Гаити президентинин өлүмү: Полиция чет элдик топту айыптоодо

Полициянын билдиришине караганда, ушул жуманын башында Колумбиянын мурдагы жоокерлеринен турган топ Гаитинин президенти Жовенел Моисти өлтүрдү.

Полиция башчысы Леон Чарльз журналисттерге берген маалыматында топтун курамына 26 колумбиялык жана гаити тектүү эки америкалык киргенин айткан.

Кылмышка шектүүлөрдүн ичинен 17си эки америкалык менен кошо кармалышкан, ал эми сегизи дагы деле издөөдө. Калган шектүүлөр борбор шаар Порт-о-Пренсте полиция менен болгон атышуу учурунда атып өлтүрүлгөн.

Шаршемби күнү таңга маал президенттин жеке менчик резиденциясына куралчан адамдар кирип келишкен. Моисе мырзанын жубайы Мартин кол салуудан жаракат алган жана Флоридага дарылануу үчүн жеткирилген, анын абалы туруктуу деп айтылууда.

Кол салууну ким пландаштырганы же ага эмне түрткү болгону азырынча белгисиз. Бирок Гаитинин убактылуу премьер-министри Клод Жозеф Би-Би-Сиге билдиргендей, 53 жаштагы президент өлкөдөгү "олигархтарга" каршы күрөшүп жаткандыгы үчүн бутага алынган болушу мүмкүн.

Бейшембиде полиция шектүүлөрдүн айрымдарын курал-жарак, Колумбиянын паспорттору жана башка далилдер менен кошо медиага көрсөткөн. Чарльз мырза: "Чет элдиктер биздин өлкөгө президентти өлтүрүү үчүн келишкен", - деди.

Колумбия өкмөтү болжолдуу сокку урган топтун кеминде алты мүчөсү өз армиясынын мурдагы жоокерлери болгон окшойт деп билдирди. Колумбия Гаитиге анын тергөө аракеттерине жардам берүүгө сөз берди.

Ал арада АКШнын мамлекеттик департаменти анын жарандары кармалгандыгын тастыктай албастыгын билдирди.

Ачууланган эл бейшемби күнү полиция кызматкерлеринин баш калаадагы операциясын көрүү үчүн чогулду. Айрым унаалар өрттөлүп, адамдар шектүүлөр жаткан полиция бөлүмүнүн алдына топтолушту.

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал күчүндө калууда.

Өлкөнү ким башкарат?

Бул өлтүрүү Гаитини ким башкарат деген маселеде башаламандыкты жаратты. Конституция боюнча Жогорку Соттун төрагасы кызматка келиши керек деп айтылган, бирок ал жакында COVID-19дан көз жумган.

Андан кийинки түзөтүүлөр премьер-министрди жетекчиликке сунуштайт. Ариэль Генри ушул жумада жаңы премьер-министр болуп дайындалган, бирок ал ант бере элек. Ал өзүн башчы болушун талап кылууда.

Убактылуу премьер-министр Жозеф мырза Би-Би-Сиге Генри мырзанын билдирүүсүнө таң калып, мындай деди: "Биз андай нерселерди таштап, Гаитини алдыга жылдырышыбыз керек".

БУУ Жозеф мырза бул жылдын акырына чейин шайлоо өткөрүлмөйүнчө жетекчилик кызматта болушу керек деп билдирди.

Ал президенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтты. "Мен бул жерде көпкө туруу үчүн келген жокмун. Шайлоону өткөрүү керек. Менин жеке күн дымагым жок", - деди ал.

Президент Моис өлтүрүлгөнгө чейин эле Гаитидеги кырдаал туруксуздук менен коштолуп, анын кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары көп болгон. (MD)