Кыргызстан-Өзбекстан: быйыл соода 2 миллиард долларга чыгат
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанда жумушчу сапарынын алкагында бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканаларга барып, кызматташтык жагын талкуулады. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы ушул жылы эле 2 миллиард долларга жеткирүүгө даярдык бар деп жарыяланды. Акылбек Жапаровдун бул сапары Кыргызстан менен Өзбекстан отуз жылдан ашуун созулуп ырбап бүтпөй келген чек ара талашына чекит койгондон кийин болуп жатат.
Улуттук автобренд

Сүрөттүн булагы, UzAuto
Акылбек Жапаров Өзбекстандагы жумушчу сапарын Анжиян облусундагы Асака шаарындагы улуттук автобренд «UzAuto Motors» заводунан баштап, аны инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү деп мактады.
«Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», - деп белгиледи ал.
Бул автозавод менен кандай "пайдалуу кызматташуу" жөнүндө сөз болуп жатат?
Шавкат Мирзиеёвдин январдагы расмий сапарында Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганы белгилүү. Бул долбоорду Өзбекстандын автоөнөр жай ишканаларын координациялап башкарган "Узавтосаноат" холдинг компаниясы жана Кыргызстандын "ДТ Техник" жана "Нур" жеке менчик компаниялары ишке ашырмакчы.
Эки өлкөнүн биргелешкен долбоору боюнча унаалардын 19 түрүн чыгаруу планы бар, анын ичинде микроавтобустар, пикаптар, седандар жана башкалар. Биринчи этапта үч жылдын ичинде эле 10 миң автоунаа чыгаруу пландалууда.
Ошондой эле кыргыз-өзбек заводу Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарарын Жогорку Кеңештеги жыйында «ДТ Техник» ишканасынын директору Фархатжон Досматов билдирген болчу.
«Баштапкы этапта Chevrolet жана Isuzu коммерциялык техникасын чыгарабыз. Автоунаалардын наркы жеңил унаалар - $13 миң доллардан, жүк ташуучу — $28 миң доллардын айланасында болот",-деген.
Кыргыз-өзбек автозаводу Казакстан менен Өзбекстандагыдай болуп, салыктан бошотулган жатат. Аталган инвестициялык келишим Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан. ЖК депутаты Дастан Бекешов Би-Би-Сиге автоунаа чыгара турган өнөр жай субъектилерин салыктан бошотуу жөнүндө салык кодексине өзгөртүүлөр кирип жатканын билдирди.
Кыргызстан "качырып" жиберген инвестор
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Асака шаарындагы заводду түштүк кореялык инвесторлор 1994-жылы куруп баштап, 1996-жылы андан Damas унаасын чыгаруу башталган.
Учурда ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда.
Өткөн жылы завод 327 миң автоунаа чыгарса, быйыл 400 миңге чейин автоунаа чыгаруу пландалууда. Заводдо 11 миңден ашуун адам иштейт.
Айтмакчы, бул завод биринчи Кыргызстанда ачылып калышы мүмкүн эле. Анткени Түштүк Кореянын инвесторлору адегенде Бишкекке келишкени белгилүү. Бирок кыргыз бийликтери "шапка" сурай коюп качырып жиберишкен деген сөз тараган эле.
А чынында экс-президент Аскар Акаев Daewoo Motor менен биргелешип чыгарган автоунааларды сата турган рыногу жок болгондуктан, эрдин тиштеп, баш тартканын айткан жайы бар. Анткени, Кыргызстан ага чейин түштүк кореялык инвесторлор менен түстүү телевизор чыгарган биргелешкен завод ачып, чыгарган продукциясын эч кимге сата албай, завод банкрот болгон. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп", кыргыз бийликтери Сеулдан барган инвесторлордун сунушунан сыпайы баш тартканын экс-президент өзү айткан эле.
Ошондогу чечим канчалык туура болгону тууралуу азыркыга чейин талаш-талкуу токтой элек.
"Кыргыз тарап негизи баш тарткан эмес, -дейт авторынокту изилдеп көргөн эксперт Сейтек Качкынбай. - Корейлер өздөрү эле ойлонуп, бул жерде сата турган рынок жакшы эмес, кардарлардын кирешеси аз экен деген бүтүмгө келишкен. Мен деле канча жолу аракет кылып көрдүм "Хонданы", "Митсубисини" алып келейин Кыргызстанга деп. Алар бизге кызыкмак түгүл сүйлөшпөй койгон. Мен "шапка" берейин десең да келбейт. Ал эми Өзбекстанда 37 миллион калк болгон менен анын эли аябай кедей. Ташкенде жана чоң шаарларда гана бир ууч байлар бар. Анжиян, Фергана же Наманганга барсаңыз, карапайым эл бизден да жакыр жашайт. Ошондуктан ал жерде автоунаа сатыш ойдогудай боло бербейт. Жогорку класстагы 30 миң, 40 миң доллар турган машиналарды көп сата албайсың".
Ошол эле учурда Daewoo Motor Өзбекстанда монополист компания. Сырттан башка өндүрүштөгү автоунаа алып кирүүгө бажы салыгы абдан чоң.
"Элде башка тандоо жок. Бизге окшоп жаңы моделдерди Америкадан же Европадан алып келе албайт, аларга асмандын баасы болуп калат",-деп сөзүн улады Сейтек.
"Кыргызстанда он миң доллар турган эң жакшы машина ала турган болсоңуз, бул жерде аны 20 миң долларга сатып аласыз. Бажы салыгы абдан чоң, Эч кандай ылаажы жок. Экинчиден, ушунчалык көп машина чыкканы менен адамдар кезек күтүп кыйналып жатат. Үстүнө шапка берип атат, кезекте турушат. Азыр Өзбекстандын депутаттары азыр "Узавтопромду" монополист болуп алды, башка дагы заводдорду куруш керек, чет элден машина алып келишке уруксат бериш керек деп сындап жатышат",-дейт ташкендик журналист Төлөнбай.
Бир эле убакта Өзбекстандын өзүнөн чыккан автоунаалардын сапатына да элдин анча көңүлү толбой турганы көп сөз болуп келатат.
"Uz Daewoo" деле 90 жылдардын заманында калып кеткен эски моделдерди эле чыгарууда. Алар бат эле калдырап калган машиналар болуп атат. Беш жылдан кийин баасы 70-80% түшүп атат. Бул өзбек калкы үчүн аргасыздык эле болуп атат. Сырттан алып киргенге салык аябай чоң, жумуш ордун сактап калалы, жергиликтүү өндүрүш болсун деп пландуу экономика",-дейт Сейтек Качкынбай.
Ташкендеги Алай базары - кыргыз соода жолу

Сүрөттүн булагы, east-fruit.com
Акылбек Жапаровдун бул сапары Кыргызстан менен Өзбекстан отуз жылдан ашуун созулуп ырбап бүтпөй келген чек ара чатагына чекит койгондон кийин болуп жатат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв экинчи жолу шайлангандан кийин Кыргызстанга январда мамлекеттик сапар менен келип кетти.
Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жакшырып, соода-экономикалык байланыштар өнүгө баштады. Эки өлкөнүн жарандарына өткөрмө пункттардан өтүүдө тоскоолдуктар жоюлду.
2022-жылы 11 айда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 543 млн доллардан ашкан - бул 2021-жылга салыштырмалуу 21% көбүрөөк. Мындан сырткары, “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.
Расмий Ташкент Камбар-Ата ГЭСин Кыргызстан, Казакстан менен биргелешип курушмай болду. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан трансконтиненталдык темир жолунун курулушу ушул жылы башталат деп камылга көрүлүүдө.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет. Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү - биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет",-деген кыргыз президент Садыр Жапаров.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жакын коңшулар менен жакшы мамиле куруу, тыгыз кызматташтыкта болуу саясатын жүргүзүүдө. Анын ичинде Кыргызстан менен чек ара көйгөйлөрү чечилгенден кийин соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда.
"Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө, бир топ мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанды транзит кылып Казакстан менен Россияга, Кытайга өтсө болот. Ошондуктан бул Өзбекстан үчүн өтө маанилүү",-дейт ташкендик журналист Төлөнбай.
Ошол эле убакта Кыргызстан дагы Өзбекстандын базарына эт-сүт, жашылча-жемиш жана башка айыл чарба, өнөр жай продукцияларын экспорт кыла алат.
"Кыргызстандын товарлары мурдатан эле чоң кадыр-баркка ээ. Маселен Каримов доорунда Кыргызстандын айнеги, цементи, шыйпыры, көмүрү аябай бааланган. Базарга барсаңыз, алмаларды коюп "кыргыз" деп жазып койгон. Өзбекстандын алмасына караганда эки эсе кымбат турат. Карагат, бал алып келип сатышат. "Сары-Челек" же "Өзгөн" деп жазып коюшат. Кыргызстандан чыккан сүт продукциялары, сыр бул жакта жакшы кетет. Былтыр Бишкектен балмуздак алып келишти. Бул жерде аябай дефицит товар болду",-дейт Төлөнбай.
Бул кесиптешибиздин айтымында, Ташкенге убагында кире турган он эки дарбазасы болгон экен. Алардын бири "Алай базары" деп Кыргызстан жактан келген. Азыр Ташкенде батыш-чыгышка, түндүк-түштүккө кеткен, анын ичинде Кыргызстан жакка кеткен жолдорду кеңейтип, азыр чоң пландар иштелип аткан чагы экен.
Кыргыз инвесторуна кучагын жайган Ташкент

Кыргыз бийлигине Өзбекстандын өкмөтүнөн инвестициялык саясатта үйрөнө турган жагы көп. Кыргыз ишкерлерди Өзбекстан кучак жайып тосуп алып жатканын Би-Би-Си мурда да баяндаган элек. Алардын бири Кыргызстандан Өзбекстанга барып, чоң завод куруп, иштетип жаткан инвестор Жамиля Турдакунова.
"Убагында көп жолу кайрылгам. Анан Өзбекстанга кеттим. Азыркы заводду жөн эле салып коймокпуз, бирок технология маселеси менен көп иштөөгө туура келгендиктен Өзбекстанга кайрылдым. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев өзү ирригатор болгондуктан маселени ичинен түшүнүп, жардам берип келет. Бизге завод кургула деп жер бөлүп берип, суу, электр энергиясынан бери камсыздап беришти. Ал тургай жол салып, темир жолдон бери куруп беришкен. Алар суунун зарылдыгын билип, бул технологиянын келечегин көрүп жатышат".
Кыргызстанда жана Өзбекстанда ишкерлик кылуунун айрым бир айырмачылыктары бар.
"Өзбекстанда глобалдуу пландар кабыл алынат жана тез ишке ашат. Президенттин сөзү да катуу, эмнени айтса аткарылат. Кыргызстан дагы ошого баратат деп ойлойм. Кыргызстанда адистер, окумуштуулар жетишпейт. Жаңы технологиялар менен иштей турган адамдар саналуу эле калды. Адистердин көбүнүн жашы өтүп, көбү эски система, эски ой менен жүрүшөт. Азыр жаштарды үйрөтүү керек. Технология өнүккөн заманда комьютердин тилин билген жаштар бат эле өздөштүрүп кетет. Биздин жаштар жөндөмдүү. Биздин окуу жайларда ирригациялык факультеттер барбы, жокпу так билбейм. Айтор көп жагынан биз артта калып жатабыз",-дейт Жамила.
"Бизде бир маселени чечүү үчүн жүз кишиге барууга туура келет. Ошон үчүн көп нерсе чеилбей калат. Өзбекстанда болсо тиешелүү мекемеге барсаң ошол жерден ишти бүтүргөнгө болот".
Ошол эле убакта Кыргызстан менен Өзбекстандын рыногунун көлөмүн жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн салыштырып карап көрүү да керек.
"Биздин өлкөдө бизнес баштоодо кагаз иштерин бүтүрүү Өзбекстанга караганда жүз эсе оңой. Бир жумада фирма ачып ишти баштай бересиң. Мисалы, Өзбекстанда фирма ачыш үчүн канча бир убакыт кетет, экинчиден кайсы чөйрөдө ачасың, лицензия алыш абдан кыйын. Бирок бул өлкөдө мамлекеттик деңгээлде министрликтер менен сүйлөшүп алсаң, иш жакшы бүтөт, базары да чоң",-дейт ишкер Сейтек Качкынбай.
Мыйзамдардын үстөмдүгү, сакталышы да келген инвесторлор үчүн чоң роль ойнойт. Бул жагынан Кыргызстанга караганда анын коңшусунун артыкчылыгы чоң.
"Мүлккө кол тийбестикке бизде кепилдик анча берилген эмес. Ушул жагы чоң проблема. Булар деле "Транспаренси интернешнлди" карашат. Бул өлкөдө мыйзам иштейби, проблема болуп калса, арбитраждык сотко кайрылсак жеңе алабызбы деп ойлонот".











