You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путиндин эки досу жана эки бөтөлкө коньяк. Кытай лидери Си Цзиньпин Европага кантип барып келди
Алексей Калмыков, Би-би-си
Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин Европага беш жылдан кийин барды. Анын сапары кыска убакыттын ичинде дүйнө канчалык олуттуу өзгөргөнүн жана Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш менен Чыгыштын алакасы канчалык алыстап кеткенин көрсөттү.
Кытай Европанын өнөктөшүнөн анын коопсуздугуна коркунуч туудурган атаандашка айланды. Беш жылдын ичинде Кытай экономикасы Европаны басып өттү, ал эми Си бардык бийликти өз колуна топтоп, кытай салтын өзгөртүп, өмүр бою башкаруучу болуп калчудай жолойдо баратат.
Владимир Путин Батышта жек көрүндү болуп калганда, ал "сүйүктүү досунан" баш тартпады жана Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европанын аймагында башталган биринчи масштабдуу согушту айыптаган жок.
Европа Си Цзинпинге доомат кылып айта турган маселе көп болчу, бирок ал Европа сапарынын маршрутун кыйчалыш сөздөн буйтап кете тургандай кылып түзүп алып, барып келди. Беш күн бою килемде жүрүп, аскердик оркестр менен фольклордук ансамблдердин ыр-күүсүнүн коштоосунда чатырларда тамактанып, бирок ошол күндөрдүн бирөөндө гана соодадагы аша чапкан учурлар жана Россияны колдоп жатканына доомат сөз укту.
Калган убакыттын баарында ал өтө сылык француз президенти Эммануэль Макрон менен же Путиндин Европадагы эки чоң досу: Венгриянын премьер- министри Виктор Орбан жана Сербиянын Президенти Александр Вучич - Кытайдын "ишенимдүү достору" менен ачык баарлашты.
Си европалыктардын көзүнө кытай императорундай эле көрүндү, бирок Кытай өзүнүн бирден-бир аскердик, геосаясий жана экономикалык атаандашы АКШнын вассалы деп эсептеген Европанын дооматына кулак салбады.
Ал эми сапардын хореографиясы анын европалыктарга эмес, ички Кытай аудиториясына багытталганын көрсөтүп турат.
"Сапар ички аудиторияга так сигнал жөнөтүү үчүн иштелип чыккан: мына, биздин Европада досторубуз бар деген маанидеги сөз", — дейт француз эксперти Филипп Ле Корре.
Былтыркы Бээжинге болгон сапарындагыдай эле француз президенти Парижде Си үчүн жакшы полицейдин ролун ойноп, жаман ролду Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейенге тапшырды.
Эки бөтөлкө коньяк
Экөө тең Сиге Европанын негизги эки дооматын айтышты. Биринчиси, Евробиримдиктин пикири боюнча, соодада Кытай ээнбаш атаандаш болууда. Экинчиси-Украина менен согушуп жаткан Россияга Кытайдын колдоосу.
Си биринчи дооматка баягыдай эле жооп берди - эч кандай ээнбаштык жок, биз силерден жакшыраак жана арзаныраак товарларды чыгарабыз. Ал эми согушту демейдегидей эле "кризис" деп атады жана “бизге тиешеси жок, Украинанын айынан биз эч ким урушпайбыз",- деди.
"Биз Украинадагы кризистин үчүнчү өлкөнү айыптоо же каралоо жана жаңы кансыз согушту тутандырууга каршыбыз", — деди Си Макрон менен биргелешкен маалымат жыйынында. - Кытай бул кризисти баштаган да эмес жана ага катышпайт дагы".
Макрон Си Путинден баш тартууга кылган аракети суу кечпегендей эле, соода маселесиндеги талаш-тартышта деле аны эч ынандыра алган жок.
Француз президенти Кытай жетекчисине эки бөтөлкө коньяк берди — Hennessy XO жана Louis XIII - Remy Martin өндүрүшү (бир бөтөлкөсү 3000 евро з). Бирок Си антимонполдук иликтөө аяктаганга чейин француз брендинин импортуна салык салбоого убада берди. Европа рыногун каптаган Кытай электромобилдерине каршы Евробиримдик антимонополдук иликтөө жүргүзүп жатканда, ага жооп кылып Бээжин дагы иликтөө баштаган.
Соода согушу уланууда, ал эми инвестиция үчүн күрөштө Кытайды Путин тууралуу суроолор менен беймаза кылбаган, кытай тыңчыларын кармабаган өлкөлөр утуп чыгууда.
Си түшкү тамактан кийин Макрон менен Пиренейдеги туман жана кар баскан ашууга барды, ал жерде француз кытайга дагы бир бөтөлкө белек кылды — бул жолу гаскондук арманьяк, гаскондук берет жана "Тур де Франс" велосипедчисинин формасын берди.
Эки досу
Европа турунун кийинки күндөрүндө Си сындан жана дооматтан кутулду - ага жогорку деңгээлдеги мактоо, ыраазылык сөздөрү жана ырлар арналды. Сербияда жана Венгрияда ал Кытай менен эле достошуп тим болбой, анын АКШга, Евробиримдиктин саясий бийлигине жана НАТОнун аскердик блогуна болгон ич күптүсүн түшүнө алган европалыктарды тапты.
Бул жерде Франциядагыдай согуш жана соода талашы жөнүндө эмес, Венгрия менен Сербияга Кытай инвестициясы, электромобил заводдору жана Белград-Будапешт ылдам темир жолу жөнүндө сөз болду.
Венгриянын чындап эле Евробиримдиктин бирдиктүү рыногундагы кытай компаниялары үчүн негизги хабга айлануу потенциалы болсо, Кытай экономикасындагы микроскопиялык масштабдагы Сербия менен соода жана бизнес жүргүзүү Сини көп кызыктырбады. Ал Белградга такыр башка себеп менен келген.
"Си Цзиньпин сегиз жылдан бери экинчи жолу Сербияга экономика үчүн эмес, саясат үчүн келет",-деди Би-Би-Синин Сербия кызматына Борбордук Европа Азия изилдөө институтунан Ричард Турчани.
Си Американын Кытай элчилигин бомбалаган күнгө карата 7-майда Белградга конду. Бул чейрек кылым мурун болгон окуя, бирок кытайлардын дагы деле эсинде.
"25 жыл мурда НАТО Югославиядагы Кытай элчилигин чыккынчылык менен бомбалаган. Биз бул жөнүндө эч качан унутпайбыз. Кытай эли дүйнөнү баалайт, бирок биз бул трагедиялуу тарыхтын кайталанышына эч качан жол бербейбиз", — деп жазды Си иш сапарынын алдында серб гезитине жазган макаласында.
Келгенден кийин ал Вучичке "менин сүйүктүү досум" деп кайрылды, ал эми Сербияны "сүйкүмдүү жана ынтымактуу өлкө"деп атады. Си Сербиянын коопсуздук жаатындагы "көз карандысыз аракеттерин" жана "Косово маселесиндеги аймактык бүтүндүктү" колдорун билдирди. Ал сөзүнө Вучичтен "Тайвань — бул Кытай" деген жоопту укту.
Венгрияда Си Батыш биримдигине шынаа кагып, Венгрияны Кытай менен тышкы саясат жана соода жүргүзүүдө АКШ менен Евробиримдикти укпай коюуга даяр экендиги үчүн мактады.
"Биз бирөөгө каршы же бирөөнүн буйругу менен дос болуп жаткан жокпуз",- деген Синин сөзүн расмий Синьхуа агенттиги келтирди.
Кезекте Путин
Си жума күнү үйүнө кетти, ал эми кийинки жумада бешинчи мөөнөткө жаңы дайындалган орус лидери Путин ага конокко келет. Аны менен болгон достук мамиле Кытайдын АКШ жана эски Европа менен гана эмес, ошондой эле кечээ эле кызматташтыкка ачык тургандар менен дамамилесин бузду. Бул Си Цзинпиндин Европа турунун дагы бир визуалдык жыйынтыгы.
Бир нече жыл мурун Кытай Евробиримдиктин чыгышындагы өлкөлөр менен мамилени ийгиликтүү өнүктүрүп, муну менен Батыш державаларынын кастыгын жоюуга аракет кылган. Кытай Европанын 16 өлкөсүн "16+1" клубуна чогултуп, инвестиция жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө чакырган эле.
Бирок, ниет протоколдору көп учурда кагаз жүзүндө калды, кытайлар акча салбады жана соода дефицити күчөдү. Ковид пандемиясынын башталышында клуб ыдырай баштады. Кремль Украинаны басып алууга аскер жибергенде, Си Путин менен кучакташып, соода кызыганда, "16+1" демилгеси биротоло кулап түштү.
Андан тышкары, Украинадагы согуш Си менен Путин жек көргөн НАТО блогунун кеңейишине алып келди.
"Түз айтканда, НАТОнун Чыгыш жана Түндүк Европада бекемделиши Кытай дипломатиясынын эң чоң жетишкендиги эмес", — деди Филипп Ле Корре. — Украинадагы согуш Чыгыш жана Түндүк Европа өлкөлөрүн трансатлантикалык союзга алып келди".
Си аларды өз ыңгайына ынандырып, белек тартуулап, убара болгусу келбейт.
Кытай лидеринин Европа турнеси анын Европаны өз алдынча оюнчу деп эсептебей тургандыгын дагы бир жолу далилдеди. Ал Европаны карап, Путиндей союздашынан баш тартпайт жана "бөлүп-жар да башкара бер" саясатын улантуу ниети бар. Ыңгайсыз суроо бербей, ымала кылгандарга дос болот, доомат коюп наалыгандарга түбөлүк каршы. (КС)