Криптодүйнөдөгү Борбор Азиянын дүбүртү: Кайсы өлкө хаб боло алат?

Садыр Жапаров жана Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров жана Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао

Соңку жылдары дүйнөдө криптовалюта рыногу катуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Глобалдык деңгээлде санарип валюталар базары бир нече эсе өсүп, триллиондогон доллар менен өлчөнүп жатат. Борбор Азия да бул процесстен четте калган жок. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн блокчейн технологияларына, майнингге жана криптоинвестицияларга кызыгуусу артууда. Региондун айрым мамлекеттери керек болсо Евразия чөлкөмүндө "криптохабга" айланабыз деген дымагын билдирип келет. Бул канчалык реалдуу?

Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү

Кыргызстанда виртуалдык активдерди жөнгө салууга багытталган мыйзам 2022-жылы кабыл алган.

Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын маалыматына караганда, бул документ криптоиндустриянын өнүгүүсүн ыкчам жолго коюп, 2024-жылга чейин либералдуу шарттарды түзгөн.

Биримдиктин жетекчиси Темир Казыбайдын айтымында, учурда Борбор Азия боюнча криптовалюта тармагында эң активдүү акча айланган рынок - Кыргызстан. Казакстан менен Өзбекстандын көрсөткүчтөрү бир нече эсе төмөн.

"Кыргыз бийлиги убагында бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган аракетти жакшы баштаган. Анын натыйжасында 2024-жылы бул сектордо акча айлануу 587,3 миллиард сомду түздү. Мамлекетке 125 миллион сом салык төлөндү. 2022-жылы болсо анын айлануусу болгону 5,2 миллиард сомдун тегерегинде эле",- деди ал.

Анын айтымында, бул тармакта 2025-жылдын алты-жети айында эле 1 миллиард сом салык жана ар кыл төлөмдөр жыйналган. Ошол эле мезгилде өлкөдөгү криптовалюталарды алмашуучу жайларда жана криптобиржаларда акча айлануу 1 триллион сомго жеткен. Ушул эле маалыматты, быйыл сентябрь айында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин жыйынында жарыялап, "бул тармак жыл сайын өнүгүп жатканын" белгилеген.

Азыркы тапта Кыргызстанда 169 компания лицензия алып иш жүргүзүүдө. Алардын 13ү криптобиржалар, 11и майнинг компаниялары, калгандары виртуалдык активдерди алмаштыруучу кеңселер.

Темир Казыбай белгилегендей, либералдуу режимди колдонуу менен бул рынокту мындан ары да өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар.

"Биринчиден, мындай рынокто чек ара маанилүү эмес, ыңгайлуу шарт маанилүү. Канчалык ыңгайлуу шарттар көбөйсө, ошончо башка мамлекеттерден өнөктөштөр биз менен иштешет. Экинчиден, коопсуздук маселеси. Бул рынокто дүйнө жүзү боюнча көмүскө акча жүгүртүү, кылмыштуу мүлктөрдү адалдоо сыяктуу тобокелдиктер көп. Ошондуктан биз канчалык деңгээлде ачык-айкындуулукту камсыздай алабыз, ушул негизги суроо. "Комплаенс" деген түшүнүк бар. Ар бир транзакция текшерилип турушу керек. Ким акча которуп жатат жана канча көлөмдө? Ал каражат мыйзамдуубу? Ушулардын баары көзөмөлгө алынат. Бул жалпы салттуу банк системасынын ачык-айкындуулугу жана тазалыгы үчүн да чоң роль ойнойт. Эгерде банктар ар кандай санкцияларга кабылып калса же шектүү операцияларга аралашса, ал жалпы крпитовалюта рыногуна да терс таасирин тийгизет",- деп түшүндүрдү Казыбай.

Bitcoin азырынча рынокто эң таасирдүү валюта бойдон калууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Bitcoin азырынча рынокто эң таасирдүү валюта бойдон калууда

Эмне иш аткарылды?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргыз бийлиги 2025-жылдын 3-майында "Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча" улуттук кеңеш түздү. Ал мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, мыйзамдык ченемдерди өнүктүрүү жана чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Кеңештин алгачкы жыйыны 4-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылды. Ал Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеп, блокчейн жана санариптик активдер жаңы каржылык системага айланып жатканын айтты.

Кеңештин курамына дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана компаниянын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кирди. Чанпэн Чжао өлкөнүн улуттук крипторезервин түзүүдө Bitcoin (BTC) жана Binance Coin'ди (BNB) базалык актив катарына киргизүүнү сунуштады.

Быйыл сентябрда Жогорку Кеңеш "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттик крипторезерв түзүүгө жана мамлекет өзүнүн ресурстарын колдонуп майнинг жүргүзүүгө уруксат берди. Мыйзамда токенизация жана стейблкоин механизмдери да камтылган.

Октябрдын башында болсо президент Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушуу учурунда сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруу жана мамлекеттик электрондук валюта катары санарип сомду ишке киргизүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын айткан.

"Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган", - деп билдирген президенттин басма сөз кызматы.

Буга чейин кыргыз өкмөтү алтын менен камсыздалган жана долларга байланган USDKG аттуу стейблкоин чыгаруунун үстүндө иштеп жатканы да кабарланган.

Шарт оорлодубу же талап күчөдүбү?

Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын жетекчиси Темир Казыбай

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын жетекчиси Темир Казыбай

Ал ортодо 2025-жылдын 30-сентябрында Министрлер Кабинети токтом кабыл алып, виртуалдык активдер тармагындагы ишмердикке талаптарды күчөттү. Расмийлер аны рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, санкциялык жана репутациялык тобокелдиктерди азайтуу аракети деп түшүндүрдү.

Бирок Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы билдиргендей, токтомдо жалпы рыноктун ишин оорлоштурган жана эркиндигин чектеген жоболор камтылган.

"Быйылкы жылдан баштап талаптар катаалдаштырылып жатат. Мисалы, мурда криптобиржалар үчүн уставдык капитал 100 млн. сом болчу, эми аны 10 млрд. сомго көтөрүп койду. Бул башка оюнчулардын рынокко кирүүсүнө тоскоол болуп жатат. Кесепетинен кээ бир биржалар жабылып калышы мүмкүн. Анткени мындай сумма дүйнөдө дээрлик жок. Эң кымбат шарт Кыргызстанда болуп калды. Башка өлкөлөрдө талаптар бизге караганда 100 эсе төмөн. Көп биржалар мындай сумманы көтөрө албайт жана жабылат. Муну көрүп, Казакстан активдешип жатат. Ал эми жабылган биржалар ишин башка мамлекетке көчүрүп кетет",- деди ассоциация төрагасы.

Казакстандын мүмкүнчүлүгү

Казакстандагы "Compliance Hub" ассоциациясынын вице-президенти Айдар Бекназаров

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандагы "Compliance Hub" ассоциациясынын вице-президенти Айдар Бекназаров

Казакстан майнинг тармагында дүйнөдө маанилүү орунду ээлейт. Cambridge Centre for Alternative Finance (CCAF) изилдөө борборунун маалыматына караганда, 2021-2022-жылдары өлкө Bitcoin майнинги боюнча АКШ менен Кытайдан кийинки эле үчүнчү орунга чыккан.

Ошол мезгилде Казакстандын үлүшү дүйнөлүк хэшрейттин (блокчейиндеги эсептөө кубаттуулугун көрсөткөн ченем) болжолдуу 13 пайызын түзгөн.

Учурда мамлекет чөлкөмдө санарип хабга айланууну максат кылууда. Президент Касым-Жомарт Токаев сентябрдын башында жасаган кайрылуусунда Казакстанды үч жылда толук санариптик өлкөгө айлантуу ниетин билдирген эле.

"Мурда мунай жана кен байлыктары менен белгилүү болгон Казакстан эми Борбор Азиянын санарип хабына айланууну көздөп жатат. Биз жасалма интеллектти жана ага негизделген башкарууну, криптоактивдерди колдонуп келечекке жаңы кадамдарды таштап жатабыз",- деген ал.

Казакстандагы AnchorX.KZ Limited комплаенс компаниясынын башчысы жана "Compliance Hub" ассоциациясынын вице-президенти Айдар Бекназаров 2025-жылдын 29-сентябрында Казакстан санарип дүйнөсүндө чоң кадам жасаганын айтты.

Өлкө Alem Crypto фондун түзүп, ал мамлекеттин расмий криптовалюталык резерви катары иштей баштаганын билдирди.

Казакстан криптовалюталарды жөн гана пайда табуу үчүн колдонулуучу инструмент катары эмес, экономиканын туруктуулугун бекемдеген жаңы финансылык актив катары карап жатканын кошумчалады.

Айтымында, санариптик активдерди жөнгө салуу Казакстанда 2020-жылы башталган.

Бирок ал убакта өлкөнүн банктары мындай активдер менен иштөөгө тыюу салган, ал тургай крипто-провайдерлер жөнөкөй эсеп ачууда да кыйынчылыкка туш болгон.

"Бирок учурда абал таптакыр өзгөрдү. "Астана" эл аралык каржы борбору (МФЦА) жүргүзгөн "пилоттук режим" ийгиликтүү аяктагандан кийин көптөгөн банктар тескерисинче, бул тармакка кызыга баштады. Учурда банкирлер транзакциялардын ылдамдыгын, арзан жана сапаттуу аткарылышын көрүп, санариптик активдер менен иштөөгө кызыгып жатышат",- деди ал Би-Би-Сиге.

Бекназаровдун баамында, Казакстандын криптовалюта тармагында Евразиялык борборго айлануу мүмкүнчүлүгү чоң.

"Эгер реалдуу баалай турган болсок мыйзамдарды шайкеш келтирүү, стандарттарды жана талаптарды оптимизациялоо сыяктуу көп иштерди жасоо керек. Бирок бул максатка жетүү үчүн бир катар артыкчылыктар бар экенин айта кетейин. Алар, "Астана" эл аралык каржы борборунун өз алдынча юрисдикциясы, борбордун финансы тармагын жөнгө салган комитет (AFSA) тарабынан берилген лицензиялардын санынын өсүшү, финансы технологияларын колдонуунун кеңейиши максатка жетүүнүн артыкчылыктуу багыттары",- деди ал.

Ошондой эле 2023-жылы бул сектордо акча айлануу 324 миллион долларга жетсе, 2024-жылы 1,4 миллиард долларга чейин өскөнүн айтып берди. Санариптик активдер менен иш жүргүзүү үчүн лицензия алган 20 чакты компания бар экенин кошумчалады.

Өзбекстандын мүмкүнчүлүгү

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрация

Бекназаров белгилегендей, Өзбекстанда криптовалюталык рынок катуу лицензиялоо менен жөнгө салынат.

Бул өлкөдө крипто кызмат көрсөтүү үчүн негизги мүмкүнчүлүк жергиликтүү компанияларга берилет.

KPMG аудит жана консалтинг боюнча эл аралык компаниясынын Борбор Азиядагы жана Кавказдагы санариптик активдер боюнча 2024-жылы жарыялаган отчетунда Өзбекстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында криптовалютаны жөнгө салууда биринчи орунда, дүйнөлүк рейтингде 33-орунда экени айтылган.

2023-жылы Өзбекстанда 512 322 адам криптовалютаны колдонуп, бул жалпы калктын 1,46 пайызын түзгөнү көрсөтүлгөн.

Документте лицензияланган крипто кызмат көрсөтүүчү 15 компания бар экени жана алардын жылдык акча жүгүртүүсү 1 миллиард доллардан ашканы айтылган.

"PraeLegal Uzbekistan" компаниясынын өкүлү Шерзод Абдулкасымов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "PraeLegal Uzbekistan" компаниясынын өкүлү Шерзод Абдулкасымов

"Биз глобалдык институционалдык крипто оюнчулардын Өзбекстан базарына кызыгуусу өсүп жатканын байкап жатабыз. Бул бизнес үчүн коопсуз болгон так жана түшүнүктүү мыйзамдык базанын түзүлүшү менен байланыштуу. Жергиликтүү салттуу банк жана финансы секторлору криптовалютаны кабыл алды. Лицензия алып иштеп жаткан компаниялар банк системасынын бардык кызматын колдоно алат. Алар санарип активдерге байланыштуу акча которууларды кадимкидей эле жүргүзө алат",- деген KPMGге берген маегинде PraeLegal Uzbekistan компаниясынын өкүлү Шерзод Абдулкасымов.

Бир кадам алдыга, эки кадам артка

Бул тармакты жакшы билген адис Даниил Вартанов Борбор Азия өлкөлөрү криптохаб болуу дымагын ишке ашыруу үчүн биринчи блокчейн-технология ишкерлигинин борборуна айланышы керек дейт.

"Казакстан чиновниктеринин криптохаб түзүү тууралуу билдирүүлөрү көбүнчө жөнөкөй криптовалюталарды алмаштыруу рыногун гана көздөйт деп корком",- деди Вартанов.

Айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө криптовалюта үчүн ачык жана коопсуз система түзүүгө негизги шарттар бар. Региондо виртуалдык активдерди колдонууга суроо-талап чоң. Бирок ага эң чоң тоскоолдук бул мамлекет өзү. Мыйзамдардын жана алардын аткарылышынын начарлыгы. Вартанов Кыргызстан мыйзамдарын мисалга тартты.

Даниил Вартанов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Даниил Вартанов

"Бир карасаң тармакты толук легалдаштырууну көздөгөн туура мыйзам кабыл алгандай эле көрүнөт. Бирок бир кадам алдыга, эки кадам артка жылгандай эле болуп калды. Мыйзамда жалгыз легалдуу төлөм каражаты катары кыргыз сому көрсөтүлгөн. Бул криптовалюта аркылуу жүргүзүлгөн кандай гана операция болбосун мыйзамсыз болуп калат дегенди билдирет. Башкача айтканда, криптовалютанын курсундагы өзгөрүүлөрдөн пайда табууга тыюу салынган. Бул абалды мен мобилдик телефонго салыштырат элем. Жакшы бир телефон сатып алдың, бирок жалгыз SMS функциясын гана колдоносуң. Бул бир кадам алдыга, эки кадам артка кеткенди билдирет",- деди Вартанов.

Вартновдун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү криптовалюталарды, блокчейн технологиясын экономикалык өсүштүн жана технологиялык көз карандысыздыктын куралы катары колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Децентрализацияланган, башкача айтканда борборлоштурулбаган системалар жакыр же өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн пайдасына иштейт. Маселен, өнүккөн өлкөлөр каржылык институттардын жана банктардын мүмкүн болгон бардык кызматтарын пайдаланат. Бизде калктын басымдуу бөлүгүнүн банк эсеби жок. Болсо дагы эң жөнөкөй гана кызматтарды колдонушат. Криптовалюта жана блокчейн системалары ушундай теңсиздикти жокко чыгара алат. Бул маалыматка жетүү үчүн интернет дүйнө жүзүндөгү бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк жараткандай эле шарт",- деди ал.

Финансылык океанга жол ачуу

Кыргызстандагы Виртуалдык активдер биримдигинин эксперттик кеңешинин төрагасы Асылбек Айтматов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы Виртуалдык активдер биримдигинин эксперттик кеңешинин төрагасы Асылбек Айтматов

Кыргызстандагы Виртуалдык активдер биримдигинин эксперттик кеңешинин төрагасы Асылбек Айтматовдун айтымында, санарип активдерди туура өнүктүрүү өлкөгө жаңы экономикалык багыт ачып бере алат. Анын баамында, бул мүмкүнчүлүк бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да маанилүү.

"Мыйзамды туура кабыл алып, технологияны туура колдонуп, компанияларга мүмкүнчүлүк берсек, дүйнө жүзүндө айланып жүргөн акчанын бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт. Ал үчүн тиешелүү мыйзамдык база, лицензияланган компаниялар жана бул тармакты мыкты өздөштүргөн адистер гана керек. Ошондо мамлекетке салык түшөт, элдин кирешеси көбөйөт, инвесторлор агыла баштайт. Бул инвестиция тартуу үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк",- деди Айтматов.

Айтымында, Кыргызстан сыяктуу деңизге же мунай-газ сыяктуу ресурстарга ээ болбогон өлкөлөр үчүн бул багыт "финансылык океанга жол ачкан" альтернатива болуп бере алат.

Адис тармакта мамлекеттин ролу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Биринчи кезекте мамлекет өзү кепил болуп бериши керек деген пикирин айтты.

"Мамлекет бул тармакты коргобосо, канчалык ачык-айкын болгон күндө да кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүн",- деп кошумчалады.

Быйыл июнь айында британиялык Financial Times басылмасы Кыргызстандын аймагында түзүлгөн Grinex криптобиржаcы жана рублга байланган A7A5 токени аркылуу 9 миллиард долларга чейинки каражат айланганын жазып, аны санкцияларга кабылган Орусиянын көмүскө төлөмдөрүнө байланыштырган. Басылма өз иликтөөсүндө Кыргызстандагы бул крипто-активдерге Орусияда жашаган, Батыштын санкциясына кабылган молдовалык олигарх Илан Шордун тиешеси бар экенин белгилеген. Август айында Улуу Британия Grinex криптобиржасына санкция салган.

Дүйнөлүк динамика

CoinMarketCap статистикалык платформасынын 16-октябрга берген маалыматына караганда дүйнөдө санариптик валюталар рыногунун капитализациясы 3,78 трлн. долларга жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдө санариптик валюталар рыногу кеңейип баратат

CoinMarketCap статистикалык платформасынын 16-октябрга берген маалыматына караганда дүйнөдө санариптик валюталар рыногунун капитализациясы 3,78 трлн. долларга жетти.

Эксперттердин баамында, бул дүйнөдө криптовалюта базары канчалык чоң экенин, инвесторлордун кызыгуусу артып жатканын көрсөтүп турат.

CoinMarketCap көрсөткөндөй, Bitcoin азырынча рынокто эң таасирдүү валюта бойдон калууда. Анын рыноктогу үлүшү орточо 55–57 пайызды түзөт.

Андан тышкары алдынкы бештикте Ethereum (ETH), Tether (USDT), BNB, Solana, XRP (Ripple) сыяктуу криптовалюталар турат.

Дүйнөдө АКШ, Жапония, Сингапур, Мальта, Сауд Аравиясы жана Индия сыяктуу мамалекеттер криптоинфраструктураны активдүү өнүктүрүп, инвесторлор үчүн ыңгайлуу чөйрөнү камсыздаган мамлекет катары саналат.