Чарльз III - Улуу Британиянын жаңы королу

Prince Charles by Nadav Kander,

Сүрөттүн булагы, © Nadav Kander

Королева дүйнөдөн кайткандан кийин такты дароо эч салтанаты жок эле Уэльстин мурдагы канзаадасы, мураскор Чарльзга өтөт. Бирок король болуш үчүн бир катар практикалык жана салттуу эрежелерди аткарышы керек.

Кандай аталат?

Анын биринчи кадамдарынын бири Чарльз III болобу же башка ысым алабы, бул жөнүндө чечим кабыл алышы керек.

Мисалы, анын чоң атасы Георг VI аты Альберт эле, бирок ал экинчи ысымынын бирөөн колдонуп башкарган. Чарльз - Чарльз Филип Артур Джордж деген төрт ысымдан каалаганын тандап алса болот.

Титул өзгөртө турган жалгыз эле ал эмес. Канзаада Уильям тактынын мураскору болсо дагы Уильям дароо эле Уэльс канзаадасы боло албайт. Бирок ал дароо эле өзүнүн атасынын Корнуолл герцогу даражасына ээ болот. Анын жубайы Кэтрин Корнуол герцогинясы катары белгилүү болот.

Ошондой эле Чарльздын жубайында дагы жаңы титул болот, монархтын жубайына королева-консорт деген термин колдонулат.

Формалдуу эрежелер

Энеси дүйнөдөн кайткандан кийин Чарльз 24 сааттын ичинде расмий түрдө король болуп жарыяланат. Бул Лондондогу Сент-Джеймс сарайында Тактыны мураскорго өткөрүү кеңешинин алдында өткөрүлөт.

Анын курамына монархтын жашыруун кеңешинин мүчөлөрү - парламенттин чоң кызматтагы депутаттарынын тобу - азыркы жана мурдагы, көрүнүктүү адамдар жана кээ бир чоң кызматтагы мамлекеттик кызматкерлер, Британиянын Шериктештик өлкөлөрүндөгү элчилери жана Лондондун лорд-мэри кирет.

Теориялык жагынан бул аземге катышууга 700 дөн ашык адамдын укугу бар. Бирок королеванын дүйнөдөн кайтканы жөнүндө кабар жаңы эле белгилүү болгонун эске алганда, катышууга аз эле адамдын мүмкүнчүлүгү болот.

Тактыны мураскорго өткөрүү Кеңеши акыркы жолу 1952-жылы 200 адам болуп чогулган.

Король өзү адатта бул жыйынга катышпайт.

Кеңештин учурунда Жашыруун кеңештин лорд-төрагасы (азыр бул депутат Пенни Мордаунт) королева Елизаветанын дүйнөдөн кайтканын жарыялап, баарына угуза прокламация окулат.

Прокламациянын тексти өзгөрүшү мүмкүн, бирок салт боюнча алганда ал мурдагы монархка карата дуба, мактоо жана жаңы монархка ак кызмат кылуу жөнүндө билдирүү түрүндө болот.

Ошондон кийин прокламацияга чоң даражалуу бир топ адамдар кол коет, анын ичинде премьер-министр, Кентерберийск архиепискобу жана лорд-канцлер.

Prince Charles file photo

Сүрөттүн булагы, PA Media

Королдун биринчи декларациясы

Тактыны мураскорго өткөрүп берүү кеңеши кайра дагы бир жолу чогулат - бул адатта кийинки күнү болот. Бул жолу король өзү жана Жашыруун кеңештин мүчөлөрү катышат.

Британиянын монархтарынын башкаруусу башталганда эч кандай "ант" берилбейт. Бул АКШнын президенти сыяктуу башка мамлекеттердин башчыларынын кызматка киришүү эрежесине окшобойт. Бирок жаңы король аткара турган декларация салты бар. XVIII кылымдан келаткан салт боюнча ал Шотландиялык чиркөөнү коргоого ант берет.

Фанфарлар жаңыргандан кийин Карлды жаңы король деп жарыялаган прокламация окулат. Бул Сент-Джейм сарайында аткарылат - ал Лондондун борборунда, Букингем сарайынын жанында. Аны Улуу Урматтуунун Башкы герольдмейстери титулун алып жүргөн расмий адам аткарат.

Queen Elizabeth II crowns her son Charles, Prince of Wales, during his investiture ceremony at Caernarvon Castle. 1969

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева канзаада Чарльзга 1969-жылы Уэльск канзадаасы титулун тапшыруу убагында анын башына таажыны кийгизип жатат
1px transparent line

"О Жараткан, королду сакта!" - деп ал жарыя кылат. 1952-жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик гимндеги "Жараткан, королду сакта!" деген сөздөр жаңырат.

Андан кийин Лондондогу Гайд-паркта, Тауэрде жана аскер кемелеринде артиллериялык салют атылат. Карлды король деп жарыялаган прокламация Шотландиянын, Уэльстин жана Түндүк Ирландиянын борборлорунда - Эдинбургда, Кардифте жана Белфастта жарыя окулат.

Такка отуруу

Тактыны мураскорго өткөрүп берүү процессинин символикалуу чокусу - Карл таажыны кийип тактыга отурган салтанат. Буга бир топ олуттуу камылга көрүш керек болгондуктан Карл король болгондон кийин эле дароо болбойт. Королева 1952-жылы монарх болду, анын тактыга отуруу салтанаты 1953-жылы июнда өткөрүлгөн.

Акыркы 900 жыл ичинде тактыга отуруу салтанаты Вестминистрск аббатында өткөрүлөт. Таажыны биринчи кийген монарх болуп Вильгельм Жеңүүчү эсептелет. Ал эми Карл кыркынчы болот.

Бул салтанат англикан чиркөө кызматы түрүндө болот, аны Кентерберийск архиепискобу өткөрөт. Салтанат аягында ал Карлдын башына 1661-жылы чылк алтындан жасалган Ыйык Эдуард таажысын кийгизет.

Бул таажы Лондондогу Тауэрде сакталып турган британдык таажылардын ичинен эң башкысы болуп саналат. Монарх аны коронация убагында гана кийет. (Анын үстүнө анын салмагы 2,23 кг).

Королдук үйлөнүү үлпөттөрүнөн айырмаланып - бул мамлекеттик иш чара, анын чыгымдарын өкмөт төлөйт - ошондой эле чакырылгандардын тизмесин да өкмөт түзөт.

Royal Family on Balcony at Buckingham Palace, London, pictured after Coronation, 2nd June 1953.

Сүрөттүн булагы, Mirrorpix / Getty Images

1px transparent line

Коронация убагында музыка жаңырып, ар кандай тексттердин үзүндүлөрү окулуп, жаңы монархты ар кандай майлар менен майлоо жөрөлгөсү өткөрүлөт.

Жаңы король бүт дүйнөнүн алдында ант берет. Кылдат иштелип чыккан салтанат убагында ал өзүнүн жаңы ролунун символдору катары колуна держава менен скипетрди алат, Кентерберийск архиепискобу анын башына алтын таажыны кийгизет.

Улуттар Шериктештигинин башчысы

Чарльз 2,4 млрд эл жашаган 56 көз каранды эмес өлкөнүн бирикмеси болгон Улуттар Шериктештигинин башчысы болуп калат.

Анын ичинде: Австралия, Антигуа жана Барбуда, Багамдар, Белиз, Канада, Гренада, Ямайка, Папуа Жаңы Гвинея, Сент-Кристофер жана Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадины, Жаңы Зеландия, Соломонов аралдары жана Тувалу.

Prince Charles, Prince of Wales, known as the Duke of Rothesay when in Scotland, during his visit to the Royal Botanic Garden Edinburg on 1 October 2021 in Edinburgh, Scotland.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

©All photographs are copyright