Израил Газада аскердик операциясын кеңейтип, жаңы аймактарды ээлеп алууну көздөп жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац алардын аскерлери Газадагы операцияларынын масштабын кеңейтип, кеңири аймактарды ээлеп алып, аны израилдик армия түзгөн "коопсуз зоналарга" кошууну көздөй турганын билдирди.
Министрдин сөзүнө караганда, аскердик операцияларды кеңейтүүнүн максаты "районду террористтерден тазалоо жана террористтердин инфраструктураларын жок кылуу". Бул иш палестиналыктарды масштабдуу түрдө эвакуациялоону талап кылат.
Израилдик аскер күчтөрү Газа тилкесинин Рафах жана Хан-Юнис шаарларынын жака белиндеги жашоочуларга эвакуациялоо тууралуу кабарлашты. Аларды жээк тараптагы мурда гуманитардык аймак деп жарыяланган Аль-Маваси районуна кетүүгө буйрук берди.
Кац эвакуациялоо кармаш жүрө турган райондордо боло тургандыгын айтты. Мындан сырткары Газанын жашоочуларына кайрылып, ХАМАСты жок кылып, израилдик тутукундарды кайтарып берүүгө үндөдү. Анын сөзүнө караганда, бул согушту токтотуунун жападан жалгыз жолу.
Кацтын билдирүүсүндө Израил кайсы аймакты ээлеп алууну ниет кылып жатканы так көрсөтүлгөн эмес.
Израилдин аскер күчтөрү Газада бир топ эле кеңири буфердик зона түзгөнгө жетишти. Анда анклавдын согушка чейинки чек арасынын аймагын кеңейтип, Газанын борбору аркылуу өтө турган Нецарим деп аталган коридорду камтып, коопсуздук зонасына кошушту.
Египет менен чек ара тилкесин бойлой жайгашкан аймакка израилдик күчтөр соңку күндөрү үстөккө-босток авиасоккуларды уруп жатканы тууралуу кабарлар дагы чыгууда. Ошентип Израил Газа аймагында кургактыктагы масштабдуу басып кирүүсүн жакын арада баштачудай туюулуп жатат.
Жергиликтүү оорукананын маалыматтарына караганда, Газага 2-апрелге караган түнү урулган соккулардан эле кеминде 15 киши каза тапты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Палестиналык булактардын берген маалыматына караганда, куткаруучулар урандылардын арасынан 12 сөөктү алып чыгышты. Хан-Юнистеги кыйраган турак-жайдын урандыларынын арасынан аялдын, анын балдарынын сөөктөрү чыгарылды.
Кийинчерээк БУУнун клиникасына урулган соккулардан кеминде 19 киши каза тапканы маалым болду. Арасында жаш балдар дагы бар. Анда жер ооп келип баш калкалап жүргөн качкындар дагы бар эле.
Палестиналык жарандык коргонуу башкармалыгы Жабалияга урулган соккулар боюнча да маалымат берди. Ага караганда, БУУнун палестиналык качкындар боюнча иш алып барган агенттиги жетекчиликке алган клиниканын эки бөлмөсүнө ракеталар тийген. Бул жай баш калка катары колдонулуп келген эле.
Би-Би-Си верификация кылган видеодо, тез жардам унаалары жана ондогон киши имаратты көздөй шашып баратканы көрүнүп турат. Видео боюнча талдоолорго караганда, имараттын бир тарабындагы эки кабат урап түшүп калган.
Израилдик аскерлер болсо бул билдирүүлөрдү текшерип жатышканын билдиршти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Reuters агенттиги, анклавды 2007-жылдан бери көзөмөлдөп келе жаткан ХАМАСка каршы өткөрүлгөн нааразылык жүрүштөрү израилдик лидерлерди шыктандарып жатканын белгиледи. Алар аскердик максаттардан сырткары Газанын тургандары тарабынан дагы ХАМАСка басымдын күчөшүн каалап, аскердик операцияларын кеңейтүүнү көздөп жаткандай.
"Мен Газанын тургундарын тез арада ХАМАСты жок кылып жана туткундалгандарды кайтарып берүүгө чакырам. Районду согушкерлерден тазалап жана алардын инфраструктураларынан бошотуу гана бул согушка чекит коё турган жалгыз ыкма",- деп кошумчалады Исраэль Кац.
Мындан мурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка кайрылып, аларды курал-жарагын таштоого чакырган эле. Бул чакырык мурун да айтылган. Нетаньяху ошол оюн дагы бир жолу кайталап, аскердик басымды колдонуу туткунда калган 59 кишини кайтарып алуунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин билдирген.
Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвирдин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине келишин 1-апрель күнү ХАМАС кескин айыптап, анын мындай кадамын "чагым жана коркунучтуу эскалация" деп атады.
Палестиналык топ тараткан билдирүүсүндө "өз жерибизди, өз ыйыгыбызды, биринчи кезекте касиеттүү Аль-Акса мечитибизди коргоп калууга жаштарыбызды жана палестиналыктарды чакырабыз" деп үндөгөн. Бул жер мусулмандар үчүн дагы, иудейлер үчүн дагы ыйык жер болуп эсептелинет.
Израил Газадагы жаңы чабуулдарын 18-мартта кайра баштаган. Алар ХАМАС тобу ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын жаңы сунуштарын четке кагып жана дагы деле Газада туткунда кармалып турган 59 кишини боштпой жатат деп айыптаган.
ХАМАС өз кезегинде январда түзүлгөн биринчи макулдашуунун шарттарын бузду деп Израилди айыптаган.
Ал арада Израилде дайынсыз жоголгондордун жана туткундагылардын үй-бүлөлөрүнүн форуму өттү. Ага чогулгандар аскердик операция кеңейтилет деген кабардан улам, "үрөйлөрү учуп" ойгонушканын айтышты. Жыйынга чогулгандардын тобу израил өкмөтүнө кайрылып, биринчи кезекте дагы деле Газада кармалып турган туткундагыларды бошотуп алууга жетишүүгө чакырышты.
"Израил өкмөтү келишимдин жыйынтыгында туткундагыларды бошотуп алып, согушту токтоткондун ордуна Газаны көздөй жаңы аскерлерди жөнөтүп жатат. Алар Газада буга чейин эле бир нече ирет согушкан жерлерине барып кайрадан согушушканы жатышат",- деп айтылат форумдун билдирүүсүндө.
Соңку апаталарда Газадагы гуманитардык абал кескин начарлап кетти. Израил 2-марттан тарта Газа секторуна жардамдарды коё берүүнү токтоткон. Бул согуш башталгандан бери карай эң узакка созулган блокада болуп калды.
БУУ өткөн айда Газадагы өз операцияларын кыскарта тургандыгын жарыялаган. Себеби андан бир күн мурун палестиналык сегиз медик, жарандык коргонуунун алты кызматкери жана БУУнун бир адиси израилдик күчтөрдүн Газанын түштүгүндөгү аскердик аракеттеринин айынан каза тапкан.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын болуп көрбөгөндөй чабуулунан улам 1200 чамалуу киши өлүп, 251 киши туткундалгандан кийин Израилдин аскер күчтөрү ХАМАСты жок кылуу боюнча аскердик чоң операциясын баштаган.
ХАМАСка баш ийген саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, согуш учурунда Газада 50 399 палестиналык каза тапты. Анын ичинде жаш балдар, аялдар жана улгайган адамдар да бар. Жүз миңдеген киши качкынга айланды.












