Орусиянын тыңчы кемеси Британиянын аскер учкучтарына лазер нурларын багыттаганы кабарланууда

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence
Орусиянын чалгындоо кемеси биринчи жолу лазер колдонуп, Британия аба күчтөрүнүн пилотторунун көз салуусуна тоскоолдук жаратканын Британиянын коргоо министри билдирди.
Жон Хили бул аракеттерди "өтө кооптуу" деп атап, өкмөт муну "абдан олуттуу кабыл алып жатканын" маалымдады.
Айтымында, Орусия кемеси Шотландиянын түндүк тарабында болгон жана быйылкы жылы экинчи жолу Британиянын аймагына кирген.
Министр белгилегендей, Британия кемеге көз салууну улантат, эгер "Янтарь" багытын өзгөртө турган болсо, аскердик жооп кайтарууга даяр.
"Менин Орусияга жана Путинге кайрылуум: Биз силерди көрүп турабыз. Эмне кылып жатканыңарды билебиз. Эгер "Янтарь" ушул аптада түштүккө багыт алса, биз даярбыз", - деди ал.
Хили лазерге байланыштуу инцидент "Янтарды" Британиянын Аскер-деңиз флотунун фрегаты жана Poseidon P-8 патрулдук учактары коштоп жүргөн учурда болгонун кошумчалады. Алар кеменин ар бир кыймылын байкоо үчүн жөнөтүлгөн. Окуя соңку эки жуманын ичинде болгону айтылууда.
Даунинг-стритте өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Королдук флоттун күч колдонуу тартиби өзгөртүлгөнүн, эми алар "Янтарь" жээкке жакын кирген учурда мурдагыдан да тыгыз көзөмөлдөй аларын билдирди.
Хилинин айтымында, 2015-жылы пайдаланууга берилген кеме Орусиянын деңиз алдындагы чалгындоо башкармалыгына (ГУГИ) таандык. Ал тынчтык маалында көзөмөл жүргүзүүгө, чыр-чатак маалында диверсиялык милдеттерди аткарууга багытталган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
""Янтарь" багытын өзгөртсө, чара колдонууга даярбыз. Аларды ачыкка чыгарбайм, анткени бул президент Путинге көбүрөөк маалымат берип коет", - деди ал.
Лазерлерди колдонуу менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө суроого Хили төмөндөгүдөй жооп кайтарды:
"Британ аскер учактарынын пилотторуна тоскоол болгон, алардын ишине кийлигишкен ар бир аракет өтө кооптуу".
Ал ортодо Орусия элчилиги билдирүү таратып, "Британиянын суу алдындагы байланыш линияларына кызыкпай турганын" жарыялады.
"Биздин аракеттер Британиянын кызыкчылыгына каршы багытталган эмес жана анын коопсуздугун бузуу максатын көздөбөйт",- деп айтылат билдирүүдө.
"Бирок Лондон өзүнүн Орусияга каршы саясатын улантып, аскердик истерияны күчөтүү менен Европанын коопсуздугун ого бетер начарлатып, жаңы кооптуу кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзүүдө. Биз британ тарапты Европа континентиндеги кризисти тереңдетиши мүмкүн болгон кыйратуучу кадамдардан баш тартууга чакырабыз",- деп кошумчалаган Орусия элчилиги.
"Бүгүнкү жаңылыктар Орусия Улуу Британиянын коопсуздугуна реалдуу жана түздөн-түз коркунуч келтирип жатканын дагы бир жолу көрсөтүп турат", деди лейбористтер партиясынын депутаты, Улуттук коопсуздук стратегиясы боюнча бириккен комитеттин төрагасы Мэтт Уэстерн.
"Коргоо министри буга байланыштуу олуттуу мамиле жасап жатканын колдойм, бирок мындан да көбүрөөк чара көрүү зарыл болушу мүмкүн. Балким, кыйла чечкиндүү жооп талап кылынат",- деп кошумчалады ал.
Жон Хили буга чейин да "Янтарь" тууралуу эскерткен. Ал январда Британиянын сууларына жакын жерден байкалганда Хили муну "Орусиянын күчөп бараткан агрессиясынын дагы бир мисалы" деп атаган.
Суу транспортуна көз салган Marine Traffic сайтынын маалыматына караганда, кемe 2-ноябрдан тартып жайгашкан жерин көрсөтпөй калган. Соңку ирет сигнал Латвия жээгинин түндүгүндөгү Балтика деңизинен чыккан.
"Янтардын" азыркы жүргөн жери так белгисиз. Бирок FlightRadar24 сайты Шотландия жээгинин айланасында учуп жүргөн Улуу Британиянын аскердик Poseidon P-8 учагын көрсөтүүдө. Деген менен ал дал ушул "Янтарды" көзөмөлдөп жатканы боюнча так маалымат жок.
Орусия "Янтарды" океанды изилдөөчү кеме деп сыпаттайт. Батыш өлкөлөрү болсо аны көп жолу Европа сууларында байкап, бул кеменин миссиясынын бир бөлүгү - деңиз астындагы байланыш кабелдеринин картасын түзүү болушу мүмкүн деп шектенип келишет.
АКШдагы "Атлантикалык кеңеш" аттуу изилдөө борборунун улук адиси Элизабет Броу лазер колдонуу "талашсыз түрдө кырдаалды курчуткан кадам" экенин айтты.
"Негизинен, бул учкучтардын өз ишин аткарууга жол бербөө үчүн жасалууда", - деди ал BBC Radio 4кө.
"Лазерлер канчалык күчтүү болгонун билбейбиз, алар учкучтарга канчалык тоскоолдук жаратпасын, бул - ачык эле чагымчыл аракет болгон",- деп кошумчалады ал.












