Кыргызстанда бала бакча эксперименти башталды

Бала бакча

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бала бакчалардын санын көбөйтүү максатында буга чейин болуп көрбөгөндөй эксперимент баштады. 100 күндүн ичинде өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында баш калаанын эки районунда патент менен иштеген жеке ишкерлерди бала бакча ачып иштетүүгө даярдоо, окутуу иштери жүргүзүлөт. 100 күн ичинде төрт миң бала бакчага орноштурулуп, 250 ишкер айым зарыл билимге ээ болууга тийиш.

Бир эле убакта мамлекеттик бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогулткандарга акчалай айып салуу жана тартиптик чараларды күчөтүү каралууда.

"Аябай артта калдык"

Кыргызстан мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен камсыз кылуу жагынан коңшусу Казакстандан аябай эле артта калды. Казакстанда бул көрсөткүч 97% болсо, Кыргызстанда араң 24%.

"Казакстан 97% чечти. Өзбекстан 64% чечти. Алар алдыга жылып кетти, биз каякта калдык. Биз дүйнөдө эмес, Орто Азияда конкуренцияга туруштук бере албайбыз ушул жол менен кете берсек",-деди жакында чоң жыйында "Билимдүү Кыргызстан" кыймылынын лидери Абдувахап Нурбаев.

Өлкөдө соңку жылдары калктын саны жакшы темп менен өсүп, жылына 150 миңден ашык бала төрөлүүдө. Мамлекеттик бала бакчалар жетишпей, аларга бала киргизүү үчүн өң-тааныштык же акча негизги ролду ойноп калган.

Ошондо өкмөт бала бакчаларга электрондук каттоо киргизип, коррупцияны тыйгандай болгон. Бирок паракорлук болбой эле башка жылчыктардан кирип жатканы көп сөз болууда.

Бир топ жыл мурун мамлекет жеке менчик бала бакчаларды көбөйтүш үчүн алардан салыкты алып салган. Бул кайсы бир деңгээлде жеке менчик бала бакчалардын көбөйүшүнө алып келди. Бирок бала бакча ачууга лицензия деген административдик-бюрократиялык тоскоолдук калдайып жолдо турду.

"Азыр бизде лицензия алыш үчүн ондогон документтерди чогултат, азап. бала бакча ачкандар билет, бала бакча иштетем десеңиз, он жерден справка алып кел дейт. Биз текшерүүнүн ошондой азап-тозогунан арылтканыбызда иш болот",-дейт ЖК депутаты Жанар Акаев.

Азыркы убакта Жогорку Кеңеш депутаттары иштеп чыккан "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда бала бакчаларды ачууга лицензияны таптакыр алып салуу, анын ордуна кабарлоо тартиби каралган.

Билим берүү жана илим министри болуп бир ай мурда дайындалган Каныбек Иманалиев өзү дагы бала бакчалар үчүн лицензиялык талапты алып салып, кабарлоо эрежесин киргизүү сунушун колдоп жатат.

Кыргызстанда мектепке жашы жете элек балдардын 75% бала бакча жетишпейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда мектепке жашы жете элек балдардын 75% бала бакча жетишпейт

Өкмөттүк акселераторлор программасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда мектепке жашы жете элек балдардын саны 1 миллион 107 миң, алардын төрттөн бир бөлүгү гана бала бакчага барат. Калгандарын бала бакча менен камсыздаш үчүн 2300дөн ашык бала бакча куруш керек. Анда мүмкүнчүлүк азыр колдо жок, ошондуктан мамлекет жеке ишкерлерге бала бакча ачууга жеңилдик берген жолдорду караштырууда.

Бул биринчи кезекте лицензиянын ордуна кабарлоо жолу экенин жогоруда айтып кеттик . Мындай жол менен ачылган бала бакчалар өз кезегинде коопсуздук-санитардык талаптарды аткарып, мамлекеттик билим берүү стандартын сакташы керек. Ошондуктан өкмөт жеке ишкерлерге жардам берүү программасын баштап жатат.

"Өкмөттүн акселераторлор программасы старт алып, 100 күндүн ичинде ишкер аялдарга бала бакчаны кантип ачыш керек, кантип-санпин нормаларын сакташ керек, өрт коопсуздугун эрежелерин сакташ керек деген окуудан өткөрүп туруп, биринчи кадам жасап, жеке ишкер катары патент алуу менен бала бакча ачып көрөлү деп пилоттук долбоорду баштадык. Эгер жеке ишкер аялдар ачкан болсо, аны билим берүү тармагы колдоого алып үйрөтүп, тишелүү колдоо көрсөтөбүз. Алар бакча ачып иштеп баштаганда мугалимдеринин квалификациясын жогорулатып же кайра даярдоон өткөрүп, шарттарды түзүп берели деп жатабыз. Эгер бул пилоттук долбоор жүз күндүн ичинде жакшы ишке ашкан болсо, муну республика боюнча жайылтып, калган 900 миңдей балабызды бала бакчалар менен камсыздаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт",-деди Билим берүү жана илим министрлигин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин районунда башталды. Экинчи этабында Свердлов жана Октябрь райондору кошулат.

"Дордой-2" жаңы конушуна барган акселераторлор

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбүдө өкмөттүк акселераторлордун жумушчу тобу Бишкек шаарынын четиндеги "Дордой-2" жаңы конушуна барып, жеке бала бакча жетекчиси Индира Жакыпбекова менен жеринен таанышты.

Акча чогулткандарга акчалай айып

Бала бакчаларга кабыл алуу электрондук каттоо менен жүрүп калган, бирок бала бакчалардын өзүнүн ичиндеги мыйзамсыз акча чогултуу адаты кала элек. Андай терс көрүнүштөрдү социалдык медиада блогерлер ашкере кылып жазып жатышат.

Акча чогултуу бала бакчалар менен билим берүү мекемелеринде көптөн бери келаткан көйгөй. Жаңы министр дайындалып жатканда депутаттар койгон негизги талаптардын бири да ушул проблеманы жоюу жөнүндө болду.

Каныбек Иманалиев мындай көйгөйдү таптакыр чечип салгыдай сыйкырчы эмес экенин белгилеп, бирок акча чогултууну азайтууга убада берген.

Жакында Билим берүу жана илим министрлиги акча чогултууга каршы биринчи жолу мыйзамдык олуттуу чараларды сунуштады.

Атап айтканда, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда мамлекеттик бала бакча менен мектептерде мыйзамсыз акча чогулткан кызмат адамдарына акчалай айып пул салуу жана тартиптик чараларды көрүү каралган.

"Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү, жеке жактарга, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет»,-деп жазылган долбоордо.

Башкача айтканда, 20 миң сомдон айып пул салынат жана бир эле билим берүү органдары эмес, укук коргоо органдары да көзөмөлгө алышат.

Ошондой эле бала бакчага жана мектепке балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу үчүн да айып пул салуу чаралары каралууда. Жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Негизинен мамлекеттик бала бакчалар менен мектептерде акча чогултуу мыйзам тыюу салат, бирок мыйзам бузгандарга жоопкерчилик чаралары так каралган эмес.

Мектептер менен бала бакчалар ошондуктан акчаны ата-энелерден түз чогултпай, ата-энелердин өздөрү түзгөн фонддор аркылуу алып баштаган. Мыйзамдык жагынан караганда, бала бакча башчылары менен мектеп директорлорунун түздөн түз тиешеси жок, ата-энелер өз ыктыяры менен чогултууда. Анын үстүнө ата-энелер түзгөн коомдук фонддордун ишин мамлекет тыя албайт. Фонддор өз алдынча иш барышы керек, бала бакчалардын, мектептердин жетекчилери, мугалимдер анын ишине аралашпашы керек. Бирок жетекчилер ата-энелердин коомдук фонддорун өздөрү көзөмөлдөп, же өзүнүн адамдарын фонддордун башчысы кылып коюп алып, ата-энелерге талабын таңуулап, мыйзамсыз иш кылып жаткандар да жок эмес.

Ошондуктан коомдук уюмдардын ишинде директор менен ата-энелер бири-бирине шылтап, фондко чогулткан акчанын эсеби дайынсыз болуп чырга айланган учурлар болууда. Фонд жетекчилери чогултулган акчанын каякка жумшалганын жылына кеминде эки жолу отчет бериши керек, бирок көп учруда бул тартип сакталбайт.

Жаңы ченемдик эрежелер

бала бакча

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмалуу айылында бала бакча ачылганына бир жыл болду. Бул айылда совет заманында да бала бакча болгон эмес.

Азыркы убакта бала бакчалар үч тараптан каржыланат. Республикалык бюджеттен кызматкерлердин эмгек акысы төлөнөт, жергиликтүү бийлик органдары анын чарбалык чыгымдарын төлөйт. Балдардын ичкен тамагынын жарымын мамлекет, жарымын ата-энелер төлөйт. Бирок бала бакчалардагы жууп-тазалоочу каражаттарды алууга каражат каралган эмес, ошондуктан Нурзида Касымованын айтымында, бала бакчалар ата-энелерден "мажбурлоо-ыктыярдуу" деген формада акча чогултуп келатат.

Эми министрлик бала бакчаларды каржылоонун жаңы ченемдик эрежелерин иштеп чыгып, башка министрликтер менен макулдашуудан өткөрүүдө. Жаңы ченемдерге ылайык, ата-энелер балдарынын тамак-ашын бүт өздөрү төлөшү керек болот.

"Ченемдик каржылоо дегенди өзгөртүп, ким канча акча берет дегенди так ажыратып берели деп жатабыз. Азыркыдай эле Билим берүү министрлиги аркылуу эмгек акысын каржылоо ишке ашат, бул Бишкек шаарынан башка региондордо. Бишке шаарында бардык төлөмдөр жергиликтүү бийликтин эсебинен жүргүзүлөт. Бала бакчанын өнүгүшүнө, инфраструктурасын жакшыртууга, ремонт иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын баарын жергиликтүү органдар мойнуна алып, толук кандуу жүргүзсүн. Ал эми балдардын тамагын 100% ата-энелер өздөрү каржыласын деп жатабыз. Андан сырткары, балдар күнүмдүк колдонгон буюмдарды да ата-энелер өздөрү каржылап берсин деп эсептеп чыкканыбызда бир жылдын ичинде 740-750 сомдун тегерегинде болду. Ошондой эле бала бакчалардагы ар кандай чыгымдарды мамлекеттик каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен болсун деген так ченем киргизилип жатат. Эгерде бул токтом күчүнө кирсе, ата-эне эмнеге төлөгөнүн билет. Жылына бир жолу 740-750 сомдон төлөй турган болсо, талаш-тартыш маселеси жаралбай калат",-дейт Нурзида Касымова. (КС)