Кыялына жетпей кыйылган өмүрлөр

- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Синин фрилансер кабарчысы
Камила, Бурулай, Айзада, Ольга, Медияна, Айжан, Рахима, Айтурган, Айгерим, Айзирек, Айсулуу… Зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндердин аты-жөнүн тизмектесе мындан да узун. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2024-жылы эле 34 аял өлтүрүлгөн. Би-Би-Си соңку жылдары зордук-зомбулуктан өмүрү кыйылган ондон ашык кыз-келиндин жакындары менен байланышып, алардын аткарылбай калган аруу тилек, кыял-максаттарын кагаз бетине түшүрдү.
"Бурулайдын көйнөгүн, жоолугун азыркыга чейин сактап жүрөбүз"
"Боби деп эрекелетчүбүз. Эмчек эмбей калып, буламык менен бакканбыз. Курсагы тойсо эле томпойгон бойдон уктап жата берчү".
Жети жылдан кийин Бурулайдын үйүнө кайрадан баш бактык. Апасы жаңы эле ооруканадан чыгып, бирок атасы ооруканага жатып калыптыр. Биз менен Бурулайдын улуу эжеси Назгүл Кожоналиева маектешти. Апасы иштегендиктен сиңдисин өзү багып чоңойтконун, өзгөчө жан болгонун айтып, улам-улам оор үшкүрүп жатты:
"Бурулай кенжебиз эле. Таза, тыкан, бир сырдуу, оор басырыктуу кыз болчу. Бишкектеги медициналык колледжге өз күчү менен өтүп, окуп жүргөн. Медициналык академияга тапшырам, билимимди жогорулатам, гинеколог болом, дарыгер болом дечү. Сүйлөшкөн жигити 9-май күнү сөйкө салып кеткен. Тойду 25-августка белгилегенбиз. Абдан толкунданып, үлпөткө даярданып, көйнөк издеп жүргөн. Жигити намаз окугандыктан, жабык көйнөктөрдү карап жаттык эле. Жакшы жубай болом деген тилегине жетпей калды. Тойго 90 күн калганда бул дүйнө менен кош айтышты. Сөйкө салганда кийген көйнөгүн, жоолугун азыркыга чейин сактап жүрөбүз. Баланын күйүтү жаман экен, атам менен апама эле кыйын болду".

Сүрөттүн булагы, Бурулайдын жакындарынын жеке архивинен
2018-жылы 27-майда Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган. Ал 19 жашта гана болгон. Кызды ала качууга аракет кылып, андан кийин ага ички иштер бөлүмүндө кол салган 30 жаштагы Марс Бөдөшов 20 жылга эркиненажыратылган.
Коомчулукту нес кылган бул окуядан кийин өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) жалпысынан 23 кызматкер жазаланганын билдирген. Кийин алардын айрымдары кайрадан жетекчи кызматтарга кайтып келишкен.
Бурулайдын ысымы болсо ала качууга каршы күрөшүүнүн өзүнчө символу болуп калган.
"Волейбол ойноп, үй жаныбарларын жакшы көрчү". Айзаданын армандуу өлүмү
Үч жылдан кийин Бурулайдын окуясы кайрадан кайталанган.
Бир үйдүн жалгыз кызы, 26 жаштагы Айзада Канатбекованы 2021-жылы 5-апрелде үч адам күч менен машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган 36 жаштагы Замирбек Теңгизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Айзаданын зордукталганы жана муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңгизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Айзаданы уурдоого катышкандар 6,5-7 жылга соттолгон.
Коомчулук Айзада уурдалган учур видеого түшүп калганына карабай, издөө чабал жүрдү деп, милициянын аракетин сынга алган.
ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган. Кийин алардын айрымдары кайрадан жогорку кызматтарга кайтып келгени кабарланган.

Сүрөттүн булагы, social media
Айзада Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин спорт факультетин аяктаган. Волейбол боюнча окуу жайдын курама командасында ойногон. Жакындары ал кыргыз, түрк, англис жана корей тилдерин билгенин, үй жаныбарларын жакшы көргөнүн айтып беришкен. Апасына үй алып берүүнү кыялданып жүргөн. Түркияга барып иштөө үчүн билет алып койгон. Ырайымсыздык менен киши колдуу болбогондо 11 күндөн кийин учуп кетмек…
"Өзүбүздүн үйүбүз болсо деп кыялданчу эле".
Кызыл жемпер кийип, узун сабактуу кызыл чеге гүл кармап, гүлүмсүрөп турган кыз – Ольга Хабарова. Ушул сүрөтү гана сакталып калыптыр. Кыздын апасы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын элдик өкүлү Наталья Дубинина Ольга келечектен көптү үмүттөндүргөн, тың кыз болгонун эскерди:
"Ольганы жерге берип жатканда мугалимдеринин ичи ачышып, аябай ыйлашты. Токтоо, эмгекчил, ченебеген кыз эле. Сыртынан назик көрүнгөнү менен мектепте балдар менен урушуп ыйлаган кыздардын таламын талашып, аларды коргоп, болушуп жүрчү экен. Алардын өз үйү жок эле. Мектепти бүтсөм, үй салсак, өзүбүздүн коломтобуз болсо деп аябай тилечү. Үйүнүн тиреги эле. Апасы күнү-түнү балдардын реабилитациялык борборунда иштейт. Ольга үйүн да, бөбөгүн да карачу".

Сүрөттүн булагы, Ольганын жакындарынын жеке архивинен
16 жаштагы Ольга Хабарова 2021-жылы 21-июнда Кеминде киши колдуу болгон. Ал мектептен күбөлүгүн алып келе жатып, кошунасынын жер тилкесинде сугат иштерине жардам берүүнү чечкен. Бирок үйүнө кайткан эмес. Ошол эле күнү кечинде анын сөөгү зомбулуктун белгилери менен токойдон табылган. Кызды өлтүрүүгө шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылган.
"Тиш дарыгери болгусу келчү"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Жалгыз кызымды – Медиянамды өз колум менен турмушка узатайын деп жүрдүм эле. Тилегим орундалбай калды."
Талантбек Эргешов кызы Медиянаны эстеп, бир топко чейин буркурап ыйлады. Жароокер кызын жоктоп, куса болуп жүргөнүн айтты. Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган, тиш дарыгери болууну самап жүргөн Медиянаны ажалга алдырып жибергенине арман кылат:
"Шайыр, жаркылдаган, беш убак намаз окуган кыз эле. "Ата, тиш догдур болом, тишиңизди өзүм дарылап берем" дечү. Гүлдү жакшы көрчү. Үйдө ончакты гүлү бар. Эч кимге карматпайм, азыркыга чейин өзүм карап, өзүм сугарам. Кичинесинде кийип жүргөн апакай жайкы чокою (сланцы) бар эле, ошону сактап койгом. Апта сайын шкафтан алып чыгып, чаңын сүртүп, кайра ордуна коюп коем. Жакында неберелүү болдум, буюрса, чоңойгондо киет. Медианамды өз колум менен күйөөгө берейин дедим эле. Тилегим орундалбай калды. Күндө намаз окуп, кызым үчүн дуба кылам. Медиянам менен эми акыретте жолугам го, башка сөз айта албайм".

Сүрөттүн булагы, Медиянанын жакындарынын жеке архивинен
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 22 жаштагы Медияна Талантбекова 2022-жылы 30-январда дайынсыз жоголуп, сөөгү 8-февралда табылган. Милиция кызды сүйлөшкөн жигити 10 жолу бычак шилтеп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көөмп таштаганын аныктаган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыз 7 апталык боюнда бар экенин белгилүү болгон.
Ош облустук соту 24 жаштагы Абдулбасит Назаралиевди 2022-жылы 30-сентябрда өмүр бою эркинен ажыраткан.
"Апаңар ажыга кеткен, келет деп коем"
Сапаргүл Пиржанова Айкыздын эжеси. Маркум сиңдисинин эки кызын асырап алган. Улуусу жетиде, күчүүсү беште. Алардын ар бир кылык-жоругу Айкызды эстетип турарын айтып, көзүнөн жаш алды. Сапаргүлдүн айтымында, кыздардын бири милиция, бири догдур болом деп кыялданат:
"Башында апасын сагынып, күтүп жүрүштү. Кийин ажылыкка кеткен, келет деп койсом, көнүп калышты окшойт. Ушуларды телмире тиктеген сайын Айкызды эстеп, буркурап ыйлайм. Бир туугандардын ичинен анын тилин мен гана түшүнчүмүн. Өтө зирек кыз эле, бир көрсөтүп койсоң, дароо илип алчу. Кийимди жакшы тикчү. Өзү сыяктуу укпаган, сүйлөбөгөн достору менен цехте эмгектенип жүрдү. Бишкекте да сегиз ай иштеп калды. Келечекте үй салам, машине алам, кыздарымды өзүм эле багам дечү эле. Күйөөсүнөн көңүлү калган. Ажырашып кеткен. Бирок жолдошу экинчи урбайм деп алдап алып кетип, төрт күндөн кийин өлтүрүп, колубузга карматып койду. Мурда эле катуу запкы жеп жүрчү экен. Бир сапарында чачын жулуп, тишин сындырып, ичине бычак такап, эси оогончо токмоктоптур. Ооруканага жаткырганбыз. Ошондо бир да жолу келип, абалын сураган эмес".

Сүрөттүн булагы, Айкыздын жакындарынын жеке архивинен
Биринчи топтогу майып, 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы 2024-жылы 2-январда каза болгон. Милиция аны ушундай эле майыптыгы бар күйөөсү муунтуп өлтүргөнүн аныктаган.
Кадамжай райондук соту Айкыздын күйөөсүн 13 жылга эркинен ажыраткан. Сапаргүл Пиржанова кийин Баткен облустук соту 15 жылга кесип, Жогорку Сот бул өкүмдү күчүндө калтырганын билдирди. Айкыздын жакындары аны өмүр бою абакка кесүүнү талап кылышкан.
"Балдардын реабилитациялык борборун ачам деп кыялданчу"
"Көзүмдүн жашы кургабай, көкүрөктөгү дартым айыкпай калды".
Роза Жекшенова кызын эстеп канчалык кайгыса да, Айжандын жетишкен ийгиликтерин санап, укмуштудай сыймыктанып турду.
Айжан Алыкулова Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Беш тилде эркин сүйлөп, акыркы он беш жылда четте – Түркия, Дубай, Европа өлкөлөрүндө - жашаган. Котормочу болуп иштеген. Саламаттыгына байланыштуу өлөрдөн бир жыл мурун Кыргызстанга кайтып келген:
"Асыл максаттары бар эле. Кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборун ачам деп кыялданчу. Алтын саткан дүкөн иштетем, уулумду чет өлкөдө окутам деп жүрчү. Дагы балалуу болсом, ЭКО менен төрөсөм деген кыялы бар эле. Өтө боорукер, жароокер, анан абдан билимдүү болчу. Балдар карылар үйүнө барып жардам берип турчу. Адам эмес, ит-мышыкка да кайрымдуу эле".

Сүрөттүн булагы, Айжандын жакындарынын жеке архивинен
39 жаштагы Айжан Алыкулова 2024-жылы 24-февралда өз үйүндө жарандык никедеги күйөөсү тарабынан өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Тергөө кылмышкер Айжандын башын жанчып, кабыргаларын талкалап, ички органдарына доо кетирип, андан соң ваннага таштап койгонун аныктаган.
Биринчи май райондук соту 34 жаштагы Кирилл Дамировду 15 жылга эркинен ажыраткан. Айжандын жакындары аны өмүр бою кесүүнү талап кылганы менен Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.
"Укук коргоочу болгусу келчү"
Ал үч баланын камкор энеси, апасынын тиреги, сиңдисинин сырдашы эле. Коңшуларына үлгү болчу.
Укук коргоочулар да Рахима Айкынбаеваны жакшы таанышчу. Ал зомбулуктан жапа чеккен аялдардын укугун коргойм деп, тренингдерге катышып жүргөн.
"Эжем башкача адам эле. Журналист болом деп, бирок окуусун бүтпөй калган. Кийин аялдардын укугун коргоочу болом деп окууларга катышып жүрдү. Өзү жашаган конушка мектеп салдырсам деген тилеги бар эле. Жаны тынчу эмес. Үй тазалоо кызматын көрсөтүп иштечү. Ырдаганды жакшы көрчү. Балдарына кам көрүп, аларга сапаттуу билим бергенге умтулар эле. Улуу баласы ыр жандуу эмеспи, аны музыкант, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ортончу баласын кардиолог кылам дечү. Азыр уулу жаңыдан депрессиядан чыгып, конкурстарга катышып, комуз черте баштады. Балдарынын жакшылыгын көрбөй кеткени гана биз үчүн арман болуп калды", – деп кейиди сиңдиси Айсулуу Ракымбаева.

Сүрөттүн булагы, Рахиманын жакындарынын жеке архивинен
Үч баланын энеси, 34 жаштагы Рахима Айкынбаева 2024-жылы 4-апрелде күйөөсүнүн колунан көз жумган. Жети жыл бирге жашаган жолдошу мурда да ага зомбулук көрсөтүп келгени, каргаша болгон күнү үч жашар кызынын көзүнчө Рахимага 27 жолу бычак сайганы аныкталган. Ал 15 жылга жалпы режимдеги колонияга эркинен ажыратылган. Келиндин жакындары кылмышкерди өмүр бою кесүүнү өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылган.
"Балалуу болсом деп, дарыланып жүргөндө өтүп кетти"
Апасы аздектеп баккан Айтурган Ош шаарындагы Ломоносов мектебин эң жашкы баа менен аяктап, ЖРТдан жогорку балл алып, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин дарылоо бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүргөн. Кийин эндокринолог-гинеколог адистиги боюнча ординатурада окуган. Айтургандын апасы Гүлшайыр Сейитова кызынын ой-чабыты кенен, максаттары бийик болгонун, өлгөнүнө ишенгиси келбей турганын айтат:
"Айтурган ак көңүл, тырышчаак, уюштургуч, эч кимге жамандыгы жок кыз эле. Гинекологиялык жеке клиника ачам деп кыялданчу. Түркияга барып, ультра-үндүү диагностика боюнча окуп келишим керек деп жүрдү эле. Күйөөгө тийгенден кийин иштетишкен жок. Тамакты жакшы жасачу. Камырды үбөлүк менен жайбай, колу менен жукартып туруп, оромо жасап койчу. Чет мамлекеттерди кыдырам, сизди да алып барам, Ошто эмес, Бишкекте жашайм деп көп айтчу. Күйөөгө тийгенден кийин балалуу болсом деп дарыланып жүргөндө өтүп кетпедиби. Базарга барсак, жүзүмдүн эң жакшысын тандап алабыз го, кудай да адамдын эң мыктысын тандап алып кетет окшойт деп калдым. Ошто эмес, өзү каалагандай Бишкектен окутсам, аман калат беле деп арман кылып жүрөм".

Сүрөттүн булагы, Айтургандын жакындарынын жеке архивинен
Айтурган Маматкулова2024-жылы 7-июлда, турмушка чыкканына туура бир жыл толгон күнү Бишкектеги №4 ооруканада эсине келбей, каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салып, дары ичип алганын айткан. Кыздын жакындары Айтурган күйөөсүнүн ур-токтомунан каза болгонун, мурда запкы жеп жүргөнүн билдиришкен.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту анын күйөөсүн "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча айыптуу деп таап, 5 жылга абакка кесип, бирок үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.
"Ушул кызымдан санаам тынч деп жүрчү элем"
2024-жыл күлгүндөй кыз-келиндердин өмүрүн катар-катары менен алган, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту ашкерелеген өтө оор жыл катары эсте калды.
Айтургандын трагедиялуу өлүмүнөн аз өтпөй, 2024-жылы 27-ноябрда Айгерим Нурланбекова күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Ал болгону 27 жашта эле. Тергөө учурунда жолдошу, 35 жаштагы Рашид Акматов кылмышка кызганычтан улам барганын айткан. Ал Айгерим уктап жатканда эки баласынын көзүнчө 22 жолу бычак шилтеген.
Би-Би-Си Айгеримдин апасы Толгонай Алыкулова менен байланышканда, ал ооруканада экенин, кызынын караанын сагынып, оорукчан болуп калганын айтып, ыйлап жатты:
"Айгеримди 19 жашында күйөөсү ала качып кеткен. Жакшы көрбөсө керек, бирок даттанчу эмес. Көрсө кызымды уу тили менен эле чүнчүтүп жүрүптүр. Тогуз жыл жашашты, кайната-кайненеси менен бирге турчу. Улуу баласы сегизде, кичүү кызы быйыл 1-класска кирди. Кызым окуйт деп аябай толкунданып жүрдү эле. Мектепке киргенин көрбөй кетти. Зер буюмдарын катып койдум, кызы чоңойгондо берем.
Айгерим автоборборлордун биринде оператор болуп иштечү. Жумушу жакчу, дагы көтөрүлөм деп сүйүнүп калчу. Өзүнчө үй алсак, унаа алсак деп маянасын топтоп жүрүптүр. Жоктон бар кылган, жүргөн жеринде жагымдуу маанай тартуулаган, мүнөзү ачык, шайыр эле. Ушул кызымдан санаам тынч деп жүрчүмүн. Жакында түшүмө кирди. Такыр унчукпайт, бетинен кысып-кысып, өпкүлөп алдым. Карааны көз алдымда, алыстан эле карап тургансыйт".

Сүрөттүн булагы, Айгеримдин жакындарынын жеке архивинен
Айгеримдин агасы Азиз Абдылдаев Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2025-жылы 17-февралда Рашид Акматовду 15 жылга эркинен ажыратканын кабарлады. Келиндин жакындары кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратууну сурашкан.
"Жаңы алган үйүндө жашаганга үлгүрбөй калды"
Айзиректи төркүнү да, кайын журту да түйшүкчүл, көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу жан катары билишет. Сиңдиси Айжамал Эралиеванын айтымында, күйөөсү сатып келген асыл тукум аттарды багып, беш баласына кам көрүп жүрүп өтүп кетти.
"Алар Кара-Кулжада, биз Куршабда жашап, ортодогу жол алыс эле. Ошондуктан Оштон үй алып, силерге тез-тез каттап турсам деп кыялданып жүргөн. Негизи жаңы курулуп жаткан турак жайлардан батир алышкан, бирок жашаганга үлгүрбөй калбадыбы. Улам төрөп, балдары менен эле алек болуп жүрдү. Аларды өз эркине койчу, кайсы бир кесипти таңуулоочу эмес. Балам IT тармагында жакшы окуп жатат деп сүйүнүп калчу.
Үйүндө ат багышчу, аларга жем берем, суу берем деп, тиричилигин гана кеп кылып, шашып жүрүп өтүп кетти. Көп сүйлөбөгөн, эч кимди ушактабаган адам эле. Өзү жөнүндө да, күйөөсү жөнүндө да үн катчу эмес".

Сүрөттүн булагы, Айзиректинжакындарынын жеке архивинен
38 жаштагы Айзирек Эралиева быйыл, 2025-жылы классташтардын 20 жылдык бүтүрүү аземине барып, эртеси, 26-майда күйөөсү тарабынан мыкаакчылык менен өлтүрүлгөн. Ал Айзиректи атып таштаган.
Июлдун этегинде Ош облусунун Өзгөн райондук соту маркумдун күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан. Келиндин жакындары аны өмүр бою кесүүнү өтүнүп, облустук сотко кайрылышкан. Айзиректин артында беш баласы калды, кенже кызы беш жашта.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку жылдары мындан башка дагы ондогон кыз-келин фемициддин курмандыгы болду.
- 2021-жылы 4-июнда Таласта 19 жаштагы жигит 18 жаштагы Нурайым Талипованы атып өлтүрүп, андан соң өзү асынып алган. Нурайым мектепти жаңы бүтүп, Бишкекке окууга тапшырууга камданып жаткан.
- 2022-жылы 4-сентябрда Кадамжайдагы тоннелдин ичинен 14 жаштагы Айдай Кочкорованын сөөгү табылган. Тергөө ал мыкаачылык менен зордукталып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмышка шектүү катары төрт адам, анын ичинде бир окуучу кармалган. Кийинчерээк экөөнүн сөөгү тергөө абагында асынган абалда табылган.
- 2022-жылы 9-ноябрда Каракол шаарындагы оюн-зоок борборлорунун биринде 30 жаштагы Жайнагүл Замирбек кызын күйөөсү бычактап өлтүргөн. Ошол маалда жубайлар эки башка жашап жүргөнү, сүйлөшүү үчүн жолугушканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын кызынын көзүнчө бычактап, андан соң өзүн да өлтүрүүгө аракет кылганы айтылган. 2023-жылы 20-февралда Каракол шаардык соту кылмышка шектүүнү 15 жылга эркинен ажыраткан. Келиндин артында үч баласы калды.
- 2023-жылы 16-февралда Бишкекте 51 жаштагы Алтынай Канзаманова, анын 17 жаштагы кызы жана 7 жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү катары баласынын атасы, 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Октябрь райондук соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан.
- 2024-жылы 30-октябрда Бишкекте 17 жаштагы Дарья Попованы мурдагы өгөй атасы уурдап кетип, андан соң өлтүрүп таштаган. Кыздын апасы Маргарита мурдагы күйөөсү Евгений Бертрам андан өч алуу үчүн ушундай кадамга барган деп эсептейт. 2025-жылы 28-июлда Биринчи май райондук соту Бертрамды өмүр бою эркинен ажыраткан.
Ар биринин аруу тилек, асыл максаттары ишке ашпай калды…
"Милиция кызматкери болом дечү"
Укук коргоочулар аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканына коңгуроо кагып, сот, укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууну, көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып жаткан маалда дагы бир кайгылуу кабар Ысык-Көлдөн келди.
11-класстын окуучусу Айсулуу Мукашева быйыл 27-сентябрда Барскоондон Караколго курбусуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ата-энеси издөө салып, сонку мүнөттөргө чейин анын аман табыларына үмүт артышкан. Мектепте да, үйдө да лидер, шайыр-шат Айсулуу зомбулуктун жеми болуп калганы жакындарынын сай-сөөгүн сыздатты:
"Кызым тың эле. Эч кимге жемин жедирчү эмес. Ата, милиция кызматкери болом дечү. ИИМдин академиясына тапшырууну пландап жаткан. Бешенесине жазылган тагдыры ушул экен", – деген Айсулуунун атасы Ажыбек Ибраев.

Сүрөттүн булагы, Айсулуунун жакындарынын жеке архивинен
30-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 17 жаштагы кыздын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан тапканын кабарлаган.
Милиция шектүү катары тоноо, адам өлтүрүүгө аракет жасоо, киши өлтүрүү, адам уурдоо, каракчылык айыбы боюнча мурда соттолгон 41 жаштагы А.К. аттуу жаранды кармаган. Алдын ала сурак учурунда ал кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.
Бул арада укук коргоо органдары мамлекеттик ЭЛТР каналына кеңири маалымат берип, Айсулуунун өлтүрдү делген жаран жалпысынан жети кылмыш иши боюнча шектелип жатканын кабарлашты.
Маалыматка караганда, төрт кыз зордукталып өлтүрүлгөн, эки кыз аман калган, дагы бир кыздын жагдайы азырынча белгисиз.
Кеп болгон курмандыктардын арасында 2014-жылы 10-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, алты күндөн кийин Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылында сөөгү табылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева да бар.

Сүрөттүн булагы, social media
Убагында бул иштин алкагында 400гө чукул киши суракка алынган. Бирок кылмышкер аныкталган эмес. Камиланын апасы Арзыкан Мамбетова 11 жылдан бери кызынын күйүтүн тартып келатканын, кээде сабактан келип калчудай сезилерин айтат.
"Шайыр, акыл-эси тетик болчу. Үч жашында эле тили чыккан. "Атасы "бөпөлөйүм" деп эрекелетип чоңойткон кенже кызыбыз эле. Ашканага жакын эле, таттуу токоч, самсаларды жасачу. Убагында кызыма жасап бербей калдым деп, азыр куран окутканда кызым сүйгөн тамактарды, таттууларды жасап, дасторконго коем. Түш мезгилинде сабактан келип калчу. Ашканага кирип, тамак жасап, шатыра-шатман болуп жүргөн күндөр көз алдымда. "Банк кызматкери болом, ата-апа, силерди эч нерседен кем кылбайм, күйөөгө тийсем да, силерге жакын жерден батир алып жашайм" дечү эле. Өзөгүбүздү өрттөп кетти го, айла жок экен", – дейт Камиланын апасы Арзыкан Мамбетова.
Кыз-келиндердин коопсуздугу канткенде сакталат?
Жүрөктү эңшерилткен соңку окуялардын фонунда Садыр Жапаров жаш балдарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартууну сунуштады. 13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин негиздемесинде Башкы прокуратуранын "Адам өлтүрүү" жана "Зордуктоо" беренелери боюнча сонку беш жылдагы статистикасы мисал келтирилип, коомду да, мамлекетти да тынчсыздандырып жаткан учурлар көбөйгөнү белгиленген.

Президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде жаза күчөсө, аялдар жана балдар кабылган оор кылмыштар токтойт деген "үмүт чоң" экенин, себеби кылмыш жасагандар түрмөнү тоготпой калганын айткан.
"Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Мисалы, тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилдесе, сот процесстери баштан аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлүп турса, күнөөсүз эле адамды өлүм жазасына тартыш кыйын да. Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот", - деп билдирген Жапаров.
Ошол эле маалда укук коргоочулар зомбулуктун алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар болбосо, өлүм жазасы оор кылмыштардын азайышына ылаажы болбой турганын эскертишүүдө. Алар сот адилеттинин камсыздап, зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин белгилеп жатышат.
"Зордук-зомбулукка кабылган адамдар азыркы сот системасында адилетсиздикке туш болушууда. Себеби судьялар кылмышты туура баалап, мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй адилеттүү жаза бербей жатышат. Ошол себептен коомчулук бийликтен өлүм жазасын талап кылууда. Бирок бул ыкма зомбулукту тыйбайт. Тескерисинче, тынчсызданууларды күчөтөт.
Менимче, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киризип, зордук-зомбулук үчүн соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулбайт, ал эми кылмышка шектүүлөрдүн тергөө абагында өткөргөн бир күнү эки күнгө барабар болбойт деген нормаларды киргизүү керек. Мындан тышкары Жогорку сот өмүр бою жаза берилген учурларды иликтеп, анализдеп чыгыш керек. Жогорку Сот ушул убакытка чейин адам өлтүрүү, балдарды, аялдарды зордуктоо иштери боюнча пленум түзгөн жок. Пленум сотторго ушундай иштерди кароонун эрежелерин түшүндүрүп, практикалык сунуштарын айтмак. Ушул үч сунуш эске алынса, жарым жылда кырдаал кыйла жакшы жагына өзгөрмөк", – дейт зордук-зомбулукка туш болгон кыз-келиндердин, алардын жакындарынын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева болсо балдарды, кыз-келиндерди өлүмгө жеткирбей, эң биринчи зомбулуктан коргоп калуунун маанилүү экенин дагы белгилейт:
"Милицияда коопсуздукту камсыздоо багытында "жардам кнопкалары" бар. Бирок бул система иштеген жок. Бул эмне болгон функция? Атайын тиркеме ар бир телефонго орнотулушу керек. Эгер балдар-кыздар кыйын абалга туш болсо, ошол маалда тиркемени басып, жардам сурашса, милиция окуя болгон жерге дароо келип, реакция жасашы керек. Биз ушундай санариптик механизмдерди күчтөндүрсөк, кайгылуу окуялардын алдын алууга биртоп өбөлгө түзүлөт эле".

Сүрөттүн булагы, screenshot
Бул арада эл аралык коомчулук, анын ичинде Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки комитети (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders уюмдары расмий Бишкектин өлүм жазасын киргизүү демилгесин сынга алышууда. Бул уюмдардын биргелешкен кайрылуусунда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү маанилүү экени, бирок дүйнөлүк тажырыйбада өлүм жазасы эффективдүү натыйжа бербегени айтылат. Укук коргоо уюмдары өлүм жазасын калыбына келтирүү коррупция жана мыйзам үстөмдүгү төмөн укуктук системада опурталдуу тобокелчиликтерди жаратарын белгилешип, анын ордунда аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү, системалуу реформаларды жүргүзүүгө үндөйт:
"Алардын ичинде: өлкө боюнча жеткиликтүү болгон кризистик борборлорду, "ишеним телефонун" жана баш калкалоочу жайларды камтыган натыйжалуу алдын алуу системасын түзүүгө; ыкчам кызматтардын өкүлдөрүн – милицияны, дарыгерлерди жана социалдык кызматкерлерди гендердик зомбулук учурларына тез жана сезимтал мамиле кылууга окутууга; укук коргоо органдарынын ыкшоо аракети үчүн жоопкерчилик киригизип, бардык кылмыштарды өз учурунда жана натыйжалуу тергөөнү камсыз кылууга; кылмышкерлерди кылмыштын оордугуна жараша жоопко тартууга жана адилет жаза колдонууга чакырабыз".
Эл аралык уюмдар аялдар менен кыздарды коргоо үчүн жетиштүү ресурстар менен камсыздалган туруктуу саясий эрк талап кылынары, бул маселе саясий кызыкчылыкка шай келген учурда гана эмес, дайыма маанилүү болушу керектигин да белгилешкен.
WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.












