Боткодон чыккан курт. Балдар эмне жейт, энелер эмне дейт?

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Dmitry Rogulin

Сүрөттүн булагы, Dmitry Rogulin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Dmitry Rogulin

Бала бакчалардын биринин тамагынан курт чыкты, балдарыбыз эмне жеп жүргөн, ошол эле бала бакчада ушундай болдубу, калганы кандай деген суроолор жаап жаткан учурда экинчи бир чуу чыкты. Эки окуя тең Бишкекте катталды. Ушундан улам ата-энелер балдары эмне ичип, эмне жеп жатканын кантип текшере алат, ишенсе болобу деген беймаза суроолор кабыргасынан турат.

Борбор калаанын Октябрь районунда бала бакчаларга наристелердин тамагы үчүн бөлүнгөн акчаны жеп жүргөн деп шектелип эки адам кармалды. Бул окуя ушул эле райондогу бала бакчалардын биринде бөбөктөрдүн тамагынан курт чыгып, коомдо кызуу талкуу болуп жаткан учурга туш келди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, кармалган шектүүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери болушкан. Алар мектептер менен бала бакчаларга тамак-аш сатып алууда жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөрүп, каражаттын бир бөлүгүн кымырып турушканы айтылууда.

"Бөлүнгөн каражаттын кыскарышы балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген", – деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Былтыр Октябрь районундагы мектептер менен бала бакчалардын тамак-ашына деп бюджеттен 230 млн сом бөлүнгөн.

Балдардын ырыскысына кол салган деп кармалгандар

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдардын ырыскысына кол салган деп кармалгандар

Балдардын тамагынан табылган курт

Бишкектин Октябрь районундагы №173 бала бакчадагы бөбөктөрдүн тамагынан табылган курт кайдан пайда болуп калганы дагы эле аныкталбай жатат. Коомчулукта бул окуя бөбөктөрдүн саламаттыгына кыянаттык, ишке жасалган шалаакылык катары бааланып, мекеменин жетекчилиги алмашты.

Коомдук тамактануучу жайларда тамак-аштан курт-кумурска чыккан көрүнүштөр маал-маалы менен болуп турат. Бирок бала-бакча же мектептерде мындай окуянын ачыкка чыгып калганы сейрек көрүнүш. Көп учурда жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп жаап-жашырышат дешет.

Окуянын видеосу интернетке тарагандан кийин коомдук медиа колдонуучулары бул шалаакы мамилеге нааразы болуп, күүнөөлүлөрдү жазалоону талап кылышты.

Балдарга деп бериле турган боткодон табылган курттар

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдарга деп бериле турган боткодон табылган курттар

Талкуудан кийин Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти комиссия түзүп, бала бакчадагы азык-түлүктүн сапаты жана санитардык-гигиеналык талаптары боюнча текшерүү жүргүзгөн. Бирок эч кандай эреже бузуу аныкталбаганын шаардык мэриянын билим берүү департаментинин адиси Адилет Укуев билдирди.

"Курт тамакка кайдан түшүп калганына биз дагы таң калып атабыз. Ашпозчу деле тарбиячылар деле биз берип жатканда таза болчу деп жатышат. Мен аларды актабай элемин, бирок бышкан тамакта тирүү курт кайдан түшүп калганы бизге да кызык. Эгер курт азык-түлүктө болсо анда ал эбак өлмөк да", – деди Укуев.

Адилет Укуев

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адилет Укуев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Укуев белгилегендей, бала бакча кызматкерлери курт табылган тамакты дароо төгүп жиберишкен. Эреже боюнча балдарга берилген ар бир тамактын 100 грамдан кем эмес өлчөмү үлгү катары алынып, идишке куюлуп, эки сутка муздаткычта сакталышы шарт. Мунун максаты эгер балдарда тамакка уулануу же башка окуя чыкса сакталып турган тамак лабораторияга изилдөө үчүн жиберилет. №173 бала бакчанын кызматкерлери боткодон курт чыккан ошол күнкү тамактын күнүмдүк үлгүсүн сактабай коюшкан.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова куртту тамакка кимдир бирөө атайын салып коюшу мүмкүн деген ойду кыйытты:

"Биз барганда мурунку күндөгү тамактын үлгүсү бар экен да, ошол күндүкү сакталбай калыптыр. Биз бул боюнча протокол түздүк. Чийки азыктарды текшердик, баары таза чыкты. Тамактан курт чыкканы боюнча айтсам, бул жерде башка кишилер пайда болуп калышы мүмкүн. Бирок биз аны көрбөгөндөн кийин айта албайбыз".

Санитардык көзөмөл кызматкерлери бала бакчалардагы тамак аштын сапатын жылына бир гана жолу текшеришет. Мыйзамдын талабы ошондой деп түшүндүрдү дарыгер. Эгер ата-энелерден арыз түшсө же мекеме өздөрү кайрылса анда пландан тышкары текшерүү жүргүзүлөт.

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Асман жердей айырма. Негизги күбө эмне дейт?

Интернетке тараган видеону тарбиячы Керез Жумабай кызы тартып алган. Ал жарым жылдан бери сөз болуп жаткан бала бакчада иштейт. Ушул эле бала бакчада анын эки баласы да тарбияланат. Окуянын күбөсү Би-Би-Сиге буларды айтты.

"Кечки тамактануу убактысы болчу. Тамактар келип биз балдарга берели деп жатканбыз. Боткону эки кесеге куюп, үчүнчүсүнө куюп жатканда тарелкадан курттарды көрдүм. Анан көргөн көзүмө ишенбей кастрюлдагы тамакты сапырдым. Ал жакта дагы төрт-беш курт жүрүптүр. Башы кара калгандары ак, ийилген абалда болчу. Түздөгөндө 1 см болот го. Мен дароо медайымга курт чыккан тарелкадагы тамакты көтөрүп барып, төгөлүбү деп сурадым. Ал мага "мындай курттар боло берет, куртун алып куюп бере бер, отуз килограмм тамакты кантип төгөбүз" деди. Балдар тарбияланган жерде мындай көрүнүштү кантип жаап жашырасың", – дейт тарбиячы.

№173 бала бакча

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №173 бала бакча

Ата-энелердин нааразычылыгы

Тамактан курт чыккан бала бакчада буга чейин да ызы-чуу болуп келген. Ата-энелер чогулган акчаларды максатсыз жумшап жатат деп бала бакча жетекчилигин айыптап чыгышкан. Ата-энелердин бири бул көрүнүш буга чейинки мыйзам бузуулардын жыйынтыгы дейт.

"Азыр муну атайын өчөшкөн бирөө жасаган деген ойду таңуулап жатышат. Андай эмес, курт кастрюлдан чыккан. Бул бала бакчадагы жетекчи өз ишин билчү эмес. Ата-энелер менен анын ортосунда чыр-чатак буга чейин да болуп келген. Биз чогулган акчалардын туура эмес сарпталып жатканы боюнча прокуратурага, тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Биз эми Улуттук коопсуздук комитетине кат жаздык. Бала бакчанын башчысы окуянын эртеси өз каалосу менен жумуштан кетиптир. Мындай адамдар атайын берене менен кетиши керек, башка жерде иштегенге акысы жок".

Активисттер менен адистер эмне дейт

Жарандык активист Анара Дауталиева бала бакча жана мектептердеги тамак-аш нормалары сакталбай жатканын дайыма айтып келет.

"Быйыл мэрия наристелердин тамак ашы үчүн эки эсе акча бөлдү. Бирок тендерлер жасалма өтүп, акчаны уурдап жатышат. Алып келген азык түлүктөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Тамак ашты сактоо шарттары сакталбайт. Ашпозчулар акшакты жуубай эле ботко жасаса керек. Бул санитардык норманын сакталбагандыгы. Эң негизгиси өткөрүлүп жаткан тендерге көңүл буруу керек".

Асел Молдоболотова балдардын ден соолугун чыңдоо жана тамактануу боюнча изилдөө жүргүзүп, кеңеш берип келет. Ал жаш балдарга берилип жаткан сапатсыз тамаш-аштын организмге тийгизген таасири коркунучтуу экенин айтты.

"Курттаган тамак балдардын алдына коюлгана чейин текшерилбегени үчүн баардык кызматкерлер жооп бериши керек. Керек болсо ал бала бакчаны жаап эле салган оң. Мындай окуялардын келип чыгышы, мөөнөтү өтүп кетен азык-түлүктөргө байланыштуу. Андан кийин көзөмөлдүн жоктугу себеп. Азыр базарларда мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын сатылып жатканына күбө болуп жатабыз. Ошол азыктардын балдарга берилип жатканы өтө коркунучтуу. Өсүп келе жаткан жаш организм үчүн мөөнөтү өткөн азыктардын зыяндуулугу аябай жогору. Бул баланын кийинки келечегине да терс таасири тийиши мүмкүн".

Бишкектеги бала бакчалардын бири

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги бала бакчалардын бири

Бишкектеги бала бакчаларда берилип жаткан тамактардын жарым баасын ата-энелер, калганын шаар мэриясы төлөйт. Республикалык мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын маалыматына ылайык, эми бала-бакчаларда тамак ашты каржылоо толугу менен ата-энелерге жүктөлөт.

"Өкмөттүн токтому менен ар бир балага 36 сом деп бекитилген. Анын жарымын ата-энелер жарымы бюджеттен каржыланат. Бирок бул норма тамак-аштын кымбатташынан улам сакталбайт. Айрым жерлерди 36 сом болсо, башка жерлерде 120 сомго чейин көтөрүлгөн. Бишкек шаарында шаардык кеңештин чечими менен 120 сом деп бектилген. Анын жарымы ата-энелер, жарымын жергиликтүү органдар тарбынан төлөнөт. Билим берүү тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, бала бакчалардагы тамак-аш 100 пайыз ата-энелер тарабынан каржыланат деп жазылган. Жакынкы күндөрү ченемдик аткылар иштелип чыккандан кийин бардык каржылоо толугу менен ата-энелерге жүктөлөт".

Кыргызстанда мектептерде жана бала бакчаларда тамактын сапаты жөнүндө буга чейин көптөгөн сындар айтылып келген. Жаңы мыйзам иштеп баштаса ата-энелер тарабынан балдарга берилип жаткан тамак аштын сапатына көзөмөл күчөшү мүмкүн.