"Арктикалык сакчы" - Гренландия боюнча талаштан кийинки НАТОнун Трампка жообубу?

Сүрөттүн булагы, Sean Gallup/Getty Images
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-би-си Орус кызматынын аскердик серепчиси
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
НАТОнун "Арктикалык сакчы" демилгеси тууралуу альянстын башкы катчысы Марк Рютте өткөн аптада салтанаттуу түрдө жарыялады. Бул демилге АКШ менен Европанын ортосундагы Гренландияга байланыштуу мамиле сууп жатканда пайда болду. Рютте демилгенин чоо-жайын ачыктаган жок.
Бирок НАТОнун өкүлдөрүнүн бейрасмий комментарийлеринен улам "АКШ Гренландияны көзөмөлдөө менен өз коопсуздугун камсыздайт" деген принциптин ордуна Вашингтонго жаңы - "НАТО бардык мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын коопсуздугун бүт Арктика боюнча, анын ичинде Гренландияда коопсуздукту камсыздайт" деген принцип сунушталган сыяктуу.
Ушундай жол менен НАТО жана ага кирген Европа өлкөлөрү Дональд Трамптын администрациясынын тышкы саясатынын эки тезисине - европалыктар коопсуздук боюнча көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек жана АКШ Гренландиясыз өзүн коопсуз сезе албайт дегенине жооп берип жатат.
"Арктикалык сакчы" демилгеси башталганын Марк Рютте Брюсселде өткөн НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда жарыялады. Пентагондун башчысы Пит Хегсет жыйынга келген жок.
Вашингтон бул демилгеге азырынча реакция жасай элек. Бирок анын артында, кыязы, америкалык аскерлер да турат, себеби АКШ альянстын лидер мүчөсү болуп келген жана ал макамында кала берет.
Өзүнүн азыркы президенттик мөөнөтүндө Дональд Трамп Гренландия АКШнын курамына кириши керек деген ойду 2025-жылдын башында эле айткан. Бирок 2026-жылдын январында бул маселе трансатлантикалык олуттуу саясий кризиске алып келди.
6-январда Ак үйдүн басма сөз кызматы "президент жана анын командасы бул маанилүү тышкы саясий максатка жетүүнүн бир катар жолдорун талкуулап жатат, жана албетте, башкы командачы карай ала турган варианттардын бири катары АКШнын куралдуу күчтөрүн колдонуу бар" деп билдирген.

Сүрөттүн булагы, Dursun Aydemir/Anadolu via Getty Images
Бул АКШнын НАТОдогу союздаштары болгон Европа өлкөлөрүнүн нааразылыгын жаратты. Кийинчерээк АКШ президенти өз позициясын жумшартып, Дания, европалык союздаштар жана Канада менен сүйлөшүүлөрдөн кийин келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.
Трамптын айтымында, Гренландия АКШга Орусия менен Кытайдын Арктикадагы өсүп жаткан активдүүлүгүнүн фонунда Американын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.
"Арктикалык сакчы" да Орусия менен Кытайга каршы багытталган жана азырынча анын эң түшүнүктүү жагы ушул болуп жатат.
Бул демилге коргоо министрлеринин конференциясында кеңири талкууланды, бирок ал дагы деле көп суроолорду жаратууда. Би-Би-Синин Орус кызматы аларга жооп табууга аракет кылды.
"Арктикалык сакчы" деген эмне?
Бул суроого так жооп расмий билдирүүлөрдө да, НАТОнун өкүлдөрүнүн бейрасмий комментарийлеринде да айтылган жок.
"Сакчыны" "ыкма", "демилге" деп атап жатышат, бирок ага карата "операция" деген сөз колдонулган жок. Бул анын маңызынын бир аз бүдөмүктүгүн чагылдырат.
"Башында ал [ред.: "Арктикалык сакчы" тууралуу сөз болуп жатат] Даниянын "Арктикалык чыдамкайлык" жана Норвегиянын "Муздак жооп" сыяктуу машыгууларын бириктирет. Аларга он миңдеген адамдар катышып, арктикалык шарттарда натыйжалуу иштөөгө ылайыкталган техника колдонулат. Бул биздин баарыбыз Арктикадагы коопсуздукка жана жалпы альянстын коопсуздугуна биргелешип салым кошууга даяр экенибизди айкын көрсөтөт", - деди НАТОнун баш катчысы Марк Рютте штаб-квартирада коргоо министрлеринин конференциясынын алдында сүйлөп жатып.

Бул көптөгөн комментаторлордун буга чейинки эле машыгууларды формалдуу түрдө "кайрадан атоо" деп айтууларына негиз берди.
Рютте буга караманча каршы, анын айтымында, мында башкы айырма машыгуу бирдиктүү командачылыкта (демилгени НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн башкы командачысы жетектейт) жана бирдиктүү маалымат мейкиндигинде, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуу менен өтөт.
Ошол эле учурда эч ким "Арктикалык сакчыны" жаңы түзүм катары атаган жок, ага белгилүү бир күчтөр тартылып же каражаттар бөлүнөт деген маалымат жок.
Машыгуунун убактысы чектелген эмес. Бирок анын максаттары жана милдеттери коомчулукка ачык айтылбагандыктан, ал кайсы жыйынтыкка жеткенде аяктай турганын да айтуу кыйын.
"Арктикалык сакчы" эмне үчүн керек?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
НАТОдо жаңы демилге тууралуу сөз кылганда, альянс буга чейин ишке ашырып келе жаткан "Балтикалык сакчы" жана "Чыгыш сакчысы" деген эки операция эске келет.
Биринчиси - 2025-жылдын январында Балтика деңизинин түбүндөгү кабелдерди коргоо максатында башталган, ал эми экинчиси - сентябрда бир нече орус дрондору Польшанын аймагына кулагандан кийин орун алды.
НАТО белгилегендей, Балтикадагы операция башталгандан бери кабелдердин бузулушу катталган жок. Альянс өлкөлөрүнө ири дрондук чабуулдар да соңку кезде катталбады. Демек, бул операцияларды натыйжалуу деп эсептөөгө болот.
Бирок конкреттүү окуялардан улам башталган бул эки кампаниядан айырмаланып, "Арктикалык сакчынын" башталышынын так себептери жок болууда.
НАТОнун расмий сайтындагы "Арктикалык сакчы" баракчасында демилгенин башталышына Орусиянын аймактагы аскерий активдүүлүгү, Кытайдын түндүк амбицияларынын өсүшү жана Орусия менен Кытайдын кызматташуусу түрткү болгону айтылат. Бул үч фактор Арктикада көп жылдан бери бар.
Орусия Арктикадагы эң узун жээкке ээ. Түндүк Муз океанындагы орус аралдарында соңку он жылдыктарда "Арктикалык үч жалбырак", "Түндүк беде", "Полярдык жылдыз" сыяктуу ири аскер базалары курулду.
Совет доорунан бери аймакта стратегиялык суу астындагы кайыктары бар Түндүк флоту жайгашкан. Орусия Арктикадагы аскерий объекттерин активдүү өнүктүрүп, аэродромдорду, радарларды жана навигациялык станцияларды куруп, калыбына келтирип жатат.
Орусия Арктикада "Буревестник" канаттуу ракетасы жана "Посейдон" торпедасы сыяктуу жаңы стратегиялык куралдарды иштеп чыгып, сыноодон өткөрүүдө. Совет доорунан бери орус атомдук суу астындагы кайыктары Баренц жана Норвегия деңиздери аркылуу Атлантикага нөөмөткө чыгып турушат.
Ошол эле учурда Орусия Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү жана шельфиндеги кен байлыктарды иштетүү сыяктуу экономикалык долбоорлорду да ишке ашырууда.
Кытай тараптан кандай коркунуч бар экенин айтуу кыйыныраак. Кытай Арктикага чындап кызыгуусун билдирип, өзүн "Арктикага жакын мамлекет" деп атаган жана муз жаргыч кемелерди куруп жатат. Бирок Бээжин бул кызыгуусун экономикалык жана илимий себептер менен гана түшүндүрөт.
НАТОнун жогорку даражалуу өкүлү Би-би-сиге берген комментарийинде Кытайдын аймакка болгон жогорку кызыгуусунун өзү эле алдын ала аракеттенүү үчүн жетиштүү себеп экенин айткан.
"Мындан тышкары, бул активдүүлүктү толугу менен тынчтык мүнөздө деп айтууга болбойт", — деп белгиледи маектеш. Кытай кандай маалыматка кызыгып, аны кандай максатта чогултуп жатканы белгисиз.
НАТО Арктикада Орусия менен Кытайды кантип ооздуктоону пландап жатканы азырынча жарыялана элек.
Аймакта активдүүлүк кайсы жерде болот?
Бул маанилүү суроо, себеби ал мурунку суроого, тактап айтканда, эмнени ооздуктоо керектигине жооп бере алат.
"Арктиканын көп жерлеринде, мисалы Аляскада, орус жана кытай кемелери жана учактары Алясканын өзгөчө экономикалык аймагына жана абадан коргонуу идентификациялык зонасына кирип келишет", - деди Би-Би-Сиге НАТОнун өкүлдөрүнүн бири.
Экинчи маанилүү аймак - Фарер-Исландия чеги - Гренландиядан Исландия жана Фарер аралдары аркылуу Шотландиянын түндүк учуна чейинки сызык. Бул - Атлантикага нөөмөткө чыккан орус суу астындагы кайыктары кесип өтө турган сызык.

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
Кансыз согуш мезгилинен бери мында сенсорлор жана жабдуулар орнотулуп, алар субмариналарды көзөмөлдөп келет.
НАТОнун дагы бир өкүлү бул чек чындыгында абдан маанилүү экенин белгиледи. Өткөн аптада ал жерде альянска кирген өлкөлөрдүн суу астындагы кайыктарга каршы "Арктикалык дельфин" (Arctic Dolphin) аттуу машыгуулары өттү.
Гренландия "Арктикалык сакчы" демилгесине өзгөчө ролдо кошулабы, аны менен ким жана кантип иш алып барат — азырынча белгисиз.
Альянстын өкүлдөрү адатта бул демилге бүт Арктика аймагына тиешелүү экенин, ага НАТОго мүчө бардык өлкөлөр катышарын айтышат. Ошондуктан айрым мамлекеттердин өзгөчө макамы же катышуусу тууралуу азырынча сөз кылуу эрте.
"Жогорку кеңдиктер" эми "төмөн чыңалуу" эмес
НАТО конкреттүү аскерий пландарын бөлүшпөгөнү менен, Британия Арктикадагы аскерий активдүүлүгүн күчөтөрүн жарыялады.
2026-жылы Түндүк Атлантикага жана Арктикага "Принс оф Уэльс" (Prince of Wales) аскердик кемеси башында турган авианосецтик сокку тобу жөнөтүлөт. Бул Королдук деңиз флотунун Түндүк деңизинде туруктуу болушун камсыздайт. Аскердик кемеге америкалык истребителдер да жайгаштырылат.
Топ негизинен Фарер-Исландия чегинде иш алып барат, бирок муну менен гана чектелбейт.
"Жайгаштыруу учурунда топ АКШ, Канада жана түндүк европалык союздаштардын жээктериндеги ири машыгууларга катышат", - деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, жакынкы үч жылда Британия Норвегияда жайгашкан аскерлеринин санын эки эсеге көбөйтүп, 2000 кишиге жеткирет.
Дания өткөн аптада арктикалык аймакка төрт F-35 истребителин жөнөтөрүн жарыялады.
Маалымат алмашуу жана бирдиктүү штабдан тышкары, "Арктикалык сакчы" демилгеси башка өлкөлөрдүн ал жердеги аскерлеринин санынын өсүшүнө да шарт түзүшү мүмкүн.
"Мурда НАТОдо 'Түндүк кеңдиктер — төмөн чыңалуу' [high north, low tension] деген принцип бар эле. Ошондуктан Арктиканы аскерлештирбеш үчүн атайын аракеттер жасалчу. Бирок эми ал доор өттү окшойт", - деди НАТОнун штаб-квартирасындагы жогорку даражалуу офицер Би-Би-Сиге.
































