Кыргызстанда инвестор чыгарган автоунаалар каякка сатылат?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Москва районунун Ак-Суу айылындагы жеңил автоунаа чыгара турган биринчи заводдун курулушуна барган Министрлер кабинетинин төрагасы бул инвесторго бардык колдоосун убалда кылды. Чет элдик инвестор чыгарат деп жаткан автоунаалар Кыргызстанда өтүмдүү болобу жана керектүү деңгээлдеги рынок барбы?
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ак-Суу айылындагы женил автомобилдерди курап чыгарган заводдун курулушу менен таанышкан учурунда аларга ар кандай колдоо болорун убада кылды. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторду колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды

Сүрөттүн булагы, gov.kg
«Алтын Тулпар Унаа Курулуш» заводу курулуп бүткөндөн кийин Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгармакчы.
Өкмөттүн кабарына караганда, алгачкы этапта завод жылына 10 миң автоунаа чыгара алат. Ишканада бир миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.
Ырас, инвестор өзү деле завод курардан мурда рынокту изилдеп көрүп анан иш баштаган болуш керек. Ошентсе деле чет элдик мурда колдонуудагы арзан автоунаалар жайнап турган учурда, жаңысы сырттан көп ташылып келип жатканда, өлкөнүн өзүндө инвестор чыгарган жаңы автоунаа өтүмдүү болуш үчүн сапаты жана баасы жагынан алармандын талабына жооп бериши керек.
Экинчиден, региондогу рыноктун дагы өзгөчөлүгүн эске алыш керек. Анткени, Кыргызстан чакан өлкө, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн калкы жагынан эң акыркы орунда. Анын автопродукциясына коңшу өлкөлөр рыногун ача коет деген ишеним жок. Дал ушул себептүү 90-жылдардын башында кыргыз бийлиги Түштүк Кореядан келген инвестордун “Дайва” машинелерин биргелешип чыгаруу жөнүндө сунушунан баш тартып, чоң инвесторду Өзбекстанга “качырып”жиберген эле. Азыр кырдаал башкача болуп калдыбы?
"Пайдалуу кызматташтык"
Ак-Суудагы автозавод Шавкат Мирзиеёвдин бир жыл мурда Бишкекке болгон расмий сапарында кол коюлган келишимдин негизинде курулууда. Бул инвестициялык долбоорду Өзбекстандын автоөнөр жай ишканаларын координациялап башкарган "Узавтосаноат" холдинг компаниясы жана Кыргызстандын "ДТ Техник" жана "Нур" жеке менчик компаниялары ишке ашырууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Узавтосаноат» холдингинин өкүлдөрү Кыргызстанда өндүрүштү кеңейтүүгө жакшы рынок катары карап жатышат, анткени автоунаа чогултуу бул жакта арзанга түшөт. Анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автотранспорттук коридору аркылуу автотетиктерди жана комплекттерди алып келгенге убакыт аз кетет.
Акылбек Жапаров өткөн жылы мартта Өзбекстанга жумушчу сапарында Анжиян облусундагы Асака шаарындагы улуттук автобренд «UzAuto Motors» заводуна барып көрүп, аны инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү деп мактаган.
«Келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», - деп белгилеген.
Эки өлкөнүн биргелешкен долбоору боюнча унаалардын 19 түрүн чыгаруу планы бар, анын ичинде микроавтобустар, пикаптар, седандар жана башкалар.
Биринчи этапта үч жылдын ичинде эле 10 миң автоунаа чыгаруу пландалууда.
Кыргыз-өзбек заводу Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарарын Жогорку Кеңештеги жыйында «ДТ Техник» ишканасынын директору Фархатжон Досматов билдирген болчу.
«Баштапкы этапта Chevrolet жана Isuzu коммерциялык техникасын чыгарабыз. Автоунаалардын наркы жеңил унаалар - $13 миң доллардан, жүк ташуучу — $28 миң доллардын айланасында болот",-деген.
Кыргыз-өзбек автозаводу Казакстан менен Өзбекстандагыдай болуп, салыктан бошотулган жатат. Аталган инвестициялык келишим Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан. ЖК депутаты Дастан Бекешов өткөң жылы эле Би-Би-Сиге автоунаа чыгара турган өнөр жай субъектилерин салыктан бошотуу жөнүндө салык кодексине өзгөртүүлөр кирип жатканын билдирген.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Кыргызстан "качырып" жиберген инвестор
Асака шаарындагы заводду түштүк кореялык инвесторлор 1994-жылы куруп баштап, 1996-жылы андан Damas унаасын чыгаруу башталган.
Учурда ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда.
Завод 2022-жылы 327 миң автоунаа чыгарса, 2023-жылы 400 миңге чейин автоунаа чыгаруу пландалып жатканын билдирген. Заводдо 11 миңден ашуун адам иштейт.
Айтмакчы, бул завод биринчи Кыргызстанда ачылып калышы мүмкүн эле. Анткени Түштүк Кореянын инвесторлору адегенде Бишкекке келишкени белгилүү. Бирок кыргыз бийликтери "шапка" сурай коюп качырып жиберишкен деген сөз тараган эле.
А чынында экс-президент Аскар Акаев Daewoo Motor менен биргелешип чыгарган автоунааларды сата турган рыногу жок болгондуктан, эрдин тиштеп, баш тартканын айткан жайы бар. Анткени, Кыргызстан ага чейин түштүк кореялык инвесторлор менен түстүү телевизор чыгарган биргелешкен завод ачып, чыгарган продукциясын эч кимге сата албай, завод банкрот болгон. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп", кыргыз бийликтери Сеулдан барган инвесторлордун сунушунан сыпайы баш тартканын экс-президент өзү айткан эле.
Ошондогу чечим канчалык туура болгону тууралуу азыркыга чейин талаш-талкуу токтой элек.
"Кыргыз тарап негизи баш тарткан эмес, -дейт авторынокту изилдеп көргөн эксперт Сейтек Качкынбай. - Корейлер өздөрү эле ойлонуп, бул жерде сата турган рынок жакшы эмес, кардарлардын кирешеси аз экен деген бүтүмгө келишкен. Мен деле канча жолу аракет кылып көрдүм "Хонданы", "Митсубисини" алып келейин Кыргызстанга деп. Алар бизге кызыкмак түгүл сүйлөшпөй койгон. Мен "шапка" берейин десең да келбейт. Ал эми Өзбекстанда 37 миллион калк болгон менен анын эли аябай кедей. Ташкенде жана чоң шаарларда гана бир ууч байлар бар. Анжиян, Фергана же Наманганга барсаңыз, карапайым эл бизден да жакыр жашайт. Ошондуктан ал жерде автоунаа сатыш ойдогудай боло бербейт. Жогорку класстагы 30 миң, 40 миң доллар турган машиналарды көп сата албайсың".
"Элде башка тандоо жок"

Сүрөттүн булагы, Uzauto
Ошол эле учурда Өзбекстанда Daewoo Motor монополист компания экенин эске алыш керек. Сырттан башка өндүрүштөгү автоунаа алып кирүүгө бажы салыгы абдан чоң.
"Элде башка тандоо жок. Бизге окшоп жаңы моделдерди Америкадан же Европадан алып келе албайт, аларга асмандын баасы болуп калат",-деп сөзүн улады Сейтек.
"Кыргызстанда он миң доллар турган эң жакшы машина ала турган болсоңуз, бул жерде аны 20 миң долларга сатып аласыз. Бажы салыгы абдан чоң, Эч кандай ылаажы жок. Экинчиден, ушунчалык көп машина чыкканы менен адамдар кезек күтүп кыйналып жатат. Үстүнө шапка берип атат, кезекте турушат. Азыр Өзбекстандын депутаттары азыр "Узавтопромду" монополист болуп алды, башка дагы заводдорду куруш керек, чет элден машина алып келишке уруксат бериш керек деп сындап жатышат",-дейт ташкендик журналист Төлөнбай.
Бир эле убакта Өзбекстандын өзүнөн чыккан автоунаалардын сапатына да элдин анча көңүлү толбой турганы көп сөз болуп келатат.
"Uz Daewoo" деле 90 жылдардын заманында калып кеткен эски моделдерди эле чыгарууда. Алар бат эле калдырап калган машиналар болуп атат. Беш жылдан кийин баасы 70-80% түшүп атат. Бул өзбек калкы үчүн аргасыздык эле болуп атат. Сырттан алып киргенге салык аябай чоң, жумуш ордун сактап калалы, жергиликтүү өндүрүш болсун деп пландуу экономика",-дейт Сейтек Качкынбай.
"Базар толуп калды"

Сүрөттүн булагы, AFP
Өзбекстандан келген инвестордун заводу чыгарган автоунаалар коңшу өлкөлдөгүдөй рынокто өтүмдүү болуш үчүн арзан жана сапаттуу болушу керек. Ансыз жергиликтүү алармандар баягыдай эле Жапониянын, Түштүк Кореянын атактуу бренддеги эски автоунааларын сатып алып минген адатын өзгөртпөйт.
Chevrolet маркасындагы 2017-жылы чыккан автоунаасын 13 миң долларга сатып жаткан, автобизнес менен алектенген Азиз аттуу Бишкектин тургунун Лалафодон таап алып, анын пикирин сурадым.
“Өзбекстандагы куралган автоунаалардан сапаты АКШдагы заводго караганда начарыраак”,-дейт Азиз.
Экинчиден, Россияга Кыргызстандан реэкспорт да бүткөнүн эске алуу керек. Мурда бажы салыгынан айырма бар учурда Кыргызстан аркылуу алып кирүү пайдалуу болчу. Азыр Россия бажы салыктарын теңеп, Кыргызстандан болгон реэкспорттун пайдасын жокко чыгарып салды.
“Эми базарда машина толуп калды. Аларга аларман аз. Апрелде дагы арзандайт болуш керек”,-деди Азиз.
Бирок базар да өзгөрүп турат эмеспи, бүгүн мындай болсо, эртең башкача болот дейт оптимисттер.












