ДССУ: Кургак сүт аралашмасына кынык алуу - жаңылыш жол

Доркас Вангира, Би-Би-Си

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ сурамжылаган ата-энелер жана кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү кургак сүт аралашмасын чыгарган компаниялардын жеми болуп калганын айтышты. Глобалдык уюмдардын маалыматына караганда, кургак сүт аралашмалары көбүнчө балдарды тамактандыруунун стандарттарына туура келбейт. ДССУ жана анын өнөктөштөрү өлколөрдү, саламаттык сактоо кызматкерлерин жана балдар азыгын чыгарган компанияларды кургак сүт аралашмаларын зордоп маркетинг кылууну токтотууга чакырууда.

formula milk

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Кургак сүт аралашмасынын маркетинги биздин балдарды тамактындыруу чечимибизге кандай таасир берет деп аталган отчет сегиз өлкөдөгү ата-энелердин, кош бойлуу аялдардын жана медициналык кызматкерлердин интервьюларына негизделген. Анын ичинде Марокко, Нигерия, Түштүк Африка жана Бириккен Королдук бар. Отчетто наркы 55 миллиард АКШ долларын түзгөн кургак сүт аралашмасынын индустриясы колдонгон маркетинг ыкмалар жөнүндө айтылат: бул ээн жайкын жана инвазивдик онлайн-таргетинг, демөөрчүлөр колдогон консультациялык тармак жана телефон линиясы, рекламдык акциялар, акысыз белектер практикасы, булар медициналык кызматкерлердин арасында окутууга жана сунуштамага таасир кылуу үчүн колдонулат.

ДССУнун энелердин, ымыркайлардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун сактоо департаментинин окумуштуусу, доктор Найджел Роллинз:

«Бул отчет жана бул изилдөө балдардын кургак сүт аралашмасын сатыктан алууга, продуктуларды кыскартууга же бирөөлөрдүн укуктарын чектөөгө багытталган эмес. Изилдөөнүн өзөгүндө балдарды тамактандыруу жөнүндө биздин билимге, наркыбызга жана ишеним деңгээлибизге таасир эткен маркетинг ыкмалары болду. Биз энелер жана үй-бүлөлөргө жашоодо маанилүү практика жөнүндө объективдүү маалымат жеткирүүнү көздөп жатабыз”.

Отчетко караганда, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер көп учурда өздөрү кургак сүт аралашмаларын сатуунун эл аралык кодексин бузуп, илимий негизделбеген жаңылыш жолдорго түртүп жатышат.

«Өкмөттөр буга дароо реакция кылышы керек. Маркетинг кодексинде өзүнчө сунуштар топтолгон, өкмөттөр бул сунуштарды улуттук мыйзамдарга алышы керек”,-дейт Найжел Роллинз.

Эне сүтү

Сүрөттүн булагы, EPA

Бала төрөлгөндөн кийин биринчи саатта эмчек сүтүн берүү, андан кийин алты ай бою жалаң гана эмчек эмизүү жана аны эки жылга чейин же андан узакка улантуу балдарды начар тамактануунун кесепеттүү формаларынан жана көп тараган оорулардан коргойт. Бул ошондой эле аялдарды жашоодо диабет, семирүү жана рак ооруларынан сактайт.

Бүт дүйнө боюнча алты жашка чейинки балдардын 44% гана эмчек эмет. Эмчек сүтү менен тамактындурууну глобалдык көрсөткүчтөрү соңку 20 жылда саал гана жогорулады, ал эми сүт аралашмасын сатуу ошол эле убакта эки эсеге чейин көбөйгөн. (KC)