You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытай тарыхындагы эң ири аскердик парад: Негизги конок Путин менен Ким Чен Ын болду
Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында Жапониянын багынып берүүсүнүн жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган чоң аскердик парад өттү. Негизги коноктор Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын болду.
Иш-чара Пекинден түз чагылдырып, парад башталаар алдында Путин, Ким жана Кытай төрагасы Си Цзиньпин бирге трибунага чыкты. Башка өлкө жетекчилери алардын артынан коштой келип турду. Жалпысынан бул иш-чарага 26дан ашуун мамлекет башчысы катышты.
"Адамзат кайрадан тынчтык менен согуштун, диалог менен тирешүүнүн, өз ара пайда менен жыйынтыксыз оюндун ортосунда тандоо алдында турат",- деди Си Цзиньпин сөзүндө.
Айтымында, "кытай улутунун кайрадан жанданышын эч ким токтото албайт" жана дүйнөдөгү бардык мамлекеттер "согуштун түпкү себептерин жоготуп, тарыхый трагедиялардын кайталанышына жол бербеши керек".
"Жалпы коопсуздук дүйнө жүзү боюнча мамлекеттер бири-бири менен тең укуктуу мамиледе болуп, ынтымакта жашап, бири-бирине колдоо көрсөткөндө гана камсыздалат", - деди ал аскердик жүрүш башталаар алдында.
Би-Би-Синин кабарчылары белгилегендей, Кытай аскердик парадда көрсөткөн куралдын жаңы түрлөрүнүн арасында DF-5C континенттер аралык баллистикалык ракетасы, AJX002 суу алдында жүрүүчү дрон жана лазердик курал бар.
Парад башталары менен АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, Орусияны, Кытайды жана Түндүк Кореяны АКШга каршы кутум даярдап жатат деп айыптады.
"Башкы суроо - Си Цзиньпин, Кытайды чет элдик баскынчыдан куткарып, алардын эркиндиги үчүн берген АКШ жардамын жана төгүлгөн канды эскереби же жокпу? Кытайдын жеңиши жана даңкы үчүн көптөгөн америкалыктар өз жанын берген. Алардын кайраты менен курмандыгы татыктуу эскерилип, унутулбайт деп ишенем", — деди ал.
Ошондой эле ал Кытай жетекчисине жана кытай элине "эң мыкты, унутулгус майрамдык күн" каалады.
"Америка Кошмо Штаттарына каршы план түзүп жаткан Владимир Путинге жана Ким Чен Ынга дагы менин эң жылуу каалоомду билдириңиз", - деп кошумчалады Трамп.
Ким Чен Ынга жасалган өзгөчө урмат
Жин Маккензи, Би-Би-Синин Сеулдагы корреспонденти:
Бул парадда Ким Чен Ынга көрсөтүлгөн өзгөчө сый-урмат таң калтырды.
Түндүк Кореянын лидери Си Цзиньпин жана Владимир Путин менен чогуу Тяньаньмэнь аянтына чыкты да, алардын жанында орун алды. Үчөө бири-бири менен эркин баарлашып турганын көрүүгө мүмкүн болду.
Ким узак убакыт бою дүйнөдөн обочолонуп, атүгүл шылдыңга кабылып келген. Бирок бул сапар ал дүйнөдөгү абдан таасирдүү эки лидер менен теңтайлаша отурду.
Ал дүйнөлүк лидерлердин эл аралык жолугушуусуна биринчи жолу катышты. Адатта Ким Чен Ын өз өлкөсүнөн чанда гана чыгат жана барганда көбүнчө лидерлер менен жекеме-жеке жолугат.
Бул жолу Кимдин салтты бузуп, парадга катышуусуна негизги себеп — өзүн Си Цзиньпин жана Владимир Путин менен теңтайлаш сезип, алар менен бирдей даражада экенин көрсөткүсү келгенинде болду.
Мындай кадам менен алар Батышка, өзгөчө Америкага, эми үч лидер бири-бири менен тыгыз кызматташууга өткөнүн көрсөткөндөй болушту.
Тарыхта эң чоң парад
Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган бул иш-чара Кытай тарыхындагы эң ири парад болуп калды.
Тяньаньмэнь дарбазасына илинген Кытай Коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү Мао Цзэдундун портрети кытайдын сегиз ири желеги менен курчалып турду.
Дүйнө лидерлеринин каршысында, Элдик жыйындар залынын жанында, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын эскерген эки чоң гүл чамбар орнотулган. Парадга чакырылган 50 миңдей адам үчүн дагы ошол жерде орун даярдалган.
Параддын алдында Бээжинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Парад өтө турган аймак гана эмес, айрым кеңселердин кире беришине аэропорттогудай сканерлер орнотулду. Шаар үстүнөн дрон учурууга тыюу салынды.
Эстакадаларга жана көпүрөлөргө жакын жерде күзөтчүлөр күнү-түнү нөөмөттө турушту. Алардын арасында аскер кийимчендери да бар.
Алты жылдан берки алгачкы парадга даярдык бир нече айга созулду. Шаарга 200 миңден ашуун желек илинди, негизги жолдордун жээгине жана кесилиштерге гүл жасалгалары коюлду, бизнес району жаңы жарык менен кооздолду.
Парад Тяньаньмэнь аянтына борбордук Чанъаньцзе проспекти аркылуу келди.
Параддын майда-барат нерселерин жашыруун сактоо үчүн репетиция маалында бул көчөнүн тургундарынан балконго чыкпоону өтүнүштү.
Жол бою жайгашкан мектептер, мейманканалар, дүкөндөр жана кеңселер эки күнгө жабылды. Атүгүл шаарда велосипедди ижарага алуу да дээрлик мүмкүн болбой калды.
Кеңири масштабдагы иш-чара бир эле учурда бир нече максатты көздөйт: бир жагынан Кытайдын аскердик жана дипломатиялык күчүн дүйнөгө көрсөтүү, экинчи жагынан өлкөнүн ичинде сыймыктануу жана патриоттук сезимди ойготуу.
Пекин үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш "жапон агрессиясына каршы элдик каршылык согушу" болуп саналат жана юбилейдин алдында Кытайда бул мезгил тууралуу бир нече тарыхый блокбастерлер жарык көрдү.
Маселен, 1937-жылдагы Нанкин кыргыны тууралуу тартылган "Нанкиндин фотографы" тасмасы Кытай кинотеатрларында быйылкы жайдын башкы хитине айланды.