Израилде саясий чоң чуу чыкты. Башкы чалгынчы Нетаньяхуга каршы

Тергөөдө Ронен Бар Нетаньяхуга каршы берген көрсөтмөлөр чоң талкууларга жем таштады

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тергөөдө Ронен Бар Нетаньяхуга каршы берген көрсөтмөлөр чоң талкууларга жем таштады

Израилде саясий тирешүү болуп көрбөгөндөй курчуп, азыр эле тарыхта кала турган болду. "Шин-бет" (ШАБАК) Жалпы коопсуздук кызматынын башчысы Ронен Бар сотто өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга каршы көрсөтмө берүүдө. Израилдин тарыхында биринчи жолу атайын кызматтар учурдагы мамлекет башчысынын дарегине ири айыптоолорду коюп жатат.

Ушул жумада Ронен Бар ант берип жатып, Нетаньяху андан "жеке лоялдуулукту" жана конституциялык кризис болгон учурда Жогорку сотко эмес жеке өзүнө баш ийүүнү талап кылганын айтты.

Бардын билдиришинче, анын кызматтан алынышына өкмөттүн "ишенимди жоготту" деген расмий версиясы эмес, чындыгында премьер-министрдин кысымына баш ийүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Израилдик басылмалар жана эксперттер атайын кызматтын жетекчисинин Нетаньяхуга каршы айыптоолорун "өтө оор" деп сыпатташууда. Анын айткандарына ишенбей коюу дагы кыйын. Себеби Ронен Бар көрсөтмөлөрү жалган болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын түшүнөт.

Бар сотто эмне деди?

Бар 21-апрелде болуп өткөн сот отурумунда сүйлөп жатып, Израилдин өкмөт башчысы андан лоялдуулукту күткөнүн, бирок ал кол бала болуудан баш тартып, Нетаньяхунун ишенимдүү адамдарына карата айрым чечимдерди кабыл алуу менен, сыягы, бул ишенимди актабай калганын айтты.

Анын ичинде Ронен Бар Нетаньяхуга "Катаргейт" деп аталган кылмыш ишинде көрсөтмө берүүдөн качууга жардам берүүдөн баш тартканын билдирди.

Нетаньяхунун каршылаштары башынан эле "Шин-беттин" башчысын куугунтуктоо дал ушул "Катаргейт" иши менен байланыштуу экенин айтып келишкен.

Израилде премьер-министрдин кенешчилери Катардын кызыкчылыгын көздөөгө шектелип, бул иш тергелип жатат.

Мындан тышкары "Шин-бет" бийликтин 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын Израилге кол салышына алып келген каталарын иликтеп, атайын кызмат өз ишиндеги кемчиликтерди да мойнуна алган.

Ронен Бар сотто сүйлөгөндөн кийин, премьер-министрдин кеңсеси дал ушул кемчиликтер анын кызматтан алынышына себеп болгонун айтты. Ал эми Биньямин Нетаньяху Бардын көрсөтмөсүн "жалган айыптоо" деп атады.

Жогорку сот премьер-министрден "Шин-беттин" башчысынын билдирүүсүнө расмий жооп берүүнү сурады.

Бардын тарапташтарынын айтымында, 7-октябрдагы кол салуунун оор саясий кесепеттеринен улам Нетаньяхунун өкмөтү жоопкерчиликти башка бирөөлөргө, айрыкча атайын кызматтарга түртө салганга аракет кылууда.

Израил

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаңжалдын хронологиясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Премьер-министр менен Израилдеги эң жашыруун атайын кызматтардын бири болгон "Шин-беттин" башчысынын ортосундагы жаңжал көшөгө артында тымызын жүрүп келген. Бирок кийин бул маселе ачыкка чыгып, жаңжал март айынын аягында Барды кызматтан алуу менен аяктаган.

20-мартта министрлер кабинети Нетаньяхунун Барды кызматтан алуу чечимин бир добуштан колдоп, эртеси күнү премьер-министр бул тууралуу расмий жарыялаган.

Нетаньяху Барды кызматтан алуунун расмий себеби катары ишенимди жоготконун жана 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын кол салуусуна жол ачкан кемчиликтерди кетиргенин билдирген.

Бардын айтымында, Нетаньяху "Шин-бетти" начар иштеди деп гана айыптабастан, Барды 7-октябрда ХАМАС кыргын даярдап жатканын алдын ала билген жана бул тууралуу кабарлаган эмес деп күнөөлөгөн.

Бул жумада сотто берген көрсөтмөсүндө Ронен Бар мындай айыптоолорду "жалган жалаа жана каралоо" деп атады.

"Шин-беттин" башчысынын кызматтан алынышы Израилде жапырт нааразылыкка себеп болду. Өкмөттүн чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Соттун курамындагы Адилеттүүлүк сотуна ондогон доо арыздар түштү.

8-апрелде Жогорку Сот бул ишти карап, акыркы чечим чыкканга чейин Ронен Барды кызматтан алуу чечимин убактылуу токтотту.

Нетаньяху

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соттун чечимине ылайык, Ронен Бар кызмат ордунда кала берет, өкмөт болсо жаңы жетекчини дайындай албайт, бирок талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот.

Сотто көрсөтмө берип жатып, Бар кандай болгон күндө да кызматтан кетерин жана отставканын датасын жакында жарыялай турганын айтты. Ошол эле маалда ал соттун чечими анын "жеке жагдайларынан маанилүүрөөк" экенин кошумчалады.