Жол кире 15 сомдон 21 сомго. Айдоочунун талабыбы же мэрияныкыбы?

Автобустарга жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушталууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Автобустарга жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушталууда

Бишкекте коомдук транспорттун жол киреси көтөрүлгөнүнө бир жарым жыл өтпөй шаар бийлиги кайрадан жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоор даярдап, коомдук талкууга алып чыкты. Азык-түлүккө болгон баа асман чапчып турган чакта мэриянын жаңы сунушун калк кандай кабыл алууда?

Шаарда жол кире кайра көтөрүлөрү тууралуу аңыз кептер күзүндө эле башталган. Муну мэрия да ырастап, Транспорт департаменти иштеп чыккан сунуш Экономика министрлигинин кароосуна жиберилгенин билдирген эле.

Экономика министрлиги департаменттин демилгесине макулдугун берип, шаардык кеңешке келип түшкөн токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.

Андагы документте троллейбустар менен автобустарга 15 сом, маршруткаларга күндүз 21 сом, кечинде 32 сом, экспресс-маршруткаларга (шыдыр жүрүүчү) 32 сомго чейин жол кирени жогорулатуу каралган.

Мэриянын алдындагы Транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулунун Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда, автоунаа тетиктери менен күйүүчү майдын кымбатташынан улам жол кирени көтөрүү зарылдыгы келип чыкан.

"Чыгым көбөйүп, киреше азайгандыктан көпчүлүк маршруттук таксилердин айдоочулары башка жумуштарга кетүүгө аргасыз болууда. Мындан улам жол кирени көтөрүү боюнча экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлүгөн. Демилге менен экономика министрлиги да таанышып, өзүнүн корутундусун берген",- деди ал.

Долбоор коомдук талкууда 30 күн турат, андан кийин маселени шаардык кеңеш карап, жол кирени көтөрүү же көтөрбөө боюнча акыркы чечимди кабыл алмакчы.

Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысы 2021-жылдын ноябрында кымбаттап, маршруткаларга 15 сом, ал эми автобус менен троллейбустар үчүн 11 сом болгон.

Ага чейин маршуртка ээлери бир нече ирет жол кире акысын көтөрүү талабын коюп, ал тургай иш таштоого чейин барышкан.

Шаардыктар жол кирени кымбатташына караманча каршы

Би-Би-Си Кыргыз кызматы “Жол киренин кымбатташына макулсузбу?” деген собол менен шаардын ар кайсы аймагынан 15 жаранды кепке тартты.

Сурмжылоого катышкандардын 12си жол киренин көтөрүлүшүнө караманча каршы болсо, үч адам баш ийкеп, макулдугун билдирди.

Каршы болгондор жол кире бир жарым жыл мурун көтөрүлгөнүн айтышып, дагы кымбаттаса калктын капчыгына оорчулук жаралат деген пикирде. Макул болгондор айдочулар да үй-бүлөсүн багыш керек дешет.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат, ал аз келгенсип жол кире көтөрүлсө каяка барабыз, элге оор эле болууда”.

“Эки-үч баласы мектепте окуган, студент баккан карапайым үй-бүлөлөр көтөрө албайт. Бир үй-бүлөдөн беш адамга күнүнө 200 сомдон эсептесек, бир жумада жол киреге эле 1000 сомдон ашык акча кетип жатпайбы, тамак-аш, аны-мунуну айтпай - ак коёлу”.

“Биринчи айлыкты көтөрүшпөйбү, ансыз да биртке тыйынды айлыктан айлыкка араң жеткирип жашап жатабыз”, - дешти каршы болгон айрым шаардыктар.

Талдоочулардын пикири боюнча, азык-түлүккө болгон баалар кескин өскөн тушта жол киренин кошо көтөрүлүшү калк ичинде чоң нааразылыктарды жаратышы мүмкүн.

Маршрут айдоочулары эмне дейт?

Маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү май менен унаа тетиктеринин кымбатташы аларды чын эле түйшүккө салып жатканын жашырышкан жок. Бирок алар бул жолку жол кирени көтөрүү демилгеси айдоочулардын эмес мэриянын чечими болду дешет.

Маршруткалар

Сүрөттүн булагы, meria.kg

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биз үчүн 15 сом жакшы эле, жол кирени көтөрүү боюнча айдоочуларда талап деле жок азырынча. Мэрия жаңы келген автобустар актабай калат деп бизди колдонуп, жол кирени көтөрүп алалы деп жатышат го. Биздин каттамдагылар азырынча тарифтерди көтөрүү боюнча сүйлөшө элекпиз”.

“Бизде жол кирени көтөрүү боюнча сөз да боло элек, маалымтыбыз да жок. Муну мэрия эле чечип жатат окшойт. Негизи бийлик жол кирени көтөрүүдөн мурун бааларды түшүрүп, жол кирени ушул баада кармап турса элге да жакшы болмок. Бирок бизде чыгымдар көп болуп, актабай жатат. Ушундай шартта жол киренин көтөрүлүшүн ким каалабасын, айтсаң?”.

“Көрүп жатпайсызбы, киши аз, толбой баратам. Тетиктер да кымбат, мен өзүм бул маршрутканы ижарага алып иштейм, такыр эле актабай жатат. Көтөрүлсө туура эле болмок”, - дешет айдоочулар.

Учурдагы шаар бийлиги коомду транспорт маселесин чечүү үчүн электр жана газ менен жүргөн көп орундуу автобустарды сатып алып, 2023-жылдан тартып кичи автобустардан арылабыз деп убада берген.

Бишкек мэриясы ушул тапта жол кирени көтөрүүгө себеп болуп жаткан негизги жагдайлардын бири катары маршруттук таксилердин азайып кеткенин айтууда. Анткени автобустарды сатып алуу дагы эле толук чечиле элек. Мэрия былтыр Кытайдан сатып алган газ менен жүрүүчү 120 автобус учурда толугу менен өлкөгө келди.

Шаардык Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Нурбек Сагынбек уулунун айтымында, эртең президент Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында жаңы автобустар менен таанышып чыгат.

Автобустарды катоо иштери аяктагандан кийин бир жуманын ичинде каттамга чыга баштайт. Алар үчүн төрт жаңы каттам чийилген, калган автобустар эски каттамдар менен жарандарды ташый баштайт.

Департаменттин расмий маалыматына караганда, 31-январга карата 70 автобус, 132 троллейбус, Өзбекстандан келген ISUZU маркасындагы 132 автобус каттамга чыккан. Ал эми эл ташып жаткан маршруттук таксилердин саны 1797.

Бишкекке ким мэр болуп келбесин шаардагы коомдук унаа тартипке салынаарын, бардык жолдор оңдолуп, шаарда велосипед тебүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөрүн убада кылып келишет. Эгер веложолдор курулса шаардыктар коомдук транспортко тыгылбай кыйла жеңил болмок.

Барган сайын велосипед тепкендердин катары кеңейип жатканы менен учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө гана веложолдор бар. Бирок вело тилкелер тротуардан өзүнчө бөлүнбөгөндүктөн шаардыктарга дагы велосүйүүчүлөргө дагы ыңгайсыз. Ал эми шаардын көпчүлүк көчөлөрүндө унаанын көптүгүнөн жана атайын тилкелердин жоктугунан велосипед менен жүрүүгө таптакыр шарт жок.

Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн.