Акыйкатчы институту: Музыканттын окуясы – чоң прецедент болуп калды

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Казакстандан кайтып келе жаткан жолдо кармалдым" деген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун окуясы талкуунун чордонунда. Мындан сырткары Казакстанда эмне себептен кыргыз жарандарын кармап, кандай себептен улам алардын турак-жайына күч менен кирип барууда, эмне максаттары бар деп интернет колдонуучулары түрдүү суроолорду жазууда.

Айрымдар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин “террордук кол салуу болду, коңшу өлкөнүн жарандары” деген мазмундагы билдирүүлөрү туура эмес деген пикирин билдирүүдө. Алардын жүйөсүндө “анда казак бийлиги террористердин талабы менен бааларды арзандатып, өкмөтүн отставкага кетирдиби?” деп жатышат.

Ур-токмокко кабылды деп жаткан кыргыз музыканттын окуясы бул сыяктуу күмөн саноолорду ого бетер күчөтүп, кармоо, тергөө иштерин жүргүзө турган атайын кызмат, укук коргоо органдарынын иши өтө эле одоно мүнөздө, аша чаап кеткен жокпу дегендер дагы бар.

Ал ортодо башаламандык учурунда ар кандай жагдайда каза болгон кыргызстандыктар дагы бар экени маалым боло баштады. Алардын бири кыргызстандык фитнес машыктыруучусу болуп чыкты. Ал жумушунан кайтып келе жатып, жарадар кишиге жардам бермек болгондо окко учканы айтылууда. Базарда соода-сатык менен алектенет деп жаткан дагы бир кыргызстандыктын кармалганы сөз болууда. Мындан сырткары эмгек мигранты Баялы Төрөгелдиевдин сурактан кийинки абалы оор экени айтылууда. Туугандарынын айтымына караганда, Чымкент полициясы Баялыны күч колдонуп эле үйүнөн алып кетишкен.

Би-Би-Си Акыйкатчы институнун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков менен кенен маек курду.

Аскат Азарбеков: Биз буга чейин телефон аркылуу Казакстандын Омбудсмени (Казакстанда Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча өкүлү деп айтылат) Адимова Элвира Абылгасимовна менен байланышып турдук. Адам укуктарынын сакталышы боюнча эки тараптуу иштерди алып барабыз деп алдын ала телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Азыркы учурда расмий түрдө кат жөнөттүк, анткени бизде чынында толук маалымат жок болуп атат. Казакстанда канча жаран кармалды? Кандай айыптар коюлуп жатат? Аларга универсалдуу болгон укуктары канчалык деңгээлде камсыздалды деген негизги талаптар, сурообуз бар. Бул боюнча расмий түрдө Тышкы иштер министрлигине, Казакстандын Омбудсменине жана башкаларга тиешелүү суроо, талаптарыбызды жөнөттүк. Дагы учкай маалымат айтып кетейин Чымкенттеги дагы бир жараныбыздын туугандары менен байланышып, азыр иш алып барып атабыз. Ал жерде эки-үч күн мурун келишип үйүн талкалап киришип, эки-үч саат суракка алып туруп, сабап кайра үйүнө алып келип таштап кетип калышкан деген маалыматтар келип түшүп атат. Бул боюнча дагы тез аранын ичинде расмий кат жөнөттүк. Ал жарандарыбыздын адвокаттарды алууга, юридикалык жардам алууга такыр мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатыптыр. Ошолорду камсыздап берүү жагынан иштерди алып барып жатабыз. Ал кишилерге медициналык жана башка жардам көрсөтүү керек. “Документтеринин баарын алып алышты” деп айтып жатышат туугандары. Ошол документтерди кайтарып алып, Кыргызстанга алып келүү маселесин көтөрүп жатабыз. 

Мындан сырткары, ошол эле казакстандын тиешелүү органдары “видеодогу киши Викрам Рузакунов эмес, Убуров” деп жаткан биздин жаран боюнча дагы кат жөнөттүк. Ал киши дагы кармалды деген маалыматтар чыкты. Кайсыл жерде жатат? Укуктары тебеленген жокпу?Өзүңүздөр билесиздер универсалдуу укуктар деген бар. Ал эл аралык мыйзамдарда көрсөтүлгөн. Биздин Тышкы иштер министрилигинин өкүлдөрү көрүүгө, алар менен жолугууга, абалы менен таанышууга укуктуу. Кайрылууну азыр жаздык, “ооба, жардам беребиз” деп Казакстан тарабынан дагы жакшы жоопторун айтып жатышат.

Канча кыргызстандык кармалганы жөнүндө маалымат толук тактала элек, иштер уланууда...

Би-Би-Си: Башка дагы жарандар болушу мүмкүн, ошондой ыктымалдык чоң экендиги жөнүндө сөздөр жүрүп жатат. Сиздерде бул боюнча кошумча, оперативдүү маалыматтар барбы?

Аскат Азарбеков: Эки фактыны айттым. Булар расмий түрдө бизге арыз менен кайрылып, иш алып барып жаткандар. Андан сырткары бизге социалдык баракчалардан, жеке баракчаларыбыздан, телефон аркылуу “2-январдан бери, 5-январдан бери туугандарыбызды таппай жатабыз, байланыша албай жатабыз” деген жарандар кайрылууда. Ал кайрылуулар балким негиздүү, балким негизсиз болуп калышы да ыктымал. Антени байланышка чыкпай жатат десе Казакстанда интернет жок, байланыш телефондору болбой калды да. Балким, үйүндө эле болуп жатышат, балким чынында эле кармалып калышты деген сыяктуу күмөндөр болуп жатат. Анткени Чымкенттеги беш киши уур-тепкиге алынып, кайра азыр үйүндө экен, коё беришиптир деген маалымат дагы бар. Бирок ошол жарандарыбызды суракка алганы алып кетишкенде одоно түрдө эшигин тээп кирип келишкенин туугандары айтып жатышат. Бул абдан коопту маселе. Биздин жарандардын укутары үчүн баардык күч аракетибизди жумшашыбыз керек. 

Би-Би-Си: Саналуу күн мурун кыргызстандык музыкант тууралуу видео тарады эле. Анда ал башаламандыкка аралашканын, акча төлөп аны атайын алдырып келгени тууралуу айтып берген эле. Ошол эле адам бошоп, Кыргызстанга келди. Ушунун өзү мажбурлоо, кыйноо жолу менен мойнуна алдыруу, алдын ала даярдалган текстти айтыруу болуп калышы ыктымал деп жатышат. Ушул көрүнүштүн өзү, эгер башка жарандар дагы кармалган болсо алардын укугун коргоодо, алардын талабын талашууда мисал келтире турган негиз болуп бере алабы?

Аскат Азарбеков: Сөзсүз түрдө бул жөн эле калбашы керек. Эл аралык универсалдык мыйзамдар бар. Ошо зордук-зомбулук кыйноолорго алуу бул чоң мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Баардык мамлекеттерде дүйнө жүзүндө кабыл алынган мыйзамдарга ылайык. Бул боюнча айта турган болсок тергөө иштери жүрүшү керек. Казакстандан дагы бизден дагы кылмыш иштери козголуп, кимдер кыйнашты? Эмне болду? Кандай шартта болду? деген аныктама чыккандан кийин сөзсүз түрдө прецедент катары башкаларга дагы ушундай мамиле болгон жокпу деген суроону туудурат. Мун биз кесе айта алабыз. Ар бир жаран боюнча маалыматтарды сурадык деп жатпайбызбы, ал маалыматтарды алгандан кийин ар бири боюнча көзөмөлгө алып, мындай иш аракеттерди болтурбоого бүт күч аракеттерибизди жумшайбыз.

Би-Би-Си: “Эгерде кокусунан дүкөнгө барып же ошол жерден байкабай өтүп баратып эле кармалган күндө дагы, кыргызстандыктарды Казакстанга калтырып койбой, алып келүүнү талап кылышыбыз керек, экстардиция” деп интернетте жазып жатышат. Бул жагы кандай болот?

Аскат Азарбеков: Экстрадиция боюнча Башкы прокуратура иш алып барат. Бирок ошол жерде тергөө амалдары каралып бүтүп, чечимдер чыккандан кийин анан алып келүү маселелери көтөрүлөт да негизи. Муну прокуратура дыкаттык менен иш алып барышы керек. Азыр мындайда жөн эле көчөдөн өтүп бараткан адам кармалышы ыктымал. Андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жанагындай чоң операция өтүп жатканда бей күнөө адамдар кармалып калышы толук ыктымал. Эми ошолордун күнөөсүз экенин далилдөөдө сөзсүз түрдө укук коргоо органдарынын, биздин Тышкы иштер министринин кийлигишүүсү керек.Биз кошо иш алып барууга даярбыз. Бизде азыр адам укугун коргоочу мамлекеттик эмес уюмдар да маселе көтөрүп жатышат. Комиссия түзөлү дешти. Биз тараптан Казакстанга баруу боюнча айтып жатышат. Бирок бул кандай каралат, алардын статусу кандай болот? Мына ушул сыяктуу суроолор дагы турат.