Кытай электромобилдери дүйнөнү каптады. Бирок бул баарына жаккан жок

Электромобиль

Сүрөттүн булагы, AFP

Былтыры Кытай Германиядан ашып өтүп, дүйнөдөгү экинчи ири автоунаа экспорттоочусу болуп калды. Ал эми быйыл бул жаатта лидер болгон Япониядан да озуп кетти. Кытайдын дүйнөлүк унаа рыногундагы болжолдонуп жаткан үстөмдүгү чындыкка айланып, Батыш тез арада бүт дүйнө немис, жапон, француз жана американын унааларын айдаган мезгилге кайтуунун жолдорун издеп жатат.

Азырынча "Кытайда жасалган" деген маркадагы электр унааларынын негизги экспорттук бренди — Тесла. Бирок бара-бара аккумуляторлор гана эмес, Кытайдын өз конструкциясындагы машиналары да өлкө ичиндеги кардарлардын көңүлүн алып, дүйнөлүк рынокко чыгууда.

Он жылдын ичинде Кытай келечектин автоиндустриясын түзүп, экспорт боюнча лидерликке чыкты. Ал буга кантип жетишти?

Партияга, Путинге жана кризиске рахмат

Кытай бийлигинин колдоосу жана батареяларды өндүрүү үчүн зарыл болгон ресурстарды көзөмөлдөө бул өнөр жайды ишке киргизүүгө жардам берди. Коммунисттик партия автоиндустрияны бутуна тургузду, ал босло андан ары басып эмес, чуркап кетти.

Кытай экономикасындагы көйгөйлөрдү эске алганда, мындай ийгиликтин тарыхы ого бетер таң калыштуу. Өлкөнүн экономикасы бир нече жылдан бери кыйналып турат.

Узакка созулган кризис Си Цзиньпиндин тушундагы Компартиянын туруктуу өнүгүүнү камсыздай алышына элдин ишенимин кетирди. Эл акчасын коротууга шашпай, экономикалык саясаттын белгиленген максатын – керектөөнү жандандырууну кечеңдетүүдө.

Бирок бул абал унаа өнөр жайы үчүн ыңгайлуу болуп чыкты. Ички суроо-талаптын төмөндөшү өндүрүш кризисин тереңдетип, машина заводдору чет өлкөдөн сатып алуучуларды табууга катуу жан үрөштү.

Электромобиль

Сүрөттүн булагы, AFP

Мына ушул жерден, бир жагынан, Европадагы “жашыл” реформалар жардам берди, ага ылайык Европада баары жакынкы 10-15 жылда электромобилдерге өтөт.

Башка себеби, Владимир Путиндин Украинага кол салуу буйругу болду, анын натыйжасында Батыш автоиндустриясы Россиядан чыгып кетти. Кытай бензин жана дизел менен жүргөн унааларды сатуу үчүн жакын турган ири рынокко ээ болду, анткени андай унааларды өнүккөн өлкөлөргө сатууга болбойт эле.

Кытайдан Орусияга автоунаа экспорту жети эсеге өстү. Эгерде бир жыл мурун орус рыногунда ар бир бешинчи унаа кытайдыкы болсо, азыр ар бир экинчиси кытайдыкы.

Бул орустарга жагууда, бирок Кытайдын сыртка карай мынчалык ылдам экспансиясы европалыктарга жаккан жок.

Негизинен Кытайда чогултулган электромобилдер жүктөлгөн соода кемелери ЕБге жөнөтүлөт. Анткени блоктун 450 миллион калкы бар 27 өлкөсү — АКШдай эле болгон эбегейсиз бай рынок. Бирок, Кытай АКШ менен абдан курч мамиледе, ал эми ЕБ жагымдуу соода режимине ээ.

Бирок, жакында баары өзгөрүшү мүмкүн.

Европа күрөшкө аттанды

“Кытай дүйнөлүк рынокту арзан электромобилдерге толтуруп салды. Алардын баасы мамлекеттик ири субсидиялардан улам жасалма түрдө төмөндөтүлгөн", - деди Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен ушул аптада европалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча жылдык кайрылуусунда.

Быйыл Кытайдан автоунаа импорту эки эсеге көбөйүп, Кытайда чогултулган электромобилдер Европа базарынын сегиз пайызын түзөт. Бул үлүш бир-эки жылдан кийин эки эсеге көбөйөт, деп болжолдойт Еврокомиссия.

Кытай моделдеринин баасы европалык аналогдоруна салыштырмалуу орто эсеп менен жыйырма пайызга төмөн.

Тесла өз унааларынын жарымынан көбүн Шанхайдагы ушул заводдо чогултат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол себептен улам, Еврокомиссия адилетсиз атаандаштык боюнча иликтөө баштоону чечти, анын жыйынтыгында, Кытайда чогултулган электр аккумуляторлору бар унааларга кошумча салыктар киргизилиши мүмкүн.

Бул категорияга BYD же XPeng сыяктуу кытайлык бренддер гана эмес, бир кездеги европалык бренддер, азыр кытайлык компанияларга таандык Volvo жана MG автоунаалары гана эмес, немистердин кытай заводдорунан чыккан BMW, француздардын Renault жана америкалык Tesla унаалары да кирет.

Евробиримдиктин эки негизги өнөр жай державасынын – Германия менен Франциянын бийликтери Еврокомиссиянын иликтөөсүн кубаттап, бир добуштан колдоп беришти.

Кытай таарынып, дооматын айтты.

"ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн ачык протекционизм дүйнөлүк унаа рыногунда, анын ичинде Евробиримдикте экномиканын олку солку болушуна алып келет. “Адилет атаандаштык" деген шылтоо менен ички унаа өнөр жайын коргоо ЕБ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарына терс таасирин тийгизет,” - деди Кытайдын Соода министрлиги.

Европалыктар Кытайдын автозаводдору өкмөттүн масштабдуу колдоосунун аркасында европалык атаандаштарынан ашып өткөнүн билдириүүдө. Евробиримдикте андай колдоого тыюу салынган. Кытайлар болсо өкмөттүн жардамы менен эмес, бизнес таланты жана технологиялык артыкчылыгы менен гана утуп жатканын айтышат. Кимдики туура?

Кытай кантип келечектин автоиндустриясынын лидери болуп калды

Акыркы ондогон жылдар бою Кытай бийликтери өлкө ичиндеги жаңы автоиндустрияны ырааттуу колдоп, өнөр жайды литий жана башка ресурстар менен, сырттан да ташып келип камсыздап келет.

Коммунисттик партия үч негизги максатты көздөгөн: шаарлардын таза абасы, импорттун ордун алмаштыруу жана планетадагы экономикалык үстөмдүк үчүн Батыш менен болгон атаандаштыкта жеңүү үчүн келечектеги технологияларда лидерликке басым жасоо.

Кытайда көп жылдар бою эң популярдуу бренд Volkswagen болгон эле, азыр BYD болуп калды. Ал эми немистер өткөн аптада Мюнхендеги көргөзмөдө кытайлык унааларды көрүп чыгышты.

Сүрөттүн булагы, AFP

2016-жылдан 2022-жылга чейин Кытай электрдик жана гибриддик кыймылдаткычтары бар автоунааларга суроо-талапты жана өндүрүштү колдоо үчүн 57 миллиард доллар бөлгөн, деп Reuters агенттиги AlixPartners консалтинг фирмасынын эсептөөсүн мисалга келтирди. Ал эми 2023-жылы жаңы төрт жылдыкта 72 миллиард долларга тете салыкка жеңилдик программасы жарыяланды.

Булар борборлоштурулган субсидиялар гана. Алардан тышкары аймактык субсидиялар да бар.

Колдоо акча менен эле чектелбейт. Электр унааларын кенен жайылтуу үчүн Кытай тез арада дүйнөдөгү эң чоң кубаттоо тармагын түзүп, алты миллиондон ашык кубатточу пункттарды койду - жана өндүрүүчүлөрдү кубаттагычтарды бирдей стандартта жасоого мажбурлады.

Жыйырма жылдык мамлекеттик колдоонун натыйжасы күткөндөн да ашып түштү.

Кытай электр унаасынын аккумуляторунун дүйнөлүк рыногунда лидер болду. CATL азыр отуз жети пайыз, ал эми BYD дээрлик он беш пайызды көзөмөлдөйт, дейт Financial Times бизнес гезити статистикага таянып.

CATL аккумуляторлорун Tesla, BMW жана Volkswagen унааларына колдонушат, Форд андан ары кетип, Мичиганда завод куруу үчүн технологияны жана ноу-хауну сатып алды.

Аккумулятордун артынан (Аккумулятор - электромобилдин эң маанилүү запастык бөлүгү) кытайдын өз конструкциясындагы автоунаалар, даяр продукция да алдыңкы орундарды ээледи.

Алгач алар ички рынокту багындырышты. Быйыл Кытайда акыркы он жылда биринчи жолу эң көп сатылган бренд Volkswagen эмес, BYD болду. Эми дүйнөлүк рыноктун кезеги келди.

Немис компаниясынын Шэньяндагы кытай заводунан жаңы чыккан BMW унаалары

Сүрөттүн булагы, AFP

Батыш автоиндустриясы атаандаштык жагынан Кытайга утула баштаганын эчак түшүнгөн. Толук жеңилүүдөн али алыс, бирок масштабдуу инвестициялар, мамлекеттик саясатты жөнгө салуу же технологиялык жетишкендиктер болбосо артта калуу жыл өткөн сайын күчөй берет.

Азыртадан эле Кытайдын автомобиль өнөр жайынын эркин өндүрүшү жылына болжол менен 10 миллион машинага бааланат. Буга өткөн жылдагы бүтүндөй Евробиримдиктин 27 өлкөсүндөгү жеңил унаалардын өндүрүүсүн салыштырууга болот. Эгер Европадагы бардык автозаводдор капысынан жабылып калса, Кытай үчүн өндүрүштү көбөйтүүнүн да кереги жок – ал Орусиядагыдай эле рынокту өз унаалары менен каптап кетет.

Ошондуктан, базар лидери Тесла бир нече жолу бааларды төмөндөттү. Ошол себептен, америка бийликтери экономиканын “жашыл реструктуризациясын” колдоо үчүн 270 миллиард доллар бөлгөн, анын ичинде америкалык электромобилдерди сатып алууга субсидиялар да бар.

Андыктан, Европа акыры автоунаа өнөр жайын байкап көрүп, көңүлүн Кытайдын коркунучуна бурду. ( DO)