Учкучсуз учак 26 күн учуп, рекорд койду. Ал күндөн кубат алат

Сүрөттүн булагы, AIRBUS
Укмуш... Бул учактар жүргүнчү ташыса болобу?

Сүрөттүн булагы, screenshot
Каттамдарды көзөмөлдөө мекемесинин маалыматына караганда, Airbus учкучсуз учагы эң узак убакыт учуп рекорд койду. Күн нурунан кубат алган Airbus Zephyr S учагы 26 күн бою токтоосуз учуп, 2018-жылы орнотулган рекордду жаңылаган. Белгилүү болгондой, ал Американын Аризона штатындагы полигондон учуп, Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнө барып, кайра кайтып келген.
Баары машыга алат...

Сүрөттүн булагы, screenshot
Лондондук бир компания адамдардын баары спорт менен машыга алыгыдай кылып инклюзивдүү тиркеме ойлоп тапты. Teamsportz деп аталган тиркеме жасалма акылдын жардамы менен дени сак жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ажырата алат. Ал кыймыл-аракеттерди отуруп, туруу сыяктуу көнүгүүлөр менен чечмелейт. Компания майыптыктан жапа чеккендерди сергек жашоого, спортко тартууну көздөйт. Анткени алар адатта спорт менен машыга албай келишет.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Атактуу компания көкбөрүнү тартканы эсиңиздеби?
Netflix менен Microsoft компаниясы биргеликте эми кардарларга арзаныраак катталуу жолун сунуштайт. Анын арзаныраак болушунун себеби - видеоматериалдарды көрүп жаткан учурда жарнамалар чыгып турат. Netflix стриминг платформасы, ал учурдагы жарнамалар кошулбаган пландарга кошумча кызмат катары сунушталарын айтат. Компания мындай кадамын, жылдын башында он жылдан берки катталуучуларын жоготуп, жүздөгөн жумуш орундары кыскаргандан кийин жарыялаган. Netflix компаниясы Кыргызстанга келип көкбөрү тууралуу да тарткан эле.
Кантип тааныйт?

Сүрөттүн булагы, screenshot
Австралияда купуялуулукту көзөмөлдөө органы, жүздү таануучу технологияны колдонгон деп эки ири компанияга карата териштирүү иштерин баштады. Bunnings жана Kmart компаниялары айрым жерлерде кардарлардын жүзү тартылган сүрөттөрдү чогулткан. Алар аны уурулукка каршы жана коопсуздук чарасы катары колдонгонун айтышууда.








