Трамп-Зеленский жолугушуусу: "Томагавк" ракетасы тууралуу так чечим жок

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Орусия Tomahawk ("Томагавк") ракеталарынан корккондуктан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр болгондой түр көрсөтүүнү улантып жатат. Бул тууралуу Украинанын лидери Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин билдирди. Ошол эле учурда, Зеленскийдин айтымында, америкалык тарап бул ракеталарды Украинага өткөрүү тууралуу конкреттүү убадаларды берген жок.
Зеленский украиналык жана америкалык делегациялар, атап айтканда, Украинага абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү маселесин талкуулашканын айтты. Анын айтымында, эки тараптын командалары бул маселенин үстүнөн ишти улантып, америкалык өндүрүшчүлөр менен Украинадан жана башка өлкөлөрдөн түшкөн буйрутмаларды аткаруунун мөөнөтүн макулдашмакчы.
Зеленскийдин айтымында, алыс аралыкка атуучу куралдар боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок Зеленский: "Биз бул тууралуу сүйлөшпөйбүз деп чечтик, себеби АКШ эскалацияны каалабайт", - деп айтты.
"Менимче, Орусия "Томагавктардан" өтө коркуп жатат", - деп кошумчалады Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Зеленский орустар америкалык ракеталардын өзүнөн эмес, алар украиналык куралдын башка түрлөрү менен айкалыштырып колдонулат деп коркуп жатканын кошумчалады.
Дональд Трамп журналисттер менен жолугушуудан кийин сөз сүйлөгөн жок. Ал дем алыш күндөрүн өткөрүү үчүн ошол замат Флоридадагы резиденциясына учуп кетти. Жолдо баратып Трамп пост жарыялап, анда жолугушуунун конкреттүү жыйынтыктары тууралуу эч нерсе айтпаганы менен эки тарапка тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялоону сунуш кылганын билдирди.
"Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу абдан кызыктуу жана жылуу маанайда өттү. Бирок мен ага, буга чейин президент Путинге да берген кеңешимди кайталадым. Мен адамдарды өлтүрүүнү токтотуп, макулдашуу түзүүгө убакыт келгенин айттым! – деп жазды ал Truth Social платформасына. – Экөө тең бул согушта жеңгенин жарыялашсын, ал эми калганын тарых таразалайт! Мындан ары ок атышуулар, өлүм-житим, эбегейсиз көп акча коротуу болбошу керек".

Трамп баштапкы позициясына кайтты
Святослав Хоменко, Би-Би-Синин кабарчысы:
Дональд Трамптын посту буга чейин жарыяланган билдирүүлөргө караганда талдоого алда канча көбүрөөк жем таштап жатат.
Бул посттон биз Трамп өзүнүн баштапкы позициясына кайтканын көрүп турабыз, ага ылайык орус-украин жаңжалы учурда кайсы чекитке жетсе да, согуштук аракеттер ошол жерде токтоого тийиш.
Башында Трамп дал ушул идеяны сүрөп жаткан. Украина да макул болгон. Бирок Путин көнгөн эмес. Себеби Владимир Путин адегенде чоң тынчтык макулдашуусун жазгысы келип, ал эми бул процесс жүрүп жаткан чакта согуштук аракеттерди уланта бергиси келген.
Кайсы бир учурда Трамп Путин менен макул болсо да, эми АКШ президентинин пикири кайрадан өзгөрдү.
Балким Трамп дал ушул позицияны Путин менен Будапештте талкуулашы ыктымал. Эгерде Путин бул вариантка макул болбосо, анда "Томагавк" ракеталары тууралуу сүйлөшүүлөр башка деңгээлге чыгышы мүмкүн. Ушул тапта Трамп Путин макул болот деген үмүт менен "Томагавктарды" бергиси келбей турат.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ак үйдө Владимир Зеленский менен жолугушардын алдында Трамп орус лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул Трамптын Путин менен августта Аляскадагы жолугушуусунан берки биринчи сүйлөшүүсү. Эки саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Трамп Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады.
Владимир Зеленский алдыдагы жолугушуу тууралуу "Украина үчүн Орусиядан келген мындай сигналдардын баары жаңылык эмес" деп белгилеп, ошол эле учурда Дональд Трамптын тынчтыкка жетишүү жөндөмдүүлүгүнө ишенээрин айтты.
Зеленский менен Трамптын жолугушуусу – ушуну менен Ак үйдөгү үчүнчү жолугушуусу – пландаштырылган убакыттан кыйла узакка созулду.
Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы Том Бейтман Зеленскийден Трамп АКШ Украина үчүн кошумча коопсуздук кепилдиктерин берип-бербегенин сурады.
Зеленский мындай кепилдиктер Украина үчүн өтө маанилүү экенин кайталады, бирок ал Трамптан кандайдыр бир жаңы сөз укканын айтуудан баш тартты.
"Бизге коопсуздуктун ишенимдүү кепилдиктери керек", - деди Зеленский. – Биздин өлкө ок атышууну токтоткон күндө да, Путин агрессия менен кайтып келбеши үчүн АКШдан коопсуздук кепилдиги керек болот".

Сүрөттүн булагы, Reuters
Трамп менен жолугушуудан кийин Зеленский Европа лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүгө Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, ошондой эле Британиянын, Италиянын, Польшанын жана Финляндиянын лидерлери катышты.
Зеленскийдин айтымында, Орусия менен элдешкен учурда Украинанын коопсуздук кепилдиктери, абадан коргонуу системаларын жеткирүү жана Украина үчүн америкалык курал-жарактарды сатып алуу боюнча европалык программа (PURL) тууралуу сөз болду.
Кабарчыбыз Святослав Хоменко Би-Би-Синин Орус кызматынын атайын уктуруусунда белгилегендей, Зеленский менен Трамптын жума күнкү жолугушуусу украин делегациясынын Вашингтонго сапарынын чоң программасынын бир бөлүгү гана болгон.
Премьер-министр Юлия Свириденко бир күн мурун учуп келди; делегацияны Lockheed Martin жана Raytheon аскерий-өнөр жай компанияларынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Трамп менен жолугушуунун алдында Зеленский Tomahawk канаттуу ракеталарынын ордуна Киев АКШга миңдеген украиналык дрондорду берүүгө даяр экенин айтып, "заманбап согуштар көп сандагы дрондорду талап кылаарын" баса белгиледи.
Өз кезегинде Дональд Трамп украиналык аппараттарга "абдан жакшы" деген баасын берди. Ал ошондой эле АКШнын өзүнө Tomahawk жана башка ракеталар керектигин кошумчалап, бирок ал Зеленскийдин сунушун талкуулоого даяр экенин билдирди. (ZMa)














