ХАМАС Израилдин талаптары камтылган сунушун четке какты

Сүрөттүн булагы, Reuters
ХАМАС тобу Израилдин ок атышууну алты аптага токтотуу жөнүндөгү сунушун кабыл алган жок. Израил тарап аман калган туткундардын жарымын бошотууну жана куралсыздандырууну талап кылган эле деп билдирди Би-Би-Синин булагы.
"ХАМАС тобуна бул жаңы сунуш Египет аркылуу берилген жана согушту токтотуу боюнча Израилге эч кандай талап койбостон топтун куралын ташташын же Газа тилкесинен чыгып кетишин талап кылышкан. Ошондуктан ХАМАС сунушту толугу менен четке какты",- деди сүйлөшүүлөр боюнча кабары палестиналык жогорку даражалуу чиновниктердин бири.
Анын пикирине караганда, Израил убакытты созуп, согушту токтотпой туруп эле тутукундарды кайтарып алууну көздөп жатат. Бул позиция болсо ХАМАС үчүн кабыл алынгыс шарт.
Би-Би-Синин булагы, келечектеги кандай гана келишим болбосун ал Израилдин согушту токтотушун жана Газа тилкесинен чыгып кетишин камтышы керектигин айтты.
Халил аль-Хайя жетектеген ХАМАСтын делегациясы дүйшөмбү күнү Каирден кетти. Алар кыска убакытка визит менен барган эле. Сапар учурунда ал Египеттин чалгын кызматынын башчысы менен дагы жолугушуу өткөрдү.
ХАМАС Газада дагы деле израилдик 24 туткунду кармап турат. Алар 2023-жылы 7-октябрдагы чабуул учурунда колго түшкөндөр эле.
Буга чейин ХАМАС ок атышуу келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча беш гана туткунду бошотуу боюнча сунушун берген болчу. Бирок Би-Би-Синин маектеши, палестиналык топ ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында туткундардын саны боюнча маселеде компрамисстерге барууга даяр эле деп билдирди.
Би-Би-Сиге жеткен маалыматтар боюнча, Египет ХАМАСка жаңы сунушун берди. Палестиналык топ болсо ал сунушту өз ара жана башкалар менен дагы талкуулап көрөт.
"Биз египеттик туугандарыбызга кыймылды куралсыздандыруу – бул кабыл алынгыс талап экенин билдирдик",- деди ХАМАСтын өкүлү. Бирок топ "улуттук жоопкерчилик маселесин жетекчиликке алып, андан улам алардын сунушун карап көрүшө тургандыгын" кошумчалады.
Ишке ашпаган жарашуу келишими

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израил менен ХАМАС 19-январда Газада ок атышууну токтотушкан. Бул туткундардын калган бөлүгүн бошотуп, Газага гуманитрадык жардамды кайрадан калыбына келтирүү жана качып-бозуп жүргөн палестиналыктардын үйлөрүнө кайтып келүүсү боюнча макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иш эле. Жарашуу келишими этап-этап менен уланмак. Анын толук кандуу ишке ашпай калышы боюнча эки тарап бири-бирин айыптап келе жатат.
Израил аскердик операцияларынын масштабын кеңейткен
Апрель айынын башында Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац алардын аскерлери Газадагы операцияларынын масштабын кеңейтип, кеңири аймактарды ээлеп алып, аны израилдик армия түзгөн "коопсуз зоналарга" кошууну көздөй турганын билдирген болчу.
Министрдин сөзүнө караганда, аскердик операцияларды кеңейтүүнүн максаты "районду террористтерден тазалоо жана террористтердин инфраструктураларын жок кылуу". Бул иш палестиналыктарды масштабдуу түрдө эвакуациялоону талап кылат.
Израилдик аскер күчтөрү Газа тилкесинин Рафах жана Хан-Юнис шаарларынын жака белиндеги жашоочуларга эвакуациялоо тууралуу кабарлашты. Аларды жээк тараптагы мурда гуманитардык аймак деп жарыяланган Аль-Маваси районуна кетүүгө буйрук берген эле.












