You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
А.Дубнов: ШКУ жыйыны менен чек ара жаңжалынын бир учурда болгону кокусунан дал келүү эмес
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитине катарлаш болгону турдүү талкууларга жем таштады.
Би-Би-Си Борбор Азия боюнча орусиялык аналитик Аркадий Дубновго кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылушуу ШКУнун саммити өтүп жатканда болгону кокусунан эле дал келүүбү деп сурады
Аркадий Дубнов: Жок, бул жөнөкөй эле дал келүү эмес. Буга ар кандай түшүндүрмөлөр болушу мүмкүн. Бирок алардын баары конспирология мүнөзүндө болот. Анткени чек арада так ким буйруктарды берип жатканын эч ким айта албайт. Бирок жалпысынан эки лидердин ордунда болбогону - Бишкек жана Дүйшөмбүдө - өлкө башчылар чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканын билдирет. Же болбосо тескерисинче бул окуялар алардын эрки жана буйруктарынан көз каранды эмес болуп жатканын атайылап көрсөткүсү келет. Ал жерде өз алдынча да чыңалуулар болуп турат, жергиликтүү эл кайсы бир жагдайга нааразы болот: талаштуу тилкелерде курулуш иштери болобу, же делимитация болбогон аймакта мал кайтаруубу, айтор, буга чейин эле болуп келген. Менимче быйыл кыргыз-тажик чек арасында беш жолу чыңалуу болгон: январь, март, апрель, июнь - демек бул нерсени жоюу үчүн саясий эрк жетишсиз.
Менимче кырдаалдын туруктуу болбоосуна кызыкдар болгон жергиликтүү төбөлдөр бул кырдаалды курчутуп жаткан болушу мүмкүн. Буга ар кандай себептер болушу мүмкүн: аткезчилик операцияларын жүргүзүүнү жеңилдетүү, же кайсы бир тараптардын кызыкчылыгында өтүп жаткан наркотрафик.
Башка болжол да бар: буга чейин бир нече ай бою айтылып келгендей, кандайдыр жол менен ислам радикалдарынын “инфильтрациясы” жүрүп жатышы мүмкүн. Тажикстан аркылуу Ооганстандан чыккандарды же Тажикстандын аймагында жүргөндөрдү. Анткени “инфильтрация” тажик тараптан гана болушун түшүнүп турабыз. Орусиялык күч органдарынын өкүлү билдиргендей, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик, террористтик топтун 600дөй согушкери Ооганстандын түндүк аймактарына жылган. Алар эмне максатта жылганы айтылган эмес, бирок биз муну түшүнүшүбүз керек. Кырдаалды ушундай сүрөттөмөкмүн.
Бирок эң өкүнүчтүүсү бул жолу оор курал-жарактар колдонулду дегенинде. Көбүнчө Тажикстан тараптан. Акыркы маалыматтар боюнча, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы мектепти ээлеп алганы айтылып жатат. Эртең менен болсо кыргыз чек арачылар “белгисиз сакалчан кара кийимчен кишилер” байкалганын кабарлашкан. Кандайдыр бир бүдөмүк, ырастоого кыйын болгон маалыматтар. Бул тынчсыздандырат.
Би-Би-Си: Аркадий Юрьевич, чек арадагы жаңжалган Орусиянын да тиешеси бар болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Бул боюнча пикириңиз кандай?
Аркадий Дубнов: Эч нерсе айта албаймын, билбеймин.
Би-Би-Си: Чек ара маселесин чечүүгө ортомчуларды аралаштырбоо керек дегендер менен катар эле керек дегендер да бар. Ортомчулук зарыл деп ойлойсузбу?
Аркадий Дубнов: Мындай мүмкүнчүлүк дайыма бар, бирок эки тараптын тең макулдугу керек. Биринчи кезекте тажик тарап буга макул болгонун көрө элекмин. Муну түшүнсө болот, анткени Тажикстандын лидери [Эмомали Рахмон] бул маселени чечүүгө дарамети жетпегендей таасир калтыргысы келбейт. Ал үч айдан кийин бийликте 30 жыл отурганын белгилейт, ал 1992-жылы ноябрда Хожентте киришкенине күбө болгонмун.
Би-Би-Си: Орус ЖМКлары бул кырдаалды кандай чагылдырып жатышат?
Аркадий Дубнов: Билбеймин, мен орус ЖМКларына анча ишенбеймин, телевизор көрбөймүн. Жергиликтүү медиалар, Телеграм-каналдардан караймын. Орус ЖМКларын азыраак окуңуздар. Булгаковдун “Иттин жүрөгү” чыгармасында профессор Преображенский айткандай: “Эртең менен эле совет гезиттерин окубаңыздар”.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: