“Түрмөдөгү кыйноолордун видеосун мен чыгаргам”

Беларустук Сергей Савельев 31 жашта. Сегиз жыл мурун ал Орусиянын түрмөсүнө түшүп калган. Алгач Краснодарда, кийин Саратов облусундагы абакта болгон. Ал Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын (ЖАФК) өкүлдөрү тагып жүрүшү милдеттүү болгон видеорегистратордогу кадрларга жеткилик алып, үч жыл бою абактагы мыкаачылык менен кыйноолор жана зордуктоолор боюнча далилдерди чогултуп жүргөн. Кийин аны укук коргоочуларга өткөрүп берген.

Азыр ал Францияда. Бул өлкөдөн ал саясий баш паанек сурайын деп жатат.

Камера алдында журналисттерге берген алгачкы интервьюсунда Сергей колониядагы жана абактан чыккандан кийинки жашоосу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле орус түрмөлөрүндөгү кыйноолор боюнча видео далилдердин көлөмдүү архивин өлкөдөн кантип чыгарып кеткени туурасында баяндады.

Сергей Савельев менен Би-Би-Синин кабарчысы Ольга Просвирова маектешти.

“Жашайын деп чечтим”

Би-Би-Си: Толук аты-жөнүңдү, жашыңды айтып коёсуңбу жана дегеле өзүң ким болосуң?

Сергей Савельев: Менин атым Сергей Савельев. Мен 31 жаштамын, Беларустан болом. Gulagu.net аттуу укук коргоо уюмуна ошол бардык коркунучтуу кадрларды жөнөткөн киши мен болом. Ал азыр бардык маалымат каражаттарында көрсөтүлүп жатат. Ошол менмин.

Би-Би-Си: Кантип Францияга барып калганың жөнүндө айтып бере аласыңбы? Эгер мүмкүн болсо, 24-сентябрдан берки окуялардан баштасаң. Ал кезде сен Пулково аэропортунда элең. Аэропортто эмне болгону, дегеле ал жакка кантип барып калганың жөнүндө айтып бересиңби?

С.С.: Мен Новосибирсктеги досторума учуп бармакчы элем. Минсктен Новосибирскке чейин [жолдо] Пулководо бир учактан экинчисине которулмакмын. Пулкового келип, кийинки рейс качан башталат экен деп каттоо жайына баргам. Ал жердеги кыз фамилиямды тактап, бир аз күтүп турууну айтты. Бир нерсе болот го деп дароо түшүндүм. Кайда бармак элем?

Бир нече мүнөттөн кийин эле жарандык кийимчен бир эркек киши, аны менен кошо ошол аэропорттогу эки полиция кызматкери мага келип: “Сергей Владимирович? - Ооба. - Кайда баратасыз? Эмне алып баратасыз?” деп калды.

Заматта эле жарандык кийимчен дагы бир нече киши келди. Беш мүнөт сайын алардын саны көбөйгөндөн көбөйүп жатты. Ошентип алардын саны ондон ашып кетти. Эч бири эч кандай күбөлүк көрсөткөн жок, өзүн тааныштырган да жок. Ага кажет деле жок болчу, алар ким экенин жапжакшынакай кылып көрсөтүшпөдүбү.

Жөнөкөйүнөн башташты. Алар менин буюмдарымды баштан аяк жөн гана карап чыгышты. Алар эмне издеп жатканын түшүнгөм. Маалымат алып жүрүүчүлөрдү, флешкаларды, балким ноутбук издеп жатышкан. Менде андай нерселер жок болчу, мен конокко бараткам.

Андай буюмдар менде жок экенин түшүнгөн соң алар мени башка жерге алып барышып, суракка ала башташты. Алар баарын дароо ачыкка чыгарышты. “Телефонуңду тыңшадык, мессенжерди окудук, анын баарын кайсы почта менен жибергениңди билебиз. [Gulagu.net сайытынын негиздөөчүсү Владимир] Осечкин менен соңку алты айда кызматташканың жөнүндө дагы билебиз”.

Анан Gulagu.net укук коргоо долбоорун дискредитациялоо максатында суроолорду бере баштады. Бул, албетте, кандайдыр бир сюрреализм, бирок алар бул Осечкиндин буйрутмасы менен болгонун айтышты.

Башкача айтканда, элестетип көрсөң, Владимир Осечкин 2013-жылы мени вербовка кылыптыр да, анан мен түрмөгө түшүп, абактан ага видеоматериалдарды уурдап беришим керек болуптурбу? Эгер ошондой кылган болсом, анда эмне десе болот… Андай болсо экинчи сериясын дагы чыгарып, пластикалык операция жасап, документтерди өзгөртүп, башка зонага барыш керек болчу.

Би-Би-Си: Алар сага кандайдыр бир тандоо, кандайдыр бир варианттарды сунуштаганын билем.

С.С.: Ооба. Алар мага дароо айтышты: кандай болгон чакта да сен отурасың дегендей кылышты. Жасаган ишиңди эске алганда, сен ЖАФКга каршы компроматтарды таратканың үчүн сени ал жакта өлтүрүп коюшат. Же болбосо керебеттин экинчи кабатынан түшүп кетесиң, же болбосо камерада асынып өлөсүң. Сени асынып өлгөн бойдон таап алышат. Ага чейин сен бизге баарын айтып бересиң, анын кереги жок болуп калганда, анда… Башкача айтканда, мындай коркутуулар толугу менен чындык, иш жүзүндө ошондой болгон учурлар бар.

Ошентип ыңгайсыз суроолорду берип, сурак уланды. Андан кийин, акырына жетип калганда, “Эгер азыр сен биз менен кызматташууга макул болсоң, анда биз сени “Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу” беренеси боюнча жоопко тартабыз. Ал жакта болгону төрт жылга чейин” деп айтышты.

Эгерде макул болбосоң, тергөөдөн качып жашырынганы аракет кылсаң же дагы башка бир нерсеге барсаң, анда бул тыңчылык болуп калат. Анткени, сен башка мамлекеттин жаранысың. Чет элдик укук коргоо уюмуна Орусия Федерациясы жөнүндө маалымат бергенсиң. Ал жакта 10 жылдан 20 жылга чейин. Сен бизден качып кутула албайсың, Беларустабы, Украинадабы, КМШ мамлекеттеринде дагы. Биз сени бүт жерден таап алабыз, дешти.

Анан мага кызык боло түштү. Тандоом бар беле, кандай тандоо? Түрмөгө камайбыз деп жатасыңар, а мени түрмөдө өлтүрүп коюшат да. Азыр мага төрт жылга отур деп сунуштап жатасыңар, мени өлтүрүшөт, же 20 жылга отурсам, анда да өлтүрүшөт. Эмнесин тандайын? Балким дароо эле атып салсаңар адамгерчиликке жатат беле?

Би-Би-Си: Анан алар сени кантип коё беришти?

С.С.: Башында эле сени азырынча күбө катары суракка алып жатабыз деп сүйлөшүлгөн болчу. Башкача айтканда, алардын ачык далилдери ал убакта болгон эмес. Тактап айтканда, дал ошол кат жазышуулар гана болгон. Аларды каяктан алышты - бул эми мыйзамдуу жолдор менен болгонуна күмөнүм бар.

Ошондуктан, балким, айыптоону негиздеп бере алышпай, бирок мени суракка алып, ошол көрсөтмөлөрдүн баарын алгандан кийин мен кызматташууга даяр экенимди көрсөтүшүм керек болгондур.

Мен кандайдыр бир документтерге кол койгондон кийин мени коё беришти. Мени чакырганда барууга милдеттенме алганым жөнүндө кагаздар болчу. Андан тышкары, Орусиядан учуп кете элек элем. Андан ары Орусиянын аймагында Новосибирскке учуп бараткам. Эгер менин Орусиянын аймагынан Беларусту же дагы башка жакты көздөй аларга кабар бербей же алардын уруксаты жок бет алганымды билишсе, анда көрмөк жана жолумду тосуп коймок. Ошондуктан мен Новосибирскке кеттим. Иши кылып мени коё беришти.

Би-Би-Си: Анан ошол учурда баары бүттү деп, качыш керек экенин түшүндүң.

С.С.: Тандоо деле жок болчу. Анан менде башка вариант пайда болду: жашоо же өлүү. Мен жашайын деп чечтим. Аны кантип ишке ашыруунун жолдорун издей баштадым. Мен Новосибирскке бардым. Ал жакта жүргөнүмдө алар менден Telegram аркылуу тынбай сурап жатышты. “Кайтканга билетти канчасына алдың? Биз Домодедоводо жолугушуубуз керек, Домодедово аркылуу учкан рейске билет ал. Өткөнкүдөй бир нече саат сүйлөшкөндөн кийин Минскке учуп кетесиң” дешти.

Анан ойлодум, негизи алар мени Орусиядан чыгарбай турганына көзүм жетип эле калган болчу. Башкача айтканда, биз Домодедоводо жолугушабыз, ошол жай менин акыркы аялдамам болуп калмак. Андан ары мени кандайдыр бир инстанцияларга сүйрөп барышмак.

Би-Би-Си: Домодедового чейин билет сатып алдыңбы? 

С.С.: Домодедово аркылуу учкан рейске билет алдым, бирок колдонгон жокмун. Мен Домодедового чейин учуп бардым. Ал жакта бажы көзөмөлү жок, анткени ал ички каттам болчу. Домодедоводон Минскке каттоого өтүү үчүн барган жокмун, себеби ал жакта бажы көзөмөлү жок болчу, мени да токтотуп кала алмак эмес.

Ошондуктан алар мени кийинки рейске каттоодон өтүп жатканда өткөнкүдөй эле кылат деп ишенип тургам. Ошон үчүн мен ал жакка барбадым. Мен аэропорттон чыгып, эң жакынкы автобекетке бардым. Ал жактан жеке менчик транспорт, маршртука, менен Беларустун чек арасынан өтүп, үйүмө келдим.

Би-Би-Си: Беларуста дагы аз убакыт өткөрдүңбү?

С.С.: Беларуста өтө эле аз убакыт, бир суткадай убакыт өткөрдүм. Мен кетип жатканда эч кимге айткым келген жок. Тактап айтканда, бул ушундай жашырын операция болчу. Ушунчалык стресс жана коркунуч болду. Дал ошол учурда өзүнчө эле дүрбөлөң болду.

Би-Би-Си: Стамбулга конгонуңда тынчтанып калдыңбы же?

С.С.: Жок, ого бетер кызык боло баштады. Анткени, жапжаңы жердемин, эч ким орусча сүйлөбөйт.

Би-Би-Си: Сага жазып жүргөн адамдар жазып жатыштыбы? Алар байланышканга аракет кылыштыбы?

С.С.: Жок, билбейм. Жоромол гана кылганга болот, бирок үч күндөн кийин ал телефон чалбай калганда, алар түшүнүшкөн.

Би-Би-Си: Ошентип Стамбулда канча күн болдуң?

С.С.: Төрт күн.

Би-би-си: Андан ары кайда барыш керек эле, план болгонбу?

С.С.: Бара турган жерим болгон, бирок ал жакка кантип жетем деген маселе турган. Ошондо бүт баарына көз жумуп, Стамбулдан Шарль-де-Голль аэропорту аркылуу Туниске учуп барууну чечтим.

Би-Би-Си: Эмне үчүн мындай татаал маршрут?

С.С.: Мен үчүн экинчи тарап, бара турган жерим виза талап кылбашы маанилүү болчу. Анан сөзсүз түрдө Парижде түшүп, саясий баш паанек сурашым керек эле.

Бирок мени рейске отургузбай коюшту. Алар Туниске түз каттамдар бар экенин, бул аябай шектүү экенин айтышты. Шарль-де-Голль аркылуу учуп жатасыз, бул аябай күмөндүү, визаңыз жок болсо, антип уча албайсыз. Эч нерсе жардам берген жок.

Аэропортто дагы бир күн кармалып калууга туура келди. Туниске түз учкан каттамды тандадым. Тактап айтканда, эч жерде үч күндөн ашык кармалып калбоого аракет кылдым. Көрсө, Тунисте эмдөөдөн өтө электер милдеттүү карантинге киргизилет экен.

Башкача айтканда, ал кандайдыр бир жугуштуу бөлмөлөрдө же коркунучтуу ооруканаларда эмес, ыңгайлуу мейманкаларда өтөт экен. Андай мейманкалар жок эле дегенде үч жылдыздуу, бассейни, өзүнүн аймагы бар… Баары сонун, бирок мен ал жерде алты күн өткөрүүгө аргасыз болдум.

Мен француз элчилигинин расмий сайтына кирдим. Мага транзиттик виза маселеси кызыктырып жаткан. Көрсө, айрым жагдайларда беларустарга Францияга кирүү үчүн транзиттик виза керек эмес экен.

Кандай жагдайлар экен деп кененирээк изилдей баштадым. Көрсө, бир учактан экинчисине отуруунун убактысы 24 сааттан ашпашы жана бир аэропорттон башка аэропортко барбашы керек экен.

Эң негизги шарттарды бири - эки рейс тең, ал жакка да, ал жактан кеткени да, шериктеш авиакомпанияларга таандык болушу кажет болчу. Кайсы компаниялар өнөктөш экенин билген эмесмин, ошондуктан бир эле авиакомпаниянын рейстерин издей баштадым. Ал жакка да, ал жактан кайтканы да. Ошондой каттам табылып калды.

Тунистен Шарль-де-Голлго, ал жактан Санкт-Петербургга, андан Минскке. Ошондо бир аз тынчтанып калдым. Жок эле дегенде мен ишенген 50/50 планым бар эле. Мени рейске коё беришти, менден эч ким деле виза жөнүндө сураган жок, биринчи жана экинчи рейстерге эки талонду тең колума карматып коюшту. Ошентип мен Шарль-де-Голлго учуп келдим.

Би-Би-Си: Анан сен кимге, кантип бардың, эмне деп айттың? Алдын ала даярдалган сөздөрүң бар беле, мен баланча-түкүнчөмүн, саясий баш паанек алайын деп жатам деген сыяктуу? 

С.С.: Ооба, ошондой сөзүм бар болчу, бирок кандай экени эсте жок. Биринчи жалбаргандай бир полицияга кайталадым, ал түшүнгөн жок. Кийин экинчисине, анан үчүнчүсүнө. Акыры алар эч нерсе түшүнгөн жок. Мага котормочу алып келишти. Ага чоң рахмат. Ал аябай көңүл коюп, түшүнүү менен мамиле кылды. Бул кадимкидей эле иш экенин, адамдар көп келерин айтып, кыжалат болбоого, бул кадыресе процедура экенин, бир нече кагазга кол коюуга чакырды. Бул процедура бир нече саатка созулду. Мени кандайдыр бир жабык жерде кармашып, депортациялык борборго алып барышты.

Би-Би-Си: Натыйжада чечим чыкканга чейин канча күттүң?

С.С.: Мага “түштөн кийин” деп айтышкан. Үн күчөткүчтөн чакырып, маалымат берип турат. Бирок мен өзүм барып, мага кандайдыр бир маалымат болсо, полицияга өзүм чаларымды айттым. Эки сааттан кийин дагы бардым. Эч нерсе жок. Кечки тамакка даярданып жаткам, менин фамилиям угулду. Кызматкер “жүктү, жүктү ал” дейт. Менин маселем боюнча оң чечим чыкканы жана мени азыр шаарга коё берери түшүнүктүү болуп калды.

“Бирөөлөрдүн чырына башыңды тыкпа”

Би-Би-Си: Орусияда түрмөгө кантип түшүп калганыңа кайрылып келсек. Сен беларуссуң, Минскте өстүң. Орусияга эмне болуп келип калдың эле?

С.С.: Ал жакка тааныштарыма баргам иштеп акча тапканы. Бир таанышым иштеп жүргөн болчу.

Би-Би-Си: Ал сага акча табууну сунуштап калды.

С.С.: Ооба, эми, окуя жөнөкөй жана кайгылуу, мындай окуялар абдан көп. Мен ал күмөндүү… зат экенин билгем. Күмөндүү иш тыюу салынган заттардын тизмесинде жок деп мени ишендиришкен болчу. Тизме болсо тез-тез жаңыртылып турбайт дешкен. Ал азырынча тизмеге кире элек болгондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыш керек эле. Бирок, мага мурда эле тыюу салынган затты жөнөтүп жиберишиптир.

Жарым сааттын ичинде эле батириме ОМОН бастырып келди. Атүгүл аларда да “Антитеррор” деп жазылып турган эле. Өтүкчөн чоң кишилер. Биринчи эле күнүм ошондой болду. Бул алгачкы сурак болгон.

Би-Би-Си: Эмне кылышты?

С.С.: Кадимкидей эле сабашты. Батирде тинтүү жүрүп жатканда кечке токмоктошкон. Ошол күчтүү кишилер башыма басып, бетим менен полго сүйрөшкөн. Башкача айтканда, көңүл ачышкан. Андан соң мени жергиликтүү убактылуу кармоочу жайга киргизишип, андан кийин гана тергөө абагына алып барышкан. Ал Краснодар шаарындагы №5 СИЗО эле. Аябай кичинекей СИЗО болчу. Ондун айланасында эле камера болгон, ар бири 2-3 кишиге ылайыкташкан.

Би-Би-Си: СИЗОдо үйрөнгөн өнөрлөрүң кийин колонияда жардам бергенин мурда айткандай болдуң беле?

С.С.: Эми, ошондой болгон. Мен камерага үчүнчү болуп баргам, мага чейин экөө отурган экен. Бири түрк, экинчиси кабардин беле, көп жолу отуруп чыккан экен. Ошол тергөө абагында эмне болорун, андан ары кайда жөнөтөрүн, ар жак-бер жагын түшүндүрө баштады. Себеби, ал жерде эч нерсе жок болчу. Тергөө иш-аракеттери жүрүп жатканда, көпчүлүгү оор болгонун эске албаганда...

Би-Би-Си: Канчалык оор болгон?

С.С.: Уруп-сабаганда канчалык оорушу мүмкүн.

Би-Би-Си: Ошол киши дагы сага бир нерселерди айтып бердиби? Ал жана камактагы башкалар менен сүйлөшүп, кандай негизги сабактарды алдың? 

С.С.: Ал мындай жалпы эле кеңештерди берчү. Бирөөлөрдүн чырына башыңды тыкпа, ким гана чакырбасын эч ким менен эч нерсе ойнобо, бир нерсе деп айтардан же жооп берерден мурда он жолу ойлон.

Бирөө жарым менен сүйлөшүп жатканыңда сөгүнбөгөнгө аракет кыл. Анткени, бир эле сөзүңө жармашып, сен аны сөгүп жаткандай кылып көрсөтө турган адамдар да бар. Тынч жүрсөң, зонага түшөсүң. А зонада болсо такыр башкача, ал жакта бир аз эркинирээк дем алып каласың.

Би-Би-Си: Эмне үчүн колонияга караганда СИЗО жаманыраак деп айтышат?

С.С.: Себеби, ал кичинекей жабык жер, бирок адамдардын саны көп. ФСБнын СИЗОсу бир аз башкача, ал жакта камалгандар аз. Бирок качан гана мени Новороссийск шаарынын №3 СИЗОсуна которушканда, кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндүм.

12 кишилик камерада бизде 26 адам отурган. Ал ошол турушунда 12 кишиге да тардык кылчу. Ошол 12 кишилик камерада 26 адам бар, ошол эле жер даараткана, ашкана. 26 адам үчүн уктоочу бөлмө. Ал адамдар көпчүлүк учурда жакшы деле адамдар эмес.

Би-Би-Си: СИЗОдо канча болдуң?

С.С.: Биринчисинде, тергөө жүрүп жатканда, тогуз ай болдум. Мага акыркы өкүм чыга элек болчу. Андан кийин мени Новороссийск шаарындагы №3 СИЗОго которушту. Андан соң Крымск шаарына соттук отурумдар үчүн көп жолу алып барышты.

Бул бирок формалдуу эле болчу! Ошол сотук иштердин баары бир жылдан ашык убакытка созулду окшойт. Бир жыл, 3 же 4 ай. Бош идиштерди бири-бирине куюштурган сымал.

Ошол бир жарым жылдын ичинде мен абактагы шарттардын кандай болорун өз көзүм менен көрдүм. Жийиркеничтүү болчу. Камера аябай кичинекей болгонун айтып өттүм. Демек, кезек менен уктоо керек. Албетте, эч кандай ремонту жок. Шыптан кум, таракандар түшчү...

Би-Би-Си: Канчага кесилдиң, анан кандай айып тагылган болчу?

С.С.: 228.1-берененин, 5-бөлүгү болчу [маңзатты мыйзамсыз өндүрүү, колдонуу же алып жүрүү] жана аягына чыкпай калган кылмыш курамы бар эле. Тактап айтканда, мен көп баңгизат сатып алып, аны кийин колдонушум керек болгон, бирок мен аны акырына чейин колдоно албай калгам, себеби эр жүрөк укук коргоо органдары менин аракетимди токтотуп калышкан деген тыянакка келишкен. Мага болгону тогуз жыл беришкен.

Би-Би-Си: Сени дароо эле Саратовдогу колонияга барасың дешкенби?

С.С.: Айтыш кыйын. Мындай нерселерди сага эч ким айтпайт. Келет, эшигиңди каккылайт, баланча-түкүнчө, чыкканга даярданабыз. Ошентип, мен Саратов шаарындагы №1 СИЗОго түшкөм. Мени башында Саратов облусуна бөлгөнүн түшүндүм. Саратовго жеткенде СИЗОну аныктап, андан ары колонияларга бөлүштүрдү.

Мен Краснодарда жүргөнүмдө Саратов облусуна жөнөтпөсө жакшы болмок деген сөздөр көп айтылчу. Мен чыкканда баары башкача болчу. Бирок ошол кезде ал эң коркунучтуу зоналардан эле. Ал тургай башка облустардагы адамдар ОТБ-1 жана ИК-13 жөнүндө угуп калган жайы бар.

“Алар эч нерсени деле сурап билип алгысы келбейт...”

Би-Би-Си: Сенин кайда барарың аныкталганда, кандайдыр бир план болгонбу, “унчукпай отуруп чыгам, ашыкча кыймыл кылбайм” дегендей?

С.С.: Ооба, дал ошондой болгон. Мага багыт берген ошол болчу. СИЗОдо дагы, андан кийин дагы. Мени дароо эле ОТБга жөнөтүшкөн жок. Адегенде ИК-10го баргам. Ошондо унчукпай отуруп, өз ишимди жасайм деген планым болгон.

Би-Би-Си: Колонияга түшкөнүңдө кандайдыр бир зордук-зомбулук болдубу?

С.С.: Ооба.

Би-би-си: Сага зордук-зомбулук көрсөтүштүбү?

С.С.: Ким түшсө, баарына. Саратовдо көрсө Краснодардан келгендерди жактыра беришпейт экен. Себеби, Краснодардагы зоналар баары “каралар”, баарынын “тааныштары” бар, азыр алардын “түсүн өзгөртөбүз” дешип.

Би-Би-Си: Ал кандай болот?

С.С.: Эң биринчи - бул милдеттүү “тизүү”. Андан ары сени бир кабинетке алып кетишет. Ал жакта көп кызматкер отурган болот, баары коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү.

Плугин, майор Плугин деген бир ажайып киши бар эле. Коопсуздук бөлүмүнүн начальниги. Мени менен ошол киши маектешсе керек эле. Капкараңгы бөлмөдө аны эле көрөсүң. Башка кызматкерлер дагы турушат. Менин эки капталымда эки кызматкер бар эле. Ал суроо берет, эгер берген жообум ага жакпай калса, ал мындай кылат...

Би-Би-Си: Ага кандай жооптор жакчу эмес?

С.С.: Эсимде жок. Жоопторумдун көбү ага жаккан эмес.

Би-Би-Си: Ага эмне керек болгон эле, эмнени билгиси келген экен?

С.С.: Оюмча, алар эч нерсени деле сурап билип алгысы келбейт. Алар сени сындырганы аракет кылат: каерге келгениңди билип жүр, өзүңдү карма, акырыныраак бол дегенсип.

Андан соң карантинге отурасың. Ал жакта сени менен “активисттер” иштешет. Кызматкерлер ага дээрлик көңүл деле бурушпайт.

Би-Би-Си: Карантин кандай болот?

С.С.: Карантин - бул обочолонгон чакан бөлүм. Сейилдегенге кичинекей короосу, бир нече оорукана секциялары бар. Ал жакта керебетти кантип туура жыйнаганды, 15 мүнөттө кантип тамактанганды жана башкаларды үйрөтүшөт.

Башында СИЗО-5те таанышкан биринчи таанышым айткандай, зонага түшкөндө эркин дем алып калат экенсиң. Чындыгында, карантинден зонага киргенде эркин дем алдым.

Анткени, ал жакта ачык мейкиндик. Отургучтар бар. Тамеки тартып, ары-бери басып, таза аба менен дем алганга болот. Көп адам отурган кир, бетон кутудагы тергөө абагынан кийин сыртка чыгуу - бул, албетте, баа жеткис нерсе.

Би-Би-Си: Колонияга түшкөндөн тартып жумуш бергенге чейин канча убакыт өттү?

С.С.: Жумушту ошондо эле алгам. Ал карантин учурунда эле белгилүү болуп калат. Сага “активисттер” келип, “эмнени билесиң, колуңдан эмне келет, кандай адамсың” деп сурашат. Ар бир адамдын өзүнүн досьеси болот, балким кандайдыр бир вакансия болуп калса деп. Айталы, ашканадан ыкчам бөлүм чалып, “бизге наабайчы керек, барбы ошондойлор?” деп сурайт.

Би-Би-Си: А сен компьютерди жакшы билериңди айттың.

С.С.: Жок, ал учурда мындай нерсени айткан эмесмин. Ал убакта зэк компьютерде отуруп иштейт деген нерсе оюма да келген эмес. Мен жашырган да эмесмин, бирок ал жөнүндө эмне үчүн айтмак элем, ал жакта керексиз эле жөндөм болчу да.

Мага санитардык бөлүмдөн (санбөлүм) келишип, дарыгерлерге жардамчы керек экенин айтышты. Кандайдыр бир медициналык карталарды толтуруп, айтор жазууну билген бирөө керек болгон. Оңой эле иш болчу, бирок мени ошол жакка алып кетишти. Ал жакта жарым жыл иштедим.

Би-Би-Си: Ошондо сен башкалар менен чогуу эле жашап, анан эртең менен сени ал жакка алып барып турушканбы?

С.С.: Ооба, эртең менен жергиликтүү участкамдан чыгып, санбөлүмгө барып, кечке чейин ошол жакта болчумун. Кечки тамактан кийин өзүмдүн отрядыма кайтып, сыналгы көрүп, китеп окучумун.

Би-Би-Си: Отрядда башкалар менен мамилең жакшы эле болчубу?

С.С.: Жаман деле эмес болчу. Адамдар менен көп деле сүйлөшчү эмесмин, себеби убактымдын көбү жумушта өтчү. Бирок ал жер тергөө абагындагыдай бир куту эмес, бири-бириң менен байланышып турганга мажбур болгудай. Ал жакта адамдар бири-бири менен иши жок. Ар ким өз тобу менен. Бул мага майда жакчу, анткени, мен сөзгө көп деле жокмун.

Би-Би-Си: Качан сени экинчи, эң негизги жумушуңа которушту?

С.С.: Башында пневмония болуп ооруп калганга туура келди. 2016-жылы Жаңы жыл майрамынын алдында катуу суук өткөрүп алдым. Албетте, ал учурда санбөлүмдө иштечүмүн. Абал оор, ооругандар дагы көп болгон. Башка бейтаптарга жүгүрүп, жардам берүүгө туура келген.

Дары-дармектерди көп ичип алып, иштеп жүрө бергем. Анан абалым начарлап, 40 градус температура менен палатада кулап калып, өзүм ооруканага жатып калгам. Ошентип бир нече күн жатып, сакайып кеттим окшойт. Эч кандай деле анализ жүргүзүлгөн эмес. Бирок дарыларды бере беришкен, анан айыгып чыктым. Көрсө, пневмония болгон экем...

Би-Би-Си: Сени ОТБ-1ге жиберишти.

С.С.: Ооба. Мени ОТБ-1ге жиберишти.

Би-Би-Си: Ал кандай жер экенин билген белең?

С.С.: Эми, ал жер жөнүндө көп сөз болот. Өтө көп айтышат.

Мен колонияга баратканымда бир жигитти жолуктургам. Ал СИЗО аркылуу ОТБдан башка бир жакка кайтып бараткан экен, эсимде жок. Ошентип экөөбүз бир автозакта отуруп калдык. Жүргүнчүлөрдүн сөзүндөй эле. “Ким, кайдан келатасың? - ОТБдан. - Ал жакта кандай экен? - Эми, кандай десем… Оорубашың керек. Оорубасаң эле, баары жакшы болот”.

Адамдар ал жакта эмне болгону жөнүндө эч айтып бергиси келчү эмес. Себеби, жакшы нерсе эч биринин башынан деле өтпөгөндөй...

Би-Би-Си: Сени ал жакка которгондо адамдарга кандай мамиле кылары жөнүндө элестетип көрдүң беле?

С.С.: Эми, биринчиден, ал жакка эч баргым келген эмес. Баарына айтып түшүндүргөнү аракет кылгам: санбөлүмдүн начальниги, башкаларга дагы. Мени эч кайда алып барбай эле койгула, кичине күтө туралы, кайра рентгенге түшүп көрөлү деп айттым.

Ал мени кармаганга аракет кылды, бир апта, балким, он күн, санбөлүмдөгү инфекциялык бөлмөдө карантинде отурдум. Бирок, барууга туура келди. Ал сарсанаа болбо, биз телефон чалабыз, баары жакшы болот деп айтты. Негизинен баары жакшы эле өттү.

Би-Би-Си: Сени чын эле дарылашты.

С.С.: Дарылаганга туура келген деле жок. Келерим менен туберкулез деген күмөн болгон, мени дароо рентгенге алып барышты. Күчтүүрөөк рентгенде мени текшерип, ар кайсы тараптан сүрөттөрүн тартып, эч кандай деле туберкулез жок экени түшүнүктүү болду. Ошол.

Кандай болгон чакта да ушул жерде бир апта болушуң керек дешти, себеби кийинки баскычта “онунчуга” [№10 колонияга] бир аптадан кийин гана бармакмын.

Би-Би-Си: Ошол аптада эмнелер болду?

С.С.: Эч нерсе деле болгон жок. Заматта эле “активисттер” келип, эмне билесиң, эмне кыла аласың деп сурап киришти. Бардык эле мекемеде бул кадыресе көрүнүш.

Үч эле күндөн кийин мага бирөө келип, коопсуздук бөлүмүнүн санитары экенин айтты. Бир вакансия бар экенин, компьютерди колдонуучу деңгээлинде билген, тамганы тез жана сабаттуу терген бирөө керек болуп жатканын айтып калды. Ооба, билем дедим. Анда эртең сени чакырабыз, жетекчиликтегилер менен сүйлөшөбүз деди.

Кийинки күнү мени чакырышты. Майор Александр Владимирович Сергеев тосуп алды. Ал мени менен маектешүү жүргүзүп, коопсуздук бөлүмүн, компьютерлерди көрсөттү. Бул жерде көптөгөн документтер, кол жазмалар бар, компьютерде көп жазуу керек болорун айтты. Бул жерде иштесең, эртеден кечке ушул жерде убактыңды өткөрөсүң деди. Бул жердеги бөлүмдөр сага тиешеси деле жок. Иш көп, башыңды көтөрбөй иштейсиң, убакыт билинбей өтүп кетет жана башка ушул сыяктуу.

Убакыт эмнени тандаганыңа карап өтөт да. Таңдан түшкө чейин, түштөн кечке чейин кайсы бир бөлүмдө, 100 кишилик секцияларда уктап өткөрүш керекпи же болбосо ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, убактымдын көбүн компьютердин алдында офистеби.

Би-би-си: Сенин негизги милдеттериңди айтып беришти.

С.С.: Кызматтык документацияны жүргүзүү экен. Эң жөнөкөйү - бир нерсени терип бересиң, кандайдыр бир бош кагазды бирөөгө толтуртасың. Эң татаалы - кандайдыр бир схемалар менен иштейсиң, аларды фотошоп менен тартып, же болбосо башка программаларда, Word, Excel, видео… Эми, айта берсе көп.

Би-Би-Си: Алар өздөрү андайды кыла алышпайт бекен?

С.С.: Кылгандар бар эле, бирок көбү билбейт болчу.

“Эч кимди таң калтыра албайсың”

Би-Би-Си: Эң биринчи видеорегистраторду сага качан алып келишти, анан биринчи видеону качан көрдүң?

С.С.: Видеорегистраторго тартуу дайыма жүрөт. Тактап айтканда, мекемедеги бардык кызматкерлер регистраторлорду тагып жүрүшөт. Бул милдеттүү талап. Аны үзгүлтүксүз чыгарып, системалаштырып, карап туруш керек болот.

Мага дароо эле ошол ишти беришкен. Бирок мен кадыресе видеолор менен иштегем. Кызматкер бөлүмдөрдү кантип кыдырып чыгарын, ашканадагы тамак берүүнү кантип көзөмөлдөрү, башкача айтканда, эң жөнөкөй, күн сайын боло келген нерселер.

Эки жылдай ушул ишти кылдым. Архивдер менен мурда эле иштеп келгем, бирок кадыресе, жөнөкөй эле болчу. Ошол убакыт аралыгында, албетте, менин үстүмдөн көзөмөлдөп турушкан, ар дайым байкоо бар болчу. Ошентсе да бул кандайдыр бир окуу процесси сыяктуу эле. Кантип жакшыртса болот, кантип тездетсе болот деген өңдүү. Бирок, албетте, көбүнесе өзүм ошону түшүнүп жетчүмүн.

Би-Би-Си: Кыйноо жана мыкаачылык менен жасалган мамиле тартылган эң биринчи көргөн видеоңду эстейсиңби?

С.С.: Эң биринчи… Жок, эсимде жок.

Би-Би-Си: Аны видеодон эле көргөнсүңбү?

С.С.: Бактыга жараша, ооба.

Би-Би-Си: Ошол видеорегистраторлорго тартылгандарды түшүнүп жеткениңде, биринчи оюңа эмне келген?

С.С.: Мындай видеолорду тартууда алдын ала даярданышат, аны кызматкер кылбайт. Аны камалгандардын арасындагы атайын даярдалган адамдар кылат.

Атайын иш-чара даярдалып, видео байкоо болбогон камерага адамды киргизет. Камалгандардын арасынан ишенимдүү бирөөсү видеорегистратор алганы келет. Бузук эмес, жакшы иштеген, үнү, картинасы жакшы болушу үчүн. Заярдкасы да толтурулган болушу керек.

Тактап айтканда, бул ушундай атайын иш-чара. Бир кызматкер көзөмөлдөп жатканда эле бир нерсе башталып кеткендей эмес…

Би-Би-Си: Бул видеорегистратор экенин дайыма түшүнүп жүргөнсүң...

С.С.: Албетте, аны алып келишкенде, ичинде үрөй учурган кандайдыр бир нерсе болот.

Би-Би-Си: Кандайдыр бир план ойлоп таптыңбы? Аны өзүңө дароо эле көчүрүп ала баштадыңбы?

С.С.: Жок, дароо болгон жок. Бир топ убакыт өткөнгө чейин мен жөн гана көрүп жүрдүм, бирок ага кандай реакция кылууну билген жокмун.

Аны заматта эле аңдап жетүү кыйын. Мен, албетте, уккам. Биз баарыбыз ал жөнүндө укканбыз. Орусияда жашагандардын баары угушкан. Баары ал туурасында билишет, эч кимге таң калычтуу эмес.

Түрмөдө кыйнашат, түрмөдө токмоктошот, түрмөдө зордукташат - эч кимди таң калтыра албайсың. Болгону мурда аны эч кимибиз көргөн эмеспиз. Эч мүмкүнчүлүк болгон эмес. А биз адамбыз да… Көргөнгө чейин эмнени болсо да сүйлөй беребиз… Миң уккандан бир көргөн жакшы да, туурабы? Же болбосо бизге көзүбүзгө сайып көрсөтмөйүн ал эмне экенин түшүнүп жеткендей.

Мен деле ошентип эле элестеткем. Көп жолу уккам, ал тургай билгем, ишенгем. Бирок мурда көрүп жүргөн эмесмин да.

Албетте, мунун баарын сиңириш үчүн бир аз убакыт керек болду. Ошол эле учурда өз милдеттеримди аткарып, ишимди улантышым керек эле. Ошондуктан биринчисинен кийин, экинчисинен кийин, ал тургай үчүнчүсүнөн, балким бешинчи видеодон кийин деле эмне кылгым келгенин дароо түшүнгөн эмесмин.

Бир аз убакыт өткөн соң аны топтойм деп чечтим, бирок эмне үчүн экенин дале билген эмесмин. Тактап айтканда, иш-аракеттердин так планы болгон эмес. Ал кезде анын баарын азыр топтоп, үч жылдан киийн кандайдыр бир нерсе кылам деп ойлогон эмесмин. Жок. Азырынча топтоп эле турайын дегем.

Анткени, ал бир жерде сакталып турбашы керек эле. Ошондой так көрсөтмөлөр болгон. Видео тартылды, иш-чаралар өтүп бүттүбү, болду, өчүрө бер. Аны бир жерде сактап коюуга болбойт эле. Өтө сейрек учурда “флешкага көчүр” дешип, бөлүмдүн начальниги флешканы алып бир жакка кетет. Балким, жогору турган жетекчилигине же болбосо кайсы бир башкармалыкка.

Би-Би-Си: Ошол флешканы колониянын кызматкерлеринин бирине берип, аны алып кетишкен учурлар болгонбу?

С.С.: Албетте, болгон. 

Би-Би-Си: Кээ бир видеолорду дароо өчүрүп, башкаларын бир жактарга алып кеткени сага түшүнүктүү болгонбу?

С.С.: Кийин түшүндүм окшойт. Жогорудан буйрутма берилген иш-чаралар болгон, аларга иш-чаранын аткарылганы боюнча далилдер керек болгон. Жөн гана аткарылыш керек болгон иш-чаралар да болгон. Алардын далилин эч ким сураган эмес, же болбосо талап кылынган эмес.

Би-Би-Си: Видеолор эмне себептен тартылчу? Ал эмне үчүн керек болгон?

С.С.: Ар кандай [себептер] болушу ыктымал. Кандайдыр бир тарбиялоочу иш-чаралар болушу мүмкүн. Айталы, бирөө өзүн жаман алып жүргөн болсо, мисалы, укук коргоочуларга, адвокаттарга, прокуратурага же дагы башка жактарга көп арызданган болсо. Же болбосо администрациянын талаптарын аткаруудан чын эле баш тарткан болушу, күн тартибин сактабай койгон болушу мүмкүн. Ошол, адамды өзүнө келтириш үчүн ушундай иш-чаралар өткөрүлчү.

Буйрутма менен аткарылган аракеттер дагы болгон. Эмне үчүн? Билбейм. Көрсөтмө алыш үчүнбү, талап-тоноо үчүнбү. Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Адамга кандай максат менен басым жасаса болот? Ар кандай. Муну буйрутма берген адамдардын кандай себептери жана мотивдери болушу ыктымал? Жоромолдоого гана болот.

Би-Би-Си: Планың качан бышып жетилди?

С.С.: Толугу менен 2019-жылы калыптанды окшойт. Көчүрүп алууга ар дайым эле үлгүрчү эмесмин. Бирок үлгүргөнүмдү топтоп, архивге салып, катып койчумун.

Би-Би-Си: Ошондо Владимир Осечкинге ошону алып барарыңды билгенсиңби?

С.С.: Жок, ал учурда Владимир жөнүндө билчү эмесмин. Аны 21-жылга жакын түшүндүм. Жыл өткөн сайын ОТБ-1дин иш аракеттерине арыздангандар көп болуп, анын баары кайдан, кимден келгенин көрүп тургам. Мисалы, бирөө адвокаты аркылуу прокуратурага арыз жазган. Же болбосо арыздар Владимир Осечкинден келчү. Же анын каналындагы материалдар боюнча Тергөө комитети жана прокуратура текшерүү жүргүзө баштаганда кайрадан ошол арыздар бизди басып калчу.

Ушунчалык кызыктуу көз ирмем экенин түшүнөсүң. Владимир Осечкин кандайдыр бир жабыр тарткан адамдардын көрсөтмөлөрүн камтыган, ашкерелеген видеолорду чыгарат. Алар ОТБ-1де сабалганын же зордукталганын айтып беришет.

Тергөө комитети, балким, иш козгойт, көзөмөл боюнча прокуратура дагы активдешиши ыктымал. Анан алар - тергөө жана көзөмөл органдары - эмне кылат. Алар ОТБ-1ге төмөнкүдөй өтүнмөлөрдү жөнөтүшөт: “Мындай, мындай, мындай суроолор боюнча түшүндүрмө берип коёсуңарбы”.

Алар өздөрү эч нерсени иликтешпейт. Алар көрсөтмөлөрдү текшерүү үчүн жерине барышпайт. Алар жабырлануучулар айткан факттардын чындыгын изилдөө үчүн барышпайт. Башкача айтканда, кайсы палата болгонун, кандай шарттарда болгонун, ким кылганын иликтешпейт.

Ошол соттолгондорду суракка алуу, тиги кызматкерден, бул кызматкерден ушундай-ушундай суроолор боюнча түшүндүрмө берсин деп кат жолдоп коюшат.

Би-Би-Си: Сен ошол видеолорду өчүрүшүң керек болчу, сен өчүрбөй эле архивге сактай бердиң. Анын баарын колониядан сыртка алып чыгып кетем деп ойлодуң. Орусиядагы колониялардын тарыхында сен муну ишке ашырган жападан жалгыз адамсың. Ал жерде эмне болгонун көрдүң, сага эмне болушун билгенсиң. Ошондой болсо да сен күч топтоп, эрдик менен аны ишке ашырдың. Кантип кылдың?

С.С.: Мен эркиндикке чыкканга чейин билинип калса, балким, мени коё беришмек эмес. Жакшылап жашыргам.

Күчтү кайдан алдым? Билбейм. Аны ишке ашыруу үчүн мага кандайдыр бир бөтөнчө күч керектелди деп деле айтмак эмесмин. Оюмча, ал бир убакта эле келе калды. Эң негизгиси кандайдыр бир план керек болчу. Айталы, өзүмдү кадимкидей алып жүрүп, билдирбешим керек дегендей.

Бирок мен акыркы жылдары аябай кыжырым тез кайнап, аябай эмоционалдуу болуп кеткеним үчүн, эгерде бир аз кыжырдансам деле эч ким ага өзгөчө көңүл бурмак эмес. Ишим ошондой нерв иштете турган болчу (күлүп).

Би-Би-Си: Сен өзү план түзүп, анан ошол план менен иштеген адамсыңбы?

С.С.: Чынын айтсам, пландоо боюнча жакшы эле окшойм. Эгерде кийин эмне болорун билбесем, өзүмдү аябай ыңгайсыз сезем. Ошондуктан акыркы апталарда эч кандай планым жоктугунан, мени эмне күтүп турганын билбегендиктен өтө стресс болдум. Кийинки аптаны айтпай эле коёлу, эртең эмне болорун билбей калдым.

Планым болсо, өзүмдү ыңгайлуу сезем. Кийинки баскычта эмне кылам, андан соңку кадамым кандай болорун билем. Анан өзүм түзгөн багыт менен иштей берем. Бул менин комфорттуу аймагым.

Би-Би-Си: Колониядагы видеолорду көргөндө, сага да ошондой кылат деп коркподуңбу?

С.С.: Кооптонуулар бар болчу. Эгерде жетиштүү деңгээлде этият, сак болбосом, алды-артымды ойлонуштурбасам, ал нерсе менин деле башыма түшмөк. Негизгиси ошол эрежелерди бузбаш керек эле.

Би-Би-Си: Сен планыңа аябай ишендиң беле, себеби башкача деле болуп кетиши мүмкүн эле. Андан корккон жоксуңбу?

С.С.: Коркуу деле болгон жок, себеби баарын ар тараптан ойлонуштуруп койгонсуң, анын баары кандай иштерин жакшы билесиң...

Албетте, күтүлбөгөн учурлар болгон, стресс абалдар жаралган. Бир жолу Тергөө комитетинен, прокуратурадан 15тен ашуун киши келген. Алар келип эле, камактагылардан сурай башташты. Бул Владимирдин материалдарынан кийин болгон.

Би-Би-Си: Ал материал сени менен байланыштуу болгон эмес.

С.С.: Албетте, жок. Мен эркинен ажыратылгандар менен болгом. Ошол эле учурда “бул кандай киши, өзүнчө отуруп алып бир нерсе чыгарып койсо эле, алар кечинде, Москвадан, башкармалыктан, прокуратурадан келип алышты?” деп ойлодум. Ал эмне деди эле, ушунчалык тездик менен булар реакция кылып жатышат? Балким, ошондо мен ал киши баарын ордунан козгой аларын, саздын баарын чайпай аларын түшүндүм окшойт.

Би-Би-Си: Бирок ал учур сен үчүн кооптуу болчу да? Алар баарын текшериштиби?

С.С.: Алар баарын толугу менен, компьютерлерди текшерип чыгышты. Алар өзүнүн үйүндө жүргөндөй жүрүштү. Аябай стресс болгон учур эле. Бирок, ушундай текшерүү болуп калышы мүмкүн деп ага да кам көрүп койгон болчумун. Айтпадымбы: негизгиси - баарын жакшылап жашырып коюу. Жөн эле пакетке ороп, жерге көмүп, үстүнө таш коюп койгондой эмес. Эч ким маани бербеши үчүн анын үстүнө дарак дагы өстүрүп коюш керек эле. Баары ушундай көп катмарлуу деңгээлге чейин ойлонулган эле. Ошондуктан мен кооптонгон да эмесмин.

Би-Би-Си: Маалымат алып жүрүүчүнүн (дисктин) көлөмү канча болчу?

С.С.: Салыштырмалуу чоң эле болгон. Алакандай.

Би-Би-Си: Чыгып баратканда төрт текшерүүдөн өттүң да?

С.С.: Ооба.

Би-Би-Си: Ушунча жыл камера менен иштегениң дискти кантип жашырууга жардам бердиби?

С.С.: Баары эле ишениш кыйын, мүмкүн эмес деп айтышат. Анын кантип иштерин билсең, адамдарды билсең, тигил же бул учурда алардан эмне күтсө болорун билсең, мунун баары мүмкүн эле. Башкача айтканда, анын баарын мен ойлонуштуруп, ушул вариант иштейт деп бир чечимге келгенге чейин бир эмес, көп жолу кайталап көргөм. Ошентип ишке ашты.

Би-Би-Си: Азыр бир нече кылмыш иши козголду, кармалгандар бар. Бирок ал ЖАФКнын кызматкерлери эмес. Сенин оюңча идеалдуусу кандай болушу керек эле?

С.С.: Бир нече кылмыш иши, кандайдыр бир кызматтан алуулар, кадрдык алмаштыруулар - негизи ал жакта болуп жаткандардын жаныда майда-барат нерселер. Биринчи кезекте адамдардын - жок эле дегенде жабыр тарткандардын - сүйлөп чыгышын каалар элем. Азыр тергөөгө түшүп калган адамдар эмне кылганын, эмне үчүн кылганын, эмне билерин айта баштаса, жаман болмок эмес. Соттолгондордун ордунда аткаруучулар гана эмес, буйрук бергендер, уюштуруучулар отурса. Ошондо мен кандайдыр бир канааттанып калмакмын.

Би-Би-Си: Сенин оюңча, кыйнаган, башкаларды кордогон “активдер” кимдер? 

С.С.: Түшүнүш кыйын. Ачык эле сүйлөшөлү, түрмөдө тагдыры, психикасы бузулбаган дээрлик эч ким жок. Ал жер адамдардын жан дүйнөсүн бузат. Ошондуктан кандайча ушундай болуп калды, билбейм. Азыр эми эмне кылыш керек? Оюмча, эң маанилүүсү, ушул.

Би-Би-Си: Болбосочу?

С.С.: Көрөбүз да. Билбейм.

Би-Би-Си: Сен бир колонияда отуруп чыктың, бирок сенин оюңча, көргөндөрүң башка колонияларда да кеңири тараган болушу мүмкүнбү? Же 1-2 колонияда эле ошондойбу?

С.С.: Мындай бардык жерде бар деп ойлойм. Ар кайсы облустардагы ушундай мекемелерде болгондор жөнүндө да көп жолу укпадыкпы. Балким, ал жактан дагы бир нерсе көрүп каларбыз. Балким, бул башка адамдарга дагы түрткү берер. Балким, кимдир бирөө ушундай маалыматтарга ээдир. Мына ушул резонанс башкаларга дагы көптөн бери жасай албай келаткан ишин аткарууга өбөлгө түзөр.

Би-Би-Си: Сен алар үчүн үлгү болуп калгың келеби?

С.С.: Ооба, албетте. Алар [менин мисалымды] жолдошот..

Би-Би-Си: Азыр адамдарга ишениш сага оорбу?

С.С.: Ишеничпи? Жок… Мага бир нерсе айтышса, же бир нерсени көрсөм, мен аны ар дайым текшерип көргүм келет, анда кандайдыр бир тузак барбы деп издеп көрөм. Кандайдыр бир жөнөкөй эле суроо: Бул аларга эмне үчүн кызык болушу мүмкүн? Бул жөнөкөй эмес. Туура. Профдеформация деген термин бар. Мисалы, тергөөчүлөр үйдө өздөрүн жумуштагыдай алып жүрө баштаса, күмөн пайда болот.

А түрмөдө ар дайым сак жана этият болушуң керек. Тактап айтканда, кимдир бирөө сага бир суроо бергенде, сен уккан нерсени эмес, башка нерсени айткысы келген болушу ыктымал. Кандай жооп бергениңе карап, сөздөрүңдү бурмалай баштайт. Ошондуктан мындай шектенүү - бул коргоочу механизм.

Би-Би-Си: Башыңдан өткөн окуялар травма берген тажрыйба болуп калдыбы? Аны менен күрөшүү сага оорбу? Ал травма эмнеге таасир этет?

С.С.: Баарына. Ал мени өзгөрттү. Айланамдагы адамдарга, мени курчап турган дүйнөгө көз карашым өзгөрдү. Ал баарын өзгөртүп салды. Мурдагыдай бойдон калган эч нерсе деле калган жок. (EA)