Өчөйүп калбай, өжөр жашоо формуласы

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Карылык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аламүдүн районундагы Кызыл-Бирлик айылынын тургуну, согуш ардагери Аспек Жумашев жүздөн ашты, өмүрлүк жары Эсенбүбү 95 жашта.

Кыргызстанда азыр кары-картаңдардын жашоо сапатын көтөрүүнү максат кылган “Активдүү узак өмүр” концепциясы талкууланууда.

Андагы иштин негизги багыттарын Би-Би-Сиге Калкты жайгаштыруу фондусунун колдоосунда турган “Карылардын ресурстук борбору” коомдук бирикмесинин өкүлү Юлия Саломатина айтып берди.

Юлия Саломатина

Ю. Саломатина: "Активдүү узак өмүр" концепциясынын долбоору 2022-жылы иштелип чыккан. Аны иштеп чыгууга Калкты жайгаштыруу фонду, кары адамдардын ресурстук борбору жана улуттук статистика комитети биргелешип жүргүзгөн изилдөө негиз болуп калды.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгында кабыл алынган сунуштардын бирөө карылардын жашоо сапатынын деңгээлин көтөрүү, активдүү жашоо образын пропагандалоо, калктын жашы улгайган жарандарына багытталган активдүү узак өмүр саясатын иштеп чыгуу болчу.

Карылар үчүн ресурстук борбор, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте "Активдүү узак өмүр" концепциясын иштеп чыктык. Азыркы учурда концепция толукталып, мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберилген жатат.

Би-Би-Си: Мына сиз изилдөө жөнүндө айтып кеттиңиз. Ошол изилдөөдө узак өмүргө өбөлгө боло турган кандай факторлор тууралуу айтылат?

Ю. Саломатина: Активдүү узак өмүр сүрүүгө өбөлгө болгон негизги факторлор – рационалдуу туура тамактануу, психологиялык саламаттык, өзүн өнүктүрүү, зыяндуу адаттарды таштоо, жакшы уйку. Ушунун баары биздин жашообуздун узактыгына таасир берет. Эң маанилүүсү – активдүү кыймыл-аракет.

Узак өмүр сүрүүгө, карылыкка жашыңдан даярданышың керек. Биз азыртан карылыкты пландаштыра баштообуз керек. Бул биздин жашоо образыбыздан көз каранды. Биз жашаган чөйрөдөн, муундар аралык байланыштан, жакындарыбыз менен мамиледен көз каранды.

Акмуздук апа
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ат-Башы районунун Акмуз айылында жашаган Алтын апа 102 жашка келгенине карабай, келини менен тең жарышып оокат кылат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Адамдар курагына жараша азыр кандай бөлүнөт? Ушунун эл аралык уюмдардагы классификациясына токтоло кетсеңиз?

Ю. Саломатина: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун классификациясына ылайык, 44 жашка чейин адам жаш болуп саналат, 44 – 59 жаш орто курак, 60-74 жаш улгая баштаган адамдар. Ал эми 74төн 89 жашка чейин кары адамдар. 90 жаштан ашкандар узак өмүр сүргөндөр болуп саналат.

Бирок ар бир адамдын өзүнө жараша болот. 65 жашта өзүн начар сезген жана 20 жашка кары көрүнгөн адамдар бар. Ошол эле убакта сексенге барса да алтымыштагыдай көрүнгөн тың жүргөндөр бар.

Мисалы биздин волонтерлордун жашы 75 тен жогоркулар. Алар төшөктө жаткан адамдарга барып, социалдык жардам көрсөтүүдө.

Айтмакчы, Кыргызстан карылык босогосунда турат. ДССУнун классификациясына карасак, эгер өлкөнүн 65 жаштан жогору жаштагы калкы 4 пайызга чейин болсо, анда калкы жаш болот. Эгер төрттөн жети пайызга чейин болсо, карылыктын босогосунда болот. Ал эми жети пайыздан жогору болсо, калкы кары деп эсептелет.

Болжоолорго караганда 2030-жылдарга карыган калкыбыздын саны жети пайызга жетсе, анда биз калкы карыган өлкөгө айланабыз. Ошондуктан бул концепцияны кабыл алуу, аны ишке ашыруу абдан маанилүү.

Азыркы убакта жашоонун узактыгы да өсүүдө. Ошондуктан кары адамдар өздөрүн татыктуу, керектүү экенин сезиш үчүн, алар өздөрүн өнүктүрүүгө көңүл буруусу керек.

Азыр пенсиялык курак эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш. Улуу муундагы адамдар коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай басмырлоого кабылбашы үчүн комплекстүү иш чараларды аткарышыбыз керек. Бул жагынан өсүп келаткан муун менен иш алпаруу абзел.

Би-Би-Си: Узак жашагандар арасында аялдар басымдуу кылат экен, буга кандай себептер бар деп ойлойсуз?

Ю. Саломатина: Статистика көрсөткөндөй, аялдарда жашоонун узактыгы жогору. Мунун себептери, биринчиден аялдар сезимтал келет. Экинчиден, эркектердин жумуш шарттары айырмаланат. Зыяндуу адаттар да жашоонун узактыгына таасир этет.

Аялдар өзүнүн ден соолугун жакшы карайт, дарыгерге көп барат. Анализдерди тапшырып, алдын алуу иштерин жүргүзөт.

Эркектер дарыгерге көп барбайт. Жүрөк кан тамыр оорулары жайылган. Алтымыштан ашкан эркектерде инфракт, инсульт көп. Себеби өзүн убагында жакшы караган эмес.

Би-Би-Си: Географиялык өзгөчөлүктөр тууралуу эмне десек болот? Бийик тоо арасында жашаган адамдарда жашоонун узактыгын өлчөгөн изилдөөлөр болгонбу?

Ю. Саломатина: Бул фактор да чоң роль ойнойт. Ошондой эле ошол өлкөдөгү жашоо салттары да маанилүү. Мисалы, Кыргызстан тоолуу өлкө экенин айтып кеттиңиз. Бизде белок көп тамак жейбиз. Эт, ун азыктары. Жаш өйдөлөгөн сайын анын терс таасири көп болот. Бизде жүрөк кан-тамыр ооруларынан эмнеге өлүм-житим көп болуп атат. Анткени, туура эмес тамактанышат. Баланстуу тамактануу жок. Балык, мөмө-жемиш аз. Негизинен ун жана эт азыктарына качырабыз. Айыл жеринде дарыгерлерге аз кайрылышат, ооруганда эле барат.

Кант диабети да күчөп жатат. Кары-картаңдардын арасында кант диабетинен каза тапкандар болууда. Кант диабети туура эмес тамактануудан, кыймылсыз жүргөндөн, зыяндуу адаттардан болот.

Апалар

Би-Би-Си: Изилдөөлөр боюнча Кыргызстандагы жашоонун сапаты башка өлкөлөргө салыштырганда кандай көрүнөт?

Ю. Саломатина: Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстандагы жашоо сапаты Тажикстанга салыштырмалуу жакшы. Бирок Жапония же Кытайга салыштырсак, аларда жашоонун узактыгы жогору, картаң адамдар жана узак жашагандар кыйла көп. Улуу муундагы адамдар үчүн атайын программалар иштейт, комплекстүү чаралар көрүлөт.

Карылыкты татыктуу тосуп алыш үчүн жаштайыбыздан кам көрүп, активдүү болушубуз керек. Эл менен жакшы иш алпарыш керек. Көп адамдар карылыкты ойлобойт. Биздин өлкөдө кары болуу абдан кыйын. Карылыкты татыктуу өткөрүүгө тийиштүү шарттар жок.

Би-Би-Си: Кары-картаңдар үчүн жашоого айыл жери көбүрөөк ылайыктуубу же шаарбы?

Ю. Саломатина: Айыл жеринде кары адамдар үй оокаты менен көбүрөөк алек. Мал, үй чарба бар дегендей. Шаарда, тескерисинче, квартирада тургандардын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Биздин кары адамдар үчүн ресурстук борборго кайрылгандар көп. Апам кары, зеригет, кружоктор барбы деп сурашат.

Активдүү узак өмүр концепциясынын маанилүү багыттарынын бири – кары адамдардын адаптациясы, социалдык активдүүлүгү. Биздин ресурстук борбор кары адамдарды активдештирүүгө аракет кылуудабыз. Алар жалаң эле үй жумуштарында, неберелер менен отура бербесин, өзү теңдүүлөр менен сүйлөшүп, маалымат алып, карым-катышта болсун деп жатабыз. Ден-соолук клубдарын уюштурабыз. Маалымат технологияларына үйрөтөбүз.

Чоң апаларды ЗУМду колдонгонго окутабыз. Активдүү болуу керек дейбиз. Биздин активдүүлүк жашоонун узактыгына таасирин берет. Жүзгө чыгышыңыз мүмкүн, бирок төшөктөн турбай же араң жан кыймылдаган жашоо бар. Же жүзгө чейин активдүү болуп, спорт менен алектенип, өзүн керектүү сезип, волонтер болуп иштеши мүмкүн. Биздин ишибиз көрсөткөндөй, алтымыштан ашкан адамдар өздөрү керектүү болгусу келет. Кайсы бир иштерге аралашкысы келет. Бирок аларга мындай шарттар, мүмкүнчүлүктөр аз.