ЕБ Бучадан кийин Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырат

Алексей Калмыков | Би-би-си

Евробиримдик орус аскерлеринин чегингенден кийин аскердик кылмыш фактылары аныкталган Буча трагедиясынан соң Орусияга каршы санкцияларды күчөтөт. Бирок жаңы санкциялардын катаалдатылган долбоорунда Орусияга басымдын негизги рычагы болгон мунай жана газга карата тыюулар камтылган эмес.

Евробиримдик буга чейин төрт санкциялар пакетин киргизген жана дем алыш күндөрү бешинчисин макулдашканы жаткан. Бирок ишембиге караган түнү Киевге жакын жердеги орус аскери басып алган Бучада мыкаачылык фактылары катталгандыктан, Евробиримдик тыныгуу алды.

Шейшемби күнү Еврокомиссия чектөөлөрдү күчөтүү планын жарыялады. Апта аягына чейин аларды 450 миллион калкы бар планетадагы эң ири саясий жана экономикалык биримдиктин бардык 27 өлкөсүнүн элчилери макулдашышы керек. Ошондон кийин гана санкциялардын бешинчи топтому күчүнө кирет.

Ага Кошмо Штаттар менен Улуу Британия кошулушу ыктымал, бирок алардын Орусия менен соодадагы үлүшү азыраак, киргизген санкциялары катаалыраак. Мисалы, АКШ буга чейин эле Орусиядан мунай менен газды импорттоого тыюу салган.

Европалык санкциялардын жаңы топтому Орусиядан импортко 10 миллиард евро жана Орусияга экспортко да дал ушунча суммага чектөөлөрдү камтыйт. Негизи бул санкциялардын кичинекей эле бөлүгү болуп саналат, себеби согушка чейин ЕБ менен Россиянын ортосундагы товар соодасы жылына 250 миллиард евродон ашкан: ЕБ 160 миллиардга сатып алып, дээрлик 100 миллиардга саткан.

ЕБ киргизе турчу санкциялардын бешинчи топтомуна эмнелер кирет:

  • Жылына 4 млрд еврого Орусиянын көмүрүн импорттоодон баш тартуу (учурдагы келишимди жокко чыгаруу үчүн 3 ай берилиши мүмкүн)
  • Жылына 5,5 миллиард еврого икра, спирт, жыгач, химиялык продукция жана башка товарларды импорттоодон баш тартуу
  • Россияга жылына 10 миллиард еврого газ, транспорт жана башка тармактар үчүн чиптерди, компьютерлерди жана жабдууларды экспорттоого тыюу салынды
  • Орус кемелери үчүн портторду жабуу (энергетика жана азык-түлүктөн тышкары)
  • Орусия жана Белорусиянын жүк ташуучу унаалары үчүн чек араны жабуу
  • ВТБга жана буга чейин SWIFTден ажыратылган башка үч банкка каршы санкциялар (жалпысынан жети банк ажыратылган, алардын төртөө мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт - ВТБ, ВЭБ, Открытие жана Промсвязбанк, ал эми үчөө мамлекеттик эмес - Россия Банкы, Совкомбанк жана Новикомбанк).
  • Санкциялык тизмеге бир катар адамдарды киргизүү.

"Бул баары эмес. Биз кошумча санкциялардын, анын ичинде мунай импортунун үстүндө иштеп жатабыз жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин сунуштарын, анын ичинде Орусиянын энергетикалык ресурстарына салык салуу жана алар үчүн төлөмдүн бир бөлүгүн атайын эсептерге которууну карап жатабыз", - деди шейшемби күнү Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен.

ЕБ бардык газдын дээрлик 40%ын жана мунай өнүмдөрүнүн 60%га жакынын Орусиядан сатып алат. Аларды бир күндө алмаштыруу мүмкүн эмес, ошондуктан эмбарго кийинкиге жылдырылууда.

Орусиядан Европа импортунун 160 миллиард евросунун үчтөн экиси энергетикалык өнүмдөр болуп саналат. Өткөн жылы дээрлик 100 миллиард евро болгон. Ал эми азыр баалар көп эсе кымбаттаганда Орусия Евробиримдикке мунай жана газ жеткирүүдөн күнүнө 650 миллион евродон ашык киреше алып жатат.

Европа Орусиядан мунай, мунай өнүмдөрдү жана газ импортунан кантип баш тартууга болоорун дагы эле ойлонуп, даярдап жана талашып жатат. Кээ бир өлкөлөр өз алдынча баш тартышса, башкалары Евробиримдиктин блок деңгээлинде координациялоосун жана эмбаргону компенсациялоосун күтүп жатышат.

Фон дер Ляйен белгилеген сунуштар арасында орусиялык энергия ташуучулар үчүн төлөмдүн 40 пайыздык жыйымы жана согуштан кийин Украинаны реконструкциялоо үчүн төлөнө турган атайын эсептерге төлөмдөрдүн бир бөлүгүн чегерүү кирет.

Маселенин баасы критикалык эмес, татаал жана саясий эркти талап кылат. Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн калкын Европанын чыгыш чек арасындагы согушту токтотуу үчүн белдерин бекем бууганга көндүрүү керек болот.

Евробиримдиктин экинчи ири державасынын өкмөтүнө кеңеш берген француз аналитикалык борборунун Conseil d'Analyse Economique айтымында, орус мунайынан жана газынан толук баш тартуудан Франциянын экономикасы 0,3%, Германия 3% жоготот, ал эми Россиянын нефти өнүмдөрүнөн эң көп көз каранды болгон Литва, Болгария, Словакия, Финляндия жана Чехия 5% жоготот.

Ковид учурунда мындан да көп жоготуулар болгон. 2020-жылы эле Европа экономикасы 6%га төмөндөдү. (MD)