Бекеттер ачылып, байланыш жанданды: Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапары

"Карамык" жана "Бор-Дөбө" чек ара бекеттеринин ачылганы – карапайым калк үчүн эң маанилүү жаңылык болуп калды

Сүрөттүн булагы, Official

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер журналисти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-июлда мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Сапардын жүрүшүндө экономикалык жана гуманитардык мамилени бекемдөө, коопсуздук тармагында биргеликте иш алып баруу боюнча жалпысынан 14 документке кол коюлду. Негизинен Ош облусундагы "Карамык" жана "Бор-Дөбө" чек ара бекеттеринин ачылганы – карапайым калк үчүн эң маанилүү жаңылык болуп калды.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагынын жашоочусу, этникалык кыргыз Ахледин Хамидов Би-Би-Сиге курган маегинде "Карамык" чек ара өткөрмө бекетинин ачылганына абдан сүйүнүп жатканын жашырган жок. Жакында жолго чыгат. Бишкектеги кызы, туугандары менен учурашып келерин айтат.

"Кызымдын апасы эки ай мурун Өзбекстан аркылуу эки сутка жол жүрүп, Кыргызстанга зорго жетти. Чек ара бекеттеринен өткөндө катуу текшеришиптир. Кыйналганынан буту шишип кетиптир. Кызынан кабар алып, кайра кайтты. Кудай кааласа, бир айдан кийин ушул Алай аркылуу мен да Бишкекке барам. Мурда жол киреге эле 10 миң кыргыз сому кетчү, эми Карамык аркылуу жол жүрсөк, кыйла жеңил жана арзан болот", – деди Ахледин Хамидов.

"Карамык" чек ара өткөрмө бекети Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда жайгашкан. Ал 2020-жылы ковид пандемиясы маалында жабылып, кийин чек ара жаңжалы тутанганда каттам биротоло кан буугандай токтогон.

Бул аралыкта калкынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөн Тажикстандын Жерге-Тал аймагынын жашоочулары бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан. Кыргызстанга көчүп кеткен жакындарына барып келүү дээрлик мүмкүн болбой калган.

"Чек ара жабык кезде өтө зарыл иш болсо Өзбекстан аркылуу каттап жатканбыз. Кийин айланып–тегеренип, Дүйшөмбү, Баткен, Ош аркылуу Бишкекке бара баштадык. Мурда эки сутка жол жүрчүбүз. Эми бир суткада эле жетебиз. Ушул күндү күтүп жатып, көзүбүз төрт болду. Мартта, апрелде, майда ачылат экен деп эле создуктуруп жатышты. Кечээ эки элдин ортосунда унутулгус тарыхый күн болду го", – деди атын атагысы келбеген жерге-талдык тургун.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын "кыздарыңызды канчадан бери көрө элексиз?" деген суроонсуна:

"Мени ыйлатып жибересиң го. Көп болду. 2019-жылдан бери көрө элекмин. Алты жыл болуп кетиптир. Апасы катуу сагынгандыктан, чек аранын ачылышын күтпөй, бир ай мурун Баткен аркылуу кетип калды. Азыр Ысык-Көлгө турмушка чыккан кызынын жанында. Буйруса, жол ачылды. Жакында мен дагы Кыргызстанга барып, эки кызым, неберелерим менен учурашып келем", — деп жооп берди.

Бул аралыкта калкынын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөн Тажикстандын Жерге-Тал аймагынын жашоочулары бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. Сапарга тушташ "Карамык" жана "Бор-Дөбө" чек ара бекеттери ачылган. Аземге эки өлкөнүн президенттери аралыктан катышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда "Кулунду", "Кызыл-Бел", "Кайрагач", "Карамык" жана "Бор-Дөбө" аталышындагы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар.

Үчөө Баткен облусунда жайгашкан. "Кызыл-Бел" менен "Кайрагач" бекеттери Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде ачылган.

"Чек ара маселеси жер алмашуу аркылуу чечилгенин элдин көбү туура кабыл алды. Ооба, "биз уттуруп жибердик" дегендер да жок эмес. Бирок биз үчүн тынчтыктын баасы кымбат болуп турат. Ушул тапта чек арада тикенек зымдарды тартуу иштери жакшы жүрүп жатат. Иш үч мамлекеттин кесилишкен жеринен – Төрт-Гүл айыл аймагынан башталды. Мурда тосмо жок, мал өтүп кетип чыр-чатак чыга берчү. Эми ишенимдүү чек ара пайда болот", – деди Баткен районунун мурдагы акими, чыр чатак иликтөөчү Хаитали Айкынов.

Ал арада атын атагысы келбеген баткендик активисттердин бири чек арага чектеш жашаган жергиликтүү эл соода-сатык үчүн шарт түзүп берүүнү суранып жатканын айтат:

"Азыр кишилер ойлонуп калган. Бир нерсе болуп кетпесин деп бул темада көп сүйлөгүсү келбейт. Учурда Баткен облусундагы чек сызыктарында тикенек зымдар тартылып жатат. Коопсуздук жагынан алганда бул жакшы. Бирок жергиликтүү тургундардын соода-сатыгы үзгүлтүккө учурап калат окшойт. Бизде чоң жайлоолор жок, суу тартыш, жерибиз таштак. Коңшулар менен соода алака – бирден бир киреше булагы болчу. Тосмо жокто эл каалагандай соодасын кылып, жан бакчу. Муну эми кээ бир адамдар аткезчилик дейт, кээ бири чек ара соодасы дейт. Менимче, расмий жол менен чек ара соодасын уюштуруу жагын колго алышса жакшы болот эле".

2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда көптөгөн аскерлердин, анын ичинде карапайым адамдардын өмүрүн алган ири жаңжал чыгып, эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, соода-сатык токтоп калган.

Ошондон бери быйыл, 2025-жылы март айында гана эки өлкө чек арасы такталып бүткөнү расмий жарыяланган.

Тажикстандын "Азия Плюс" маалымат агенттиги коңшу өлкөнүн Бажы кызматына шилтеме кылып билдиргендей, 2025-жылдын алгачкы беш айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 15 эсеге жогорулаган.

Тактап айтканда, беш айда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 6, 35 миллион долларга жеткен. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч болгону 405,1 миң долларды түзгөн.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына ылайык, быйыл Тажикстан Кыргызстанга 4,76 миллион долларга барабар товар жөнөткөн, Кыргызстандан 1,59 миллион долларга товар сатып алган.

Бул арада Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын өкүлү Нурсултан Кубанычбек уулу быйылкы жылдын январь-апрель айларына карата товар жүгүртүү беш эсеге көбөйгөнүн айтты.

Ал "Биринчи радионун" түз эфиринде маек берип жатып, соода жүгүртүү 2,1 миллион долларды түзгөнүн, экспорт 1,4 миллион долларга, импорт 700 миң долларга көбөйгөнүн билдирди.

"Негизинен коңшу өлкөгө мунай өнүмдөрүн, азык-түлүк, пластмасса, керамика, айнек өнүмдөрүн сатабыз. Ал жактан алюминий, азык-түлүк, шина сатып алабыз. Чек аралар ачылып, тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан кийин соода жүгүртүү жакшырды", – деген Нурсултан Кубанычбек уулу.

Президент Садыр Жапаров 8-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин медиа үчүн билдирүү жасап, мындан ары экономикалык мамилени жакшыртууга көңүл буруларын айтты

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров 8-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин медиа үчүн билдирүү жасап, мындан ары экономикалык мамилени жакшыртууга көңүл буруларын айтты.

"Мамлекеттерибиздин жарандары үчүн чек арадан өтүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүгө көмөктөшүү, анын ичинде соода-сатыкка, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдаштык.

Бүгүн кыргыз-тажик алакалары өз ара сый-урмат, ишеним жана ынак коңшулаштыктын негизинде өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүүдө.

Экономикалык компонентке – өз ара сооданы көбөйтүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, индустриалдык жана логистикалык зоналарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Энергетика тармагында "CASA-1000" региондук долбоорун аяктоо зарылдыгы белгиленди.

Ушул жылдын март айында Худжанд шаарында "CASA-1000" долбоорунун алкагында 500 кВ "Датка – Сугд" линиясынын ишке киргизилиши канааттануу менен белгиленди", – деп айтылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 эле эмес, алдыда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун алкагында да биргеликте иш алып барып калышы мүмкүн.

Мурдараак "Азия плюс" агенттиги Тажикстан менен Кытайдын транспорт министрлери Дүйшөмбү бул долбоорго катышуу ыктымалдыгын талкуулашканын кабарлаган.

Бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болору, Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүшүнө да чоң түрткү берери айтылып келет.