Индияда жорулар жоголуп, жарым миллион адам өлдү
Сутик Бисвас, Индиядагы кабарчы •@soutikBBC

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тарп аңдыган жырткыч канаттуулар таштанды төгүүчү жайлардын үстүнөн учуп, малдын өлүгүн издейт эле. Кээде алар аэропортто учактардын реактивдүү кыймылдаткычтарына урунуп, учкучтарга чоң коркунуч жаратчу.
Бирок мындан жыйырма жылдан ашык убакыт мурун Индиядагы жорулар оорулуу уйларга берилген дарыдан улам өлө баштаган.
1990-жылдардын орто ченинде 50 миллионго жакын жорулардын популяциясы диклофенактан, бодо малдар үчүн стероиддик эмес ооруну басаңдатуучу арзан дарыдан улам, аябай төмөндөп кеткен. Дарыланган малдын өлүгү менен азыктанган канаттуулар бөйрөк оорусунан жабыркап, тукум курут болду.
Диклофенакты ветеринардык жактан колдонууга 2006-жылы тыюу салынгандан бери, кээ бир аймактарда төмөндөө басаңдады, бирок Индиядагы канаттуулардын акыркы мамлекеттик отчетуна ылайык, жок эле дегенде, жорулардын үч түрү 91-98% жоготууга учурады.
Акыркы рецензияланган изилдөөгө ылайык, жорулар тууралуу маалымат ушуну менен бүтүп калбайт. Америкалык Экономикалык Ассоциациясынын журналында жарыяланган изилдөөдө айтылгандай, алп "санитар" канаттуулардын атайы болбосо да жок кылынышы коркунучтуу бактериялардын жана инфекциялардын көбөйүшүнө жол берип, Индияда беш жыл ичинде жарым миллионго жакын адамдын өлүмүнө алып келди.
Тарп менен азыктанган канаттуу дайыма жайнаган таштанды төгүүчү жайлардын үстүнөн учуп, малдын өлүгүн издейт

Сүрөттүн булагы, AFP
Изилдөөнүн авторлорунун бири, университеттин ассистенти, Чикагодогу Харрис коомдук саясат мектебинин кызматкери Эйал Фрэнк: "Жорулар табияттын санитардык кызматы деп эсептелет, анткени алар айлана-чөйрөбүздөн бактерияларды жана патогендерди камтыган өлгөн жаныбарларды жок кылууда маанилүү ролду ойношот. Аларсыз оору жайылып кетиши мүмкүн" дейт.
"Адамдын ден соолугунда жорулардын ролун түшүнүү жалаң эле сүйкүмдүү жана жагымдуу жаныбарларды эле эмес, бүтүндөй жапайы жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Алардын бардыгынын биздин экосистемабызга таасир этүүчү касиети бар.
Фрэнк жана анын авторлошу Анант Сударшан Индиянын райондорунда бир кездерде жорулар көп байырлаган райондор менен тарыхый жактан алганда алар сейрек байырлаган аймактардагы адам өлүмүнүн көрсөткүчтөрү менен салыштырышкан. Алар ошондой эле кутурмага каршы вакциналардын сатылышын, жапайы иттердин санын жана суудагы патогендердин деңгээлин текшеришкен.
Алар сезгенүүгө каршы дары-дармектерди сатуу көбөйгөндө, куштардын популяциясы кыскарганын, канаттуулар бир кезде байырлаган райондордо адамдардын өлүмү 4% дан ашык көбөйгөнүн аныкташкан.
Окумуштуулар ошондой эле малдын эң чоң популяциясы бар шаарларда өлүк калдыктары көп кездешкенин белгилешкен.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Авторлор 2000-2005-жылдар аралыгында жорулардын азайышы жыл сайын болжол менен 100 000 адамдын өлүмүнө алып келгенин, мезгилсиз өлүмгө байланыштуу өлкө жылына 69 миллиард доллардан (53 миллиард фунт стерлинг) ашуун экономикалык чыгымга туш болгонун эсептешкен.
Бул өлүмдөр жорулардын айлана-чөйрөдө кескин азайышына, ушундан улам оорулардын жана бактериялардын кеңири жайылышына байланыштуу болгон.
Мисалы, жорулар азайганда жолбун иттердин саны көбөйүп, адамдарга кутурма оорусун таратышкан.
Ошол тушта кутурмага каршы вакциналар көп сатылганы менен, алар жетишсиз болгон. Жорулардан айырмаланып, жолбун иттер чириген калдыктарды тазалоодо натыйжасыз болгондуктан, бул өз кезегинде бактериялардын жана патогендердин ичүүчү сууда көбөйүшүнө алып келген. Сууда заң бактериялары да эки эседен ашык көбөйгөн.
"Индиядагы жорулардын азайышы - бир түрдүн жоголушу адамдар үчүн кайра кайтарууга кыйын жана күтүүсүз чыгымдарды алып келерин туюнткан өзгөчө ачык мисал болуп саналат”, - дейт изилдөөнүн автору, Уорвик университетинин доценти Сударшан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Мында жаңы химиялык заттар күнөөлүү болчу, бирок адамдын башка иш-аракеттери - жашоо чөйрөсүн жоготуу, жапайы жаныбарларды акчага сатуу жана климаттын өзгөрүшү жаныбарларга жана өз кезегинде бизге да таасирин тийгизүүдө. Бул чыгымдарды түшүнүп, максаттуу ресурстарды жаныбарлардын негизги түрлөрүн сактап калууга жумшоо зарыл"
Индиядагы жорулардын түрлөрүнүн ичинен ак куйруктуу жорулар, индия жорусу жана сары баштуу жорулар 2000-жылдардын башынан бери эң олуттуу узак мөөнөттүү кыскарууга дуушар болушкан, алардын популяциясы тиешелүүлүгүнө жараша 98%, 95% жана 91% га кыскарган. Египет жорусу, жана дайыма көчүп-конуп жүрүүчү ак баштуу жорулар да кыйла азайган, бирок жогоркулардай кейиштүү санда эмес.
2019-жылы Индиядагы мал каттоодо 500 миллиондон ашык мал катталган, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Эзелтен бери дыйкандар малдын өлүктөрүн тез арада жок кылуу үчүн жогорку эффективдүү тазалоочулар катары жоруларга таянышкан. Окумуштуулардын айтымында, Индияда жорулардын азайышы АКШда кыдыргыч көгүчкөн жок болгондон берки эң тез катталган жоготуу болуп калды.
Индиянын мамлекеттик канаттуулар отчетуна ылайык, азыр Индиянын тирүү калган жору популяциялары азыгы булганган малга караганда өлгөн жапайы жаныбарлардан турган коруктардын айланасында көбүрөөк топтолгон. Жорулардын сан жагынан үзгүлтүксүз кыскаруусу "жорулар үчүн азыр да уланып жаткан коркунучтардын бардыгын" көрсөтүп, жорулардын азайышы адамдын жыргалчылыгына терс таасирин тийгизгендигин эске алганда, өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
Адистер ветеринардык дары-дармектер дагы деле жорулар үчүн чоң коркунуч экенин эскертишүүдө. Өлгөн малдардын тездик менен көмүлүшү жана жапайы иттердин атаандаштыгы көйгөйдү ого бетер курчутат. Кен казып алуу да жорулардын кээ бир түрлөрү үчүн уя салуу чөйрөсүн бузушу мүмкүн.
Жорулар кайтып келеби? Кээ бир үмүт берген белгилер бар болсо да, азыр айтуу кыйын. Өткөн жылы куткарылып, капаста өстүрүлгөн жана спутник аркылуу байкоо жүргүзүү белгилери орнотулган 20 жору Батыш Бенгалиядагы жолборс коругуна коё берилген. Индиянын түштүгүндө жакында жүргүзүлгөн сурамжылоодо 300дөн ашык жору катталган. Бирок кубанууга али эрте. Алдыда көп аракет талап кылынат...












