“Жүрөгү кармады, өзүн өзү атып алды”. Жоокерлердин өлүмү ийне-жибине чейин иликтенип жатабы?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2022-жылдын эки айында эле төрт жоокердин өлүмү катталган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылдын эки айында эле төрт жоокердин өлүмү катталган

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин соңку маалымат жыйынында аскер прокуратурасынын ишмердиги тууралуу айткандары кызуу талкуу жаратты. Анда башпрокурор жоокерлердин өлүмү, армиядагы "дедовщина", коррупциялык иштер боюнча жетишерлик иш аткара албаганы үчүн аскер прокурорун алмаштырганын кошумчалады. Аскер прокурорун эле эмес, курамындагы кызматкерлердин тең жарымын жаңылап жатканын дагы айтты. Бир органда көп жыл иштеп, тааныш-билиш арттырып, ишине кайдыгер мамиле жасоо мунун себеби деди баш прокурор.

Ошол эле учурда жетекчиликке ким дайындалганын ачык айткан жок.

Мындан бир жарым жыл мурун (2022-жыл, июль, август айлары) эки айда катталган төрт жоокердин өлүмү боюнча Би-Би-Си айрым бир маалыматтарды топтоп, соңку жагдайларды талдады.

Юрист менен атасынын ача пикири

Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде каза болгон Калыс Абдыкалыков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде каза болгон Калыс Абдыкабылов

Маркум жоокерлердин бири Калыс Абдыкабылов. Ал Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жүргөн учурда каза тапкан. Ошол учурда ал "өзүн-өзү атып алды" деген жооп айтылган. Бирок он сегиз жаштагы жигиттин өлүмү боюнча дээрлик бир жарым жылдан кийин атасы Сапарбек жаңы маалыматтарды укканын Би-Би-Сиге баяндап берди.

Анын айтымына караганда, аталган департаменттин юристи 2023-жылдын аягында жоокердин атасы менен телефон аркылуу байланышып, учурунда (2022-жыл, 29-июль) уулу өзүнө-өзү кол салган эмес деген мазмунда сүйлөшкөн. Бирок юрист бул ишти далилдей турчу эч кандай документ көрсөткөн дагы, берген дагы эмес. Тек гана телефондон билдирген.

Жоокердин өлүмүндөгү күмөндүү жагдайлар

2022-жылдын 29-июлунда Калыс Абдыкабылов өзүнүн нөөмөтү бүтөрүнө он мүнөт калганда атылган октон каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматы ал "өзүн-өзү атып алган" деген версияны айткан. Далил катары Калыстын чөнтөгүнөн жакындарына жазган коштошуу катын көрсөтүшкөн.

Бирок аскердин жакындары ал өзүн-өзү атып алды деген бүтүмдү четке кагып, көрсөтүлгөн каттын жасалма экенин, анда жазылган сөздөр Калыстын лексиконуна такыр төп келбейт деп айтууда. Буга далил катары айрым сөздөрдү чечмелеп жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Балаңызды өлтүрүп алдык, бизден кетип калды деп кечирим сурашты. Киши колдуу болуптур деп тыянак чыгарыптыр. Ал өзүн-өзү өлтүрбөптүр. Ок каракушка тийип, алдынан чыгып кеткен. Өкмөттөн кенемте берилет турбайбы. Ошону беребиз деп жатышат. Анан тергөө эмне болуп жатат десем, тергөө токтобойт, аягына чейин жүргүзөбүз. Ким күнөөлүү болсо, ошону тапканга аракет кылабыз дешти",- деп кейиди Сапарбек аксакал.

Маркум Калыстын атасы уулунун кандай жагдайда, эмне себептен өлтүрүлгөнү тууралуу документ менен ырасталган так маалымат ала элек.

Сапарбек Абдыкабыловдун айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана башка документтер учурда Аскер прокуратурасында турат, аны тергөө иштери бүткөн соң беришерин айтышкан.

Аскер прокуратурасы 2023-жылдын 22-октябрында Абдыкабыловдун өлүмү боюнча 27-беренеге ылайык (Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Анын себебин бул иште кылмыштын белгилери жоктугу менен байланыштырган.

Мындан улам, маселени дагы бир ирет тактоо үчүн Би-Би-Си аталган департаментке кайрылды.

"Жоокер К.С. Абдыкабылов Молдовановка айылында жайгашкан №27 Түзөтүү мекемесин кайтаруу боюнча күжүрмөн кызмат өтөп жатып, кокустуктан өзүнө бекитилген КА-74 куралы менен өзүн-өзү атып алган, натыйжада алган жаракаттын кесепетинен каза болгон", - деп жазылат Жазаларды аткаруу кызматынын Би-Би-Сиге жолдогон катында.

Бирок, маркум жоокердин атасы баласынын өлүмү боюнча департаменттин юристти мурда чындап эле байланышып, кечирим сураганын, уулу өзүн-өзү атып албаганын айткандарын өз кулагым менен уккам деп жатат.

"Өзүн-өзү аткан жок. Бизден кетиптир. Балаңызды биз жоготуп алдык. Киши болдуу болуптур дегендей мааниде айтышкан. Улам-улам кечирим сурашты", - деди атасы Би-Би-Сиге экинчи жолу.

Ошондой эле баласынын өлүмүнө байланыштуу жакында эле кенемте төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Камсыздандыруу төлөмдөрү бекитилген жобого ылайык төлөнүп берилет. Мисалы, чек арада курман болгон менен зомбулуктан каза болгон жоокердин кенемтесинин суммасы ар башка болот.

"Командири жакшы болсо кенемте төлөө боюнча чечим чыгарып берет же соттун чечими аркылуу ишке ашырылат. Өзүн-өзү атып алган дегендерге мындай болот, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү дагы болушу мүмкүн. Эгерде муну мажбурлап, өлгөнгө чейин жеткирсе анда мамлекет төлөп бериши керек. Эгерде кызматка чыдай албай өзүн-өзү өлтүрсө, анда башкача болот. Сот чечет. Эми командир дагы жашырышы мүмкүн", - деди мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев.

Аталган эксперт аскердеги мындай окуяларды тергөө абдан кыйынга турарын дагы кошумчалады.

"Аскер жолун улантам дечү…"

Калыс мектепте окуп жүргөндө эле армияда кызмат өтөп, аскердик жолду улантууну кыялданган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калыс мектепте окуп жүргөндө эле армияда кызмат өтөп, аскердик жолду улантууну кыялданган

Калыс Абдыкабылов 2003-жылы Ысык-Көлдүн Челпек айылында туулган. Үй-бүлөдө эркек балдардын кичүүсү болчу. Мектепте окуп жүргөндө эле армияда кызмат өтөп, аскердик жолду улантууну кыялданган.

Жакындары анын өлүмү тыкыр иликтенбей, күнөөлүү адам бүгүнкү күнгө чейин табылбай жатканын айтып нааразы болушууда.

Эки айдагы төрт жоокердин өлүмү

Калыс Абдыкалыков 2022-жылдын июль-август айларында удаа-удаа каза болгон катардагы төрт жоокердин бири. Анын үчөөнө расмий органдар "өзүн-өзү атып алды" деген бүтүм чыгарып, бирөөсүнүн жүрөгү кармап, каза болду деп айткан эле.

Үч жоокер тең башына ок жеген.

Аскер институтунун жоокери Сыргак Сабырбеков

Сыргак Сабырбеков кызматы бүтөрүнө эки ай калганда башына тийген октон каза болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыргак Сабырбеков кызматы бүтөрүнө эки ай калганда башына тийген октон каза болгон

2003-жылы туулган Сыргак Сабырбеков кызматы бүтөрүнө эки ай калганда башына тийген октон каза болгон. Ал Аскердик институттун катардагы жоокери болчу. Бул иш боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун он бир барактан турган түшүндүрмөсүндө жоокер Сабырбеков нөөмөт учурунда прапорщик А. Кубанычбековдон эскертүү алып, ошондон пикир келишпестик башталып, өзүнүн автоматын алып, ок атуучу аймакка чуркап кеткени жазылат.

Анын артынан издеп барган жоокерди көргөндө асманды көздөй ок чыгарган. Сотто күбө катары сурак берген бир аскер ошол учурда төрт жолу атылган октун үнүн укканын айтып берген. Үн чыккан тарапты көздөй барганда Сыргак Сабырбековдун жансыз денесин көргөн.

Бул иш боюнча прапорщик А.Кубанычбеков жоокердин чыңалган абалын көрүп туруп, колундагы курал-жаракты албай, тийиштүү чара көрбөгөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылган.

Сыргактын чөнтөгүнөн табылган катта прапорщик андан көп суммадагы акча сураганы жазылган. Кол жазмалар Сыргак Сабырбековго таандык экени тастыкталган. Сотко күбө болгон башка жоокерлер анын мүнөзү токтоо, эч ким менен урушпаган жигит болгонун айтып беришкен.

Сабырбековдун жакындары дагы аскер өзүн-өзү атты деген бүтүмгө ынанбай турганын Би-Би-Сиге билдиришти.

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө каза болгон Элдияр

Элдияр Жайлообеков апасы жана бир тууган агасы менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элдияр Жайлообеков апасы жана бир тууган агасы менен

Кой-Таш аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Элдияр Жайлообековдун өлүмү дагы ушуга окшош. Ал 2022-жылдын 4-июлунда кароолдо нөөмөтү бүтөрүнө аз убакыт калганда башына тийген октон каза болгон. Коргоо министрлиги "куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарып, жараатынан ошол жерде каза болгон" деп маалымат тараткан.

Жоокердин жакындары мекеменин бул билдирүүсүнө макул эмес. Алардын айтымында, тергөөдө көрсөтмөлөр улам өзгөрүп, алмаша берген деп жатышат. Аскер прокуратурасы териштирүүнү бүгүнкү күнгө чейин улантып жатканын айтып, тергөөнүн так жообу дагы бир жылдан соң толук белгилүү болорун айтышкан.

Элдияр Жайлообеков Караколдогу юридикалык окуу жайдын студенти болчу. Келечектеги кесибине байланыштуу армияга өз каалоосу менен кеткен.

Каргашалуу окуя ал аскердик антын бергенден кырк күндөн кийин болгон.

Оштогу аскер бөлүгүндө каза болгон Алхамбек

Алхамбек Мовлан уулу каза болордон үч күн мурун ата-энесине жолуккан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алхамбек Мовлан уулу каза болордон үч күн мурун ата-энесине жолуккан

2003-жылы туулган Алхамбек Мовлан уулу Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп бүтөрүнө элүү күн калганда каза болгон. Окуя тууралуу Акыйкатчы институту жеринде маалымат берип, Алхамбек 2022-жылдын 17-августунда таңкы саат 05:20 чамасында аскер бөлүктүн текшерүү пунктунда ары-бери басып жүргөн учурунда жыгылып, ооруканага жетпей каза болгонун кабарлаган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жарааттан улам каза болгону жазылган. Бирок Алхамбектин жакындары ал эч кандай оорубаганын айтып, бул бүтүмгө ошондон бери ишенбей келет. Каргашалуу окуя болордон үч күн мурун ал үй-бүлөсүнө жолуккан. Ал маалда оорунун белгилери байкалбаганын, кокустан жүрөгү кармап өлдү деген тыянакка ишенберин апасы Би-Би-Сиге айтып берди.

Алхамбек Мовлан уулу үйдүн жалгыз эркек баласы болчу.

Төрт жоокердин жакындары тең тиешелүү мекемелер чыгарган тыянакка толугу менен канааттанбай, бүгүнкү күнгө чейин акыйкаттык издеп келишет.

Башкы прокурор эмне дейт?

Башкы прокурор Курманкул Зулушев

Сүрөттүн булагы, prokuror.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башкы прокурор Курманкул Зулушев

Жоокерлердин өлүмүнүн иликтениши боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, жаңы дайындалган аскер прокуроруна бул боюнча катуу талаптарды койгонун айтты. Андан сырткары кошумча чара көрүлөт деп ишендирди.

"Сиз айткандай, өзүн-өзү атып алуу же чоңсунуу боюнча текшерүүнү күчөттүм. Коргоо министри менен дагы сүйлөштүм, тартипке келтирели деп айттым. Ар бир факты боюнча текшерилет. Эгерде ата-энеси "балаңар өзүн-өзү өлтүрдү" дегенге ишенбей жатса, биздин максат чыныгы кылмыштын бетин ачуу", - деди Курманкул Зулушев.

Жоокерлердин өлүмүнүн санын Аскер прокуратурасы "аскер сыры" деген жүйөө менен ачык айтпайт. Кыргызстанда жоокерлердин эң көп өлүмү катталган учур 2010-2016-жылдарга туш келет. Анда алты жылда эле 84 аскер түрдүү жагдайда каза болуп, анын отуз жетиси өз өмүрүн кыйганы айтылган.