Бишкек тыгылган, кир, түтөгөн маршруткаларды сүрүп чыга алабы?

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкекте күнүгө 120дан ашык троллейбус каттамга чыгат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте күнүгө 120дан ашык троллейбус каттамга чыгат.

Бишкек мэриясы калаадагы коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн батыл аракеттерди баштагандай.

Жакында эле шаар бийлиги төрт жыл мурун башталып, бирок толук ишке ашпай келген “Тулпар” төлөм системасына биротоло өтүү чечимин кабыл алды.

Эми шаардыктар 20-августтан баштап автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай акча менен төлөй алышпайт. Атайын карта сатып алып, электрондук түрдө төлөшү керек.

Жаңы эрежеге айдоочулар каршы чыкты

Калаа бийлигинин "жол кирени накталай алуу токтотулат" деген жарыясынан кийин троллейбус айдоочулары жапырт иш таштады. Алар дароо эле айлык акынын аздыгын айтышып, аны 60-70 миң сомго чейин көтөрүү талабын коюшту.

Акцияга чыккан айдоочулар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акцияга чыккан айдоочулар.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин мэрия нааразы болгондордун талабын жарым-жартылай канааттандырып, сентябрдан баштап 40 миң сомдон айлык төлөп бермей болду.

"Буга чейин айдоочулардын айлыгы 25 миң сом болчу. Андан сырткары ар бирине план коюлган, аны аткаргандарга акча кошулуп 30 миңге чейин маяна алып келишкен. Бирок айдоочулар планды толтургандан кийин өздөрүнүн чөнтөктөрүнө иштешип, бюджеттин акчасын салып кетишчү”, – деди Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токонов

Көмүскөдө көп акча барбы?

Жаңы эреже киргенге чейин коомдук транспорттун айдоочулары жол кирени көтөрүү талабын ачык айтып чыгышкан эмес. Бул көрүнүш мурда айдоочулар мэрия коюп берген айлыкка макул болуп иштеп келген дегенди да билдирбейт. Талдоочулардын айтымында, коомдук транспорттогу көмүскө акчанын бир бөлүгү айдоочулардын кирешеси болуп келген.

“Шоопурлар нак акча менен алып турган "шабашкадан" айрылып атышат да. [...] Мурун негизги кирешеси канча болуп келгени алардын мынча маяна койсоңор иштеп беребиз деген талаптарынан эле көрүнүп турат! Элүү миң аз деп жатышат. Демек, мурунку тапканы бул суммадан көп болуп келген”, – деп жазды Facebook баракчасына коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.

Автобустун кире беришине орнотулган валидатор

Сүрөттүн булагы, bishkek.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Автобустун кире беришине орнотулган валидатор

Өнүккөн өлкөлөрдө кандай?

Коомдук транспорт убакыт сааты жагынан так иштейт. Ошондон улам жүргүнчү саат канчада, канчанчы мүнөттө кайсы платоформага чыкса, канча убакыттан кийин көздөгөн жерине жетерин так билет. Атайын картаны же банк карталары менен гана төлөйт. Мунун артыкчылыгы айдоочуга накталай төлөп, кайра кайтарып бер деп акча күтпөйт. Акы төлөш үчүн убакыт коробогондуктан кыймылды токтотуп же жайлатуу деген болбойт. Акча, кир кол аркылуу жайыла турган бир топ ооруу-сыркоо кадимкидей азаят дешет. Коомдук транспорттун абалы абдан начар болгондуктан андан качып, унаа айдагандар абдан көп. Ал аз келгенсип сапаты начар бензин колдонгондуктан абасы кир деген Бишкекте абал ого бетер оорлой берет.

“Тулпарга” өтүү менен эмне өзгөрөт?

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдан тартып эле Бишкекте коомдук транспорт маселеси чечилбей келет. Калаага ким мэр болуп келбесин бул маселени чечүү боюнча кабат-кабат убада бергени менен абал эч өзгөргөн жок.

Жүргүнчүлөр дайыма коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатына, автобустардын таңкыстыгына нааразы пикирлерин айтып келишет. Шарттар жок болгондуктан жарандардын бир бөлүгү жеке унаалары менен жүрүүгө аргасыз. Мындан улам шаарга транспорт батпай кеткен. Унаа токтотуучу жайлардан орун табуу кыйын. Көчөлөрдүн четине токтогон унаалар, жолду ого бетер тарытып салган. Эң эле жаманы, унаалардын чыккан түтүн шаардын абасын булгап, жарандардын ден соолугун жабыркатып жатканы.

Коомдук транспорттун ичи

Сүрөттүн булагы, bishkek.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук транспорттун ичи

Мына ушул көйгөйлөрдү чечүүнү көздөп 2019-жылы Бишкек мэриясы “Тулпар” долбоорун башталган.

Тендерди уткан швейцариялык BPC компаниясы жол кире алууну электрондук түргө өткөрмөй болгон. Бирок ушул кезге чейин ишке ашкан эмес. Мунун себебин долбоордун жетекчиси Бекжан Акматбеков мындайча чечмеледи:

“Тулпар долбоорунун негизги максаты бардык акча каражаттарын мэриянын казнасына түшүрүү жана коомдук транспортту иретке келтирүүгө багытталган. Биз накталай эмес төлөмгө өтүүгө адегенде 2020-жылы аракет кылдык, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Былтыр дагы аракеттер болуп, транспорттун жетишсиздигинен улам жылып калды. Быйыл эми эл азырак учурга ылайыктап биротоло өтүп кетели деп жатабыз”.

“Тулпар” долбоорун жетекчиси Бекжан Акматбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Тулпар” долбоорун жетекчиси Бекжан Акматбеков

Эмнелерди эске алуу керек?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Урбанист Атай Самыйбек Кыргызстандагы шаарларды өнүктүрүү, шаарлыктар туш болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, өзүнүн идеяларын сунуштап келет. Ал коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн шаар бийлиги эң ириде санга эмес сапатка көңүл бурулса дейт.

"Шаарда 300 миңден ашык адам коомдук транспортту колдонот. Эл жапырт накталай төлөмгө өтсө экономикалык изилдөө жүгүзүүгө, жүргүнчүлөргө карап анализ жасаганга мүмкүнчүлүк болот. Мисалы шаардын бир аймагында жүргүнчү көп болсо ал жакка каттамдарды көбөйтүп, акча аз түшкөн аймактардын аралыгын азайтуу керек. Экинчи этапта изилдөөнүн жыйынтыгына карап чечим кабыл алынганы туура. Кеп санда эмес, сапатта. Коомдук транспорт менен жүрүү үчүн шарттар түзүлгөндө гана жеке унаасы бар адамдарды коомдук транспортко отургуза алабыз. Айрым жолдордун бир тарабын Москва көчөсү сыяктуу коомдук транспорт гана жүргүдөй кылуу керек. Ошондо барчу жерге жеке унаага караганда эрте жетип, токтомо жай издеп да убара болбой, убакыт үнөмдөлмөк. Шаарда унаалар тартипке келсе жолду кеңейтүү үчүн бак-дарактар да кыйылмак эмес", – деди Атай Самыйбек.

Коомдук транспорт Бишкектин чоң көйгөйүнүн бири

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук транспорт Бишкектин чоң көйгөйүнүн бири

Калаага канча автобус керек?

Шаар бийлиги коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн 1300-1500 автобус жана тролейбус керектигин айтып келет.

Кыргызстан былтыр Кытайдан газ менен жүрө турган 120 автобус сатып алып, алар жыл башында өлкөгө келген. Автобустар сыноодон өткөндөн кийин кыргыз тарап дагы 1000 автобус алуу боюнча чечим кабыл алган. Бул үчүн жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 4 млрд 806 млн сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаров май айында Кытайга болгон сапарында Цзинань шаарындагы автобус чыгарган Zhongtong bus holding Co., Ltd заводунун иши менен таанышып кайткан.

Садыр Жапаровдагы автобус чыгарган заводдо

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаровдагы автобус чыгарган заводдо

Мындан башка, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 120 электробус жана Европа өнүктүрүү банкынын каражатына газ менен жүргөн 12 метрлик 124 автобус сатып алуу каралган.

Былтыр жеке компаниялар Өзбекстандан келген ISUZU маркасындагы 200дөн ашык кыска автобустарды Бишкекке алып келген.

Шаардын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токоновдун айтымында, кийинки жылы коомдук транспорт маселеси толук чечилет:

“Сентябрдын аягына чейин Кытайдан 500 автобус келет. Аларды үч этап менен алып келебиз. Биринчи этап менен 50 автобус келди. Андан кийин 200, үчүнчү бөлүк менен 250 автобус келет. Биз азыр канча автобус келсе, документтери даярдалып, багыттары чийилгенден кийин каттамга чыгара беребиз. 500 автобус үчүн 28 каттам чийилди, мында мурунку эски каттамдар да бар. Өзбекстандан келген кичи автобустар менен маршруттук таксилер шаардын сыртына чыгарылат. Борбордук көчөлөрдө газ менен жүргөн чоң автобустар гана эл ташыйт”.

Жараксыз абалдагы автобустар токтогон жай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жараксыз абалдагы автобустар токтогон жай

Калаа бийлиги ушул тапта D категориясы бар 1500 автобус жана троллейбус айдоочусун издеп жатат. Талап боюнча айдоочулардын жаш курагы 21ден 60 жашка чейин болушу керек. Аларга 50 миң сом эмгек акы төлөнөт.

Шаардын Транспорт департаментинин маалыматына ылайык, 14-авгуска карата 137 автобус, 123 троллейбус, Өзбекстандан келген ISUZU маркасындагы 118 кичи автобус каттамга чыккан. Ал эми эл ташып жаткан маршруттук таксилердин саны 964.