү болор замат Орбан Путин менен телефондон байланышып, өзүнүн Facebook барагында "Камылгалар толук кандуу жүрүүдө!" деп жар салды.

Европа Биримдигинин Украинаны колдоосу боюнча Орбан көп деле кызыкдар эмес жана ал Брюссель бул сүйлөшүүлөргө эч кандай тиешеси жок экенин ачык билдирди.

"Европа Биримдиги согушту колдоп жаткандыктан бул тынчтык процессине катышпоосу акылга сыярлык эле иш", — деди ал жума күнү Венгриянын радиоберүүсүндө.

Европанын лидерлери кийинки аптада Брюсселде өтө турган саммитте аны көргөндө башка ойдо болушат.