“Энелик, аялдык мээримин жана аристократтыгын көрсөттү”. Королева кабыл алган биринчи кыргыздын эскерүүсү
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда маркум королева Елизавета II менен чыныгы жашоодо жолугушкан саналуу гана адамдар бар. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев. Ал элчилик аудиенциядан тышкары королева кабыл алган биринчи кыргыз.

Сүрөттүн булагы, Social media
2002-жылы Елизавета II тактыдагы 50 жылдык алтын мааракесин дүйнө жүзүнөн 300 чакты адам чакырып белгилеген. Борбор Азиядан королеванын салтанатына жалгыз Султан Раев чакырылган.
Ал өзү Би-Би-Сиге атайын маек куруп, Букингем сарайына кантип чакыруу алып калганын, королева менен кантип жолугушканын жылуу маанайда эскерип берген эле.
Би-Би-Си: Елизавета II ханыша катары милдетин кандай аткарды жана саясаттагы орду кандай болду деп ойлойсуз?
Султан Раев: Ханыша катары Елизавета II бүткүл Британиянын бардык жүгүн көтөргөн биринчи фигура болду. Королева мамлекеттин ишине активдүү киришпесе дагы, ал көп жылдар бою Британиянын символу болуп келбедиби.
Елизавета II орду Британиядагы жашоонун бардык тармактарында сезилип турчу эле.
Королева британ өкмөтүнүн, парламентинин ишине көп кийлигише бербеди, бирок ал саясий арбитр болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мисалы, биз “үстүбүздө кудай бар” дейбиз ээ, булар “биздин үстүбүздө королева, андан кийин кудай” бар дешчү. Елизавета II британдыктар үчүн кудай менен алардын ортосундагы символдой кабылданчу. Бул алардын канына, маданиятына терең сиңип калган. Бирок бул "культ личности" же жеке адамдын керт башына сыйынууга жатпайт. Бул британдыктардын королевага сый-урматы.
Себеби, ал Британиянын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эткен королдук династиянын салмактуу өкүлү, Англиянын күрөө тамырын тартып турган монарх болду.
Албетте, анын жашоосу биз ойлогондой жомоктогудай деле болбосо керек. Анын жашоосунда деле ар бир адамдын турмушундагыдай оош-кыйыш болду деп ойлойм. Бул тууралуу саргыч дейбизби, жеңил-желпи басылмаларда деле жазылып келбедиби. Бирок ошонун баарын ханыша сабырдуулук, көтөрүмдүүлүк, айкөлдүк менен жеңип жүрдү.
Былтыр жолдошу да өтүп кетти, жүзгө да жакындап калды эле, ошого карабастан британ эле эмес, дүйнөлүк саясатта дагы анын өзүнүн орду болду. Аны бардыгы сыйлады, урматташты, ошол эле учурда баалашты.
Би-Би-Си:Сизди королева элчилик аудиенциядан тышкары кабыл алган биринчи кыргыз болдуңуз. Кантип чакырылып калдыңыз?
Султан Раев: Мен королева Кыргызстандан биринчи жолу кабыл алган адам болуп калдым. Бул мен үчүн да тарыхый окуя болуп калды. Ошол кезде мурдагы КМШ мамлекеттеринен үч эле киши барган экенбиз. Лондонго учуп жөнөдүм, эртеси эле Букингем сарайына бардык. Бүт дүйнө жүзүндөгү атактуу адамдар келишиптир. Бир маалда “королева келе жатат” деп жарыялашты. Баарыбыз каз-катар болуп тизилип калдык. Анан королева балдары, жолдошу менен чыкты. Улам жакындаган сайын умтулуп ал жакты карап күтүп турдук. Биз жакка да аз калды, мени кыргыз элчилигинен коштоп жүргөн бала бар эле, бир маалда экөөбүз элдин арасынан бири-бирибизди таппай калдык...”

Сүрөттүн булагы, Raev

Сүрөттүн булагы, Raev
Би-Би-Си: Королеванын сүрү бар бекен?
Султан Раев: Королева болсо мен жакка жакындай берди. Жакын да келип калды, бирок мен анда анын сүрүн байкаган жокмун. Ушундай бир энелик, аялдык мээримин жана аристократтыгын көрсөткөн айым экен. Ар бир сүйлөшкөн адамга ушундай бир мээрим, сүйүү менен мамиле кылды. Елизавета II бизге да жакындап калды. 7-8 метр арыраакта кичинекей оорулуу төрт-беш бала турду эле. Ал балдарга королева ушунча бир ийилип, эңкейип, чачтарынан сылап мээримин төктү.
Ал аңгыча бизге жакындап келди, мен чепкен, калпагымды кийип алгам. Королеванын көзү дароо менин калпагыма кадалды. Бизге келди да “кайдансыңар” деп сурады, “аа, Кыргызстандасыңарбы” деп учурашты. Чынын айтайын, ушунчалык толкундандым.
Себеби, узун кезектеги бардык адамдардын алдынан өткөнү менен, кээ бирөө менен учурашып, айрымдарынын жанына жөн эле өтүп кетип атты. Королеванын ошентип бир эле сөз менен кайрылганы дүйнөмдү өзгөртүп кетти.
Королева менен жолугуп, сүйлөшүп атканда негедир мага ой келип кетти, “ай атаа, ушуну менин байкуш апам көрсө кандай болот эле” деп. Апам ушуну көрсө, сезсе, кыргызстандык туугандарым көрсө аттиң деген ой болду.
Королева бардык коноктордун алдынан учурашып өткөндөн кийин Королдук бакчада королеванын столуна отурдук. Мени лорддордун жана Голливуддагы белгилүү режиссёрлор, актёрлордун жанына отургузушту. Айтылуу Пол Маккартни, ал кездеги Британиянын премьер-министри Тони Блэр, дагы башка көптөгөн жылдыз адамдардын катарында болдук.
Тамакка карадык, өмүрүмдө андай тамак жеш мага кыйын болгон эмес. Кашык-вилка кармасам колум калчылдайт. Британдыктар аябай шайыр келишет экен, бакылдап атышты. Барып отуруп ошол толкундоо менден акырын таркады. Элге кошулуп мен да акырын королеванын сыйын көрө баштадым. Эң кызыгы, мага протоколду, этикетти үйрөткөн да. Бирок бир маалда эле лорддор колу менен эле этти тишин салып жеп киришти. Аны көргөндө да бир аз өзүмө келгенсип калдым. Мен айтайын дегеним, аристократияда ушундай бир уулулук, ушундай бир жөнөкөйлүк бар экен да.
Би-Би-Си: Сиз ал кечеде көп коноктордун көңүл борборунда болгонуңузду эскергениңиз бар. Өзгөчө сиз кийип барган улуттук кийимге кызыгуу чоң болсо керек?
Султан Раев: Сый-тамактан кийин ары бери басып, таанышуу, баарлашууга өттүк. Баары эле келип менин калпагыма кызыгып атышты. Африкадан да улуттук кызыл-тазыл кийими менен келген конок бар экен. Баары эле келип бизге кызыгып жатышты. Болбосо баары ал жакка смокинг, көйнөк менен келишиптир. Мен деле айрымдар менен сүрөткө түшкүм келди, бирок королдук үй-бүлөнүн протоколу ага тыюу салат экен. Болбосо, Тони Блэр менен бир сүрөткө түшөйүн дедим эле да.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












