"Көчкү суудай эле агызып кетти". Суусамырда кар көчкү алдында калган жаран изделүүдө

ншдб

Сүрөттүн булагы, иллюстративдик сүрөт

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кызыл-Ой айылынын тургунун издөө иштери уланууда. Айыл тургуну Талат Темиралиев Би-Би-Сиге окуя кечээ 12-февралда түшкө маал болгонун, тоодон койлорду жалпысынан беш киши айдап келе жатканын, алардын бирин көчкү басып калганын айтып берди.

"Кар калың болчу. Жалпысынан 300-350 койду айдап келе жатканда көчкү жүрүп кетти. Беш киши болчубуз. Койлорду бөлүп-бөлүп, бир жол менен айдап келе жатканбыз. Орто жолдо бараткан шеригибизди көчкү алып кетти. Туман басып, кар жаап жаткан эле, көчкү келе жатканы билинбей калды. Көчкү суудай келип эле агызып кетет экен да. Кар алдында өзү, 40-50дөй жандык калып калды. Издедик, өзү да, аты да жок", - деди Талант Темиралиев.

Окуяга күбө болгон дагы бир жарандын келинчеги Элвира болсо буларды айтып берди:

"Эртең менен бул жактан төрт киши кеткен. Ал жакта койчу бар болчу. Кар калың жаагандыктан, койлорду айдап келебиз деп таң эрте кетишкен. Кечинде келишти. Окуя түшкү бир жарымдарда болуптур. Көчкү алдында калган киши менин жолдошумдан он метрдей алдыда бараткан экен. Анан кар көчкү түшүп келе жатканын көрүп, "байке" деп кыйкырыптыр. Ал артка бурулганда эле күр деген үн эки жолу угулуп, кар көчкү жүрүптүр. Артымды карасам жымжырт, эч ким жок экен деп айтты".

Маалыматка караганда, кар көчкү алдында калган жаран 59 жашта болгон, үч баласы бар.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Чүй облусунун Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калган жаранды издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Мекеме кабарлагандай, жалпысынан 29 киши, анын ичинде 24 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүү үчүн көчкү түшкөн жерге жөнөп кетишти.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул кабар таратып, 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.