Дүйнөдө тартыш болуп жаткан заттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө жүзү боюнча адамдар менен ишканалар кофеден тартып көмүргө чейин ар кандай заттардын жетишсиз болуп жатканына күбө болууда.
Негизинен күнөөнү коронавирус пандамиясынан улам жаралган кырдаалга оодарып койсо болот, бирок башка дагы көптөгөн факторлор бар. Алардын таасири ар кандай жолдор менен сезилип жатат.
Кытай: Көмүр менен кагаз
Кытайдагы “кынтыксыз бороон” жергиликтүү жана чет жердеги кардарлар менен ишканаларга катуу сокку урууда.
Энергия багытында изилдөө жүргүзгөн Оксфорд институтунун өкүлү Михал Мейдандын айтымында, ал кагаз, азык-түлүк, кездеме жана оюнчуктардан тарта iPhone чиптерине чейин бардык тармакка таасир этип жатат.
Анын айтымында, аталган товарлар “Жаңы жыл майрамына чейин дефицит болуп калышы ыктымал”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көйгөй негизинен энергетика кризиси менен байланыштуу. Мындай кризис учурунда 20дан ашуун провинцияда электр жарыгы өчүрүлүп турган.
Өлкөдөгү электр жарыгынын жарымынан көбү көмүрдүн эсебинен алынат. Көмүрдүн баасы болсо дүйнө жүзү боюнча кымбаттап кеткен. Бул чыгашалар баага коюлган катуу чектөөлөрдөн улам кытай керектөөчүлөрүнө жүктөп коюуга болбогондуктан энергия компаниялары дагы өндүрүштү азайтып жатат.
Мейдандын айтымында, көмүр өндүрүшүн шахталардагы жаңы коопсуздук текшерүүлөрү, экологиялык катуу эрежелер жана жакында эле катталган суу ташкын дагы үзгүлтүккө учураткан.
Бул Кытай товарларына болгон талап өсүп жатса дагы фабрика-заводдорго энергияны колдонууну азайтуу же болбосо кээ бир күндөрдө жаап туруу сунушталганынан кабар берет.
АКШ: Оюнчуктар менен даарат кагаз
Ак үйдүн кызматкери Жаңы жыл майрамында “адамдар сатып ала албаган нерселер болорун” эскертти.
Бул оюнчуктардын коруна, ошондой эле даарат кагаз, бөтөлкө суулар сыяктуу негизги товарларга, жаңы кийимдерге жана үй жаныбарларынын жемине таасирин тийгизет.
Көйгөйдүн себептеринин бири АКШнын портторундагы тар жайлар менен байланыштуу. 10 жүк ташыган контейнердин төртү АКШга эки гана порту аркылуу кирүүдө. Алар: Калифорниядагы Лос Анжелес менен Лоң Бич порттору.
Сентябрь айында Лос Анжелес порту жакта 73 кеме кезекке туруп калган күн болгон. Коронавирус чыкканга чейин бул портто бирден көп кеме күтүп калган учур көп деле катталчу эмес.
Азыр аталган эки порт тең басымды азайтуу үчүн 24/7 режиминде (күнү-түнү) иштөөгө өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым учурларда дефицит башка өлкөлөрдөгү коронавирус көйгөйлөрү менен байланыштуу болуп жатат.
Американын спорттук кийимдерди чыгарган Nike компаниясы, мисалы, өндүрүштүн көпчүлүгүн Вьетнам сыяктуу Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерде жүргүзөт. Ал жакта болсо фабрикалар жабылып калган.
Товарлар өндүрүлө берген менен аны сатуучуларга жеткирүү дагы кыйын болуп калганын айтат Гарвард Бизнес мектебинин профессору Вилли Ши.
Анын айтымында, америкалыктардын керектөөсү кескин түрдө өсүп, бирок фабрикалардагы, порттордогу иштер үзгүлтүккө учурап, жер жана темир жолдордогу “ашыкча жүк” дефицитке себеп болгон.
Индия: Машиналар менен компьютердик чиптер
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Индиянын эң ири машина чыгарган Maruti Suzuki компаниясынын өндүрүшү компьютер чиптеринин жетишсиздигинен улам солгундады.
Бул чиптер кыймылдаткычты кубаттап, ыкчам токтотуу сыяктуу өзгөчөлүктөрдү жөнгө салат.
Дефицит Жапония жана Корея сыяктуу өлкөлөрдөгү пандемияга байланыштуу үзгүлтүктүн натыйжасында келип чыккан.
Чиптерге болгон дүйнөлүк талап 5G технологиясына ылайыкташуу үчүн пандемияга чейин эле өсүп жаткан болчу. Мындай чиптер телефондордо жана компьютерлерде да колдонулат. Үйдөн иштегендердин саны да өскөндүктөн, талап күчөп, адамдарга ноутбуктар же вебкамералар дагы керек боло баштаган.
Индияга алынып келинген компоненттердин дефицити өлкө ичиндеги энергетикалык үзгүлтүктөн да начарлап кеткен.
Көмүр корлору да аябай азайган. Индияга Covid-19 пандемиясынын экинчи толкуну катуу сокку уруп, экономика акырындык менен жанданып, энергияга болгон талаптын өсүшүнө алып келген. Бирок дүйнөдө көмүрдүн баасы өсүп, Индиянын импорту азайган.
Coal India Limited компаниясынын мурдагы жетекчиси Зохра Чаттержинин айтымында, анын таасири чоң болгон.
“Көмүр тартыш болдубу, бүт өндүрүш секторуна - цемент, болот, курулуш - таасири тиет”.
Эксперттердин айтымында, Индияда электр энергиясынын баасы өсүп жаткандыктан үй-бүлөлөр дагы жабыр тартып калат. Инфляциянын өсүп кеткени азык-түлүк жана мунай сыяктуу негизги заттардын баасы дагы өстү дегенге жатат. (EA)







