"Батумини" бузгандар миллиондоп төлөмөй болду

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМК Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев "Батуми" ресторанынын ээсине 3 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин Бишкек мэриясы тарабынан түрттүрүлгөн “Батуми” кафесинин ээси вице-мэр Нурдан Орунтаевдин үстүнөн атайын кызматка кайрылган эле.

Анын адковаттары Кайсын Абакиров жана Рустам Исаев кафени түрттүрүп салуу үчүн шаар бийлигинде соттун чечими болгон эмес деп жатышат.

Орунтаевге жана мэриянын башка бир катар кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде иш козголгону да белгилүү болду.

“Батуми” кафесин буздуруунун жана Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын өкүлдөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн текшерүү жүрүп, эки тараптан тең мыйзам бузуулар болгону аныкталган.

“Батуми” кафесинин ээси унаа токтотуучу жай катары муниципалдык жерди тийиштүү ижара келишимисиз эле пайдаланганы мыйзам талаптарына жатпасы аныкталды.

"Ошол эле учурда бул тармакка жооптуу вице-мэр Нурдан Орунтаевдин мыйзамга дал келбеген аракеттери аныкталды. Себеби ал кафенин конструкциясын бузуунун ордуна бирөөнүн мүлкүн түздөн-түз жок кылуу жолу менен буздурууну уюштурган. Натыйжада имаратка 3 миллион сомдон ашуун суммага зыян келтирилген”, - делет бул тууралуу маалыматта.

Ресторандын ээсинин жактоочулары Баш мыйзамга таянып, Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экенин жүйө келтирип жатышкан.

““Батуми” кафесин иштеткен “Эстаунд” ЖЧКУсу тарабынан буга чейин эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бүт уруксат кагаздарыбыз бар, анын ичинде “Бишкекархитектура” 2021-жылы 2-мартта бекитип берген архитектуралык пландоо шарттары да бар. Мэриядагы адамдар кызмат абалынан аша чаап, жеке менчиккти атайылап жок кылышканы боюнча бүгүн УКМКга кайрылдык. Кылмыш-Жаза кодексинин негизинде чара көрүлүшү керек”, - дейт Кайсын Абакиров.

2021-жылдан бери кафе жылына 7-миллион сомдон салык төлөп келген.

Юристтер “Батуми” ресторанынын имаратын түрттүрүп салуу аны кургандарга 9 миллион сомдук чыгым келтиргенин айтып жатышкан.

Алар мэрия 2023-жылдын 17-майдагы Жерди колдонууга көзөмөл кылуу башкармалыгынын катына эле таянып жатканын, бирок ал кафени түрттүрүп салууга негиз эмес экенин айтып жатышкан.

Бирок шаар бийлиги баары мыйзам чегинде болгонун, бул тууралуу ресторан ээсине алдын ала эскертүү берилгенине карабай, эч кандай иш аракет болбогонунан ушундай чарага барышканын айтууда.

“Мэрия быйыл 15-майда кафе ээсине тийиштүү иш-кагаздарын берип, ижара мөөнөтү бүткөн, бошотуп бергиле дегенбиз. Тилекке каршы, биздин талаптар аткарылган эмес. 10 күндөн бери бизге эч кандай реакция да кылышкан эмес. Ошол себептен биз ушундай бузганга аргасыз болдук”,- деген вице-мэр Нурдан Орунтаев.

Мэрия жана Бишкекархитектура УКМК тергөөнү жыйынтыктамайын маалымат берүүдөн карманууда.

Бүгүн Орунтаевдин УКМКга суракка чакырылганы боюнча маалымат тараган.

Деген менен “Батуми” ресторанынын ээси Кадича Бечелова бул жерде бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы болуп жатат деген пикирде:

“Биз келишимди узартат элек да, бул жер кызыл линияда эмес болчу. Бул жерге кызыккан бирөө бардыр, ошол үчүн алдырып жатат”.

Бечелова имаратты түрттүрүү маалында болгону үч эле күн сурап, жалынганы коомдук сайттарда тарап, талаш-тартыштарга жем таштап жаткан. Айрым шаар тургундары калааны ирээтке келтирип жатат деп Орунтаевди колдосо, кээ бирлери ишкерлердин убалына калып жатканын сындашкан.

Бечелова бизнеси күйүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго да кайрылган эле.

Коомдук сайттарда Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун уулунун жакын досу экени, ал эми түрттүрүлгөн ресторан ээсинин баласы Бишкек ШИИБде кызмат ээлери жана ал УКМК төрагасынын уулунун жакын санаалашы экенин да айтылып жаткан.

Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөр, "кызыл чийинден" чыгып кеткен түрдүү курулуштар бар экенин айтып мэрия соңку мезгилде байма-бай сүрдүрүү, бузуу иштерин жүргүзүп жаткан. Ошол эле учурда мыйзамдуулугу күмөн жаратат делген "Ата-Түрк" сейил багындагы жеке менчик үйлөр боюнча мэриянын так позициясы кандай, ал хан сарайлар боюнча ак же көк деп бул ишке чекит коёбу деп собол салгандар бар.

Бишкек мэриясынын алдындагы Жер пайдалануунун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси учурда шаар ичинде жүрүп жаткан демонтаж иштери боюнча Би-Би-Сиге маалымат берди.

"Демонтаждоо иштери Бишкек шаардык кеңеш бекиткен токтомдун негизинде журүп жатат. Ушу тапта 3-3,5 миңдин тегерегинде ар кандай типтеги объектилерди сүрдүрөлү деп атабыз. Анын ичине имараттар эле эмес, тосмолор, көрнөк-жарнактарды да тазалап жатабыз".

Ошентип шаар бийлигинин шаарды тазалоо, көрккө келтирүү аракеттери УКМК териштиргенге чейин жеткен чууга алып келди. Мэрия шаарды ирээтке келтирүү улантыла берерин, бирок анын баары мыйзам чегинде болорун убадалап жатат.