You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Турак-жай көйгөйү: Батир баасынын өсүүсүнө түрткү болгон себептер
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку жылдары Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан батирлердин баасы кескин жогорулады. Башкасын айтпаганда эконом-класс деп саналган батирлер дагы жеткиликтүү болбой жатканын айткандар арбын. Компаниялар мындай өсүштү курулуш материалдарынын баасынын көтөрүлүшү, инфляция маселеси менен байланыштырууда.
30 пайызга жогорулады
Бишкектеги курулуш компанияларынын бири билдиргендей, соңку эки жылда батирлерге болгон баа орто эсеп менен 30 пайызга жогорулады. Курулуш ишканалары бул өсүштү экономикалык абал жана курулуш материалдарынын кымбатташы менен түшүндүрүүдө.
"Соңку жылдары батирлердин баасы кыйла өстү. Учурда дээрлик бардык курулуш материалдары кымбаттады. Биз ошол бааларга түз байланганбыз. Маселен, Орусиядан келген арматуранын мурдагы жана азыркы баасын салыштырууга болбойт, айырма чоң. Арматура курулуштагы эң негизги элементтердин бири болуп саналат. Андан тышкары жумушчу күчүнүн жетишсиздиги да өз таасирин тийгизүүдө. Бул факторлор биригип келип, жалпы курулуш наркына түздөн-түз таасир берип жатат",- деди курулуш компанияларынын биринин коммерциялык директору Мээрим Абдыраева.
Ал иштеген компанияда үч жыл мурун ремонту жок батирлердин бир чарчы метри 650-700 доллардан сатылып келген. Учурда ошол эле батирлер ремонту менен бир чарчы метринин баасы 1000 доллардан сатылууда.
Айтымында, курулуш компанияларынын саны көп болгонуна карабастан, Бишкекте батирге болгон суроо-талап дале жогору бойдон калууда.
"Турак-жайга ээ болуу коомдогу курч маселелердин бири. Маселен, жылда канчалаган бүтүрүүчүлөр борборго келип, жашоосун бул жактан баштоого аракет кылып жатат. Ички миграция күч. Ар бир адам өз алдынча батирге ээ болууну каалайт. Мындан улам салынып жаткан турак-жайлардын саны бул суроо талапка толук жооп бере албай жатат. Үч жыл мурун шаарда 300дөн ашуун курулуш компаниясы бар болчу. Бирок соңку бир жыл ичинде көптөгөн ишканалар атаандаштыкка туруштук бере албай, ишмердүүлүгүн токтотту",- деди ал.
Мээрим Абдыраева айрым компаниялар көбүрөөк киреше табуу максатында премиум-класстагы турак-жайларды курууга артыкчылык берип жатканын белгилеп, бул дагы көпчүлүк жарандар үчүн батирлердин жеткиликтүү болбой жатканынын бирден бир себеби экенин кошумчалады.
"Себеби премиум-класстагы үйлөрдөн көбүрөөк пайда түшөт. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү орто жашагандар болгондуктан эконом-класстагы турак-жайларга суроо-талап жогору",- деп кошумчалады Абдыраева.
Географиялык шарттар
Экономист Нургүл Акимова батирлердин баасынын жогорулашына алып келген негизги үч себепти атады.
Айтымында, биринчи себеп инфляциянын өсүшү. Коронавирус пандемиясы учурунда кыргыз сому наркын жоготуп, ошол учурдан бери карай Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 157 пайызга жетти деп кошумчалды экономист.
"Бул өз кезегинде импорттук товарлардын, анын ичинде курулуш материалдарынын дагы кымбатташына алып келди. Мындан улам курулуш чыгымдары көбөйүп, батир баасы дагы жогорулап кетти",- деди ал.
Акимова демографиялык жагдайды дагы баанын өсүп жатканынын негизги себеби катары атады.
"Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келип жаткан студенттердин санынын көбөйүшү баанын өсүүсүнө таасир берип жатат. Бизде фондулук биржа сыяктуу инвестициялык инстурменттер жакшы өнүккөн эмес. Ошондуктан каражаты бар адамдардын көбү инвестицияны кыймылсыз мүлккө салууну туура көрөт. Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандар тапкан акчасын көбүнчө кыймылсыз мүлккө жумшашат. Бул көрүнүш батирлерге болгон суроо-талапты күчөтүп, баанын өсүшүнө дагы өбөлгө болууда",- деди Акимова.
Экономист көп кабаттуу турак-жайларды курууда алардын баасына климаттык жана географиялык шарттар чоң таасир этерин белгиледи.
"Мисалы, Бишкек менен Алматыда турак-жайлардын баасы окшош. Бул эки шаар тең тоолуу аймакта жайгашкан. Ал эми Астана же Стамбул сыяктуу шаарларда батирлердин баасы салыштырмалуу төмөн болушу мүмкүн. Анткени тоолуу аймактарда курулуш жүргүзүүдө сейсмикалык туруктуулукка өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Ушундан улам инфляция же калктын миграциясы болбосо дагы, тоолуу мамлекеттерде үй куруу ар дайым кымбатка түшөт",- деди ал.
Акимова Кыргызстандын калкынын үчтөн бири жакырчылыкта жашап жатканын эске салып, мындай шартта жарандарды турак-жай менен камсыз кылууда мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөр жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатканын баса белгиледи.
"Азыркы учурда көптөгөн курулуш компаниялары негизинен премиум жана бизнес класстагы турак-жайларга басым жасап жатат. Бирок элдин басымдуу бөлүгүндө мындай үйлөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан мамлекеттик ипотекалык компания эконом-класстагы үйлөрдү куруп, элге жеткиликтүү баада сунуштап жатат. Бул жарандарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө",- деди ал.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргызстанда "Жеткиликтүү турак-жай" мамлекеттик программасы ишке киргизилген. Аталган программа калкты, өзгөчө бюджеттик мекемелерде эмгектенген жарандарды жеткиликтүү шартта ипотекалык насыя менен камсыздоого жана эконом-класстагы турак- жайларды курууга багытталган.
Программаны ишке ашыруу үчүн ошол эле жылы Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Алгачкы насыялар жылдык 12–14 пайыз үстөк менен берилсе, кийинчерээк бул көрсөткүч 6–8 пайызга чейин төмөндөгөн.
Учурда программа аркылуу мамлекеттик кызматкерлер 4 пайыз жылдык үстөк менен 25 жылга чейин ипотекалык насыя алса болот. Жеке сектордо иштеген жарандарга 8 пайыз үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө насыя берилет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдан 2023-жылга чейин курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин саны.
2019 – 3882
2020 – 2978
2021 – 3823
2022 – 4747
2023 – 7296
Андан тышкары, бир чарчы метр турак-жайдын курулушунун орточо өздүк наркы төмөнкүдөй деп бааланган.
2019 – 21082 сом
2020 – 20107 сом
2021 – 20552 сом
2022 – 23006 сом
2023 – 29488 сом