"Качып кетүүгө үлгүрдүм": Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Синин фрилансер кабарчысы
Орусияда 13-октябрдан бери "Нелегал – 2025" операциясынын экинчи этабы жүрүп жатат. Кремль жыл сайын өтүп келген бул рейддер мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталганын билдирүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды зарыл документтерин жанында алып жүрүүгө жана сак болууга чакырууда.
Бир нече күндөн бери Орусиядагы кыргызстандык мигранттар чет элдиктер көп иштеген жана жашаган аймактарда полиция жапырт текшерүүлөрдү жүргүзө баштаганын билдиришүүдө. "Нелегал–2025" операциясы 13-октябрда башталган жана бир аптага созулат. Орусиянын күч түзүм кызматкерлери негизинен каттоосу, эмгек келишими жок чет элдиктерди кармап кетип жатканы айтылууда.
"Тешиктен качсаң, эшиктен кирип жатышат"
"Тешиктен качсаң, эшиктен кирип жатышат. Мен өзүм курулушта иштейм. Үч жарымда кароолчу чалып, жок болгула, мен буларды он мүнөт кармап турам деди. Жумуштагы кийимдин үстүнө куртканы кийдик. Арткы эшикти бири ачты, биз шап-шап чыгып кеттик. Бетим боек, көчөгө чыгып, жамгырдын суусуна жуудум. Мен жалгыз бой энемин. Эгер мени алып кетип калганда балам кайда калат эле?! Ошону ойлоп эле кыжаалат болдум. Кандай чыгып кеткенимди билбей калдым", – деди атын атагысы келбеген кыргызстандык мигрант.
Орусияда иштеп жүргөн башка бир келин рейддер мурда деле болуп келгенин, бирок коомдук транспортторду токтотуп, документ текшерген учурду биринчи жолу кездештиргенин айтып берди:
"Биз подмосковьеде жашаган үчүн маршруттук такси менен келебиз. Кайгуул кызмат токтоттубу, ким токтотту, билбейм, токтотуп, кимде Орусия Федерациясынын жарандыгы жок болсо, документтериңерди алып чыккыла, текшеребиз дешти. Анан баарын текшерип чыгышты. "Аминасы" барлардын "Аминасын" текшеришти, каттоону көрсөткүлө деп жатышты. Менде убактылуу жашап турууга уруксат берген документ бар болчу. Эч нерсе деген жок. Виза менен киргендер бар экен, визаларын текшеришти. Баарынын документи жайында окшойт, кое беришти".
Ал ортодо Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги рейд жүрүп жаткан маалда чет элдиктер документтерин жанында ала жүрүшү зарыл экенин эске салууда. Москвадагы кыргыз диаспорасы мигранттарды сак болууга, полиция кармап кеткен учурда элчиликтин ыкчам номурларына байланышууга чакырууда.

"Той-топурду азайтып, иш-чараларга барбай тургула"
"Балам менен байланыша албай жатам", "карындашым чыгып кетти эле, дайынсыз жок" дешип, диаспорага көптөгөн жаран кайрылып жатышат. Көзөмөлдөгү адамдардын реестрине түшүп калган адамдар болсо, көбүрөөк баспай, той-топурду азайтып, иш-чараларга барбай, үйдөн жумушка түз барып, эмгектенип турушуңуздарды суранып кетебиз", – дейт Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Осмонбеков.
Мындан мурдараак Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин берилген убакытка чейин көзөмөл реестринен чыга албай калган 770 миң чет элдик өлкөдөн өз эрки менен кетиши керек экенин, болбосо алар депортацияланарын эскерткен. Володиндин айтымында, алардын ичинен үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар. Ал мигранттарга укуктук макамын жөнгө салуу үчүн берилген мөөнөт бир ай мурун эле аяктаганын эске салган:

Сүрөттүн булагы, РБК
"Орусияда жүрүү макамын мыйзамдаштырбаган бардык адамдар биздин өлкөдөн чыгууга милдеттүү. Алар чыгып кетер датасын, жайын жана маршрутун кабарлашы керек. Болбосо мындай мигрантка айып салынып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылат. Андан кийин ага кеминде беш жыл бою Орусияга кирүүгө тыюу салынат".
Мамдуманын төрагасы тараткан маалыматка караганда, 2025-жылдын 8 айында миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңге жакын чет элдик Орусиядан чыгарылган.
75 миңдей кыргызстандык мигрант көзөмөл реестринен чыга элек
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин соңку маалыматы боюнча, 8 айдын ичинде көзөмөлдөгү адамдардын тизмесинен жалпысынан 170 миңдей кыргызстандык чыккан. Анын ичинен 40 миңдей жаран Орусиянын аймагынан чыкпай туруп укуктук макамын мыйзамдаштырып алган. Дагы 130 миңдей жаран бул өлкөнүн аймагынан чыгып кеткени үчүн тизмеден чыгарылган. Ушул тапта дагы 75 миңдей кыргызстандык көзөмөл реестринде.
2024-жылы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" адам өмүрүн алган куралдуу чабуулду тажик тектүү жарандар жасаганы аныкталып, бир нече шектүү кармалган. Мындан соң мигранттарга каршы маанай күчөп, эрежелер катаалдашкан.
Маселен, быйылкы жылдын 1-январынан тарта атайын уруксат кагазы жок жарандар Орусия аймагында мурдагыдай 180 эмес, 90 күн гана жүрө алышат.
Ушул эле жылдын 5-февралынан тарта жаңы укуктук режим киргизилген. Ага ылайык, медкароодон өтпөгөн, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган, каттоого турбаган, эмгек келишимин түзбөгөн жарандар көзөмөлдөнгөн жарандардын тизмесине киргизиле баштады.
1-апрелден тарта "Билим берүү жөнүндө" федералдык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чет элдик окуучулар орус тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди. Жаңы окуу жылынын башында Орусиянын билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызматы мигранттардын балдарынын 87 пайызы мамлекеттик мектептерге кабыл алынбай калганын кабарлаган.
Ошол эле маалда орус өкмөтү 1-сентябрдан тарта өлкөгө визасыз режим менен кирген бардык эмгек мигранттарын "Амина" аттуу тиркемени жүктөп алып, ал аркылуу каттоодон өтүүгө милдеттендирди. Геолокация аркылуу Орусия ИИМи чет элдиктерди көзөмөлдөп турат.
Бул арада Мамдумада эмгек мигранттарына үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралып жатат.







