Адамдын кирпигиндей килейген бактерия табылды
Жонатан Амос, илимий кабарчы

Сүрөттүн булагы, JEAN-MARIE VOLLAND
Бактерияны көрүү үчүн сизге микроскоп керек, туурабы? Бирок Тиомаргарита магнификаны (Thiomargarita magnifica) көрүү үчүн микроскоп зарыл эмес. Ал өзү эле даана көрүнүп турат.
Чоң клетканы жөн караганда деле көрүүгө болот. Анын көлөмү жана формасы адамдын кирпигиндей эле.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң чоң бактерия делген T. magnifica Француз Кариб бассейнинде сиңип ажырап жок болуп жаткан мангр жалбырактарынан табылган.
Коркууга кажет жок, организм кооптуу эмес жана адамдарга оору жуктурбайт. Бирок анын көлөмүнө таң калса болот.
“Бул бактериялар башка көптөгөн бактерияларга караганда болжолдуу 5000 эсеге чоң. Салыштырып айтканда, биз азыркы адамдар Эверест тоосундай узун адамды жолуктурганыбызды элестете берели”, — дейт Жан-Мари Волланд. Ал АКШдагы Лоуренс Беркли улуттук лабораториясынын Бириккен геном институтунун өкүлү.

Сүрөттүн булагы, HUGO BRET
Бир сантиметрлик T. magnifica Жер жүзүндөгү эң чоң бир клеткалуу организм эмес. Бул 10 эсеге чоңураак болгон Каулерпа таксофилия (Caulerpa taxifolia) аттуу суу балыры болушу ыктымал. Бирок бул бактерия чынында таң калтырат. Анткени Жерде мындан дагы татаал жашоо формалары кездешет жана аларды көрүү үчүн кандайдыр бир чоңойткуч керектелет. Айланабызда жашап жаткан аябай майда курттар менен чымындарды ойлонуп көргүлө.
T. magnifica биринчи жолу 2009-жылы эле Кичи Антиль аралдарындагы Гваделуп жергесинде табылган. Башында аны этибарга алышкан эмес. Жакында эле доктор Волланд кесиптештери менен аны жакшылап изилдей башташкан.
Алардын негизги табылгаларынын бири клетка кантип ички мейкиндигин жөнгө салганында. Бактериянын ДНКсы суюктукта же цитоплазмада эркин эле калкып жүрөт. Цитоплазма анын денесин толтуруп турат.
Ал эми T. magnifica өзүнүн генетикалык материалдарын атайын бөлүкчөлөрдө сактайт. Изилдөөчүлөр аны пепин деп атап коюшкан. Пепин французчада мөмө жемиштин уругу дегенди билдирет.
Бул болуп көрбөгөндөй ачылыш. Анткени азырга чейин мембранага байланган бөлүкчөдө ДНКнын сакталышы эукариотикалык клеткалардын артыкчылыгы катары каралып келген. Алар адамдар, жан-жаныбарлар жана өсүмдүктөр сыяктуу жогорку организмдердин пайдубалын түптөгөн катмар болуп эсептелет.

Сүрөттүн булагы, PIERRE YVES PASCAL
T. magnifica аябай көп ДНКны алып жүрөт. Эгерде бардык “тамгаларды” же негиздерди санай турган болсоң, анын жашоо кодунда же геномунда 12 миллиондой ДНК бар. Бирок ар бир клеткада геномдун жарым миллиондой көчүрмөсү болушу мүмкүн.
“Эгерде азыр 12 миллион негизи бар геномду алып, аны геномдун көчүрмөсүнүн санына көбөйтсөң, башкача айтканда 500 миллионго, анда болжолдуу ДНКнын 6000 гигасы же миллиард негизи болот. Салыштыруу үчүн, биздин Тиомаргаритабыз адамдын клеткасына караганда бир нече эсеге көп ДНКны өз ичинде сактап жүрөт”, — деп түшүндүрдү Лоуренс Беркли лабораториясынын өкүлү доктор Таня Войке.
Ал кошумчалагандай, ошол ДНКнын баарында организмдин чоң көлөмүнүн жандырмактары жатат. Узарууга тиешеси бар айрым гендер көбөйүп, ал эми бөлүүгө тиешеси болгон айрым гендер жок окшойт.
Микроскопсуз эле көрө аласыз

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
T. magnifica — хемосинтетикалык бактерия. Күүгө келүү үчүн шекер бөлүп чыгарат. Ал мангр сазында чириндиден пайда болгон күкүрт бөлүкчөлөрүн кычкылдантат. Ага керек болгон нерсе — жармашып алса боло турган катуу зат.
“Алар устрицалардын кабыгына, бутактагы жалбырактарга, ошондой эле шише, пластик бөтөлкөлөргө же жиптерге жармашып алганын көрдүм”, — деди Антиль университетинин профессору, микробиолог Оливье Гро.
“Аба жана CO2 алуу үчүн сульфиддер менен деңиз суусуна тийип турганга аларга кандайдыр бир катуу субстрат керек. Тилекке каршы, эң көп Тиомаргаританы мен пластик баштыктан кезиктирдим”.
Изилдөө тобу бактериянын сүрөттөлүшү жөнүндө макаласын Science журналынын ушул аптадагы санында чыгарышты. Изилдөөчүлөр организмдин иши жөнүндө алдыда дагы көп маалымат топтоо керек экенин белгилеп жатышат.
“Бул долбоордо азыр жашап жаткан жана изилдене элек микробду талдап көзүбүз ачылды. Чынында биз эми эле үстүртөн баштап жатабыз. Келечекте кандай кызыктуу нерселерди ачып чыгарыбызды эч ким билбейт”, — деп комментарий берди доктор Шайлеш Дате. Ал АКШдагы Менло Парк Татаал системаларды изилдөө лабораториясынын өкүлү (EA).












